ВЕЛАСКЕС: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
2-tom>KadyrM
No edit summary
м (1 версия)
(Айырма жок)

11:59, 18 Январь (Үчтүн айы) 2024 -деги абалы

ВЕЛА́СКЕС , Родригес де Сильва Веласкес Диего (4 же 5.6.1599, Севилья – 6.8.1660, Мадрид) – испан живописчиси. Севильяда 1623-ж. чейин иштеп, элдин турмуш-тиричилигин сүрөттөгөн чыгармаларды («Эртеӊ мененки тамак», 1617-ж.

Д. Веласкес. «Эртеӊ мененки тамак». Эрмитаж. чен, Ленинград, Эрмитаж) жараткан. В. фигураларды контрасттуу чагылтууга, натуранын тышкы өзгөчөлүктөрүн өзүндөй так тартууга кызыккан. В. 1623-жылдан Мадридде жашап, падыша бийлигинин сүрөтчүсү болгон. Итал. сүрөт иск-восу (асыресе, Тициандын чыгармалары) м-н таанышканы, о. эле П. П. Рубенске жолукканы В-тин чеберчилигин арттырган. Буга анын реалдуу турмуштан алынып тартылган «Вакх триумфу» (1628), «Жанар тоо уюгу» (1630, Прадо) деген сүрөттөрү мисал. В-тин «Бреданы тапшыруу» (1634) картинасы баталдык жанрдын үлгүсү болгон. В. портреттердин («Оливарес», «Хуан Матеос», «Желпигич кармаган айым» ж. б.) да автору. В-тин «Лас Менинас» (1656), «Жип ийрүүчүлөр» (1657) деген айтылуу сүрөттөрү өмүрүнүн акыркы жылдары тартылган. Анын чыг-лыгына чындыкты бүткүл карама-каршылыгы м-н тереӊ изилдеп, образдуу, чебер чагылдыруу мүнөздүү болгон. В-тен мурас калган чыгармалар – 17-к-дагы испан сүрөт өнөрү м-н дүйнөлүк реалисттик иск-вонун эӊ мыкты үлгүлөрүнөн болуп эсептелет. Ад.: Кеменев В. С. Картины Веласкеса. М., 1969; Каптерева Т. П. Веласкес. М., 2004.