ВАРШАВА КЕЛИШИМИ (1955): нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
No edit summary
 
1 сап: 1 сап:
'''ВАРША́ВА КЕЛИШИМИ (1955) ''' – Албания, Болгария, Венгрия, Германия Демократиялык Республикасы (ГДР), Польша, Румыния, СССР ж-а Чехословакиянын ортосундагы достук, кызматташтык ж-а өз ара жардамдашуу ж-дөгү келишим. Европада тынчтыкты ж-а коопсуздукту камсыз кылуу б-ча европа мамлекеттеринин Варшава кеӊешмесинде 14-майда кол коюлган. В. к-нин негизинде ''Варшава келишим уюму'' түзүлгөн. Албания 1962-жылдан В. к-нин ишине катышпай, 1968-ж. сентябрда андан кол үзгөн. ''Париж макулдашууларынын (1954)'' ратификацияланышынан кийин В. к. 1955-ж. Батыш Европанын алдыӊкы өлкөлөрү м-н АКШнын ортосундагы согуштук союздун түзүлүшүнө алып келген. Бул келишим соц. өлкөлөрдүн коопсуздугун камсыз кылуу, Европада тынчтыкты сактоо максатын көздөгөн. БУУнун Уставына ылайык В. к-не кол койгон тараптар эл аралык мамилелерде күч колдонуудан баш тартууга, массалык кыргын салуучу ж. б. куралдарды кыскартуу үчүн натыйжалуу чараларды жүргүзүүдө чечимдерди чогуу кабыл алууга, жалпы кызыкчылыктарды камтыган бардык маселелер б-ча консультация өткөрүүгө, анын ичинде келишимдин бир же бир нече катышуучусуна куралдуу кол салуу коркунучу пайда болсо, өз ара жардамдашууга, В. к-не каршы максатта түзүлгөн кандай гана уюм же союз болбосун, ага катышпоого милдеттенишкен. Келишимдин мөөнөтү – 20 жыл, эгер бул мөөнөт бүткөнгө чейин бир жыл калганча тигил же бул өлкө келишимди денонсациялоо тууралуу Польша өкмөтүнө билдирбесе, мөөнөт өзүнөн өзү 10 жылга узарат. Өз ара пикир алмашууга ж-а келишимди ишке ашырууга байланыштуу маселелерди карап туруу үчүн саясий консультациялык комиссия, о. эле куралдуу күчтөрдүн бириккен командованиеси (жайгашкан жери – Москва ш.) түзүлгөн. Келишимдин мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу В. к. ага кирген мамлекеттер тарабынан 1985-ж. 26-апрелде дагы 20 жылга узартылган. Германия Федеративдик Республикасы (ГФР) м-н бириккендигине байланыштуу ГДР 1990-ж. 24-сентябрда В. к-нен чыккан. Болгария, Польша, Венгрия, Румыния, СССР ж-а Чехословакия В. к. күчүн жоготкондугу тууралуу токтомго 1991-ж. 1-июлда Прага ш-нда кол коюшкан.
'''ВАРША́ВА КЕЛИШИМИ (1955) ''' – Албания, Болгария, Венгрия, Германия Демократиялык Республикасы (ГДР), Польша, Румыния, СССР жана Чехословакиянын ортосундагы достук, кызматташтык жана өз ара жардамдашуу жөнүндөгү келишим. Европада тынчтыкты жана коопсуздукту камсыз кылуу боюнча Европа мамлекеттеринин Варшава кеӊешмесинде 14-майда кол коюлган. Варшава келишиминин негизинде ''Варшава келишим уюму'' түзүлгөн. Албания 1962-жылдан Варшава келишиминин ишине катышпай, 1968-жылы сентябрда андан кол үзгөн. ''Париж макулдашууларынын (1954)'' ратификацияланышынан кийин Варшава келишими 1955-жылы Батыш Европанын алдыӊкы өлкөлөрү менен АКШнын ортосундагы согуштук союздун түзүлүшүнө алып келген. Бул келишим социалисттик өлкөлөрдүн коопсуздугун камсыз кылуу, Европада тынчтыкты сактоо максатын көздөгөн. БУУнун Уставына ылайык Варшава келишимине кол койгон тараптар эл аралык мамилелерде күч колдонуудан баш тартууга, массалык кыргын салуучу ж. б. куралдарды кыскартуу үчүн натыйжалуу чараларды жүргүзүүдө чечимдерди чогуу кабыл алууга, жалпы кызыкчылыктарды камтыган бардык маселелер боюнча консультация өткөрүүгө, анын ичинде келишимдин бир же бир нече катышуучусуна куралдуу кол салуу коркунучу пайда болсо, өз ара жардамдашууга, Варшава келишимине каршы максатта түзүлгөн кандай гана уюм же союз болбосун, ага катышпоого милдеттенишкен. Келишимдин мөөнөтү – 20 жыл, эгер бул мөөнөт бүткөнгө чейин бир жыл калганча тигил же бул өлкө келишимди денонсациялоо тууралуу Польша өкмөтүнө билдирбесе, мөөнөт өзүнөн өзү 10 жылга узарат. Өз ара пикир алмашууга жана келишимди ишке ашырууга байланыштуу маселелерди карап туруу үчүн саясий консультациялык комиссия, ошондой эле куралдуу күчтөрдүн бириккен командованиеси (жайгашкан жери – Москва шаары) түзүлгөн. Келишимдин мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу Варшава келишими ага кирген мамлекеттер тарабынан 1985-жылы 26-апрелде дагы 20 жылга узартылган. Германия Федеративдик Республикасы (ГФР) менен бириккендигине байланыштуу ГДР 1990-жылы 24-сентябрда Варшава келишиминен чыккан. Болгария, Польша, Венгрия, Румыния, СССР жана Чехословакия Варшава келишими күчүн жоготкондугу тууралуу токтомго 1991-жылы 1-июлда Прага шаарында кол коюшкан.
<br/>Ад.: Варшавский договор: история и современность. М., 1990; ''Грибков А. И''. Судьба Варшавского договора. М., 1998.
 
<br />Ад.: Варшавский договор: история и современность. М., 1990; ''Грибков А. И''. Судьба Варшавского договора. М., 1998.
[[Category: 2-том]]
[[Category: 2-том]]

07:44, 27 Май (Бугу) 2024 -га соңку нускасы

ВАРША́ВА КЕЛИШИМИ (1955) – Албания, Болгария, Венгрия, Германия Демократиялык Республикасы (ГДР), Польша, Румыния, СССР жана Чехословакиянын ортосундагы достук, кызматташтык жана өз ара жардамдашуу жөнүндөгү келишим. Европада тынчтыкты жана коопсуздукту камсыз кылуу боюнча Европа мамлекеттеринин Варшава кеӊешмесинде 14-майда кол коюлган. Варшава келишиминин негизинде Варшава келишим уюму түзүлгөн. Албания 1962-жылдан Варшава келишиминин ишине катышпай, 1968-жылы сентябрда андан кол үзгөн. Париж макулдашууларынын (1954) ратификацияланышынан кийин Варшава келишими 1955-жылы Батыш Европанын алдыӊкы өлкөлөрү менен АКШнын ортосундагы согуштук союздун түзүлүшүнө алып келген. Бул келишим социалисттик өлкөлөрдүн коопсуздугун камсыз кылуу, Европада тынчтыкты сактоо максатын көздөгөн. БУУнун Уставына ылайык Варшава келишимине кол койгон тараптар эл аралык мамилелерде күч колдонуудан баш тартууга, массалык кыргын салуучу ж. б. куралдарды кыскартуу үчүн натыйжалуу чараларды жүргүзүүдө чечимдерди чогуу кабыл алууга, жалпы кызыкчылыктарды камтыган бардык маселелер боюнча консультация өткөрүүгө, анын ичинде келишимдин бир же бир нече катышуучусуна куралдуу кол салуу коркунучу пайда болсо, өз ара жардамдашууга, Варшава келишимине каршы максатта түзүлгөн кандай гана уюм же союз болбосун, ага катышпоого милдеттенишкен. Келишимдин мөөнөтү – 20 жыл, эгер бул мөөнөт бүткөнгө чейин бир жыл калганча тигил же бул өлкө келишимди денонсациялоо тууралуу Польша өкмөтүнө билдирбесе, мөөнөт өзүнөн өзү 10 жылга узарат. Өз ара пикир алмашууга жана келишимди ишке ашырууга байланыштуу маселелерди карап туруу үчүн саясий консультациялык комиссия, ошондой эле куралдуу күчтөрдүн бириккен командованиеси (жайгашкан жери – Москва шаары) түзүлгөн. Келишимдин мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу Варшава келишими ага кирген мамлекеттер тарабынан 1985-жылы 26-апрелде дагы 20 жылга узартылган. Германия Федеративдик Республикасы (ГФР) менен бириккендигине байланыштуу ГДР 1990-жылы 24-сентябрда Варшава келишиминен чыккан. Болгария, Польша, Венгрия, Румыния, СССР жана Чехословакия Варшава келишими күчүн жоготкондугу тууралуу токтомго 1991-жылы 1-июлда Прага шаарында кол коюшкан.


Ад.: Варшавский договор: история и современность. М., 1990; Грибков А. И. Судьба Варшавского договора. М., 1998.