ВАРНА: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
No edit summary
 
1 сап: 1 сап:
'''ВА́РНА ''' – Болгариянын чыгышындагы шаар, Варна обл-нун адм. борбору. Калкы 335,2 миӊ (2017); калкынын саны б-ча өлкөдөгү 3-шаар (София, Пловдивден кийин). Кара деӊиздеги Варна булуӊунун жээгинде жайгашкан. Мааниси б-ча өлкөдөгү 2-деӊиз порту (жылына 8,5 млн т жүк ташылат). Варна – Ильичёвск (Украина) – Поти – Батуми (Грузия) паром байланышы ж-а эл аралык аэропорту бар. Байыркы грек Одессос полиси катары б. з. ч. 570-ж. ченден белгилүү. 971-ж. Византия басып алган, 1201-жылдан 2-Болгар падышалыгынын курамында, 1393-ж. түрктөр басып алган. 18–19-к-да ири портко ж-а соода борборуна айланган. 1949–56-ж. И. В. Сталиндин ысмында. Шаарда антика ж-а соӊку Византия курулуштарынын калдыктары сакталган. Эски бөлүгүндө жыгач үйлөр, чиркөөлөр, мечиттер бар. Өлкөнүн маанилүү өнөр жай ж-а маданий борбору. Ун-ттер, музейлер, сүрөт гал., музей-аквариум, театрлар, зоопарк, дельфинариум, планетарий, деӊиз паркы (1881, аянты 85 ''га'') иштейт. «Варна жайы» муз. фестивалы (1926, 1966-жылдан эл аралык), эл аралык балет конкурсу, дирижёр ж-а композитор Г. Димитров атн. май айы хор конкурсу өткөрүлүп турат. Кеме куруу ж-а ремонттоо з-ддору, электр приборлор, текстиль, тигүү, тамак-аш, хим. (ири комплекс) өнөр жайлары иштейт. Деӊиз жээгинде «Алтын Кум» улуттук паркы, «Тилик таш» («Дилик таш») уникалдуу табият резерваты, шаардан түндүктө деӊиздик климаттык бальнеол.-баткак курорттору – Алтын Кум, Ыйык Константин ж-а Елена (мурдагы Достук), Албена, Тузла ж. б. жайгашкан.
'''ВА́РНА ''' – Болгариянын чыгышындагы шаар, Варна облусунун административдик борбору. Калкы 335,2 миӊ (2017); калкынын саны боюнча өлкөдөгү 3-шаар (София, Пловдивден кийин). Кара деӊиздеги Варна булуӊунун жээгинде жайгашкан. Мааниси боюнча өлкөдөгү 2-деӊиз порту (жылына 8,5 млн т жүк ташылат). Варна – Ильичёвск (Украина) – Поти – Батуми (Грузия) паром байланышы жана эл аралык аэропорту бар. Байыркы грек Одессос полиси катары б. з. ч. 570-жыл ченден белгилүү. 971-жылы Византия басып алган, 1201-жылдан 2-Болгар падышалыгынын курамында, 1393-жылы түрктөр басып алган. 18–19-кылымдарда ири портко жана соода борборуна айланган. 1949–56-жылдары И. В. Сталиндин ысмында. Шаарда антика жана соӊку Византия курулуштарынын калдыктары сакталган. Эски бөлүгүндө жыгач үйлөр, чиркөөлөр, мечиттер бар. Өлкөнүн маанилүү өнөр жай жана маданий борбору. Университеттер, музейлер, сүрөт галереясы, музей-аквариум, театрлар, зоопарк, дельфинариум, планетарий, деӊиз паркы (1881, аянты 85 ''га'') иштейт. «Варна жайы» муз. фестивалы (1926, 1966-жылдан эл аралык), эл аралык балет конкурсу, дирижёр жана композитор Г. Димитров атындагы май айы хор конкурсу өткөрүлүп турат. Кеме куруу жана ремонттоо заводдору, электр приборлор, текстиль, тигүү, тамак-аш, хим. (ири комплекс) өнөр жайлары иштейт. Деӊиз жээгинде «Алтын Кум» улуттук паркы, «Тилик таш» («Дилик таш») уникалдуу табият резерваты, шаардан түндүктө деӊиздик климаттык бальнеол.-баткак курорттору – Алтын Кум, Ыйык Константин жана Елена (мурдагы Достук), Албена, Тузла ж. б. жайгашкан.
[[Category: 2-том]]
[[Category: 2-том]]

03:57, 27 Май (Бугу) 2024 -га соңку нускасы

ВА́РНА – Болгариянын чыгышындагы шаар, Варна облусунун административдик борбору. Калкы 335,2 миӊ (2017); калкынын саны боюнча өлкөдөгү 3-шаар (София, Пловдивден кийин). Кара деӊиздеги Варна булуӊунун жээгинде жайгашкан. Мааниси боюнча өлкөдөгү 2-деӊиз порту (жылына 8,5 млн т жүк ташылат). Варна – Ильичёвск (Украина) – Поти – Батуми (Грузия) паром байланышы жана эл аралык аэропорту бар. Байыркы грек Одессос полиси катары б. з. ч. 570-жыл ченден белгилүү. 971-жылы Византия басып алган, 1201-жылдан 2-Болгар падышалыгынын курамында, 1393-жылы түрктөр басып алган. 18–19-кылымдарда ири портко жана соода борборуна айланган. 1949–56-жылдары И. В. Сталиндин ысмында. Шаарда антика жана соӊку Византия курулуштарынын калдыктары сакталган. Эски бөлүгүндө жыгач үйлөр, чиркөөлөр, мечиттер бар. Өлкөнүн маанилүү өнөр жай жана маданий борбору. Университеттер, музейлер, сүрөт галереясы, музей-аквариум, театрлар, зоопарк, дельфинариум, планетарий, деӊиз паркы (1881, аянты 85 га) иштейт. «Варна жайы» муз. фестивалы (1926, 1966-жылдан эл аралык), эл аралык балет конкурсу, дирижёр жана композитор Г. Димитров атындагы май айы хор конкурсу өткөрүлүп турат. Кеме куруу жана ремонттоо заводдору, электр приборлор, текстиль, тигүү, тамак-аш, хим. (ири комплекс) өнөр жайлары иштейт. Деӊиз жээгинде «Алтын Кум» улуттук паркы, «Тилик таш» («Дилик таш») уникалдуу табият резерваты, шаардан түндүктө деӊиздик климаттык бальнеол.-баткак курорттору – Алтын Кум, Ыйык Константин жана Елена (мурдагы Достук), Албена, Тузла ж. б. жайгашкан.