ВЕНГР ЧЫГЫШ-ТААНУУ МЕКТЕБИ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
No edit summary
1 сап: 1 сап:
'''ВЕНГР ЧЫГЫШ-ТААНУУ МЕКТЕБИ – ''' дүйнөдөгү Азия элдерин изилдеген ил. борборлордун бири. Түрк таануу ж-а алтай таануу багытын өнүктүрүүдө венгр изилдөөчүлөрү зор салым кошушкан. Алар ''Ататүрккө'' тил б-ча реформа жүргүзүүдө чоӊ жардам көрсөтүшкөн. Атап айтканда, Кунаш Игнац түрк диалектологиясынын сөздүгүн түзгөн. Бирток Бела түрк элдеринин фольклордук музыкасын изилдөөгө негиз салган. Туру Иожер, Немет Дьюла, Лигети Лайош дүйнөлүк түрктаануу илимине зор салымдарды кошушкан. Гольдзихер Игнац исламтаануу, Германиус Дьюла араб ад-ты м-н ислам укугун изилдөө б-ча эмгектерди жараткан. Г. Лоринц, Ревицки, Эрази сыяктуу венгр окумуштуулары перс казалдары м-н Омар Хайямдын чыгармаларын ар кайсы мезгилде англис, венгр тилдерине которуп, Европага таратышкан. ''Вамбери'' Армин О. Азия элдеринин турмушу, мад-ты, тарыхы, экономикасы, аймактын геогр. абалы б-ча баа жеткис маалыматтарды топтогон.
'''ВЕНГР ЧЫГЫШ-ТААНУУ МЕКТЕБИ – ''' дүйнөдөгү Азия элдерин изилдеген илимий борборлордун бири. Түрк таануу жана алтай таануу багытын өнүктүрүүдө венгр изилдөөчүлөрү зор салым кошушкан. Алар ''Ататүрккө'' тил боюнча реформа жүргүзүүдө чоӊ жардам көрсөтүшкөн. Атап айтканда, Кунаш Игнац түрк диалектологиясынын сөздүгүн түзгөн. Бирток Бела түрк элдеринин фольклордук музыкасын изилдөөгө негиз салган. Туру Иожер, Немет Дьюла, Лигети Лайош дүйнөлүк түрк таануу илимине зор салымдарды кошушкан. Гольдзихер Игнац ислам таануу, Германиус Дьюла араб адабияты менен ислам укугун изилдөө боюнча эмгектерди жараткан. Г. Лоринц, Ревицки, Эрази сыяктуу венгр окумуштуулары перс казалдары менен Омар Хайямдын чыгармаларын ар кайсы мезгилде англис, венгр тилдерине которуп, Европага таратышкан. ''Вамбери'' Армин Орто Азия элдеринин турмушу, маданияты, тарыхы, экономикасы, аймактын географиялык абалы боюнча баа жеткис маалыматтарды топтогон.
[[Category: 2-том]]
[[Category: 2-том]]

10:04, 11 Июль (Теке) 2024 -деги абалы

ВЕНГР ЧЫГЫШ-ТААНУУ МЕКТЕБИ – дүйнөдөгү Азия элдерин изилдеген илимий борборлордун бири. Түрк таануу жана алтай таануу багытын өнүктүрүүдө венгр изилдөөчүлөрү зор салым кошушкан. Алар Ататүрккө тил боюнча реформа жүргүзүүдө чоӊ жардам көрсөтүшкөн. Атап айтканда, Кунаш Игнац түрк диалектологиясынын сөздүгүн түзгөн. Бирток Бела түрк элдеринин фольклордук музыкасын изилдөөгө негиз салган. Туру Иожер, Немет Дьюла, Лигети Лайош дүйнөлүк түрк таануу илимине зор салымдарды кошушкан. Гольдзихер Игнац ислам таануу, Германиус Дьюла араб адабияты менен ислам укугун изилдөө боюнча эмгектерди жараткан. Г. Лоринц, Ревицки, Эрази сыяктуу венгр окумуштуулары перс казалдары менен Омар Хайямдын чыгармаларын ар кайсы мезгилде англис, венгр тилдерине которуп, Европага таратышкан. Вамбери Армин Орто Азия элдеринин турмушу, маданияты, тарыхы, экономикасы, аймактын географиялык абалы боюнча баа жеткис маалыматтарды топтогон.