ВЕЛЛИНГТОН Артур Уэлсли: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
No edit summary
1 сап: 1 сап:
'''ВЕ́ЛЛИНГТОН ''' Артур Уэлсли (1.5.1769, Улуу Британия, Дублин–14.9.1852, Кент графтыгы) – британиялык аскер башчы ж-а мамл. ишмер, герцог (1814), дипломат. 1787-ж. аскер кызматына өтүп, 1794–95-ж. Фландриядагы согуштук аракеттерге катышкан, 1796-ж. Индияга жөнөтүлүп, 1803-ж. Ассайенин алдында маратхалардын үстүнөн жеӊишке жетишип, өзүн мыкты аскер башчы катары тааныткан. Мекенине кайтып келген соӊ, рыцарлык наам ыйгарылган. 1808-ж. Португалияда француздарга каршы согушуп жаткан союздаштар армиясынын башчылыгына дайындалат. Саламанканын (1812), Викториянын (1813) алдындагы салгылаштарда француздарды талкалаган (1814–15) 1813-ж. фельдмаршал наамы, 1814-ж. герцог титулу ыйгарылган. ''Вена конгрессине'' катышып, 1815-ж. Ватерлоонун алдында англия-голландиялык аскерлерди жетектеп, Наполеондун армиясын талкалаган. 1827–52-ж. англ. армиянын башкы командачысы. 1818-жылдан саясий карьерасын баштап, армияны артиллериялык ж-а тех. жактан камсыздоо министри, премьер-министр (1828–30), тышкы иштер министри (1834–35) кызматтарын ээлеген.
'''ВЕ́ЛЛИНГТОН ''' '''Артур Уэлсли''' (1.5.1769, Улуу Британия, Дублин–14.9.1852, Кент графтыгы) – британиялык аскер башчы жана мамлекеттик ишмер, герцог (1814), дипломат. 1787-жылы аскер кызматына өтүп, 1794–95-жылдары Фландриядагы согуштук аракеттерге катышкан, 1796-жылы Индияга жөнөтүлүп, 1803-жылы Ассайенин алдында маратхалардын үстүнөн жеӊишке жетишип, өзүн мыкты аскер башчы катары тааныткан. Мекенине кайтып келген соӊ, рыцарлык наам ыйгарылган. 1808-жылы Португалияда француздарга каршы согушуп жаткан союздаштар армиясынын башчылыгына дайындалат. Саламанканын (1812), Викториянын (1813) алдындагы салгылаштарда француздарды талкалаган (1814–15). 1813-жылы фельдмаршал наамы, 1814-жылы герцог титулу ыйгарылган. ''Вена конгрессине'' катышып, 1815-жылы Ватерлоонун алдында англия-голландиялык аскерлерди жетектеп, Наполеондун армиясын талкалаган. 1827–52-жылдарда англиялык армиянын башкы командачысы. 1818-жылдан саясий карьерасын баштап, армияны артиллериялык жана техникалык жактан камсыздоо министри, премьер-министр (1828–30), тышкы иштер министри (1834–35) кызматтарын ээлеген.
[[Category: 2-том]]
[[Category: 2-том]]

09:58, 10 Июль (Теке) 2024 -деги абалы

ВЕ́ЛЛИНГТОН Артур Уэлсли (1.5.1769, Улуу Британия, Дублин–14.9.1852, Кент графтыгы) – британиялык аскер башчы жана мамлекеттик ишмер, герцог (1814), дипломат. 1787-жылы аскер кызматына өтүп, 1794–95-жылдары Фландриядагы согуштук аракеттерге катышкан, 1796-жылы Индияга жөнөтүлүп, 1803-жылы Ассайенин алдында маратхалардын үстүнөн жеӊишке жетишип, өзүн мыкты аскер башчы катары тааныткан. Мекенине кайтып келген соӊ, рыцарлык наам ыйгарылган. 1808-жылы Португалияда француздарга каршы согушуп жаткан союздаштар армиясынын башчылыгына дайындалат. Саламанканын (1812), Викториянын (1813) алдындагы салгылаштарда француздарды талкалаган (1814–15). 1813-жылы фельдмаршал наамы, 1814-жылы герцог титулу ыйгарылган. Вена конгрессине катышып, 1815-жылы Ватерлоонун алдында англия-голландиялык аскерлерди жетектеп, Наполеондун армиясын талкалаган. 1827–52-жылдарда англиялык армиянын башкы командачысы. 1818-жылдан саясий карьерасын баштап, армияны артиллериялык жана техникалык жактан камсыздоо министри, премьер-министр (1828–30), тышкы иштер министри (1834–35) кызматтарын ээлеген.