ВАНУАТУ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |

1 сап: | 1 сап: | ||
'''ВАНУА́ТУ, ''' В а н у а т у Р е с п у б л и к а с ы – Тынч океандын | '''ВАНУА́ТУ, ''' В а н у а т у Р е с п у б л и к а с ы – Тынч океандын түштүк-батыш бөлүгүндөгү мамлекет, Океанияда, Жаӊы Гебрид аралын (Эспириту-Санто, Малекула, Амбрим, Эфате ж. б. | ||

[[File:ВАНУАТУ32.png | thumb | none]] | [[File:ВАНУАТУ32.png | thumb | none]] | ||
80дей арал) ээлейт. Аянты 12,2 миӊ ''км''2. Калкы 307,1 миӊ (2021), негизинен ни-вануату эли. Борбору – Порт-Вила | 80дей арал) ээлейт. Аянты 12,2 миӊ ''км''2. Калкы 307,1 миӊ (2021), негизинен ни-вануату эли. Борбору – Порт-Вила шаары (Эфате аралында). Мамлекеттик тили – бислама (креол), англис жана француз тилдери. Акча бирдиги – вату. Административдик-аймактык жактан 6 провинцияга бөлүнөт. Вануату – БУУга, Түштүк-Тынч океан форумуна, Түштүк-Тынч океан ынтымакташтыгына мүчө. | ||
Вануату – унитардык мамлекет, ''Шериктештиктин'' курамына кирет. Конституциясы 1980-жылы 30-июнда кабыл алынган. Башкаруу формасы – парламенттик республика. Мамлекет башчысы – президент, ал парламент мүчөлөрү жана провинциялык кеӊештердин төрагаларынан турган коллегия тарабынан 5 жылга шайланат. Мыйзам чыгаруу бийлигинин жогорку органы – бир палаталуу парламент (52 депутат, 4 жылга шайланат). Ошондой эле жергиликтүү калктын маселелери боюнча консультациялык орган – Уруу башчыларынын улуттук кеӊеши да иштейт. Аткаруу бийлигин премьер-министр жетектеген Министрлер кеӊеши жүзөгө ашырат, Өкмөт парламент мүчөлөрүнөн түзүлөт жана парламенттин алдында жоопкерчиликтүү. Министрлердин саны парламент мүчөлөрүнүн 1/4 бөлүгүнөн ашпоого тийиш. Негизги саясий партиялары: Вануаку партиясы, Бириккен улуттук партия ж. б.
Вануату жайгашкан Жаӊы Гебрид аралы жанар тоолордон пайда болгон. Тоо массивдеринин бийиктиги

[[File:ВАНУАТУ33.png | thumb | Океан жээгиндеги курорттуу аймак.]] | [[File:ВАНУАТУ33.png | thumb | Океан жээгиндеги курорттуу аймак.]] | ||
1879 ''м'' (Табвемасана тоосу, Эспириту-Санто | 1879 ''м'' (Табвемасана тоосу, Эспириту-Санто аралында – Вануатунун эӊ бийик жери), жээк бойлору түздүктүү. Базальт, андезит жана туфтан турган 60ка жакын жанар тоонун 10го жакыны көптөгөн сольфатарлары жана ысык булактары бар аракеттеги жанар тоо (Вануа-Лава, Аоба, Амбрим, Танна ж. б. аралдарда). Алмаз, алтын, күмүш (Малекула, Эспириту-Санто аралдары), марга-

[[File:ВАНУАТУ34.png | thumb | Мангр токою.]] | [[File:ВАНУАТУ34.png | thumb | Мангр токою.]] | ||
нец кен таштары казып алынат. Климаты тропиктик, деӊиздик: майдан октябрга чейин салкын | нец кен таштары казып алынат. Климаты тропиктик, деӊиздик: майдан октябрга чейин салкын жана мелүүн нымдуу сезон; нымдуу жана ысык мезгил январь – апрелге туура келет, тайфундар болуп турат. Айлык орточо темппературасы 20–27°С. Жылына 1200–3000 ''мм''ге чейин жаан-чачын жаайт. Кыска дарыялар, жанар тоолордун аракетинен пайда болгон көлдөр бар. Ферраллит жана жанар тоо топурактары басымдуу. Өлкөнүн 36%ин токой ээлейт. Тоолордун айдарым беттеринде жана тоо этектеринде дайыма көгөрүп туруучу тропик токою, кургакчыл аймактарында жалбырагы күбүлмө сейрек токой өсөт. Калкынын 98,5%ин меланезиялыктар түзөт. Орточо жашы, эркектериники – 61, аялдарыныкы – 64. Орточо жыштыгы – 1 ''км''2 17 киши. Шаар калкы 23%. Ири шаарлары – Порт-Вила, Люганвиль.
Жаӊы Гебрид аралынын бирин 1606-жылы португалиялык деӊиз саякатчысы П. Ф. де Кирос тарабынан ачылган. 1768-жылы аны экинчи жолу француз Л. А. де Бугенвиль ачкан. 1774-жылы Ж. ''Кук'' аны Атлантика океанындагы Гебрид аралынын рельефине окшоштугунан улам Жаӊы Гебриддер деп атаган. 19-кылымдын биринчи жарымында бул жерге европалыктар келишкен. Жаӊы Гебриддерди ээлөө үчүн Улуу Британия менен Франциянын ортосундагы атаандашуу 1887-жылы аралдарга чогуу ээлик кылуу тууралуу макулдашууга кол коюу менен аяктаган. 1906-жылы ал кондоминиумга (бирдиктүү колониялык ээлик кылуу) айландырылган. 1922-жылы Жаӊы Гебриддерди башкаруунун шарттарын тактаган жаӊы конвенция ратификацияланган (ал боюнча аралдарды Франция менен Улуу Британиянын резидент-комиссарлары башкарган). Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин Жаӊы Гебриддерде башталган көз каранды эместик үчүн кыймыл Улуу Британия менен Францияны аралдарды башкаруу системасын реформалоого мажбурлаган. 1957-жылы француздук, британдык жана жергиликтүү калктын катышуусу менен шайлоо аркылуу дайындалуучу резидент комиссарлар жетектеген Консультациялык кеӊеш уюштурулуп, ал кийин Өкүлчүлүк ассамблеясы (1974–77) болуп кайра түзүлгөн. Ага таянуу менен британдык жана француздук бийликтер аралдарга чектелген өзүн-өзү башкаруу укуктарын берүү менен өз таасирин сактап турууну көздөгөн. 1970-жылдардан Жаӊы Гебриддердин Улуттук партиясы (1977-жылдан Вануаку партиясы) аралдардын көз каранды эместиги үчүн күрөштү жайылткан. 1978-жылы Улуу Британия жана Франция аларга ички автономияны берген. 1980-жылы британдык жаӊы мамлекет Вануату Республикасы деп аталып, Шериктештиктин курамына кирген (1981-жылы 15-сентябрда БУУга кабыл алынган).
Вануатунун алгачкы президенти болуп А. Ж. Калков шайланып (1989-ж. чейин), ал меланезиялык салтка ылайык «сокоману» («миӊдердин жол башчысы») титулун алган, премьер-министр болуп – англиялык дин кызматкери У. Х. Лини дайындалган. 1980–90-жылдарда Вануатуда көп партиялуу саясий система калыптанып, анда Вануаку партиясы менен катар эле Орточо партиялар Союзу, Улуттук бириккен партия негизги ролду ойной баштаган. 2004-жылы августта Вануатунун президенти болуп К. Матаскелекеле, ошол эле жылдын декабрында Улуттук бириккен партиядан Х. Лини Вануаророа премьер-министр болуп шайланышкан.

Жаӊы Гебрид | |||

[[File:ВАНУАТУ35.png | thumb | none]] | [[File:ВАНУАТУ35.png | thumb | none]] | ||
[[File:ВАНУАТУ36.png | thumb | Вануату акчасы.]] | [[File:ВАНУАТУ36.png | thumb | Вануату акчасы.]] | ||
Вануату – экономикасы начар өнүккөн өлкөлөрдүн катарына кирет; чет өлкөлүк (Австралия жана Жаӊы Зеландиядан) жардамга кыйла күнкор. Ички дүӊ продукциясынын көлөмү 580 млн АКШ доллары (2003); аны киши башына бөлүштүргөндө 2900 доллардан туура келет. Ички дүӊ продукциясынын 62%ин тейлөө чөйрөсү, 26%ин айыл чарбасы, 12%ин өнөр жайы түзөт. Мамлекеттик кирешенин негизги булагы – бажы салыгы, лицензиялык жана регистрациялык жыйымдар. Вануату офшордук кеме регистри (Вануатунун желеги астында деӊиз кемелерин каттоонун ачык системасы) бар: өлкөнүн соода флотуна чет өлкөлүк 52 кеме катталган. Кирешенин кыйла бөлүгүн оюн-зоок индустриясы берет (өлкөдө кумар оюндарына расмий уруксат берилген). 20-кылымдын аягынан келип жаткан чет өлкөлүк валютанын олуттуу бөлүгүн туризм түзөт; 2005-жылы 50 миӊден ашык турист (негизинен Австралия менен Жаӊы Зеландиядан) келген. Вануатунун өнөр жайы начар өнүккөн. Марганец (Эфате аралында), ошондой эле алтын, күмүш (Малекула жана Эспириту-Санто аралында) казылып алынат. 2003-жылы 41 млн ''кВт . с'' электр энергиясы өндүрүлгөн. Калкынын 75%ке жакыны электр энергиясы менен камсыз болгон эмес, анткени алар чачыранды жайгашкан көптөгөн аралдарда отурукташкан. Иштеп чыгаруучу өнөр жайына жеӊил, жыгаччылык, тамак-аш жана текстиль өнөр жай тармактары таандык. Вануатунун айыл чарбасы натуралык жана чала натуралык мүнөздө. Товардык өндүрүшүн негизинен копра түзөт. Айыл чарбага жарактуу жери өлкөнүн аймагынын 13,3%ин ээлейт; анын 2,5%и айдоо жер, 7,4%и көп жылдык өсүмдүктөр, 3,4%и табигый тоют өсүмдүктөрү. Айыл чарбанын негизин өсүмдүк өстүрүүчүлүк түзөт. 2004-жылы 240 миӊ т кокос жаӊгагы, 13,5 миӊ т банан, 2,5 миӊ т жер жаӊак, 2 миӊ т какао-буурчак, 0,7 миӊ т жүгөрү, жашылча жана мөмө-жемиш жыйналган. Түштүк аралдарында жайыт мал чарбачылыгы (130 миӊ бодо мал) өнүккөн. Чочко көп асыралат, бирок коммерциялык мааниси жокко эсе. Балык уулоо өнүгүүдө.
Темир жолу жок, автомобиль жолунун жалпы узундугу 1070 ''км'', анын 256 ''км''и асфальтталган. Порт-Вила шаарында эл аралык аэропорт бар. Ири порттору: Люганвиль (ал аркылуу жылына 30 миӊ т жүк өтөт), Порт-Вила (5 миӊ т ). 2002-жылы экспорттолгон товар 26,6 млн, импорттолгону 138 млн долларды түзгөн. Сыртка копра, кава (алкалоиддүү калемпир), жыгач, уй этин чыгарат. Негизги соода шериктештери: Таиланд, Малайзия, Япония, Бельгия, Кытай. Машина жана анын жабдууларын, отун, азык-түлүктү Тайвандан, Австралиядан, Япониядан, Сингапурдан, Жаӊы Зеланлиядан, Фижиден, АКШдан алат. | |||

Темир жолу жок, автомобиль жолунун жалпы | |||

Ад.: Вануату/Большая Российская энциклопедия. Т. 4. М., 2006. |
Ад.: Вануату/Большая Российская энциклопедия. Т. 4. М., 2006. | ||
[[Category: 2-том]] | [[Category: 2-том]] | ||
08:29, 24 Май (Бугу) 2024 -га соңку нускасы
ВАНУА́ТУ, В а н у а т у Р е с п у б л и к а с ы – Тынч океандын түштүк-батыш бөлүгүндөгү мамлекет, Океанияда, Жаӊы Гебрид аралын (Эспириту-Санто, Малекула, Амбрим, Эфате ж. б.

80дей арал) ээлейт. Аянты 12,2 миӊ км2. Калкы 307,1 миӊ (2021), негизинен ни-вануату эли. Борбору – Порт-Вила шаары (Эфате аралында). Мамлекеттик тили – бислама (креол), англис жана француз тилдери. Акча бирдиги – вату. Административдик-аймактык жактан 6 провинцияга бөлүнөт. Вануату – БУУга, Түштүк-Тынч океан форумуна, Түштүк-Тынч океан ынтымакташтыгына мүчө.
Вануату – унитардык мамлекет, Шериктештиктин курамына кирет. Конституциясы 1980-жылы 30-июнда кабыл алынган. Башкаруу формасы – парламенттик республика. Мамлекет башчысы – президент, ал парламент мүчөлөрү жана провинциялык кеӊештердин төрагаларынан турган коллегия тарабынан 5 жылга шайланат. Мыйзам чыгаруу бийлигинин жогорку органы – бир палаталуу парламент (52 депутат, 4 жылга шайланат). Ошондой эле жергиликтүү калктын маселелери боюнча консультациялык орган – Уруу башчыларынын улуттук кеӊеши да иштейт. Аткаруу бийлигин премьер-министр жетектеген Министрлер кеӊеши жүзөгө ашырат, Өкмөт парламент мүчөлөрүнөн түзүлөт жана парламенттин алдында жоопкерчиликтүү. Министрлердин саны парламент мүчөлөрүнүн 1/4 бөлүгүнөн ашпоого тийиш. Негизги саясий партиялары: Вануаку партиясы, Бириккен улуттук партия ж. б.
Вануату жайгашкан Жаӊы Гебрид аралы жанар тоолордон пайда болгон. Тоо массивдеринин бийиктиги

1879 м (Табвемасана тоосу, Эспириту-Санто аралында – Вануатунун эӊ бийик жери), жээк бойлору түздүктүү. Базальт, андезит жана туфтан турган 60ка жакын жанар тоонун 10го жакыны көптөгөн сольфатарлары жана ысык булактары бар аракеттеги жанар тоо (Вануа-Лава, Аоба, Амбрим, Танна ж. б. аралдарда). Алмаз, алтын, күмүш (Малекула, Эспириту-Санто аралдары), марга-

нец кен таштары казып алынат. Климаты тропиктик, деӊиздик: майдан октябрга чейин салкын жана мелүүн нымдуу сезон; нымдуу жана ысык мезгил январь – апрелге туура келет, тайфундар болуп турат. Айлык орточо темппературасы 20–27°С. Жылына 1200–3000 ммге чейин жаан-чачын жаайт. Кыска дарыялар, жанар тоолордун аракетинен пайда болгон көлдөр бар. Ферраллит жана жанар тоо топурактары басымдуу. Өлкөнүн 36%ин токой ээлейт. Тоолордун айдарым беттеринде жана тоо этектеринде дайыма көгөрүп туруучу тропик токою, кургакчыл аймактарында жалбырагы күбүлмө сейрек токой өсөт. Калкынын 98,5%ин меланезиялыктар түзөт. Орточо жашы, эркектериники – 61, аялдарыныкы – 64. Орточо жыштыгы – 1 км2 17 киши. Шаар калкы 23%. Ири шаарлары – Порт-Вила, Люганвиль.
Жаӊы Гебрид аралынын бирин 1606-жылы португалиялык деӊиз саякатчысы П. Ф. де Кирос тарабынан ачылган. 1768-жылы аны экинчи жолу француз Л. А. де Бугенвиль ачкан. 1774-жылы Ж. Кук аны Атлантика океанындагы Гебрид аралынын рельефине окшоштугунан улам Жаӊы Гебриддер деп атаган. 19-кылымдын биринчи жарымында бул жерге европалыктар келишкен. Жаӊы Гебриддерди ээлөө үчүн Улуу Британия менен Франциянын ортосундагы атаандашуу 1887-жылы аралдарга чогуу ээлик кылуу тууралуу макулдашууга кол коюу менен аяктаган. 1906-жылы ал кондоминиумга (бирдиктүү колониялык ээлик кылуу) айландырылган. 1922-жылы Жаӊы Гебриддерди башкаруунун шарттарын тактаган жаӊы конвенция ратификацияланган (ал боюнча аралдарды Франция менен Улуу Британиянын резидент-комиссарлары башкарган). Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин Жаӊы Гебриддерде башталган көз каранды эместик үчүн кыймыл Улуу Британия менен Францияны аралдарды башкаруу системасын реформалоого мажбурлаган. 1957-жылы француздук, британдык жана жергиликтүү калктын катышуусу менен шайлоо аркылуу дайындалуучу резидент комиссарлар жетектеген Консультациялык кеӊеш уюштурулуп, ал кийин Өкүлчүлүк ассамблеясы (1974–77) болуп кайра түзүлгөн. Ага таянуу менен британдык жана француздук бийликтер аралдарга чектелген өзүн-өзү башкаруу укуктарын берүү менен өз таасирин сактап турууну көздөгөн. 1970-жылдардан Жаӊы Гебриддердин Улуттук партиясы (1977-жылдан Вануаку партиясы) аралдардын көз каранды эместиги үчүн күрөштү жайылткан. 1978-жылы Улуу Британия жана Франция аларга ички автономияны берген. 1980-жылы британдык жаӊы мамлекет Вануату Республикасы деп аталып, Шериктештиктин курамына кирген (1981-жылы 15-сентябрда БУУга кабыл алынган).
Вануатунун алгачкы президенти болуп А. Ж. Калков шайланып (1989-ж. чейин), ал меланезиялык салтка ылайык «сокоману» («миӊдердин жол башчысы») титулун алган, премьер-министр болуп – англиялык дин кызматкери У. Х. Лини дайындалган. 1980–90-жылдарда Вануатуда көп партиялуу саясий система калыптанып, анда Вануаку партиясы менен катар эле Орточо партиялар Союзу, Улуттук бириккен партия негизги ролду ойной баштаган. 2004-жылы августта Вануатунун президенти болуп К. Матаскелекеле, ошол эле жылдын декабрында Улуттук бириккен партиядан Х. Лини Вануаророа премьер-министр болуп шайланышкан.

Вануату – экономикасы начар өнүккөн өлкөлөрдүн катарына кирет; чет өлкөлүк (Австралия жана Жаӊы Зеландиядан) жардамга кыйла күнкор. Ички дүӊ продукциясынын көлөмү 580 млн АКШ доллары (2003); аны киши башына бөлүштүргөндө 2900 доллардан туура келет. Ички дүӊ продукциясынын 62%ин тейлөө чөйрөсү, 26%ин айыл чарбасы, 12%ин өнөр жайы түзөт. Мамлекеттик кирешенин негизги булагы – бажы салыгы, лицензиялык жана регистрациялык жыйымдар. Вануату офшордук кеме регистри (Вануатунун желеги астында деӊиз кемелерин каттоонун ачык системасы) бар: өлкөнүн соода флотуна чет өлкөлүк 52 кеме катталган. Кирешенин кыйла бөлүгүн оюн-зоок индустриясы берет (өлкөдө кумар оюндарына расмий уруксат берилген). 20-кылымдын аягынан келип жаткан чет өлкөлүк валютанын олуттуу бөлүгүн туризм түзөт; 2005-жылы 50 миӊден ашык турист (негизинен Австралия менен Жаӊы Зеландиядан) келген. Вануатунун өнөр жайы начар өнүккөн. Марганец (Эфате аралында), ошондой эле алтын, күмүш (Малекула жана Эспириту-Санто аралында) казылып алынат. 2003-жылы 41 млн кВт . с электр энергиясы өндүрүлгөн. Калкынын 75%ке жакыны электр энергиясы менен камсыз болгон эмес, анткени алар чачыранды жайгашкан көптөгөн аралдарда отурукташкан. Иштеп чыгаруучу өнөр жайына жеӊил, жыгаччылык, тамак-аш жана текстиль өнөр жай тармактары таандык. Вануатунун айыл чарбасы натуралык жана чала натуралык мүнөздө. Товардык өндүрүшүн негизинен копра түзөт. Айыл чарбага жарактуу жери өлкөнүн аймагынын 13,3%ин ээлейт; анын 2,5%и айдоо жер, 7,4%и көп жылдык өсүмдүктөр, 3,4%и табигый тоют өсүмдүктөрү. Айыл чарбанын негизин өсүмдүк өстүрүүчүлүк түзөт. 2004-жылы 240 миӊ т кокос жаӊгагы, 13,5 миӊ т банан, 2,5 миӊ т жер жаӊак, 2 миӊ т какао-буурчак, 0,7 миӊ т жүгөрү, жашылча жана мөмө-жемиш жыйналган. Түштүк аралдарында жайыт мал чарбачылыгы (130 миӊ бодо мал) өнүккөн. Чочко көп асыралат, бирок коммерциялык мааниси жокко эсе. Балык уулоо өнүгүүдө.
Темир жолу жок, автомобиль жолунун жалпы узундугу 1070 км, анын 256 кми асфальтталган. Порт-Вила шаарында эл аралык аэропорт бар. Ири порттору: Люганвиль (ал аркылуу жылына 30 миӊ т жүк өтөт), Порт-Вила (5 миӊ т ). 2002-жылы экспорттолгон товар 26,6 млн, импорттолгону 138 млн долларды түзгөн. Сыртка копра, кава (алкалоиддүү калемпир), жыгач, уй этин чыгарат. Негизги соода шериктештери: Таиланд, Малайзия, Япония, Бельгия, Кытай. Машина жана анын жабдууларын, отун, азык-түлүктү Тайвандан, Австралиядан, Япониядан, Сингапурдан, Жаӊы Зеланлиядан, Фижиден, АКШдан алат.
Ад.: Вануату/Большая Российская энциклопедия. Т. 4. М., 2006.