ВАТИКАН: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
No edit summary
No edit summary

1 сап: 1 сап:
'''ВАТИКА́Н ''' – Италиянын борбору, Римдин аймагындагы шаар-мамлекет. Рим-католик чиркөөсүнүн башчысы – Рим папасынын резиденциясы. Чиркөө башкармалыгы (Рим куриясы) турган жай. Римдин батыш бөлүгүндө, Вати-кан дөӊсөөсүндө, Тибр дарыясынын оӊ жээгинде жайгашкан. Аянты 0,44 ''км''2. Калкы 829 (2019). Мамлекеттик тили – латын жана италян тилдери. Акча бирдиги – евро (2002-жылдан). Ватикан – эл аралык субъект катары эл аралык уюмдарга (анын ичинде ЕККУ–ОБСЕ, МАГАТЭ) мүчө болууга акылуу. Ошондой эле БУУга, ЮНЕСКОго ж. б. уюмдарга байкоочу катары миссия аткарат. Ар кайсы өкмөттүк уюмдарга мүчө.

'''ВАТИКА́Н ''' – Италиянын борбору Римдин аймагындагы шаар-мамлекет. Рим-католик чиркөөсүнүн башчысы – Рим папасынын резиденциясы. Чиркөө башкармалыгы (Рим куриясы) турган жай. Римдин батыш бөлүгүндө, Вати-кан дөӊсөөсүндө, Тибр дарыясынын оӊ жээгинде жайгашкан. Аянты 0,44 ''км''2. Калкы 829 (2019). Мамлекеттик тили – латын жана италян тилдери. Акча бирдиги – евро (2002-жылдан). Ватикан – эл аралык субъект катары эл аралык уюмдарга (анын ичинде ЕККУ–ОБСЕ, МАГАТЭ) мүчө болууга акылуу. Ошондой эле БУУга, ЮНЕСКОго ж. б. уюмдарга байкоочу катары миссия аткарат. Ар кайсы өкмөттүк уюмдарга мүчө.

[[File:ВАТИКАН52.png | thumb | none]]
[[File:ВАТИКАН52.png | thumb | none]]

13 сап: 13 сап:

==Чарбасы==
==Чарбасы==

. В-га тиешелүү өнөр жайы (полиграфиядан башка) жок. Жашоо-тиричиликке керектүү азык-түлүк, суу, газ ж. б. четтен алат. Электр-станциясы, борб. жылытуу, автономиялуу телефон тармагы, почта системасы ж-а телеграф кызматы иштейт. В-дын кирешеси дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүндө жашаган католиктердин кайыр-садагасынан ж-а туризмден (а. и. сувенир, почта маркаларын сатуу, музей экскурсиялары), басма продукцияларын сатуудан, башка өлкөлөрдөгү Рим католик чиркөөсүнө таандык жер аянттарынын ижарасынан түшөт. В-дын аймагында кирешеден салык алынбайт, валютаны сыртка чыгаруу ж-а алып келүү чектелген эмес. В-дын капиталы Италиянын ж. б. өлкөлөрдүн өнөр жайына салынган. В-дын Борб. банкы эл аралык финансы операцияларына катышат; бюджетин Рим папасы бекитет. Темир жолу (уз. 0,86 ''км'') Италиянын мамл. темир жол тармагы м-н байланышат.

Ватиканга тиешелүү өнөр жайы (полиграфиядан башка) жок. Жашоо-тиричиликке керектүү азык-түлүк, суу, газ ж. б. четтен алат. Электр-станциясы, борбордук жылытуу, автономиялуу телефон тармагы, почта системасы жана телеграф кызматы иштейт. Ватикандын кирешеси дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүндө жашаган католиктердин кайыр-садагасынан жана туризмден (анын ичинде сувенир, почта маркаларын сатуу, музей экскурсиялары), басма продукцияларын сатуудан, башка өлкөлөрдөгү Рим католик чиркөөсүнө таандык жер аянттарынын ижарасынан түшөт. Ватикандын аймагында кирешеден салык алынбайт, валютаны сыртка чыгаруу жана алып келүү чектелген эмес. Ватикандын капиталы Италиянын ж. б. өлкөлөрдүн өнөр жайына салынган. Ватикандын Борбордук банкы эл аралык финансы операцияларына катышат; бюджетин Рим папасы бекитет. Темир жолу (узундугу 0,86 ''км'') Италиянын мамлекеттик темир жол тармагы менен байланышат.

==Маданияты ==
==Маданияты. ==

Ватикандагы ЖОЖдор: Григориан (1582), Урбаниан (1627), Латеран (1773), Салезиан (1940, университет статусу 1973), Ыйык Фома Аквинский Папа (1580-жыл коллеж; 1909-жыл университет), Ыйык Крест Папа университеттери, Библиялык Папа, Чыгыш Папа, Арабистика жана ислам таануу Папа институттары, хор мектеби бар Чиркөө музыкасы понтифик институту ж. б. Пантеонго караштуу виртуоздор асем исккусствосу жана адабияты папа чоӊ академиясы (1542), Папа ИА (1603, мүчөлөрүн ар кайсы өлкөлөрдүн окумуштууларынан папа өзү тандайт), Чиркөө (1701), Литургия (1740), Католик дини (1801), Археология (1810), Ыйык Фома Аквинский жана католик дини Рим (1879), Ыйык Мария кыз (1946), Социалдык илимдер (1991), Жашоону коргоо (1994) академиялары бар. Папа сарайында Ватикан китепканасы (1475-жылы расмий негизделген, анда 300 миӊден ашык тыйындар жана медалдар бар Нумизматика кабинети) иштейт. Ватикан музейлери, архиви (1610, мамлекеттик катчынын, Рим куриясынын ж. б. соболордун документтери сакталат) бар. Архивдин базасында Ватикан палеогеография, дипломатика жана архив таануу мектеби иштейт. Ватиканда Европадагы эӊ эски обсерватория жайгашкан. 1993-жылы АКШда филиалы ачылган.
«Оссерваторе Романо» гезити күнүгө италян, жумасына француз, англис, испан, португал, немец, айына поляк тилинде чыгып турат. Радиостанция 1931-жылы түзүлгөн, жаӊы радиоборбору (1957) 34 тилде уктурууларды алып барат жана телеборбор (1983) иштейт.
Собордун бир каппелласы Ватикандын аймагындагы сыйынуучу, бак-парк, искусствонун бардык тармактары айкалышкан архитектуралык ири комплекс. Архитектура тарыхы 4–5-кылымдан башталат. Ватиканга көркөм колонадалар менен курчалган Ыйык Пётр собору – дүйнөдөгү эӊ зор храм (1506–1614, архитекторлор

В-дагы ЖОЖдор: Григориан (1582), Урбаниан (1627), Латеран (1773), Салезиан (1940, ун-т статусу 1973), Ыйык Фома Аквинский Папа (1580-ж. коллеж; 1909-ж. ун-т), Ыйык Крест Папа ун-ттери, Библиялык Папа, Чыгыш Папа, Арабистика ж-а ислам таануу Папа ин-ттары, хор мектеби бар Чиркөө музыкасы понтифик ин-ту ж. б. Пантеонго караштуу виртуоздор асем иск-восу ж-а ад-ты папа чоӊ академиясы (1542), Папа ИА (1603, мүчөлөрүн ар кайсы өлкөлөрдүн окумуштууларынан папа өзү тандайт), Чиркөө (1701), Литургия (1740), Католик дини (1801), Археология (1810), Ыйык Фома Аквинский ж-а католик дини Рим (1879), Ыйык Мария кыз (1946), Социалдык илимдер (1991), Жашоону коргоо (1994) академиялары бар. Папа сарайында В. китепканасы (1475-ж. расмий негизделген, анда 300 миӊден ашык тыйындар ж-а медалдар бар Нумизматика кабинети) иштейт. В. музейлери, архиви (1610, мамл. катчынын, Рим куриясынын ж. б. соболордун документтери сакталат) бар. Архивдин базасында В. палеогеография, дипломатика ж-а архив таануу мектеби иштейт. В-да Европадагы эӊ эски обсерватория жайгашкан. 1993-ж. АКШда филиалы ачылган.

«Оссерваторе Романо» гезити күнүгө италян, жумасына француз, англис, испан, португал, немец, айына поляк тилинде чыгып турат. Радиостанция 1931-ж. түзүлгөн, жаӊы радиоборбору (1957) 34 тилде уктурууларды алып барат ж-а телеборбор (1983) иштейт.

Собордун бир каппелласы В-дын аймагындагы сыйынуучу, бак-парк, иск-вонун бардык тармактары айкалышкан арх-ралык ири комплекс. Арх-ра тарыхы 4–5-к-дан башталат. В-га көркөм колонадалар м-н курчалган Ыйык Пётр собору – дүйнөдөгү эӊ зор храм (1506–1614, арх.

[[File:ТАРЫХЫ. В.54.png | thumb | Ватикандагы бакчалар.]]
[[File:ТАРЫХЫ. В.54.png | thumb | Ватикандагы бакчалар.]]
Д. Браманте, Ж. делла Порта, Виньола ж. б.). Микеланжелонун «Христоско аза күтүү» мрамор скульптурасы айрыкча көрк берип турат. Ыйык Пётр соборунун барокко стилиндеги аянты, Скала-Режа, Зала-Режа ак сарай комплекстери: Паолин (16-к.), Сикстин, Николай V капеллалары; Рафаэль Станцасы бар Боржиа апартаменти; Рафаэлдин лоджиялары Бельведер вилласы м-н Сан-Дамазо короосу; Пий IVнин казино багы (1503–45-ж. салынган, арх. Д. Браманте) орун алган. Ак сарайда В. китепканасы (кол жазмалар бар), байыркы замандын скульптура музейлери
Д. Браманте, Ж. делла Порта, Виньола ж. б.). Микеланжелонун «Христоско аза күтүү» мрамор скульптурасы айрыкча көрк берип турат. Ыйык Пётр соборунун барокко стилиндеги аянты, Скала-Режа, Зала-Режа ак сарай комплекстери: Паолин (16-кылым), Сикстин, Николай V капеллалары; Рафаэль Станцасы бар Боржиа апартаменти; Рафаэлдин лоджиялары Бельведер вилласы менен Сан-Дамазо короосу; Пий IVнин казино багы (1503–45-жылдары салынган, архитектор Д. Браманте) орун алган. Ак сарайда Ватикан китепканасы (кол жазмалар бар), байыркы замандын скульптура музейлери

[[File:ТАРЫХЫ. В.55.png | thumb | Микеланджело. «Пьета» («Христоско аза күтүү»). Мрамор.]]
[[File:ТАРЫХЫ. В.55.png | thumb | Микеланджело. «Пьета» («Христоско аза күтүү»). Мрамор.]]
ж. б. жайгашкан. Эки узун корпус (азыркы В. китепканасы), Пио-Клементино музейи, статуя гал., папирустар кабинети, Нумизматикалык кабинет орун алган. Бельведер вилласы (1485–87; 16–18-к. кайра курулган; бурамалуу тепкич, 1511–64, арх. Браманте, Лигорио) м-н кошуп турат. 1563–95-ж. Рафаэлдин лоджияларына Сикст V апартаменти улай салынган. Ак сарайда көчөгө чыгуучу Король тепкичи жайгашкан (Скала-Режа, 1663–66), андан ары Король залы (1538–73, арх. А. да Сангалло кичүүсү; ''Ж. Вазари'', Т. ж-а Ф. Цуккари, О. Самаккини, Ж. Сальвиати ж. б-дын дубалга тартылган сүрөттөрү) бар. В-дын батышы – бакчалар, Лев IV дубалынын калдыктары (9-к. ортосу), папа Пий IV вилласы (1560, арх. П. Лигорио), Шамал мунарасы (1579; 1939-ж. чейин В. обсерваториясынын имараты), фонтандар (17-к. арх. Я ван Сантен), В. пинакотекасынын имараты (1929–32,
ж. б. жайгашкан. Эки узун корпус (азыркы Ватикан китепканасы), Пио-Клементино музейи, статуя галереясы, папирустар кабинети, Нумизматикалык кабинет орун алган. Бельведер вилласы (1485–87; 16–18-кылымдарда кайра курулган; бурамалуу тепкич, 1511–64, архитекторлор Браманте, Лигорио) менен кошуп турат. 1563–95-жылдары  Рафаэлдин лоджияларына Сикст V апартаменти улай салынган. Ак сарайда көчөгө чыгуучу Король тепкичи жайгашкан (Скала-Режа, 1663–66), андан ары Король залы (1538–73, архитектор А. да Сангалло кичүүсү; ''Ж. Вазари'', Т. жана Ф. Цуккари, О. Самаккини, Ж. Сальвиати ж. б-дын дубалга тартылган сүрөттөрү) бар. Ватикандын батышы – бакчалар, Лев IV дубалынын калдыктары (9-кылымдын ортосу), папа Пий IV вилласы (1560, архитектор П. Лигорио), Шамал мунарасы (1579; 1939-жылга чейин Ватикан обсерваториясынын имараты), фонтандар (17-кылым архитектор Я ван Сантен), Ватикан пинакотекасынын имараты (1929–32,

[[File:ТАРЫХЫ. В.56.png | thumb | 1497–1501. Ыйык Пётр собору.]]
[[File:ТАРЫХЫ. В.56.png | thumb | 1497–1501. Ыйык Пётр собору.]]
арх. Л. Белтрами), Папа ИА, Эфиоп коллегиясы, губернатор ак сарайы жайгашкан. Дубалдын ичинде 16–17-к. Зыяратчылар (9–17-к.; дубалга тартылган сүрөттөрү 9-к.) Ыйык Анна (1572, арх. Ж. да Виньола), Санто-Стефано-дельи Абиссини, Сан-Сальваторе-ин-Террионе чиркөөлөрү, мозаика өнөрканасы (1727), В-дын Сот сарайы, Диний окуу иштери б-ча конгрегация имараты, Павел VI аудиенция залы (1971), телеграф, телефон ж-а почта, темир жол вокзалы, басма сөз борбору, басмакана ж-а мейманкана (Ыйык Марфа үйү) бар. Ыйык Такка Римде жайгашкан Санта-Мария-Маджоре, Сан-Паоло-фуори-ле-Мура (монастыры м-н), Сан-Жованни-ин-Латерано Латеран аксарайы м-н (16-к.), Канчеллерия (1485–1513, арх-лор А. Бреньо, Д. Браманте), Дин таратуу б-ча Конгрегация ак сарайы (1642–67, арх. Ф. Борромини ж-а Ж. Л. Бернини), Кастель-Гандольфодогу (17-к.) папанын жайкы резиденциясы ж-а Римде, Италияда жайгашкан
архитектор Л. Белтрами), Папа ИА, Эфиоп коллегиясы, губернатор ак сарайы жайгашкан. Дубалдын ичинде 16–17-кылымдардагы Зыяратчылар (9–17-кылым; дубалга тартылган сүрөттөрү 9-кылым) Ыйык Анна (1572, архитектор Ж. да Виньола), Санто-Стефано-дельи Абиссини, Сан-Сальваторе-ин-Террионе чиркөөлөрү, мозаика өнөрканасы (1727), Ватикандын Сот сарайы, Диний окуу иштери боюнча конгрегация имараты, Павел VI аудиенция залы (1971), телеграф, телефон жана почта, темир жол вокзалы, басма сөз борбору, басмакана жана мейманкана (Ыйык Марфа үйү) бар. Ыйык Такка Римде жайгашкан Санта-Мария-Маджоре, Сан-Паоло-фуори-ле-Мура (монастыры менен), Сан-Жованни-ин-Латерано Латеран аксарайы менен (16-к.), Канчеллерия (1485–1513, архитекторлор А. Бреньо, Д. Браманте), Дин таратуу б-ча Конгрегация ак сарайы (1642–67, архитекторлор Ф. Борромини ж-а Ж. Л. Бернини), Кастель-Гандольфодогу (17-кылым) папанын жайкы резиденциясы жана Римде, Италияда жайгашкан

[[File:ТАРЫХЫ. В.57.png | thumb | Ватикандагы делла-Пинья короосу.]]
[[File:ТАРЫХЫ. В.57.png | thumb | Ватикандагы делла-Пинья короосу.]]
ж. б. имараттар таандык. В. шаар-музей болуп эсептелет. В. ансамбли ж-а Римдеги Ыйык Такка тиешелүү имараттар 1956-жылдан ЮНЕСКОнун кайтаруусунда ж-а ''Бүткүл дүйнөлүк мурастын'' тизмесине кирген.
ж. б. имараттар таандык. Ватикан шаар-музей болуп эсептелет. Ватикан ансамбли жана Римдеги Ыйык Такка тиешелүү имараттар 1956-жылдан ЮНЕСКОнун кайтаруусунда жана ''Бүткүл дүйнөлүк мурастын'' тизмесине кирген.

Ад.: ''Ковальский Н. А., Красиков А. А''. Ватикан: история и современность. М., 1991; 2000; Ватикан. М., 2001; История Ватикана: власть и Римская курия. М., 2002; ''Григулевич И. Р''. Папство. Век ХХ. 3-е изд. М., 2003.

[[Category: 2-том]]
[[Category: 2-том]]

02:18, 28 Май (Бугу) 2024 -га соңку нускасы

ВАТИКА́Н – Италиянын борбору Римдин аймагындагы шаар-мамлекет. Рим-католик чиркөөсүнүн башчысы – Рим папасынын резиденциясы. Чиркөө башкармалыгы (Рим куриясы) турган жай. Римдин батыш бөлүгүндө, Вати-кан дөӊсөөсүндө, Тибр дарыясынын оӊ жээгинде жайгашкан. Аянты 0,44 км2. Калкы 829 (2019). Мамлекеттик тили – латын жана италян тилдери. Акча бирдиги – евро (2002-жылдан). Ватикан – эл аралык субъект катары эл аралык уюмдарга (анын ичинде ЕККУ–ОБСЕ, МАГАТЭ) мүчө болууга акылуу. Ошондой эле БУУга, ЮНЕСКОго ж. б. уюмдарга байкоочу катары миссия аткарат. Ар кайсы өкмөттүк уюмдарга мүчө.

Мамлекеттик түзүлүшү

Ватикан (расмий аталышы – Ыйык Так) – теократиялык монархия. Жаӊы негизги мыйзамы Рим папасы Иоанн Павел II тарабынан 2000-ж. 26-ноябрда кабыл алынып, 2001-жылдын 22-февралынан күчүнө кирген. Ватикан мамлекетинин башчысы – Рим папасы, Рим-католик чиркөөсүнүн эӊ жогорку иерархы. Ыйык Ата, Рим епископу, Иисус Христостун наместниги, Ыйык Пётрдун орун басары, Аалам чиркөөсүнүн жогорку понтифиги, Батыш патриархы, Италия примасы, Рим провинциясынын архиепископу жана митрополити, Ватикан Градынын Жогорку башкаруучусу титулдарын алып жүрөт. Рим папасы кардиналдардын коллегиясы (конклав) тарабынан өмүр бою шайланат. Ал толук мыйзам чыгаруу, аткаруу жана сот бийлигине ээ. Мыйзам чыгаруу бийлигинин органы (Жогорку понтифик бул бийликти өз алдынча жүргүзүнү каалаган учурлардан тышкаркы мезгилдерде) кардиналдардан жана аларды жетектеген төрагадан турган Ватикан иштери боюнча Папа комиссиясы болуп саналат. Ватикандын светтик суверенитетине жана жарандык башкаруусуна таандык болгон аткаруу бийлиги Мамлекеттик секретариат (1988-жылдан жалпы бөлүмдөн жана мамлекеттер аралык байланыш бөлүмүнөн турат) тарабынан жүзөгө ашырылып, аны өз ишмердүүлүгү үчүн Рим папасынын алдында гана жоопкерчиликтүү болгон кардинал – мамлекеттик катчы жетектейт. Ватиканды коргоо жана салтанаттарды өткөрүү функциясы швейцариялык гвардияга жүктөлгөн.

Калкы

Ватикандын жергиликтүү калкынан тышкары Римде жана анын айланасында жашаган 3 миӊге жакын адам Ватиканда иштейт. Ватикандын жарандыгы анын аймагында туруктуу жашагандарга гана берилет. Жарандыкка Рим папасынан тышкары кардиналдар, нунцийлер жана Апостолдук нунцийликтин кызматкерлери (дипломатиялык кызмат учурунда), швейцариялык гвардиячылар (Ватиканда кызмат өтөгөн мезгилде), Ватикан шаарынын губернатору, Ватикан шаарынын трибуналынын претору, жарандык актыларды каттоочу кызматкерлер, папанын жеке жардамчылары жана анын үй-бүлө мүчөлөрү, ошондой эле Ватиканда жашоого папа уруксат берген адамдар ээ боло алышат. Ватикандыктардын балдары 18 жашка чыкканда гана жарандык ала алышат. Сыртта жашагандар жарандыгын жоготушат (артыкчылык кардиналдарга гана берилет).

Тарыхы

Ватикан шаар-мамлекет. Тибр дарыясынын боюндагы Ватикан дөӊсөөсүнүн атынан аталган. Бул дөӊсөөдө орто кылымдын башында сарай курулуп, ал 14-кылымда католик чиркөө башчысынын резиденциясына айланган. 1870-жылы өткөрүлгөн референдумдун жыйынтыгында Папа облусу Италия королдугуна бириктирилип, Рим папасы светтик бийлик жүргүзүү укугунан ажыратылган. Бирок Рим папасы Пий IX мындай чечимдерге каршы нааразылыгын билдирүү катары өзүн «ватикандык туткун» деп жарыялап, өмүрүнүн аягына чейин Ватикан сарайынан тышка чыгуудан баш тарткан. Ыйык Так менен Италия мамлекетинин ортосундагы узакка созулган пикир келишпестик 1929-жылы 11-февралда Латеран макулдашууларынын жыйынтыгында чечилген. Макулдашуу боюнча Ватикан мамлекети түзүлүп, анын азыркы кездеги чеги белгиленген жана эл аралык өз алдынчалыгы (суверенитети) таанылган. Ватикан эл аралык укук субъектиси катары бир катар эл аралык уюмдардын мүчөсү. Ыйык Так кеӊири тармактагы эл аралык жана социалдык маселелерди чечүүдө таасирин тийгизип келет. 2-дүйнөлүк согуш алдында Пий XI, ал эми согуш учурунда анын мураскери Пий XII нацизм жана коммунизм идеологиясын кескин сындап чыккан. 1971-жылы Ватикан ядролук куралдарды таркатпоо тууралуу келишимге кол койгон, 1975-жылы Европадагы кызматташтык жана коопсуздук боюнча кеӊешмеге катышкан жана

анын жыйынтык документине кеӊешмеге катышкан бардык мамлекеттерди ар бир адамдын диний ишенимин сыйлоого жана каалаган динге сыйынуусун урматтоого милдеттендирген милдеттенмени киргизүүнүн демилгечиси болгон. Ватикан эл аралык чыр-чатактарды тынчтык жолу менен жөнгө салууну активдүү колдойт. Папа Иоанн Павел 1999-жылы НАТОнун аскерлеринин Югославияны бомбалоосун, 2003-жылы АКШнын Иракка басып кирүүсүн ж. б. кескин сындаган.
Ватикан (Ыйык Так) Тайвандын эң эски (1942) дипломатиялык өнөктөшү жана азыр Кытай Республикасынын (Тайвань) расмий түрдө тааныган Европадагы эл аралык укуктун жападан жалгыз эгемен субъекти болуп саналат. Ватикан дүйнөнүн 174 өлкөсү менен дипломатиялык мамиледе, аларда папалык элчилер өкүлчүлүк кылат. 15 эл аралык уюмдун, анын ичинде ДСУ, ЮНЕСКО, ЕККУ жана ФАОнун мүчөсү.

Чарбасы

Ватиканга тиешелүү өнөр жайы (полиграфиядан башка) жок. Жашоо-тиричиликке керектүү азык-түлүк, суу, газ ж. б. четтен алат. Электр-станциясы, борбордук жылытуу, автономиялуу телефон тармагы, почта системасы жана телеграф кызматы иштейт. Ватикандын кирешеси дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүндө жашаган католиктердин кайыр-садагасынан жана туризмден (анын ичинде сувенир, почта маркаларын сатуу, музей экскурсиялары), басма продукцияларын сатуудан, башка өлкөлөрдөгү Рим католик чиркөөсүнө таандык жер аянттарынын ижарасынан түшөт. Ватикандын аймагында кирешеден салык алынбайт, валютаны сыртка чыгаруу жана алып келүү чектелген эмес. Ватикандын капиталы Италиянын ж. б. өлкөлөрдүн өнөр жайына салынган. Ватикандын Борбордук банкы эл аралык финансы операцияларына катышат; бюджетин Рим папасы бекитет. Темир жолу (узундугу 0,86 км) Италиянын мамлекеттик темир жол тармагы менен байланышат.

Маданияты

Ватикандагы ЖОЖдор: Григориан (1582), Урбаниан (1627), Латеран (1773), Салезиан (1940, университет статусу 1973), Ыйык Фома Аквинский Папа (1580-жыл коллеж; 1909-жыл университет), Ыйык Крест Папа университеттери, Библиялык Папа, Чыгыш Папа, Арабистика жана ислам таануу Папа институттары, хор мектеби бар Чиркөө музыкасы понтифик институту ж. б. Пантеонго караштуу виртуоздор асем исккусствосу жана адабияты папа чоӊ академиясы (1542), Папа ИА (1603, мүчөлөрүн ар кайсы өлкөлөрдүн окумуштууларынан папа өзү тандайт), Чиркөө (1701), Литургия (1740), Католик дини (1801), Археология (1810), Ыйык Фома Аквинский жана католик дини Рим (1879), Ыйык Мария кыз (1946), Социалдык илимдер (1991), Жашоону коргоо (1994) академиялары бар. Папа сарайында Ватикан китепканасы (1475-жылы расмий негизделген, анда 300 миӊден ашык тыйындар жана медалдар бар Нумизматика кабинети) иштейт. Ватикан музейлери, архиви (1610, мамлекеттик катчынын, Рим куриясынын ж. б. соболордун документтери сакталат) бар. Архивдин базасында Ватикан палеогеография, дипломатика жана архив таануу мектеби иштейт. Ватиканда Европадагы эӊ эски обсерватория жайгашкан. 1993-жылы АКШда филиалы ачылган.
«Оссерваторе Романо» гезити күнүгө италян, жумасына француз, англис, испан, португал, немец, айына поляк тилинде чыгып турат. Радиостанция 1931-жылы түзүлгөн, жаӊы радиоборбору (1957) 34 тилде уктурууларды алып барат жана телеборбор (1983) иштейт.
Собордун бир каппелласы Ватикандын аймагындагы сыйынуучу, бак-парк, искусствонун бардык тармактары айкалышкан архитектуралык ири комплекс. Архитектура тарыхы 4–5-кылымдан башталат. Ватиканга көркөм колонадалар менен курчалган Ыйык Пётр собору – дүйнөдөгү эӊ зор храм (1506–1614, архитекторлор

Ватикандагы бакчалар.

Д. Браманте, Ж. делла Порта, Виньола ж. б.). Микеланжелонун «Христоско аза күтүү» мрамор скульптурасы айрыкча көрк берип турат. Ыйык Пётр соборунун барокко стилиндеги аянты, Скала-Режа, Зала-Режа ак сарай комплекстери: Паолин (16-кылым), Сикстин, Николай V капеллалары; Рафаэль Станцасы бар Боржиа апартаменти; Рафаэлдин лоджиялары Бельведер вилласы менен Сан-Дамазо короосу; Пий IVнин казино багы (1503–45-жылдары салынган, архитектор Д. Браманте) орун алган. Ак сарайда Ватикан китепканасы (кол жазмалар бар), байыркы замандын скульптура музейлери

Микеланджело. «Пьета» («Христоско аза күтүү»). Мрамор.

ж. б. жайгашкан. Эки узун корпус (азыркы Ватикан китепканасы), Пио-Клементино музейи, статуя галереясы, папирустар кабинети, Нумизматикалык кабинет орун алган. Бельведер вилласы (1485–87; 16–18-кылымдарда кайра курулган; бурамалуу тепкич, 1511–64, архитекторлор Браманте, Лигорио) менен кошуп турат. 1563–95-жылдары Рафаэлдин лоджияларына Сикст V апартаменти улай салынган. Ак сарайда көчөгө чыгуучу Король тепкичи жайгашкан (Скала-Режа, 1663–66), андан ары Король залы (1538–73, архитектор А. да Сангалло кичүүсү; Ж. Вазари, Т. жана Ф. Цуккари, О. Самаккини, Ж. Сальвиати ж. б-дын дубалга тартылган сүрөттөрү) бар. Ватикандын батышы – бакчалар, Лев IV дубалынын калдыктары (9-кылымдын ортосу), папа Пий IV вилласы (1560, архитектор П. Лигорио), Шамал мунарасы (1579; 1939-жылга чейин Ватикан обсерваториясынын имараты), фонтандар (17-кылым архитектор Я ван Сантен), Ватикан пинакотекасынын имараты (1929–32,

1497–1501. Ыйык Пётр собору.

архитектор Л. Белтрами), Папа ИА, Эфиоп коллегиясы, губернатор ак сарайы жайгашкан. Дубалдын ичинде 16–17-кылымдардагы Зыяратчылар (9–17-кылым; дубалга тартылган сүрөттөрү 9-кылым) Ыйык Анна (1572, архитектор Ж. да Виньола), Санто-Стефано-дельи Абиссини, Сан-Сальваторе-ин-Террионе чиркөөлөрү, мозаика өнөрканасы (1727), Ватикандын Сот сарайы, Диний окуу иштери боюнча конгрегация имараты, Павел VI аудиенция залы (1971), телеграф, телефон жана почта, темир жол вокзалы, басма сөз борбору, басмакана жана мейманкана (Ыйык Марфа үйү) бар. Ыйык Такка Римде жайгашкан Санта-Мария-Маджоре, Сан-Паоло-фуори-ле-Мура (монастыры менен), Сан-Жованни-ин-Латерано Латеран аксарайы менен (16-к.), Канчеллерия (1485–1513, архитекторлор А. Бреньо, Д. Браманте), Дин таратуу б-ча Конгрегация ак сарайы (1642–67, архитекторлор Ф. Борромини ж-а Ж. Л. Бернини), Кастель-Гандольфодогу (17-кылым) папанын жайкы резиденциясы жана Римде, Италияда жайгашкан

Ватикандагы делла-Пинья короосу.

ж. б. имараттар таандык. Ватикан шаар-музей болуп эсептелет. Ватикан ансамбли жана Римдеги Ыйык Такка тиешелүү имараттар 1956-жылдан ЮНЕСКОнун кайтаруусунда жана Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине кирген.

Ад.: Ковальский Н. А., Красиков А. А. Ватикан: история и современность. М., 1991; 2000; Ватикан. М., 2001; История Ватикана: власть и Римская курия. М., 2002; Григулевич И. Р. Папство. Век ХХ. 3-е изд. М., 2003.