ВАРАХША: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
No edit summary
1 сап: 1 сап:
'''ВАРАХША ''' – о. кылымдарга (7–11-к.) таандык шаар калдыгы. Бухара (Өзбекстан) ш-нын батыш тарабында (40 ''км''), Зеравшан д-нын жээгинде жайгашкан. Аянты 100 ''га''дай. В. Согду мамлекетинин өнүккөн шаарларынын бири болгон. 1937, 1949–54-ж. В. А. Шишкин жетектеген экспедиция археол. казуу иштерин жүргүзүп, чеп, хан сарай, турак жайлар табылган. Бул арх-ралык эстеликтердин ичинен хан сарай өзгөчө орунду ээлейт. Коргондолгон хан сарай шаардын бийик жеринен орун алган. Коргондун бийикт. 15 ''м'', туурасы 5 ''м''. Хан сарайдын «Чоӊ чыгыш залы» (1115 ''м'') ж-а «Кызыл залы» (7,8512 ''м'') өзгөчө жасалгаланган. «Чоӊ чыгыш залында» падышанын тактысы коюлган. Бөлмөнүн дубалына падышалардын сүрөттөрү түшүрүлгөн. Биринде канаттуу төө үстүнө орнотулган такта кылыч кармап отурган падыша тартылган, ошону м-н катар эле падышанын, канышанын, канзааданын көӊүл ачуу мезгили, ал эми «Кызыл залында» укмуштуу айбандар м-н кармашкан баатырлар, пилчен аскерлер, о. эле согуш, аӊчылык учурлары ж. б. чагылдырылган. Бул көркөм археол. эстелик О. Азия элдеринин о. кылымдарда бийик деӊгээлдеги мад-тка ээ болгонун ырастайт.
'''ВАРАХША ''' – орто кылымдарга (7–11-кылымдар) таандык шаар калдыгы. Бухара (Өзбекстан) шаарынын батыш тарабында (40 ''км''), Зеравшан дарыясынын жээгинде жайгашкан. Аянты 100 ''га''дай. Варахша Согду мамлекетинин өнүккөн шаарларынын бири болгон. 1937, 1949–54-жылдары В. А. Шишкин жетектеген экспедиция археологиялык казуу иштерин жүргүзүп, чеп, хан сарай, турак жайлар табылган. Бул архитектуралык эстеликтердин ичинен хан сарай өзгөчө орунду ээлейт. Коргондолгон хан сарай шаардын бийик жеринен орун алган. Коргондун бийиктиги 15 ''м'', туурасы 5 ''м''. Хан сарайдын «Чоӊ чыгыш залы» (11х15 ''м'') жана «Кызыл залы» (7,8512 ''м'') өзгөчө жасалгаланган. «Чоӊ чыгыш залында» падышанын тактысы коюлган. Бөлмөнүн дубалына падышалардын сүрөттөрү түшүрүлгөн. Биринде канаттуу төө үстүнө орнотулган такта кылыч кармап отурган падыша тартылган, ошону менен катар эле падышанын, канышанын, канзааданын көӊүл ачуу мезгили, ал эми «Кызыл залында» укмуштуу айбандар менен кармашкан баатырлар, пилчен аскерлер, ошондой эле согуш, аӊчылык учурлары ж. б. чагылдырылган. Бул көркөм археологиялык эстелик Орто Азия элдеринин орто кылымдарда бийик деӊгээлдеги маданиятка ээ болгонун ырастайт.
[[Category: 2-том]]
[[Category: 2-том]]

10:00, 24 Май (Бугу) 2024 -деги абалы

ВАРАХША – орто кылымдарга (7–11-кылымдар) таандык шаар калдыгы. Бухара (Өзбекстан) шаарынын батыш тарабында (40 км), Зеравшан дарыясынын жээгинде жайгашкан. Аянты 100 гадай. Варахша Согду мамлекетинин өнүккөн шаарларынын бири болгон. 1937, 1949–54-жылдары В. А. Шишкин жетектеген экспедиция археологиялык казуу иштерин жүргүзүп, чеп, хан сарай, турак жайлар табылган. Бул архитектуралык эстеликтердин ичинен хан сарай өзгөчө орунду ээлейт. Коргондолгон хан сарай шаардын бийик жеринен орун алган. Коргондун бийиктиги 15 м, туурасы 5 м. Хан сарайдын «Чоӊ чыгыш залы» (11х15 м) жана «Кызыл залы» (7,8512 м) өзгөчө жасалгаланган. «Чоӊ чыгыш залында» падышанын тактысы коюлган. Бөлмөнүн дубалына падышалардын сүрөттөрү түшүрүлгөн. Биринде канаттуу төө үстүнө орнотулган такта кылыч кармап отурган падыша тартылган, ошону менен катар эле падышанын, канышанын, канзааданын көӊүл ачуу мезгили, ал эми «Кызыл залында» укмуштуу айбандар менен кармашкан баатырлар, пилчен аскерлер, ошондой эле согуш, аӊчылык учурлары ж. б. чагылдырылган. Бул көркөм археологиялык эстелик Орто Азия элдеринин орто кылымдарда бийик деӊгээлдеги маданиятка ээ болгонун ырастайт.