ВАНКУВЕР: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
No edit summary
 
1 сап: 1 сап:
'''ВАНКУ́ВЕР ''' – Канаданын түш.-батышындагы шаар. Британия Колумбиясы провинциясында. Калкы 800,0 миң (2016; агломерациясында 2,1 млн). В. – провинциянын ил., маданий, ишкердик ж-а туристтик борбору. Өлкөнүн Тынч океандын жээгиндеги ири деӊиз порту (жылына 76,5 млн т жүк ташылат). Ири жолдор тоому. Эл аралык аэропорту бар. 1870-ж. пайда болгон
'''ВАНКУ&#769;ВЕР ''' – Канаданын түштүк-батышындагы шаар. Британия Колумбиясы провинциясында. Калкы 800,0 миң (2016; агломерациясында 2,1 млн). Ванкувер – провинциянын илимий, маданий, ишкердик жана туристтик борбору. Өлкөнүн Тынч океандын жээгиндеги ири деӊиз порту (жылына 76,5 млн т жүк ташылат). Ири жолдор тоому. Эл аралык аэропорту бар. 1870-жылы пайда болгон. Гранвилл тургун жайы 1886-жылы шаар статусуна ээ болуп, Тынч океандын жээгин иликтеген (1792) англиялык деӊиз сүзүүчүсү Ж. Ванкувердин ысымынан аталган. 19-кылымдын аягынан Ванкувер Канаданын ири чарба борбору. Шаарда 19-кылымдын аягы – 20-кылымдын башында түз көчөлөрдүн жыш тармагы, көптөгөн парктар, жаӊы классика стилиндеги турак жайлар, болоттон асма көпүрө (1939) курулган. Университеттер, музейлер, сүрөт галереясы, театрлар бар. Улуттук искусство борбору. Жыл сайын<br/>
<br/>Гранвилл тургун жайы 1886-ж. шаар статусуна ээ болуп, Тынч океандын жээгин иликтеген (1792) англ. деӊиз сүзүүчүсү Ж. Ванкувердин ысымынан аталган. 19-к-дын аягынан В. Канаданын ири чарба борбору. Шаарда 19-к-дын аягы – 20-к-дын башында түз көчөлөрдүн жыш тармагы, көптөгөн парктар, жаӊы классика стилиндеги турак жайлар, болоттон асма көпүрө (1939) курулган. Ун-ттер, музейлер, сүрөт гал., театрлар бар. Улуттук иск-во борбору. Жыл сайын
<br/>
[[File:ВАНКУВЕР31.png | thumb | Шаардын көрүнүшү.]]
[[File:ВАНКУВЕР31.png | thumb | Шаардын көрүнүшү.]]
эл аралык кинофестиваль ж-а 2 жылда бир даректүү фильмдердин эл аралык фестивалы өткөрүлүп турат. Канаданын ири өнөр жай борборлорунун бири. Кеме куруу, жыгаччылык, нефть ажыратуу, тамак-аш өнөр жайлары өнүккөн.
эл аралык кинофестиваль жана 2 жылда бир даректүү фильмдердин эл аралык фестивалы өткөрүлүп турат. Канаданын ири өнөр жай борборлорунун бири. Кеме куруу, жыгаччылык, нефть ажыратуу, тамак-аш өнөр жайлары өнүккөн.
[[Category: 2-том]]
[[Category: 2-том]]

07:48, 24 Май (Бугу) 2024 -га соңку нускасы

ВАНКУ́ВЕР – Канаданын түштүк-батышындагы шаар. Британия Колумбиясы провинциясында. Калкы 800,0 миң (2016; агломерациясында 2,1 млн). Ванкувер – провинциянын илимий, маданий, ишкердик жана туристтик борбору. Өлкөнүн Тынч океандын жээгиндеги ири деӊиз порту (жылына 76,5 млн т жүк ташылат). Ири жолдор тоому. Эл аралык аэропорту бар. 1870-жылы пайда болгон. Гранвилл тургун жайы 1886-жылы шаар статусуна ээ болуп, Тынч океандын жээгин иликтеген (1792) англиялык деӊиз сүзүүчүсү Ж. Ванкувердин ысымынан аталган. 19-кылымдын аягынан Ванкувер Канаданын ири чарба борбору. Шаарда 19-кылымдын аягы – 20-кылымдын башында түз көчөлөрдүн жыш тармагы, көптөгөн парктар, жаӊы классика стилиндеги турак жайлар, болоттон асма көпүрө (1939) курулган. Университеттер, музейлер, сүрөт галереясы, театрлар бар. Улуттук искусство борбору. Жыл сайын

Шаардын көрүнүшү.

эл аралык кинофестиваль жана 2 жылда бир даректүү фильмдердин эл аралык фестивалы өткөрүлүп турат. Канаданын ири өнөр жай борборлорунун бири. Кеме куруу, жыгаччылык, нефть ажыратуу, тамак-аш өнөр жайлары өнүккөн.