ВЕНГРИЯ: нускалардын айырмасы
No edit summary |

19 сап: | 19 сап: | ||
экспорттоонун көлөмү, айдоо жерлердин аянты, малдын саны кыскарган. Өлкөнүн азыркы агрардык саясаты айыл чарбанын экономикадагы ролун чыӊдоого, айрыкча буудай, эт, жашылча, мөмө-жемиш жана шарап өндүрүүнү өнүктүрүүгө багытталган.
Айыл чарбага жарактуу жери 6,4 млн ''га''дан ашык (2002), анын ичинен 78%и – айдоо жер (же Венгриянын аймагынан ½), 5%тен ашыгы бак-дарак жана жүзүмзар, 17%и табигый тоют жерлер. Сугат жеринин аянты 210 миӊ ''га''дан ашык. Дыйканчылыгынын негизин жүгөрү жана буудай өстүрүү түзөт. Ошондой эле жүгөрү, буудай, арпа, гибрид буудай жана кара буудай, сулу, люцерна, жүгөрү ж. б. тоют өсүмдүктөрү өстүрүлөт. Негизги техникалык өсүмдүктөрү: кант кызылча, күн карама, рапс. Айыл чарбасында картошка, дарбыз, томат, капуста айдалат. Жүзүмчүлүк өнүккөн. Венгрия ак жана кызыл шарабы менен белгилү.
Мал чарбасы айыл чарба продукциясынын 60%тен ашыгын берет. Анын негизги тармагы – чочкочулук. Ортоӊку Венгр тоолорунда жана Дунантулда, ошондой эле Будапешттин тегерегинде бодо мал асыралат. Үй куш чарбасы өнүккөн.
Экономикасынын ири сектору – т е й л ө ө ч ө й р ө с ү; анын маанилү тармактары: банк-кредит системасы жана камсыздоо тейлөөсү, соода жана турмуш-тиричилик жактан тейлөө, транспорт жана байланыш, билим берүү, саламаттыкты сактоо, административдик жактан тейлөө ж. б. Туризм – экономиканын өнүгүп жаткан тармактарынын бири. Ал ички дүӊ продукциясынын 10%ке жакынын түзөт; анда экономикалык активдүү калктын 7%ке жакыны же 300 миӊдей адам иштейт. Жыл сайын 15 млндон ашык чет элдик туристтер келет.
Венгрия Европанын борбордук бөлүгүндө жайгашкан транспорттук-географиялык ыӊгайлуу абалы жана өнүккөн транспорттук коммуникация тармагы менен өзгөчөлөнөт. Ички жүк ташуунун жалпы көлөмүнүн (36,4 млрд т ·''км'') 56,6%и автомобиль транспортуна, 24,4% темир жолго, 14,9% куур транспортуна, 3,9% дарыя транспортуна, 0,2% башкаларга таандык. Эл аралык жана транзиттик (Венгриянын аймагы аркылуу өткөн) жолдордо ташылган бардык жүктүн 62,3%и таандык. Автомобиль жолунун жалпы узундугу 159,6 миӊ ''км'' (анын ичинен асфальтталганы 70,1 миӊ ''км''); темир жолунуку 7937 миӊ ''км'' (анын ичинен 7682 ''км''и европалык стандартка ылайык, 2628 ''км''и электрлештирилген), ички суу жолунуку 1622 ''км'' (негизинен Дунай аркылуу). Негизги дарыя порттору Дунайда: Будапешт, Дунауйварош, Байя, Мохач ж. б. Куур магистралдарынын узундугу 5722 ''км'' (2004), анын ичинен газ куурунуку 4397 ''км'', нефть куурунуку 990 ''км'', нефть продуктулар куурунуку 335 ''км''. Венгриянын аймагы аркылуу магистралдык газ куурлары – «Братство» (Россиядан Украина аркылуу) жана «Баумгартнер-Дьёр» (Австриядан); нефть куурлары – «Достук–I» (Россиядан Украина аркылуу) «Достук–II» (Россиядан Украина ж-а Сло-
| экспорттоонун көлөмү, айдоо жерлердин аянты, малдын саны кыскарган. Өлкөнүн азыркы агрардык саясаты айыл чарбанын экономикадагы ролун чыӊдоого, айрыкча буудай, эт, жашылча, мөмө-жемиш жана шарап өндүрүүнү өнүктүрүүгө багытталган.

[[File:ВЕНГРИЯ85.png | thumb | Венгрия акчасы.]] | [[File:ВЕНГРИЯ85.png | thumb | Венгрия акчасы.]] | ||
вакия аркылуу) жана «Адрия» (Хорватиядан) өтөт. Будапештке жакын «Ферихедь» эл аралык аэропорту бар.
Өлкөнүн экспортунда машиналар жана жабдуулар (байланыш каражаттары, үн жазып, кайра угузуучу жабдуулар, автоматташтырылган маалымат системасы, тиричилик жана өнөр жайлык маанидеги электр приборлору ж. б.) басымдуу; ошондой эле башка өнөр жай буюмдарын, азык-түлүк товарларын, ичимдиктерди, сырьё, электр-энергиясын, отунду негизинен Германияга, Австрияга, Италияга, Францияга, Улуу Британияга чыгарат. Төмөнкү импорттук товарлар – машина жана жабдууларды, башка өнөр жай буюмдары, отун жана электр-энергиясы, түрдүү сырьёлор Германиядан, Россиядан, Австриядан, Кытайдан, Италиядан, Франциядан алынат.
| вакия аркылуу) жана «Адрия» (Хорватиядан) өтөт. Будапештке жакын «Ферихедь» эл аралык аэропорту бар.
Өлкөнүн экспортунда машиналар жана жабдуулар (байланыш каражаттары, үн жазып, кайра угузуучу жабдуулар, автоматташтырылган маалымат системасы, тиричилик жана өнөр жайлык маанидеги электр приборлору ж. б.) басымдуу; ошондой эле башка өнөр жай буюмдарын, азык-түлүк товарларын, ичимдиктерди, сырьё, электр-энергиясын, отунду негизинен Германияга, Австрияга, Италияга, Францияга, Улуу Британияга чыгарат. Төмөнкү импорттук товарлар – машина жана жабдууларды, башка өнөр жай буюмдары, отун жана электр-энергиясы, түрдүү сырьёлор Германиядан, Россиядан, Австриядан, Кытайдан, Италиядан, Франциядан алынат.
'''Маданияты.''' Агартуу иши 12–13-кылымдарда өнүгө баштаган. 1844-жылы башталгыч жана орто мектептерде венгр тилинде окутуу тууралуу мыйзам кабыл алынган. Агартуу системасы өзгөрүп, 1948-жылы бардык мектеп мамлекеттин карамагына өткөн. Мектеп жашына чейинки курактагы балдар үчүн (3–6 жаш) бала бакчалары, 8 жылдык мектеп, жалпы билим берүүчү орто мектеп-гимназиялары бар. 1990-жылдардын аягынан окуу жайларын жетектөө жергиликтүү бийлик органдарына жүктөлгөн. 1998-жылы билим берүүнүн улуттук программасы кабыл алынган. Билим берүү системасы мамлекеттик жана мамлекеттик эмес мекемелерден турат. 6–18 жашка чейин окутуу милдеттүү жана акысыз. 2003/04–окуу жылында балдардын 80%и мектепке чейинки мекемеге барган, 99%и – башталгыч мектепте, 92%и – орто окуу жайларында окуган. Негизинен калктын билимдүүлүгү (15 жаштан жогору, 2004) 99,3%ти түзөт. Жогорку билим берүү системасы өнүккөн. 18 мамлекеттик университет, 5 диний университет, 1 менчик университет жана 12 мамлекеттик, 21 диний, 9 менчик коллеждери иштейт. Будапештте Э. Лоранда атындагы университети (1635), И. Ф. Земмельвейс атындагы медицина университети (1769), ошондой эле Венгрия ИА, Сеченьи атындагы мамлекеттик китепкана, Улуттук музей (1802), Улуттук галерея (1957), табият таануу тарыхынын улуттук музейи (1802), сүрөт өнөр музейи (1896) бар. Мезгилдүү басма сөзү 18-кылымдын башында пайда болгон. 1918-жылы «Вёрёш уйшаг» гезитинин 1-саны чыккан. Учурда 10 улуттук жана 24 жергиликтүү гезиттер чыгарылат (2005). Өлкөнүн ичине жана чет өлкөлөргө информация таратуу ишин Венгр телеграф агентчилиги (1880-жылы негизделген) жүргүзөт. 1925-жылдан радиоуктуруу, 1958-жылдан туруктуу телекөрсөтүү башталган. «Maguar TV» мамлекеттик телекомпаниясы 2 каналды башкарат.
Венгр жазмасы Венгр мамлекети (9-кылым) жаралганда эле пайда болгон. Бир топ убакыт адабият венгр тилинде эмес, латын тилинде өнүккөн. Венгр жазма адабиятынын башаты – фольклор (11–12-кылымдарга таандык). 13–14-кылымдарда венгр адабияты диний багытта өнүккөн. Кийинчерээк Я. Витез (1408–72) менен Я. Паннониус (1434–72) алгачкылардан болуп адабиятты гуманисттик багытка бурган. 16-кылымдын 2-жарымында венгр адабиятында ренессанстык проза пайда болуп, байыркы венгр аӊыздарына негизделген аӊгемелер, тамсилдер, памфлеттер жазылган (Г. Хельтаи, 1574-жылы өлгөн, П. Борнемисса, 1535–84). ''Кайра жаралуу'' доорунун көрүнүктүү өкүлү Б. Балашши (1554–94). Анын лирикалары Венгрия адабиятынын өнүгүшүнө зор таасир тийгизген. 17–18-кылымдарда венгр адабиятында ''барокко'' агымы пайда болгон (П. Пазмань, 1570–1637; М. Зриньи, 1620–64). Алардын поэзиясында ак сөөктөрдүн жашоо-турмушу чагылдырылган. 18-кылымдын аягынан Венгрия адабияты ''агартуучулук'' багытта өнүккөн (М. Бетлен, К. Микеш, Ф. Ракоци). 19-кылымдарда венгр адабиятында ар кыл багыттар пайда болду, негизинен романтизм багытында өнүккөн. Ш. Кишфалуди лирикалык поэзияны, Я. Бачаньи граждандык лириканы, Ф. Казинци венгр адабий тилин, М. Чоконаи-Витез поэзияны, Й. Катона драманы, М. Фазекаш фольклордук багыттагы поэзияны өнүктүрүүгө салым кошушкан. Романтизм элдик поэзияга жана элдин өткөн турмушун сүрөттөөгө көӊүл бөлдү (Мисалы Ф. Кёльчеинин лирикалары, (1790–1838); М. Йошиктин романдары, (1797–1865); М. Вёрёшмтартинин ырлары менен поэмалары (1800–55)]. Реализмдин өнүгүүсүндө Вёрёшмартинин тарыхый драмалары, Й. Этвёштун (1813–71) прозалары чоӊ роль ойногон. Ш. Петёфинин (1823–49) поэзиясы венгр адабиятына чоӊ бурулуш алып келген. Анын ырларынын мазмуну революциялык.-демократиялык негизде болуп, элдин аӊ-сезимин ойготкон. Ошондой эле поэзияда Э. Ади, М. Бабич, Д. Костоланьи, Д. Юхас, прозада Ж. Морица, М. Кафка, Д. Круди сыяктуу акын-жазуучулар өзгөчөлөнгөн. Көпчүлүгү экспрессионизм, сюрреализм багытында чыгармаларды жаратышкан. СССРде эмиграцияда жүргөн Мате Залка (1896–1937), А. Комят (1891–1937) өӊдүү жазуучулар социалисттик реализмге ыкташкан. Венгрия Эл Республикасы түзүлгөндөн кийин адабият социалисттик реализмдин жолу менен өнүккөн. Й. Фодор, А. Гидаш, Д. Ийеш, И. Ваш, Ш. Вереш, Л. Беньямина, М. Ваци, Л. Надь, И. Шимона, Ф. Юхаса, Маргит Сеч, Л. Мештерхази, И. Шаркади, Д. Фекете, Ш. Шамоди Тота, Ф. Шанта, Л. Галамбоша, Э. Галгоци, К. Сакони ж. б. акындар, жазуучулар жана драматургдар кыйла чыгармаларды жаратышкан. 20-кылымдын 60-жылдарында Ийештин, Шимондун, Вацинин, Гараинин ырлары жана Дарваштын «Нөшөрлүү жамгыр» (1963) романы, Фекеттин «Дарыгердин өлүмү» повести (1963), Шанттын «Жыйырма саат» (1964), Эркендин «Тотовдун үй-бүлөсү» (1966) сыяктуу чыгармалар жарыяланган. 1970-жылдары модернизм багытында жаш акын-жазуучулар чыгышкан (П. Эстерхази, П. Надаш, Д. Шпиро, Л. Краснохоркаи, Д. Тандори ж. б.). 1980–90-жылдары адабият постмодернизм багытында өнүктү (Ш. Тар ж. б.). Венгрия адабиятында 1990-жылы жазуучулар Д. Конрад, Б. Хамваш жана акын Д. Петринин чыгармалары өзгөчөлөнгөн. Венгрияда дүйнөлүк адабияттын 9 томдук энциклопедиясы жарык көргөн. «Венгриянын эл жомоктору» (1959), Ш. Петёфинин «Ырлар жана поэмалар» (1957), Ш. Наддын «Элдешүү» (1953), М. Кальмандын «Аргасыз нике» (1962) деген китептери кыргыз тилинде жарыкка чыккан.
Венгрия жеринде неолит мезгилиндеги скиф, кельт искусствосунун эстеликтери, чопо скульптуралар сакталган. Орто кылымда роман стилиндеги чиркөөлөр курулган. 11-кылымдагы өнөр искусствосунун эстеликтерине византиялыктардын таасири болгон (король Иштван Iнин таш күмбөзү, Фельдебрёдогу «төмөнкү храмда» сүрөт-

[[File:ВЕНГРИЯ86.png | thumb | Будапешттеги кол өнөрчүлүк искусство музейи.
1891–96. Арх. Э. Лехнер.]] | |||
төрдөн фрагменттер). Готика стилиндеги турак жайлар, бийик дубал менен курчалган жана мунаралуу сепилдер (Диошдьёр, Вишеград) курулган.
14–15-кылымдарда Европада станоктук живопись өнүккөн. Бир туугандар Мартон жана Дьерд Коложвари (14-кылымдын 2-жарымы) ошол замандагы венгр королдору жана касиеттүүлөрдүн коло статуяларын жасашкан. 16-кылымда Кайра жаралуу доорунун архитектурасы, 17-кылымдын аягы – 18-кылымдын башында барокко, 19-кылымдын 1-жарымында классицизм стили өкүм сүргөн (Пешттеги улуттук

Венгр жазмасы Венгр мамлекети (9- | |||

[[File:ВЕНГРИЯ86.png | thumb | Будапешттеги кол өнөрчүлүк искусство музейи. | |||

1891–96. Арх. Э. Лехнер.]] | |||
төрдөн фрагменттер). Готика стилиндеги турак жайлар, бийик дубал | |||

14–15- | |||

[[File:ВЕНГРИЯ87.png | thumb | Ньирбатор айылында чиркөөдөгү элдик барокко стилиндеги скульптура.]] | [[File:ВЕНГРИЯ87.png | thumb | Ньирбатор айылында чиркөөдөгү элдик барокко стилиндеги скульптура.]] | ||
[[File:ВЕНГРИЯ88.png | thumb | З. Т. Чотвари. «Жалгыз кедр». 1907. | [[File:ВЕНГРИЯ88.png | thumb | З. Т. Чотвари. «Жалгыз кедр». 1907.
Венгр улуттук гал. (Будапешт).]] | ||

Венгр улуттук гал. (Будапешт).]] | музей, 1837–47, архитектор М. Поллак; И. Ференцинин портреттик жана статуялык чыгармалары). Живописте 1830–40-жылдарда классицизмдин белгилери романтизм тенденциялары менен айкалышып, бидермейердин таасиринде болгон (К. Марко Улуусунун пейзаждары; М. Барабаштын портреттери, пейзаждары жана жанрдык сценалары). 19-кылымда графика, скульптура жана архитектура кеӊири өнүгөт. 1860-жылдардын аягында коомдогу социалдык карама-каршылыктар реалисттик жанрдагы живопистин негизделишине алып келген. Белгилүү венгр сүрөтчү-демократ М. Мункачинин чыгармалары түстөрдүн таасирдүү гаммасы менен айырмаланган. 19–20-кылымдардын аралыгында Венгрия искусствосунда «модерн» багыты пайда болгон (Будапешттеги искусство музейи, 1891–96, архитектор Э. Лехиер). Будапешттин аянттарында жана гүл бактарында параддык монументтер курулган (Венгриянын 1000 жылдыгына арналган эстелик, 1894–1929, скульптору Д. Зал ж. б.). Фашисттик диктатуранын мезгилинде көпчүлүк венгр сүрөтчүлөрү чет өлкөлөрдө иштешкен (Б. Уиц, Ш. Бортник, Ш. Эк, Л. Мохой-Надь ж. б.).
1945-жылдан кийин өлкөдө имараттарды жасалгалоо фреска, мозаика, дубал живописи, сграффито, майда скульптуралык формалар колдонулган (Элдик стадион, 1948–53; Будапешттеги Эржебет көпүрөсү, 1945; Дебрецен менен Кечкеметтеги мейманканалар ж. б.). Венгр сүрөт искусствосун өнүктүрүүдө улуттук реалисттик салттардын мурасчылары (жипописчилер И. Сеньи, А. Бернат, скульпторлор Ф. Меддьеши, Ш. Микуш ж. б.) зор эмгек сиӊиришкен. 1960-жылдардын искусствосуна көркөм изденүүлөрдүн көп жактуулугу мүнөздүү. 70-жылдардын искусствосуна эмоциялуу-экспрессиялуу чечмелөө, кээде символизм менен сюрреализмдин татаал белгилерин киргизүүгө (Т. Чернуштун живописи, И. Варганын скульптурасы, А. Граштын графикасы ж. б.) кызыгуу сезилет.
Балет спектаклдерин 1839-жылы чет өлкөлүктөр коюп баштаган. Алгачкы венгр балет артисти Э. Араньвари болгон. 19-кылымдын 90-жылдарында улуттук сюжеттеги балеттер аткарылган. 20-кылымдын башталышында балетмейстер Н. Гуэрра бийчилерди тарбиялап, бир топ балеттерди койгон. 1920–30-жылдары композиторлор Б. Барток, З. Кодай балеттик музыка жаза баштаган. Ошол кезде балетмейстер Д. Харангозойгон алгачкы спектаклин койгон. 1945-жылдан классикалык жана заманбап балеттер коюлган. Белгилүү улуттук балеттер, анын ичинде көп актылуу «Колуктунун бетаарчысы» (1951, Е. Кенешшей) балети жаралган. Бартоктун балеттери кеӊири белгилүү болгон. Элдик бийдин өнүгүшүнө көӊүл бурулган. Эӊ чоӊ балет труппасы Будапешттеги опера театрында. 1950-жылы Будапештте балет искусство институту ачылган. 1960-жылдан Печеде И. Экктин жетекчилиги менен ошол кездеги композиторлордун балеттери коюлган. 1979-жылы Дьёр шаарында И. Марконун жетекчилиги менен балет труппасы уюшулган, 1992-жылдан азыркы замандын бийлеринин фестивалы өткөрүлгөн.

музей, 1837–47, | [[File:ВЕНГРИЯ89.png | thumb | Б. Бартоктун «Жыгач канзаада» балетинен көрүнүш.
Хореограф Д. Харангозо. Венгр мамлекеттик операсы.]] | ||

1945-жылдан кийин өлкөдө имараттарды жасалгалоо фреска, мозаика, дубал живописи, сграффито, майда скульптуралык формалар колдонулган (Элдик стадион, 1948–53; Будапешттеги Эржебет көпүрөсү, 1945; Дебрецен | Венгрияда профессионал музыкалык маданият 13-кылымда өнүгө баштаган. 15-кылымда Буда шаарында король сарайынын капелласы уюштурулган. Венгрия музыкасынын өнүгүшүнө 18-кылымдын аягындагы вербункош деп аталуучу аспаптык музыка өзгөчө таасир тийгизген. Вербункошко жаӊы музыкалык элементтерди кошуп жана аны өөрчүтүп, композитор И. Ружичка «Беланын качышы» (1822) туӊгуч венгр операсын жазган. Вербункош Батыш Европа музыкасына чоӊ таасир тийгизген, композиторлор ''Гайдн, Моцарт, Бетховен,'' Вебер, кийинчерээк Г. ''Берлиоз'', Й. Брамс, Ф. ''Лист'' аны чыгармачылыктарына колдонушкан. Ф. Эркель улуттук-романтикалык венгр операсына негиз салуучу катары баатырдык-патриоттук сюжеттеги («Банк бан», «Дьердь Дожа» ж. б.) операларды жазган. 1837-жылы Пешт шаарында опера театры, 1840-жылы улуттук консерватория, 1853-жылы Филармония коому ачылган. 19-кылымдагы венгр улуттук музыка маданиятынын өнүгүшүнө көрүнүктүү композитор жана пианист Ф. Лист зор таасир тийгизген. 20-кылымда Венгрия музыкасынын өнүгүү жолу композитор З. Кодай

Балет спектаклдерин 1839- | [[File:ВЕНГРИЯ90.png | thumb | Ф. Лист. М. Мункачи тарткан портрет.
1886. Венгр улуттук гал. (Будапешт).]] | ||

| менен Б. Бартоктун композиторлук жана этнографиялык эмгектерине байланыштуу. Өлкөдөгү музыкалык маданияттын борбору – Будапешт. Бул жерде Ф. Лист атындагы Улуттук музыкалык академия, Б. Барток атындагы консерватория, Венгр опера театры, Борбордук опера театры, Будапешттеги симфониялык оркестр, Венгрия мамлекеттик симфониялык оркестри, Венгрия филармониясынын оркестри ж. б. бар. Мамлекеттик эл-бий ансамбли, «Будапешт» бий ансамбли ж. б. көркөм чыгармачылык коллективдер белгилүү. Көрүнүктүү венгр аткаруучулары – дирижёр Я. Ференчик, пианистка А. Фишер, скрипачтар – Д. Ковач жана В. Татраи ж. б., опера ырчылары – А. Фараго, Р. Илошфальви, Д. Мелиш, Й. Рети, Э. Хази, М. Ласло, Ю. Орос, О. Сени; музыка изилдөөчүлөр жана музыка сынчылар – Б. Сабольчи, А. Мольнар, И. Уйфалушши ж. б.
Венгрияда туӊгуч театр труппасы театр ишмери Л. Келемендин жетекчилиги менен 1790-жылы уюшулган. 1796-жылы мещандык немец драмалары (А. Коцебу, Ф. Шрёдер ж. б.), классикалык (Г. Э. Лессинг, У. Шекспир, Мольер) жана венгр драматургдарынын (Ф. Бешшеньей) пьесалары көрсөтүлгөн. 1792-жылы бир тууган Фейерлердин жетекчилигинде Клужда (Трансильвания) театр өз чыгармачылыгын баштаган. Алгачкы венгр профессионал актёрлору улуттук театр мектептерин түзүшкөн. 19-кылымдын башында Венгрия «кыдырма» театрлары шаар, кыштактарда оюн көрсөтүшкөн. Ошол кездеги Г. Дерине-Сеппатаки, Ж. Сентпетери, К. Медьери сыяктуу белгилүү сахна чеберлери чыккан. 1837-жылы Пешт шаарында «Мадьяр сингаз» театры ачылып, 1870-жылдан Венгрия улуттук театры негизделген. У. Шекспир, Н. В. Гоголь, («Текшерүүчү») Г. Ибсен («Нора») ж. б. драматургдардын пьесалары, опералык спектаклдер көрсөтүлгөн. 19-кылымдын аягында Будада «Непсинхаз», Пештте «Вигсинхаз» (1896) элдик театрлары ачылган. 1958-жылы Будапештте театр институту, театр, кино институту уюшулган. Венгрияда 30дан ашык театр иштейт (1970).
1896-жылы Будапештте туӊгуч кино-театр ачылган жана хроника фильмдери чыгарылган 1901-жылы «Бий» фильми тартылган (реж. Б. Житковский), 1912-жылы көркөм фильм тартуу башталган. 1948-жылы Венгрия кинематографиясы улутташтырылган. Фашисттик бийлик учурунда буржуазиялык көз караштагы фильмдер чыккан. Көрүнүктүү кино ишмерлери чет мамлекеттерге кеткен. Өлкө немец-фашист баскынчыларынан бошотулгандан кийин улуттук кино өнөрү өркүндөй баштаган. «Европанын бир жеринде» (1947), «Бир укум жер» (1948) ж. б. кеӊири белгилүү фильмдер тартылган. 1960-жылдардагы фильмдерде чындык курч мүнөздө көрсөтүлүп («20 саат», 1964), адамдардын өз ара мамилелерин («Ата», 1966), венгр элинин 19-кылымдагы фашисттик эзүү мезгилиндеги («Үмүтсүз», 1965; «Муздак күндөр», 1966) жана жаштар турмушу («Кыялдануу», 1964) чагылдырылган. Ш. Печи, К. Тольнаи, М. Габор, Л. Башти, Е. Руткаи, М. Теречик, И. Шинкович, И. Дарваш, З. Латинович ж. б. белгилүү киноактёрлору бар. Кино тармагындагы адистерди Будапешттеги театр жана кино академиясы даярдайт. 1956-жылы кинематография илим-изилдөө институту уюштурулган. | ||
[[File:ВЕНГРИЯ89.png | thumb | Б. Бартоктун «Жыгач канзаада» балетинен көрүнүш. | |||

Хореограф Д. Харангозо. Венгр мамлекеттик операсы.]] |
Ад.: ''Власова Т. В''. Венгрия. М., 1948; ''Романова Э. П''. Современные ландшафты Европы. М., 1997; Деловая Венгрия: Экономика и связи с Россией. М., 2002–2005–. Т. 1–7–; ''Россиянов О. К.'' Реализм в новой венгерской прозе. М., 1979; Литературный энциклопедический словарь. М., 1987; Два века венгерской литературы. М., 1997. | ||

[[File:ВЕНГРИЯ90.png | thumb | Ф. Лист. М. Мункачи тарткан портрет. | |||

1886. Венгр улуттук гал. (Будапешт).]] | |||

1896- | |||

Ад.: ''Власова Т. В''. Венгрия. М., 1948; ''Романова Э. П''. Современные ландшафты Европы. М., 1997; Деловая Венгрия: Экономика и связи с Россией. М., 2002–2005–. Т. 1–7–; ''Россиянов О. К.'' Реализм в новой венгерской прозе. М., 1979; Литературный энциклопедический словарь. М., 1987; Два века венгерской литературы. М., 1997. | |||
[[Category: 2-том]] | [[Category: 2-том]] |
09:29, 22 Июль (Теке) 2024 -га соңку нускасы
ВЕ́НГРИЯ (Magyarorszfg), В е н г р Р е с п у б л и к а с ы (Magyar Kцztfrsasfg) – Борбордук Европадагы мамлекет, Дунай дарыясынын алабынын борбордук бөлүгүндө. Түндүгүнөн Словакия, чыгышынан

Украина жана Румыния, түштүгүнөн Сербия менен Черногориянын, ошондой эле Хорватия менен Словениянын мамлекеттик биримдиктери, батышынан Австрия менен чектешет. Аянты 93,0 миӊ км2. Калкы 9,7 млн (2021). Борбору – Будапешт шаары. Мамлекеттик тили – венгр тили. Акча бирдиги – форинт. Административдик-аймактык жактан 19 облустан (медье), республикага баш ийген 1 шаардан (Будапешт) турат (к. таблица).
Таблица бар
Мамлекеттик түзүлүшү. Венгрия – унитардык мамлекет. Конституциясы 1949-жылы кабыл алынган (1989, 1997, 2003, 2011-жылдарда өзгөртүүлөр киргизилген). Башкаруу формасы – парламенттик республика. Мамлекет башчысы – президент, парламент тарабынан 5 жылдык мөөнөткө шайланат (экинчи мөөнөткө шайланууга укуктуу). Мыйзам чыгаруу бийлигининин жогорку органы – бир палаталуу Мамлекеттик чогулуш (386 депутаттан турат, 4 жылга шайланат). Аткаруу бийлигин премьер-министр жетектеген Өкмөт ишке ашырат. Премьер-министр президенттин сунушу менен парламент тарабынан шайланат. Саясий партиялары: Венгрия демократиялык форуму, Христиан-демократиялык элдик партия, Эркин демократтар союзу, Венгрия социалисттик партиясы ж. б.
Табияты. Өлкөнүн аймагынын басымдуу бөлүгүн Орто Дунай ойдуӊу ээлейт. Дунай дарыясынан чыгышты карай жайык түздүк – Альфёльд, батышты карай дөӊсөөлүү (бийиктиги 300 мге чейин) Дунантуль түздүгү созулуп жатат. Дунантулда жапыз бөксө тоолор – Баконь, Вертеш, Мечек ж. б. массивдер жайгашкан. Түндүк-батышындагы Кишальфёльд түздүгүнүн бир бөлүгү батышынан Альп тоолорунун тармактары (500–800 м) менен чектешет. Түндүгүндөгү Карпаттын тармактарынын чет-жакалары аркылуу орто бийиктиктеги жанар тоо массивдери (Матра, мында өлкөнүн эӊ бийик жери – Кекеш чокусу орун алган, бийиктиги 1015 м), Бюкк ж. б. платолор созулуп жатат. Карпаттын тармактарына рельефтин карсттык формалары (анын ичинде Агтелек үӊкүрү), жер астынан аккан суулар ж. б. мүнөздүү. Маанилүү кен байлыктардан боксит (ортонку Венгр тоолорунда), нефть жана газ (өлкөнүн түштүгүндө, түштүк-чыгышында, батышында, Будапешттин түндүк-чыгышында), күрөӊ көмүр (Ба-

конь, Вертеш, Герече массивдеринде, Батыш Карпаттын тармактарында), лигнит (батыш чек арасында), темир (түндүк-чыгышында), марганец (Баконь), коргошун-цинк (Матра), жез (Батыш Карпат) кендери, ошондой эле металл эмес кен байлыктары бар. Геотерм энергиясынын запасы негизинен өлкөнүн борборунда жана түштүгүндө, минералдуу суу булактары батыш, түштүк, чыгыш жана борбордук райондорунда жайгашкан. Мелүүн континенттик климат өкүм сүрөт. Кышы салыштырмалуу жумшак (январдын орточо температурасы –2°Сден –4°Сге чейин), жайы узак жана ысык (июлдуку 20–22°С). Жаан-чачындын жылдык орточо өлчөмү тоолордо жана өлкөнүн түштүк-батышында 800–900 ммден, борбордук бөлүгүндө жана Альфёльд ойдуӊунун чыгышында 450–500 ммге чейин; мында өтө кургакчыл мезгилдер да болот. Жаан-чачын жайдын башында жана күздө мол жаайт. Венгриянын аймагы Дунайдын алабына кирет (өлкөнүн аймагындагы узундугу 410 км). Дунайга Венгриянын чегинде Драва, Раба, Шио дарыялары оӊ тараптан куят. Өлкөнүн чыгыш бөлүгү Дунайдын ири сол куймасы – Тисанын (Венгриянын чегиндеги узундугу 600 км, анын 444 кминде кеме жүрөт) алабына кирет. Дарыяларынын агымы, деӊгээли кескин өзгөрүп тургандыктан, ташкын көп болот; ташкындан сактануу жана суу агымын жөнгө салуу үчүн каналдар, жээктерине жалпы узундугу 4000 кмден ашкан дамбалар курулган. Көптөгөн суу сактагычтарынын суу ташкынынан сактоодо жана ирригацияда мааниси зор. Өлкөдө 1 миӊден ашык көл бар; алардын ирилери: Балатон, Нойзидлер-Зе (Венгриянын чегиндеги аянты 80 км2), Веленцеи-То (26 км2). Балатон көлүнүн түштүк-батыш чет жакасына жакын Европадагы эӊ ири жылуу көл – Хевиз (0,5 км2) жайгашкан, анда баткак менен дарылоочу Хевиз курорту бар.
Түздүктөрдө кара топурак үстөмдүк кылат; Альфёльд түздүгүндө шорлошкон кара топурак, шор топурактар кездешет. Тиса менен Дунайдын жээктерине аллювий топурактары мүнөздүү. Тоолорунда жана дөбө-дөӊсөөлөрүндө коӊур топурак жана рендзиндер өөрчүгөн. Топурак кыртышынын кыйла бөлүгү дефляцияга, эрозияга жана экинчи жолу шорлонууга дуушарланган. Табигый өсүмдүктөрү чарбалык аракеттен кыйла өзгөрүп кеткен; маданий ландшафт (айдоо жер, бак-дарак, жүзүмзар ж. б.) басымдуу. Токой Венгриянын аймагынын 19,9%ин ээлейт. Жазы жалбырактуу токой (эмен, граб, бук) Орто Венгр тоолорунда 300–400 м бийиктиктен өйдө таралган. Бёржёнь, Бюкк, Матра тоолорунда 800–1000 м бийиктикте кызыл карагайлуу жана карагай-көк карагайлуу токойлор кездешет. Отургузулган терек, ак акация ж. б. дарактардын көчөттөрүнүн (токой аянтынын 7,3%ин түзөт) сууну, топурак-кыртышты эрозиядан сактоодо мааниси зор. Венгриянын токоюнун ¼ бөлүгү к-талуу жамгырдан жабыркайт. Өлкөнүн чыгышында (Хортобадь) кылкандуу, негизинен ак кылкандуу дүйүм чөптөрдөн, эмен, кайыӊ, ошондой эле арча, терек токойлору айкалышып өскөн талаа өсүмдүктөрүнөн турган пушта кездешет.
Өлкөдө жалпы аянты 8,3 миӊ км2 болгон коргоого алынган 236 аймак бар, анын ичинен Хортобадь, Агтелек улуттук парктары Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине кирген.
Калкы. Негизинен венгрлер (92,3%, 2001), ошондой эле цыган, немис, словак, хорват, румын ж. б. жашайт. 1980-жылдан баштап элдин саны азаюуда. Негизги демографиялык проблема – балдардын аз төрөлүшү жана өлүмдүн көптүгү. Калкынын жашынын орточо узактыгы: эркектериники – 68,2, аялдарыныкы – 76,9. Калкынын
орточо жыштыгы 1 км2 жерге 108,4 киши туура келет. Шаар калкы 60%. Ири шаарлары: Будапешт, Дебрецен, Мишкольц, Сегед, Печ, Эгер ж. б. Калктын 66,7% тейлөө чөйрөсүндө, өнөр жайы менен курулушта 27,1%, айыл жана токой чарбасында 6,2% эмгектенет.
Тарыхы. Венгриянын аймагын адам баласы палеолит доорунан баштап мекендеген. Б. з. ч. 1-миӊ жылдыктан азыркы Венгриянын аймагын сактар (скифтер) жана кельттер, индевропалык уруулар – иллириялыктар, фракиялыктар мекендеген. Кийинчерээк герман, хунн, авар уруулары журт которуп келип, ушул жерден Батыш Рим империясына кол салып турушкан. Б. з. ч. 1-кылымдын аягында азыркы Венгриянын аймагы Паннония деп аталган Рим провинциясына айланат. Рим империясы кыйрагандан кийин, Паннония 5–9-кылымдарда хунндардын, вестготтордун, аварлардын кол салуусуна дуушарланып турган. Бул аймакта 430-жылы Аттилла баштаган Батыш хунн мам-

лекети курулуп, ал ыдыраган соң Баян хан баштаган аварлар мамлекети түптөлгөн. 796-жылы Авар кагандыгы Улуу Карл I тарабынан талкаланган. 895–896-жылдары азыркы Венгриянын аймагында, Тиса менен Дунайдын ортосунда жана Дунайдын аркы тарабындагы жерге Арпад падыша баштаган венгрлердин (мажарлардын) 7 уруусу келип отурукташат. Иштван Iнин тушунда (997–1038-жылдары башкарган) венгр мамлекети калыптанат. 1001-жылы ченде Венгрия өзүнчө королдук болот. Венгрияга католик үлгүсүндөгү христиан дини кирет. Венгриянын аймагын татар-монголдордун басып кириши (1240–41) жана ич ара согуштары өлкөнүн өнүгүшүнө тоскоолдук кылат. Бирок 14-кылымда өндүргүч күчтүн деӊгээли көтөрүлүп, товар өндүрүү жана товар-акча мамилеси өөрчүйт. 1301-жылы Арпаддар династиясы бийликтен кетип, анын ордуна Анжу династиясынын өкүлдөрү келет. Алар 1335-жылы чех, поляк королдору менен биригип, саясий-соода союзун түзүшөт. 1372-жылы Пешт университети ачылат. 16-кылымда Венгрияны түрктөр басып ала баштайт. 1526-жылы султан Сулайман I венгр жерин басып кирип, Мохачтын жанындагы салгылашууда венгрлердин аскерлери жеӊилүүгө учурайт. Венгриянын ортоӊку бөлүгүн түрктөр, батыш жана түндүк жагын Австрияны сурап турган Габсбургдар ээлейт, чыгышында Осмон империясына көз каранды Трансильвания княздыгы түзүлөт. 16–17-кылымдарда венгрлер түрк баскынчыларына, Габсбургдарга каршы күрөшөт. 1686-жылы австриялык жана венгр аскерлери түрктөрдү адегенде Будадан, анан бүткүл Венгриядан кууп чыгат. 697-жылы Венгрия королдугунун түндүк бөлүгүн дыйкандар көтөрүлүшү каптайт. 1703-жылы дыйкандар көтөрүлүш чыгарып, ошону менен Габсбургдар эзүүсүнө каршы улуттук-боштондук кыймыл башталат. Күрөшкө ири венгр феодалы Ференц II Ракоци жетекчилик кылат. Бирок көтөрүлүш жеӊилип калат. 19-кылымдын 30–40-жылдарында Венгрияда капиталисттик мамилелер өнүгө баштайт. Капитализмдин тез өнүгүшүн жактаган дворяндардын бир даары улуттук экономиканын жана маданияттын өсүшүнө кедерги болгон Габсбургдар эзүүсүн жок кылууга умтулат. 1848–49-жылдары Венгриядагы буржуазиялык революцияны (көрүнүктүү жетекчилери – Л. Кошут, Ш. Петёфи, М. Таячич) Габсбургдар орус падышасынын жардамы менен баскан. Жеӊилгенине карабастан, ал революция феодалдык-крепостной мамилелерди жоюуга жана капитализмдин өнүгүшүнө күчтүү түрткү берет. 1867-жылы Габсбургдар менен Венгрия биригип Австрия-Венгрия монархиясын түзгөн. Венгрия көз каранды эмес өкмөт жана парламентке ээ болгон. 1-дүйнөлүк согушка Венгрия Үчтүктөр Союзу тарабында катышып, согуштун аягында Венгрияда революция башталат жана анын натыйжасында Венгрия көз каранды эмес республика деп жарыяланат. 1919-жылы 21-мартта бийлик Бела Кун жетектеген Венгриянын социалисттик партиясына өтүп, ал Венгр Совет Республикасынын түзүлгөндүгүн жарыялайт. Бирок, 1919-жылы августа румын аскерлери Пештти оккуппациялап, 1920-жылы адмирал Хортинин диктатурасы орнотулат. Трианон тынчтык келишиминин (1920) шарттарына ылайык Венгрия аймагынын 1/3 бөлүгүнөн ажырайт. 1930-жылдардан Венгрия гитлердик Германия жана Италия менен жакындашып, 1940-жылы ал Антикоминтерндик жана Берлин пактыларына кол коюу менен 1941-жылы 2-дүйнөлүк согушка Германиянын союздашы катарында катышат. 1945-жылы апрелде Венгрия аймагы советтик аскерлер тарабынан бошотулгандан кийин Хортинин режими кулатылып, 1946-жылы 1-февралда Венгрия республика деп жарыяланат. Венгриянын азыркы чек арасы 1947-жылдагы Париж тынчтык келишими тарабынан аныкталган. 1949-жылы Венгрия жаӊы конституция кабыл алып, Венгр Эл республикасы деп аталган. 1955-жылы Венгрия Варшава келишиминин (1955) мүчөсү болуп кирген. Советтик үлгүдө социализмди куруу аракети өлкөдө М. Ракошинин керт башына сыйынуучулуктун калыптанышына, өлкөнүн саясатына каршы нааразычылыктарга алып келген. 1956-жылы Венгрияда Ракошинин коммунисттик режимине каршы козголоӊ башталган. Козголоӊ советтик аскерлердин жардамы менен басылып, 200 миӊге жакын адам чет өлкөгө кетүүгө аргасыз болгон (к. Венгриядагы козголоӊ). Бийликке Я. Кадар баштаган жаӊы өкмөт келген. Чыгыш Европадагы саясий өзгөрүүлөргө байланыштуу 1989-жылдын аягында коммунисттер бийликтен кетип, коомдо демократиялык процесстер башталган. 1989-жылы 23-октябрда Венгрия Республикасынын түзүлгөндүгү жарыяланган. Көп партиялуу саясий система калыптанып, рыноктук жана демократиялык реформалар жүргүзүлө баштаган. Венгриянын алгачкы президенти болуп Арпад Гёнц шайланган (1990–2000-жылдары башкарган). 1991-жылы өлкөдөн советтик аскерлер чыгарылган. 1993–96-жылдарда Венгрия Румыния, Словакия, Украина менен учурдагы чек аралардын кол тийбестиги жөнүндө келишимдерге кол койгон. 1994-жылы Венгрия өз аймагында НАТОнун аскерлерин жайгаштырууну жактырган. 1999-ж. Венгрия НАТОго, 2004-жылы Европа Союзуна, 2007-жылы Шенген келишиминин курамына мүчө болуп кирген. 2002-жылдагы парламенттик шайлоодон кийин Венгрия Социалисттик партиясы (MСП) менен Эркин демократтар союзунун коалициясы бийликке келген. Өлкөдөгү кырдаал 2008-жылдагы дүйнөлүк экономикалык кризистен кийин кескин өзгөргөн. 2010-жылдын апрелиндеги парламенттик шайлоо Венгриянын саясий чөйрөсүн түп-тамырынан бери өзгөрттү. 262 парламенттик мандатка ээ болгон «Фидес—ХДНП» оңчул коалициясы жеңишке жетишти. Виктор Орбан премьер-министрликке шайланды. 2012-жылы өлкөдө жаңы конституция кабыл алынган. «Венгрия Республикасы» расмий түрдө “Венгрия” деп аталган. Жаңы конституцияда христиан дининин өлкөнүн турмушундагы өзгөчө ролу баса белгиленип, нике «эркек менен аялдын биримдиги» катары каралган. 2013-жылдын март айында Конституцияга бир катар түзөтүүлөр киргизилип, Конституциялык соттун ыйгарым укуктары чектелген. Өнөр жайды жана ишкердикти колдоо чараларынын аркасында В. Орбандын өкмөтү жумушсуздукту азайтып, ИДПнын өсүшүнө жетише алды (2014-жылы 3,5%, ЕБ өлкөлөрүнүн ичинен эң жакшы көрсөткүч).
Экономикасы. Венгрия экономикасы орточо өнүккөн индустриялуу-агрардык өлкө. Ички дүӊ продукциясы 161,0 млрд долларды (2021) түзөт. Аны киши башына бөлүштүргөндө 16,4 миӊ доллардан туура келет. 1999-жылы чарба тармактарын приватташтыруу негизинен аяктаган. 2005-жылы ички дүӊ продукциясында тейлөө чөйрөсүнүн үлүшү 65,3%, өнөр жай жана курулушунуку 31,4%, айыл чарба жана токой чарбасыныкы 3,3%ти

түзгөн (2004). 2002-жылдан өнөр жайы туруктуу өсө баштаган. Өнөр жай продукциясынын 1/2нин ашыгы (53%, 2005) экспортко чыгарылат. Анын башкы тармактары: машина куруу (анын ичинен электр-техника, электрондук өнөр жайы, транспорттук машина куруу), химия (анын ичинен нефть-химия, химиялык-фармацевтика), тамак-аш. Венгриянын отун-энергетикасына нефть жана нефть продукциялары (33,2%), табигый газ (37,1%), көмүр жана лигнит (14,3%), атом энергиясы (12,6%), гидроэнергия ж. б. булактар (2,8%) кирет. Энергия ресурстарынын 70%тен ашыгы сырттан, негизинен Россиядан (нефть, газ, таш көмүр, ядролук отун) алынат. Нефтини жана табигый газды казып алуу эки эседен ашык кыскарган. Нефтини кайра иштетүүчү эки заводу жылына 10 млн т продукция чыгарат. Электр станцияларынын жалпы кубаттуулугу 7530 МВт (2003). 2003-жылы 34,3 млрд кВт . с электр энергиясы өндүрүлгөн; анын 66,5%ке жакыны ЖЭСке, 32,1% АЭСке (Пакш шаарына жакын жайгашкан «Пакш» АЭСи, кубаттуулугу 3,0 МВт), 0,6% ГЭСке, 0,8% ж. б-га туура келет.
90-жылдардын аягында кара металлургияны өндүрүү акырындык менен калыбына келе баштаган (негизинен сырттан келген сырьё менен). Негизги металлургия комбинаттары Дунауйварош, Диошдьёр (Мишкольцко жакын), Озд шаарларында жайгашкан. 2005-жылы 43 миӊ т алюминий (Айке, Инот) өндүрүлгөн. Жез ж-а жез куймасы Чепель комбинатында (Будапешт шаарында) өндүрүлөт. Машина куруунун эӊ маанилүү жана тез темп менен өнүккөн тармагы – электр-техника жана электроника өнөр жайлары (мобилдүү телефон, үн жазуу жана кайра угузуу приборлору, тиричилик электр приборлору, жарык берүүчү булактар ж. б.). Анын негизги борборлору: Будапешттин борбордук бөлүгү, Дьёр, Мишкольц, Дебрецен, Секешфехервар шаарлары. Транспорттук машина куруу өнөр жайынын тез темп менен өнүгүүсү Венгрияда чет өлкөлүк ири автомобиль компанияларынын түзүлүшү менен байланыштуу. Жеӊил автомобилдерди кураштыруу («Volkswagen», «Opel» ж. б.) заводдору иштейт. 1999-жылы «Opel» автомобилин чыгаруу токтотулуп, завод кыймыл бергич мотор блокторун даярдайт. Венгр «RABA» автокомпаниясы дизель кыймылдаткычтарын, жүк ташуучу автомобилдерди, шассилерди, ошондой эле «Ikarus» автобусун, Будапешттеги заводдор темир жол техникасын (локомотив, вагондор ж. б.) чыгарат. Химия өнөр жайынын негизги тармагы – фармацевтикалык, дары-дармек өндүрүү; нефть-химия өнөр жайы (негизинен пластмасса) өнүккөн. Венгрия европалык Союзга кирүү менен катар, андагы рынок талашкан атаандаштыкка, Европа союзу тарабынанн айлана-чөйрөнү коргоо боюнча коюлган катуу талаптарга туруштук бере албай өндүрүштүн айрым тармактары жакшы өнүгө албай жатат.
А й ы л ч а р б а с ы. 90-жылдардын башында өлкөнүн айыл чарбасында кризис болгон. Айыл чарба кооперациянын шашылыш жоюлушу, жер реформасын жүргүзүдө кеткен кемчиликтер, жетишсиз каржылоо ж. б. себептер айыл чарба өндүрүшүнүн кыйла төмөндөп кетүүсүнө алып келген. 90-жылдарда ички дүӊ продукциясындагы айыл чарба продукциясынын үлүшү 17,7%тен (1992-жылкы) 3,3%ке (2004) чейин төмөндөгөн, агрардык продукцияны

экспорттоонун көлөмү, айдоо жерлердин аянты, малдын саны кыскарган. Өлкөнүн азыркы агрардык саясаты айыл чарбанын экономикадагы ролун чыӊдоого, айрыкча буудай, эт, жашылча, мөмө-жемиш жана шарап өндүрүүнү өнүктүрүүгө багытталган.
Айыл чарбага жарактуу жери 6,4 млн гадан ашык (2002), анын ичинен 78%и – айдоо жер (же Венгриянын аймагынан ½), 5%тен ашыгы бак-дарак жана жүзүмзар, 17%и табигый тоют жерлер. Сугат жеринин аянты 210 миӊ гадан ашык. Дыйканчылыгынын негизин жүгөрү жана буудай өстүрүү түзөт. Ошондой эле жүгөрү, буудай, арпа, гибрид буудай жана кара буудай, сулу, люцерна, жүгөрү ж. б. тоют өсүмдүктөрү өстүрүлөт. Негизги техникалык өсүмдүктөрү: кант кызылча, күн карама, рапс. Айыл чарбасында картошка, дарбыз, томат, капуста айдалат. Жүзүмчүлүк өнүккөн. Венгрия ак жана кызыл шарабы менен белгилү.
Мал чарбасы айыл чарба продукциясынын 60%тен ашыгын берет. Анын негизги тармагы – чочкочулук. Ортоӊку Венгр тоолорунда жана Дунантулда, ошондой эле Будапешттин тегерегинде бодо мал асыралат. Үй куш чарбасы өнүккөн.
Экономикасынын ири сектору – т е й л ө ө ч ө й р ө с ү; анын маанилү тармактары: банк-кредит системасы жана камсыздоо тейлөөсү, соода жана турмуш-тиричилик жактан тейлөө, транспорт жана байланыш, билим берүү, саламаттыкты сактоо, административдик жактан тейлөө ж. б. Туризм – экономиканын өнүгүп жаткан тармактарынын бири. Ал ички дүӊ продукциясынын 10%ке жакынын түзөт; анда экономикалык активдүү калктын 7%ке жакыны же 300 миӊдей адам иштейт. Жыл сайын 15 млндон ашык чет элдик туристтер келет.
Венгрия Европанын борбордук бөлүгүндө жайгашкан транспорттук-географиялык ыӊгайлуу абалы жана өнүккөн транспорттук коммуникация тармагы менен өзгөчөлөнөт. Ички жүк ташуунун жалпы көлөмүнүн (36,4 млрд т ·км) 56,6%и автомобиль транспортуна, 24,4% темир жолго, 14,9% куур транспортуна, 3,9% дарыя транспортуна, 0,2% башкаларга таандык. Эл аралык жана транзиттик (Венгриянын аймагы аркылуу өткөн) жолдордо ташылган бардык жүктүн 62,3%и таандык. Автомобиль жолунун жалпы узундугу 159,6 миӊ км (анын ичинен асфальтталганы 70,1 миӊ км); темир жолунуку 7937 миӊ км (анын ичинен 7682 кми европалык стандартка ылайык, 2628 кми электрлештирилген), ички суу жолунуку 1622 км (негизинен Дунай аркылуу). Негизги дарыя порттору Дунайда: Будапешт, Дунауйварош, Байя, Мохач ж. б. Куур магистралдарынын узундугу 5722 км (2004), анын ичинен газ куурунуку 4397 км, нефть куурунуку 990 км, нефть продуктулар куурунуку 335 км. Венгриянын аймагы аркылуу магистралдык газ куурлары – «Братство» (Россиядан Украина аркылуу) жана «Баумгартнер-Дьёр» (Австриядан); нефть куурлары – «Достук–I» (Россиядан Украина аркылуу) «Достук–II» (Россиядан Украина ж-а Сло-

вакия аркылуу) жана «Адрия» (Хорватиядан) өтөт. Будапештке жакын «Ферихедь» эл аралык аэропорту бар.
Өлкөнүн экспортунда машиналар жана жабдуулар (байланыш каражаттары, үн жазып, кайра угузуучу жабдуулар, автоматташтырылган маалымат системасы, тиричилик жана өнөр жайлык маанидеги электр приборлору ж. б.) басымдуу; ошондой эле башка өнөр жай буюмдарын, азык-түлүк товарларын, ичимдиктерди, сырьё, электр-энергиясын, отунду негизинен Германияга, Австрияга, Италияга, Францияга, Улуу Британияга чыгарат. Төмөнкү импорттук товарлар – машина жана жабдууларды, башка өнөр жай буюмдары, отун жана электр-энергиясы, түрдүү сырьёлор Германиядан, Россиядан, Австриядан, Кытайдан, Италиядан, Франциядан алынат.
Маданияты. Агартуу иши 12–13-кылымдарда өнүгө баштаган. 1844-жылы башталгыч жана орто мектептерде венгр тилинде окутуу тууралуу мыйзам кабыл алынган. Агартуу системасы өзгөрүп, 1948-жылы бардык мектеп мамлекеттин карамагына өткөн. Мектеп жашына чейинки курактагы балдар үчүн (3–6 жаш) бала бакчалары, 8 жылдык мектеп, жалпы билим берүүчү орто мектеп-гимназиялары бар. 1990-жылдардын аягынан окуу жайларын жетектөө жергиликтүү бийлик органдарына жүктөлгөн. 1998-жылы билим берүүнүн улуттук программасы кабыл алынган. Билим берүү системасы мамлекеттик жана мамлекеттик эмес мекемелерден турат. 6–18 жашка чейин окутуу милдеттүү жана акысыз. 2003/04–окуу жылында балдардын 80%и мектепке чейинки мекемеге барган, 99%и – башталгыч мектепте, 92%и – орто окуу жайларында окуган. Негизинен калктын билимдүүлүгү (15 жаштан жогору, 2004) 99,3%ти түзөт. Жогорку билим берүү системасы өнүккөн. 18 мамлекеттик университет, 5 диний университет, 1 менчик университет жана 12 мамлекеттик, 21 диний, 9 менчик коллеждери иштейт. Будапештте Э. Лоранда атындагы университети (1635), И. Ф. Земмельвейс атындагы медицина университети (1769), ошондой эле Венгрия ИА, Сеченьи атындагы мамлекеттик китепкана, Улуттук музей (1802), Улуттук галерея (1957), табият таануу тарыхынын улуттук музейи (1802), сүрөт өнөр музейи (1896) бар. Мезгилдүү басма сөзү 18-кылымдын башында пайда болгон. 1918-жылы «Вёрёш уйшаг» гезитинин 1-саны чыккан. Учурда 10 улуттук жана 24 жергиликтүү гезиттер чыгарылат (2005). Өлкөнүн ичине жана чет өлкөлөргө информация таратуу ишин Венгр телеграф агентчилиги (1880-жылы негизделген) жүргүзөт. 1925-жылдан радиоуктуруу, 1958-жылдан туруктуу телекөрсөтүү башталган. «Maguar TV» мамлекеттик телекомпаниясы 2 каналды башкарат.
Венгр жазмасы Венгр мамлекети (9-кылым) жаралганда эле пайда болгон. Бир топ убакыт адабият венгр тилинде эмес, латын тилинде өнүккөн. Венгр жазма адабиятынын башаты – фольклор (11–12-кылымдарга таандык). 13–14-кылымдарда венгр адабияты диний багытта өнүккөн. Кийинчерээк Я. Витез (1408–72) менен Я. Паннониус (1434–72) алгачкылардан болуп адабиятты гуманисттик багытка бурган. 16-кылымдын 2-жарымында венгр адабиятында ренессанстык проза пайда болуп, байыркы венгр аӊыздарына негизделген аӊгемелер, тамсилдер, памфлеттер жазылган (Г. Хельтаи, 1574-жылы өлгөн, П. Борнемисса, 1535–84). Кайра жаралуу доорунун көрүнүктүү өкүлү Б. Балашши (1554–94). Анын лирикалары Венгрия адабиятынын өнүгүшүнө зор таасир тийгизген. 17–18-кылымдарда венгр адабиятында барокко агымы пайда болгон (П. Пазмань, 1570–1637; М. Зриньи, 1620–64). Алардын поэзиясында ак сөөктөрдүн жашоо-турмушу чагылдырылган. 18-кылымдын аягынан Венгрия адабияты агартуучулук багытта өнүккөн (М. Бетлен, К. Микеш, Ф. Ракоци). 19-кылымдарда венгр адабиятында ар кыл багыттар пайда болду, негизинен романтизм багытында өнүккөн. Ш. Кишфалуди лирикалык поэзияны, Я. Бачаньи граждандык лириканы, Ф. Казинци венгр адабий тилин, М. Чоконаи-Витез поэзияны, Й. Катона драманы, М. Фазекаш фольклордук багыттагы поэзияны өнүктүрүүгө салым кошушкан. Романтизм элдик поэзияга жана элдин өткөн турмушун сүрөттөөгө көӊүл бөлдү (Мисалы Ф. Кёльчеинин лирикалары, (1790–1838); М. Йошиктин романдары, (1797–1865); М. Вёрёшмтартинин ырлары менен поэмалары (1800–55)]. Реализмдин өнүгүүсүндө Вёрёшмартинин тарыхый драмалары, Й. Этвёштун (1813–71) прозалары чоӊ роль ойногон. Ш. Петёфинин (1823–49) поэзиясы венгр адабиятына чоӊ бурулуш алып келген. Анын ырларынын мазмуну революциялык.-демократиялык негизде болуп, элдин аӊ-сезимин ойготкон. Ошондой эле поэзияда Э. Ади, М. Бабич, Д. Костоланьи, Д. Юхас, прозада Ж. Морица, М. Кафка, Д. Круди сыяктуу акын-жазуучулар өзгөчөлөнгөн. Көпчүлүгү экспрессионизм, сюрреализм багытында чыгармаларды жаратышкан. СССРде эмиграцияда жүргөн Мате Залка (1896–1937), А. Комят (1891–1937) өӊдүү жазуучулар социалисттик реализмге ыкташкан. Венгрия Эл Республикасы түзүлгөндөн кийин адабият социалисттик реализмдин жолу менен өнүккөн. Й. Фодор, А. Гидаш, Д. Ийеш, И. Ваш, Ш. Вереш, Л. Беньямина, М. Ваци, Л. Надь, И. Шимона, Ф. Юхаса, Маргит Сеч, Л. Мештерхази, И. Шаркади, Д. Фекете, Ш. Шамоди Тота, Ф. Шанта, Л. Галамбоша, Э. Галгоци, К. Сакони ж. б. акындар, жазуучулар жана драматургдар кыйла чыгармаларды жаратышкан. 20-кылымдын 60-жылдарында Ийештин, Шимондун, Вацинин, Гараинин ырлары жана Дарваштын «Нөшөрлүү жамгыр» (1963) романы, Фекеттин «Дарыгердин өлүмү» повести (1963), Шанттын «Жыйырма саат» (1964), Эркендин «Тотовдун үй-бүлөсү» (1966) сыяктуу чыгармалар жарыяланган. 1970-жылдары модернизм багытында жаш акын-жазуучулар чыгышкан (П. Эстерхази, П. Надаш, Д. Шпиро, Л. Краснохоркаи, Д. Тандори ж. б.). 1980–90-жылдары адабият постмодернизм багытында өнүктү (Ш. Тар ж. б.). Венгрия адабиятында 1990-жылы жазуучулар Д. Конрад, Б. Хамваш жана акын Д. Петринин чыгармалары өзгөчөлөнгөн. Венгрияда дүйнөлүк адабияттын 9 томдук энциклопедиясы жарык көргөн. «Венгриянын эл жомоктору» (1959), Ш. Петёфинин «Ырлар жана поэмалар» (1957), Ш. Наддын «Элдешүү» (1953), М. Кальмандын «Аргасыз нике» (1962) деген китептери кыргыз тилинде жарыкка чыккан.
Венгрия жеринде неолит мезгилиндеги скиф, кельт искусствосунун эстеликтери, чопо скульптуралар сакталган. Орто кылымда роман стилиндеги чиркөөлөр курулган. 11-кылымдагы өнөр искусствосунун эстеликтерине византиялыктардын таасири болгон (король Иштван Iнин таш күмбөзү, Фельдебрёдогу «төмөнкү храмда» сүрөт-

1891–96. Арх. Э. Лехнер.
төрдөн фрагменттер). Готика стилиндеги турак жайлар, бийик дубал менен курчалган жана мунаралуу сепилдер (Диошдьёр, Вишеград) курулган.
14–15-кылымдарда Европада станоктук живопись өнүккөн. Бир туугандар Мартон жана Дьерд Коложвари (14-кылымдын 2-жарымы) ошол замандагы венгр королдору жана касиеттүүлөрдүн коло статуяларын жасашкан. 16-кылымда Кайра жаралуу доорунун архитектурасы, 17-кылымдын аягы – 18-кылымдын башында барокко, 19-кылымдын 1-жарымында классицизм стили өкүм сүргөн (Пешттеги улуттук

Венгр улуттук гал. (Будапешт).
музей, 1837–47, архитектор М. Поллак; И. Ференцинин портреттик жана статуялык чыгармалары). Живописте 1830–40-жылдарда классицизмдин белгилери романтизм тенденциялары менен айкалышып, бидермейердин таасиринде болгон (К. Марко Улуусунун пейзаждары; М. Барабаштын портреттери, пейзаждары жана жанрдык сценалары). 19-кылымда графика, скульптура жана архитектура кеӊири өнүгөт. 1860-жылдардын аягында коомдогу социалдык карама-каршылыктар реалисттик жанрдагы живопистин негизделишине алып келген. Белгилүү венгр сүрөтчү-демократ М. Мункачинин чыгармалары түстөрдүн таасирдүү гаммасы менен айырмаланган. 19–20-кылымдардын аралыгында Венгрия искусствосунда «модерн» багыты пайда болгон (Будапешттеги искусство музейи, 1891–96, архитектор Э. Лехиер). Будапешттин аянттарында жана гүл бактарында параддык монументтер курулган (Венгриянын 1000 жылдыгына арналган эстелик, 1894–1929, скульптору Д. Зал ж. б.). Фашисттик диктатуранын мезгилинде көпчүлүк венгр сүрөтчүлөрү чет өлкөлөрдө иштешкен (Б. Уиц, Ш. Бортник, Ш. Эк, Л. Мохой-Надь ж. б.).
1945-жылдан кийин өлкөдө имараттарды жасалгалоо фреска, мозаика, дубал живописи, сграффито, майда скульптуралык формалар колдонулган (Элдик стадион, 1948–53; Будапешттеги Эржебет көпүрөсү, 1945; Дебрецен менен Кечкеметтеги мейманканалар ж. б.). Венгр сүрөт искусствосун өнүктүрүүдө улуттук реалисттик салттардын мурасчылары (жипописчилер И. Сеньи, А. Бернат, скульпторлор Ф. Меддьеши, Ш. Микуш ж. б.) зор эмгек сиӊиришкен. 1960-жылдардын искусствосуна көркөм изденүүлөрдүн көп жактуулугу мүнөздүү. 70-жылдардын искусствосуна эмоциялуу-экспрессиялуу чечмелөө, кээде символизм менен сюрреализмдин татаал белгилерин киргизүүгө (Т. Чернуштун живописи, И. Варганын скульптурасы, А. Граштын графикасы ж. б.) кызыгуу сезилет.
Балет спектаклдерин 1839-жылы чет өлкөлүктөр коюп баштаган. Алгачкы венгр балет артисти Э. Араньвари болгон. 19-кылымдын 90-жылдарында улуттук сюжеттеги балеттер аткарылган. 20-кылымдын башталышында балетмейстер Н. Гуэрра бийчилерди тарбиялап, бир топ балеттерди койгон. 1920–30-жылдары композиторлор Б. Барток, З. Кодай балеттик музыка жаза баштаган. Ошол кезде балетмейстер Д. Харангозойгон алгачкы спектаклин койгон. 1945-жылдан классикалык жана заманбап балеттер коюлган. Белгилүү улуттук балеттер, анын ичинде көп актылуу «Колуктунун бетаарчысы» (1951, Е. Кенешшей) балети жаралган. Бартоктун балеттери кеӊири белгилүү болгон. Элдик бийдин өнүгүшүнө көӊүл бурулган. Эӊ чоӊ балет труппасы Будапешттеги опера театрында. 1950-жылы Будапештте балет искусство институту ачылган. 1960-жылдан Печеде И. Экктин жетекчилиги менен ошол кездеги композиторлордун балеттери коюлган. 1979-жылы Дьёр шаарында И. Марконун жетекчилиги менен балет труппасы уюшулган, 1992-жылдан азыркы замандын бийлеринин фестивалы өткөрүлгөн.

Хореограф Д. Харангозо. Венгр мамлекеттик операсы.
Венгрияда профессионал музыкалык маданият 13-кылымда өнүгө баштаган. 15-кылымда Буда шаарында король сарайынын капелласы уюштурулган. Венгрия музыкасынын өнүгүшүнө 18-кылымдын аягындагы вербункош деп аталуучу аспаптык музыка өзгөчө таасир тийгизген. Вербункошко жаӊы музыкалык элементтерди кошуп жана аны өөрчүтүп, композитор И. Ружичка «Беланын качышы» (1822) туӊгуч венгр операсын жазган. Вербункош Батыш Европа музыкасына чоӊ таасир тийгизген, композиторлор Гайдн, Моцарт, Бетховен, Вебер, кийинчерээк Г. Берлиоз, Й. Брамс, Ф. Лист аны чыгармачылыктарына колдонушкан. Ф. Эркель улуттук-романтикалык венгр операсына негиз салуучу катары баатырдык-патриоттук сюжеттеги («Банк бан», «Дьердь Дожа» ж. б.) операларды жазган. 1837-жылы Пешт шаарында опера театры, 1840-жылы улуттук консерватория, 1853-жылы Филармония коому ачылган. 19-кылымдагы венгр улуттук музыка маданиятынын өнүгүшүнө көрүнүктүү композитор жана пианист Ф. Лист зор таасир тийгизген. 20-кылымда Венгрия музыкасынын өнүгүү жолу композитор З. Кодай

1886. Венгр улуттук гал. (Будапешт).
менен Б. Бартоктун композиторлук жана этнографиялык эмгектерине байланыштуу. Өлкөдөгү музыкалык маданияттын борбору – Будапешт. Бул жерде Ф. Лист атындагы Улуттук музыкалык академия, Б. Барток атындагы консерватория, Венгр опера театры, Борбордук опера театры, Будапешттеги симфониялык оркестр, Венгрия мамлекеттик симфониялык оркестри, Венгрия филармониясынын оркестри ж. б. бар. Мамлекеттик эл-бий ансамбли, «Будапешт» бий ансамбли ж. б. көркөм чыгармачылык коллективдер белгилүү. Көрүнүктүү венгр аткаруучулары – дирижёр Я. Ференчик, пианистка А. Фишер, скрипачтар – Д. Ковач жана В. Татраи ж. б., опера ырчылары – А. Фараго, Р. Илошфальви, Д. Мелиш, Й. Рети, Э. Хази, М. Ласло, Ю. Орос, О. Сени; музыка изилдөөчүлөр жана музыка сынчылар – Б. Сабольчи, А. Мольнар, И. Уйфалушши ж. б.
Венгрияда туӊгуч театр труппасы театр ишмери Л. Келемендин жетекчилиги менен 1790-жылы уюшулган. 1796-жылы мещандык немец драмалары (А. Коцебу, Ф. Шрёдер ж. б.), классикалык (Г. Э. Лессинг, У. Шекспир, Мольер) жана венгр драматургдарынын (Ф. Бешшеньей) пьесалары көрсөтүлгөн. 1792-жылы бир тууган Фейерлердин жетекчилигинде Клужда (Трансильвания) театр өз чыгармачылыгын баштаган. Алгачкы венгр профессионал актёрлору улуттук театр мектептерин түзүшкөн. 19-кылымдын башында Венгрия «кыдырма» театрлары шаар, кыштактарда оюн көрсөтүшкөн. Ошол кездеги Г. Дерине-Сеппатаки, Ж. Сентпетери, К. Медьери сыяктуу белгилүү сахна чеберлери чыккан. 1837-жылы Пешт шаарында «Мадьяр сингаз» театры ачылып, 1870-жылдан Венгрия улуттук театры негизделген. У. Шекспир, Н. В. Гоголь, («Текшерүүчү») Г. Ибсен («Нора») ж. б. драматургдардын пьесалары, опералык спектаклдер көрсөтүлгөн. 19-кылымдын аягында Будада «Непсинхаз», Пештте «Вигсинхаз» (1896) элдик театрлары ачылган. 1958-жылы Будапештте театр институту, театр, кино институту уюшулган. Венгрияда 30дан ашык театр иштейт (1970).
1896-жылы Будапештте туӊгуч кино-театр ачылган жана хроника фильмдери чыгарылган 1901-жылы «Бий» фильми тартылган (реж. Б. Житковский), 1912-жылы көркөм фильм тартуу башталган. 1948-жылы Венгрия кинематографиясы улутташтырылган. Фашисттик бийлик учурунда буржуазиялык көз караштагы фильмдер чыккан. Көрүнүктүү кино ишмерлери чет мамлекеттерге кеткен. Өлкө немец-фашист баскынчыларынан бошотулгандан кийин улуттук кино өнөрү өркүндөй баштаган. «Европанын бир жеринде» (1947), «Бир укум жер» (1948) ж. б. кеӊири белгилүү фильмдер тартылган. 1960-жылдардагы фильмдерде чындык курч мүнөздө көрсөтүлүп («20 саат», 1964), адамдардын өз ара мамилелерин («Ата», 1966), венгр элинин 19-кылымдагы фашисттик эзүү мезгилиндеги («Үмүтсүз», 1965; «Муздак күндөр», 1966) жана жаштар турмушу («Кыялдануу», 1964) чагылдырылган. Ш. Печи, К. Тольнаи, М. Габор, Л. Башти, Е. Руткаи, М. Теречик, И. Шинкович, И. Дарваш, З. Латинович ж. б. белгилүү киноактёрлору бар. Кино тармагындагы адистерди Будапешттеги театр жана кино академиясы даярдайт. 1956-жылы кинематография илим-изилдөө институту уюштурулган.
Ад.: Власова Т. В. Венгрия. М., 1948; Романова Э. П. Современные ландшафты Европы. М., 1997; Деловая Венгрия: Экономика и связи с Россией. М., 2002–2005–. Т. 1–7–; Россиянов О. К. Реализм в новой венгерской прозе. М., 1979; Литературный энциклопедический словарь. М., 1987; Два века венгерской литературы. М., 1997.