БОЁКТУУ ӨСҮМДҮКТӨР: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
No edit summary
No edit summary
1 сап: 1 сап:
'''БОЁКТУУ ӨСҮМДҮКТӨР ''' – курамында боёочу заттары бар өсүмдүктөр. Мисалы, шафран, индиго, ышкын, эӊилчек ж. б. Алардын кабыгында, жалбырагында, мөмөсүндө, тамырында, гүлүндө, бүчүрүндө жана уругунда боёгуч заттар болот. Көбү кымыздыктар, талдар, чанактуулар, эндиктер, тыттар ж. б. өсүмдүк урууларына кирет. Белгилүү болгон 2 миӊден ашык өсүмдүк пигменттеринин 100дөн ашууну пайдаланылат. Табигый боёк заты байыртадан белгилүү болуп, 19-кылымдын 2-жарымына чейин текстиль өндүрүшүндө, тери, жүн боёодо, парфюмерия ж. б-да колдонулуп келген. Химия өнөр жайынын өсүшүнө байланыштуу табигый боёктор синтездик боёктор менен алмашылды, бирок айрым табигый боёктор азыр да пайдаланылат. Кыргыз эли өсүмдүк кабыгын, тамырын жана ашын тери, жип, тон, жүн боёодо эзелтеден бери колдонуп келген.
'''БОЁКТУУ ӨСҮМДҮКТӨР ''' – курамында боёочу заттары бар өсүмдүктөр. Мисалы, шафран, индиго, ышкын, эӊилчек жана башкалар. Алардын кабыгында, жалбырагында, мөмөсүндө, тамырында, гүлүндө, бүчүрүндө жана уругунда боёгуч заттар болот. Көбү кымыздыктар, талдар, чанактуулар, эндиктер, тыттар жана башка өсүмдүк урууларына кирет. Белгилүү болгон 2 миӊден ашык өсүмдүк пигменттеринин 100дөн ашууну пайдаланылат. Табигый боёк заты байыртадан белгилүү болуп, XIX кылымдын 2-жарымына чейин текстиль өндүрүшүндө, тери, жүн боёодо, парфюмерия жана башкаларда колдонулуп келген. Химия өнөр жайынын өсүшүнө байланыштуу табигый боёктор синтездик боёктор менен алмашылды, бирок айрым табигый боёктор азыр да пайдаланылат. Кыргыз эли өсүмдүк кабыгын, тамырын жана ашын тери, жип, тон, жүн боёодо эзелтеден бери колдонуп келген.
[[Файл:Изображение 2024-06-20 141723835.png|left|thumb]]
[[Category: 2-том]]
[[Category: 2-том]]

08:18, 20 Июнь (Кулжа) 2024 -деги абалы

БОЁКТУУ ӨСҮМДҮКТӨР – курамында боёочу заттары бар өсүмдүктөр. Мисалы, шафран, индиго, ышкын, эӊилчек жана башкалар. Алардын кабыгында, жалбырагында, мөмөсүндө, тамырында, гүлүндө, бүчүрүндө жана уругунда боёгуч заттар болот. Көбү кымыздыктар, талдар, чанактуулар, эндиктер, тыттар жана башка өсүмдүк урууларына кирет. Белгилүү болгон 2 миӊден ашык өсүмдүк пигменттеринин 100дөн ашууну пайдаланылат. Табигый боёк заты байыртадан белгилүү болуп, XIX кылымдын 2-жарымына чейин текстиль өндүрүшүндө, тери, жүн боёодо, парфюмерия жана башкаларда колдонулуп келген. Химия өнөр жайынын өсүшүнө байланыштуу табигый боёктор синтездик боёктор менен алмашылды, бирок айрым табигый боёктор азыр да пайдаланылат. Кыргыз эли өсүмдүк кабыгын, тамырын жана ашын тери, жип, тон, жүн боёодо эзелтеден бери колдонуп келген.