ВЕЗЕР: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
2-tom>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
11:59, 18 Январь (Үчтүн айы) 2024 -деги абалы
ВЕ́ЗЕР – Германиядагы дарыя. Верра ж-а Фульда д-нын кошулушунан пайда болот. Уз. 440 км (Верранын башатынан 724 км), алабынын аянты 46 миӊ км2. Түн. Герман ойдуӊу аркылуу агып, Түн. деӊизге куярда эстуарийди пайда кылат. Орт. чыгымы 312 м3/сек. Кеме Кассель ш-нан (Фульда д-нын боюнда), деӊиз кемелери Бремен ш-нан баштап жүрөт. Эльба ж-а Эмс д. м-н каналдар аркылуу туташат. Чатында Бремерхафен деӊиз порту жайгашкан.