ВЕГЕТАЦИЯ ЫКМАСЫ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
1 сап: | 1 сап: | ||
''' | '''ВЕГЕТАЦИЯ ЫКМАСЫ''' – тажрыйба иштеринде өсүмдүктү атайын азык заты бар идиште өстүрүү. Өсүмдүк өскөн идиштер вегетация үйүнө, оранжереяга, жылытылмага же фитотронго коюлат. Вегетация ыкмасынын максаты – айрым факторлордун таасирин так айырмалоочу, оӊой башкарылуучу, салыштырмалуу шартта өсүмдүктүн өсүү, азыктануу закон ченемин аныктоо. Вегетация ыкмасы негизинен өсүмдүк физиологиясында, агрохимияда өсүмдүктүн минералдык азыктанышын, дем алуусун, суу ж-а жарык таасирин, суукка, кургакчылыкка ж-а шорго чыдамдуулугун, жер семирткичтин натыйжалуулугун, топурактын күрдүүлүгүн изилдеп аныктоодо, ошондой эле селекцияда, генетикада, өсүмдүктү илдеттен ж-а зыянкечтерден коргоодо, айыл чарба микробиологиясында колдонулат. Вегентация ыкмасынын жардамы м-н өсүмдүктөрдүн минералдык азыктанышы үчүн 7 элементтин (азот, фосфор, калий, кальций, магний, күкүрт, темир) өтө зарылдыгы ж-а аз өлчөмдө болсо дагы бор, марганец, жез, цинктин керектелиши аныкталган. Вегетация ыкмасында өсүмдүк түрдүү жолдор м-н (сууда, кумда, топуракта, стерилдүү ж. б. шартта) өстүрүлөт. | ||
<br/>Ад''.: Прянишников Д. Н''. Вегетационный метод и его роль в агрохимическом исследовании//Избр. соч. Т. 1. М., 1963. | <br/>Ад''.: Прянишников Д. Н''. Вегетационный метод и его роль в агрохимическом исследовании//Избр. соч. Т. 1. М., 1963. | ||
[[Category: 2-том]] | [[Category: 2-том]] | ||
08:42, 19 Июнь (Кулжа) 2024 -деги абалы
ВЕГЕТАЦИЯ ЫКМАСЫ – тажрыйба иштеринде өсүмдүктү атайын азык заты бар идиште өстүрүү. Өсүмдүк өскөн идиштер вегетация үйүнө, оранжереяга, жылытылмага же фитотронго коюлат. Вегетация ыкмасынын максаты – айрым факторлордун таасирин так айырмалоочу, оӊой башкарылуучу, салыштырмалуу шартта өсүмдүктүн өсүү, азыктануу закон ченемин аныктоо. Вегетация ыкмасы негизинен өсүмдүк физиологиясында, агрохимияда өсүмдүктүн минералдык азыктанышын, дем алуусун, суу ж-а жарык таасирин, суукка, кургакчылыкка ж-а шорго чыдамдуулугун, жер семирткичтин натыйжалуулугун, топурактын күрдүүлүгүн изилдеп аныктоодо, ошондой эле селекцияда, генетикада, өсүмдүктү илдеттен ж-а зыянкечтерден коргоодо, айыл чарба микробиологиясында колдонулат. Вегентация ыкмасынын жардамы м-н өсүмдүктөрдүн минералдык азыктанышы үчүн 7 элементтин (азот, фосфор, калий, кальций, магний, күкүрт, темир) өтө зарылдыгы ж-а аз өлчөмдө болсо дагы бор, марганец, жез, цинктин керектелиши аныкталган. Вегетация ыкмасында өсүмдүк түрдүү жолдор м-н (сууда, кумда, топуракта, стерилдүү ж. б. шартта) өстүрүлөт.
Ад.: Прянишников Д. Н. Вегетационный метод и его роль в агрохимическом исследовании//Избр. соч. Т. 1. М., 1963.