БУУДАЙ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
No edit summary
No edit summary
1 сап: 1 сап:
'''БУУДАЙ ''' (Тriticum) – дан өсүмдүктөр тукумунун уруусу, чачы тамырлуу чөп өсүмдүк. Тамыры негизинен топурактын айдалма катмарында өсөт. Айрым көмөкчү тамырлары 180 смге чейин тереӊ кетет. Сабагы көӊдөй, жылмакай, көп муунактуу, бийиктиги 40–130 ''см''. Бышкан Буудайдын сабагы агыш, саргыч, кызгылт. Жалбырагы ичке, сабагын курчап кезектешип жайгашат. Топ гүлү – кылкандуу машак; көбүнчө өзү <br/>
'''БУУДАЙ ''' (Тriticum) – дан өсүмдүктөр тукумунун уруусу, чачы тамырлуу чөп өсүмдүк. Тамыры негизинен топурактын айдалма катмарында өсөт. Айрым көмөкчү тамырлары 180 смге чейин тереӊ кетет. Сабагы көӊдөй, жылмакай, көп муунактуу, бийиктиги 40–130 ''см''. Бышкан Буудайдын сабагы агыш, саргыч, кызгылт. Жалбырагы ичке, сабагын курчап кезектешип жайгашат. Топ гүлү – кылкандуу машак; көбүнчө өзү <br/>
[[File:БУУДАЙ43.png | thumb | Буудай: 1 – катуу буудай; 2 – кылкансыз жумшак буудай.]]
[[File:БУУДАЙ43.png | thumb | Буудай: 1 – катуу буудай; 2 – кылкансыз жумшак буудай.]]
менен өзү чаӊдашат, кайчылаш чаӊдашканы чанда кездешет. Даны сүйрү, жумуртка сымал келип, ички жагынан теӊ ортосунда жикчеси бар; өӊү агыш, кызгылт, боз; данын жара бөлгөндө агыш же тунук. 30дай жапайы жана эгилме түрү бар. Машагынын кылкандуулугуна, өӊүнө жана дан кабыкчасына жараша, ал көп түрчөлөргө бөлүнөт. Эгилме Буудай Алдыӊкы Азияда, Түркмөнстанда б. з. ч. 7–6 миӊ жыл илгери эле белгилүү болгон. Дүйнөдө жыйналган эгиндин 27%ин Буудай түзөт. 66° түндүк кеӊдиктен (Швеция) Австралия, Түштүк Америка, Африканын түштүк чет жакаларына чейин өстүрүлөт. Жумшак жана катуу түрү дүйнөнүн көп жерлеринде айдалат. Даны жагымдуу, калориялуу, курамында белок, углевод көп, ошондой эле май, витаминдер, ферменттер, минерал заттар ж. б. бар. Даны, улпагы ж. б. калдыктары – баалуу аралаш тоют. Саманы кесек тоютка жана малга төшөлгө катары ж. б-да пайдаланылат. Буудай – бир жылдык маанилүү азык-түлүк дан өсүмдүгү; көп жылдыгы да бар. Ал күздүк жана жаздык болуп бөлүнөт. Күздүктүн активдүү вегетация мезгили экиге бөлүнөт: күзгү (45–50 күн, бул мезгилде Буудайдын вегетация органдары чыгат) жана жаз-жайкы (75–100 күн, мында анын генерация органдары калыптанып, түшүм берет). Жаздык Буудай жазында эгилет; вегетация мезгили 70–110 күн. Себилгенден кийин 5–7 күндө (17–18°С температурада) өнүп чыгып, 16–25°Сде жакшы өсөт. Күздүк Буудай –35°С, жаздык Буудай –10°С суукка чыдайт. Буудай нымдуу жана азык заты жетиштүү жерде жакшы өсөт. Кыргызстанда күздүктүн Кылкансыз-1, Эритроспермум-80, Интенсивдүү, Кызыл шаркыратма 210, Кыргыз 16, Лютенсценс 46, Жамин, Безостая-1, Фрунзе-60 ж. б. сорттору, жаздыктын кыргыз жапалдаш сорту эгилет. Буудай селекциясы көп түшүм алынуучу, жыгылбаган, илдет жана зыянкечтерге туруктуу, сапаттуу нан жана нан азыктары бышырылуучу сортторун чыгарууга багытталган. Зыянкечтери: данчы үкүчө, гессен чымыны, швед чымыны ж. б. Илдеттери: өсүмдүк даты, ''чаӊгыл'' кебер ж. б.
менен өзү чаӊдашат, кайчылаш чаӊдашканы чанда кездешет. Даны сүйрү, жумуртка сымал келип, ички жагынан теӊ ортосунда жикчеси бар; өӊү агыш, кызгылт, боз; данын жара бөлгөндө агыш же тунук. 30дай жапайы жана эгилме түрү бар. Машагынын кылкандуулугуна, өӊүнө жана дан кабыкчасына жараша, ал көп түрчөлөргө бөлүнөт. Эгилме Буудай Алдыӊкы Азияда, Түркмөнстанда б. з. ч. 7–6 миӊ жыл илгери эле белгилүү болгон. Дүйнөдө жыйналган эгиндин 27%ин буудай түзөт. 66° түндүк кеӊдиктен (Швеция) Австралия, Түштүк Америка, Африканын түштүк чет жакаларына чейин өстүрүлөт. Жумшак жана катуу түрү дүйнөнүн көп жерлеринде айдалат. Даны жагымдуу, калориялуу, курамында белок, углевод көп, ошондой эле май, витаминдер, ферменттер, минерал заттар ж. б. бар. Даны, улпагы ж. б. калдыктары – баалуу аралаш тоют. Саманы кесек тоютка жана малга төшөлгө катары ж. б-да пайдаланылат. Буудай – бир жылдык маанилүү азык-түлүк дан өсүмдүгү; көп жылдыгы да бар. Ал күздүк жана жаздык болуп бөлүнөт. Күздүктүн активдүү вегетация мезгили экиге бөлүнөт: күзгү (45–50 күн, бул мезгилде буудайдын вегетация органдары чыгат) жана жаз-жайкы (75–100 күн, мында анын генерация органдары калыптанып, түшүм берет). Жаздык буудай жазында эгилет; вегетация мезгили 70–110 күн. Себилгенден кийин 5–7 күндө (17–18°С температурада) өнүп чыгып, 16–25°Сде жакшы өсөт. Күздүк буудай –35°С, жаздык буудай –10°С суукка чыдайт. Буудай нымдуу жана азык заты жетиштүү жерде жакшы өсөт. Кыргызстанда күздүктүн Кылкансыз-1, Эритроспермум-80, Интенсивдүү, Кызыл шаркыратма 210, Кыргыз 16, Лютенсценс 46, Жамин, Безостая-1, Фрунзе-60 ж. б. сорттору, жаздыктын кыргыз жапалдаш сорту эгилет. Буудай селекциясы көп түшүм алынуучу, жыгылбаган, илдет жана зыянкечтерге туруктуу, сапаттуу нан жана нан азыктары бышырылуучу сортторун чыгарууга багытталган. Зыянкечтери: данчы үкүчө, гессен чымыны, швед чымыны ж. б. Илдеттери: өсүмдүк даты, ''чаӊгыл'' кебер ж. б.
[[Category: 2-том]]
[[Category: 2-том]]

05:14, 18 Июнь (Кулжа) 2024 -деги абалы

БУУДАЙ (Тriticum) – дан өсүмдүктөр тукумунун уруусу, чачы тамырлуу чөп өсүмдүк. Тамыры негизинен топурактын айдалма катмарында өсөт. Айрым көмөкчү тамырлары 180 смге чейин тереӊ кетет. Сабагы көӊдөй, жылмакай, көп муунактуу, бийиктиги 40–130 см. Бышкан Буудайдын сабагы агыш, саргыч, кызгылт. Жалбырагы ичке, сабагын курчап кезектешип жайгашат. Топ гүлү – кылкандуу машак; көбүнчө өзү

Буудай: 1 – катуу буудай; 2 – кылкансыз жумшак буудай.

менен өзү чаӊдашат, кайчылаш чаӊдашканы чанда кездешет. Даны сүйрү, жумуртка сымал келип, ички жагынан теӊ ортосунда жикчеси бар; өӊү агыш, кызгылт, боз; данын жара бөлгөндө агыш же тунук. 30дай жапайы жана эгилме түрү бар. Машагынын кылкандуулугуна, өӊүнө жана дан кабыкчасына жараша, ал көп түрчөлөргө бөлүнөт. Эгилме Буудай Алдыӊкы Азияда, Түркмөнстанда б. з. ч. 7–6 миӊ жыл илгери эле белгилүү болгон. Дүйнөдө жыйналган эгиндин 27%ин буудай түзөт. 66° түндүк кеӊдиктен (Швеция) Австралия, Түштүк Америка, Африканын түштүк чет жакаларына чейин өстүрүлөт. Жумшак жана катуу түрү дүйнөнүн көп жерлеринде айдалат. Даны жагымдуу, калориялуу, курамында белок, углевод көп, ошондой эле май, витаминдер, ферменттер, минерал заттар ж. б. бар. Даны, улпагы ж. б. калдыктары – баалуу аралаш тоют. Саманы кесек тоютка жана малга төшөлгө катары ж. б-да пайдаланылат. Буудай – бир жылдык маанилүү азык-түлүк дан өсүмдүгү; көп жылдыгы да бар. Ал күздүк жана жаздык болуп бөлүнөт. Күздүктүн активдүү вегетация мезгили экиге бөлүнөт: күзгү (45–50 күн, бул мезгилде буудайдын вегетация органдары чыгат) жана жаз-жайкы (75–100 күн, мында анын генерация органдары калыптанып, түшүм берет). Жаздык буудай жазында эгилет; вегетация мезгили 70–110 күн. Себилгенден кийин 5–7 күндө (17–18°С температурада) өнүп чыгып, 16–25°Сде жакшы өсөт. Күздүк буудай –35°С, жаздык буудай –10°С суукка чыдайт. Буудай нымдуу жана азык заты жетиштүү жерде жакшы өсөт. Кыргызстанда күздүктүн Кылкансыз-1, Эритроспермум-80, Интенсивдүү, Кызыл шаркыратма 210, Кыргыз 16, Лютенсценс 46, Жамин, Безостая-1, Фрунзе-60 ж. б. сорттору, жаздыктын кыргыз жапалдаш сорту эгилет. Буудай селекциясы көп түшүм алынуучу, жыгылбаган, илдет жана зыянкечтерге туруктуу, сапаттуу нан жана нан азыктары бышырылуучу сортторун чыгарууга багытталган. Зыянкечтери: данчы үкүчө, гессен чымыны, швед чымыны ж. б. Илдеттери: өсүмдүк даты, чаӊгыл кебер ж. б.