БАТКЕН ОБЛУСУ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
No edit summary
No edit summary

1 сап: 1 сап:
'''БАТКЕН ОБЛУСУ ''' Кыргызстандын түштүк-батышында жайгашкан. 1999-жылы 12-октябрда Ош облусунан Баткен, Кадамжай, Лейлек райондору жана Кызыл-Кыя, Cүлүктү шаарларын бөлүп, облус уюштурулган. 2000-жылы райондун борбору – Баткен кыштагы жана 2001-жана

[[File:БАТКЕН ОБЛУСУ42.png | thumb | Облустук администрациянын имараты.]]
[[File:БАТКЕН ОБЛУСУ42.png | thumb | Облустук администрациянын имараты.]]
Исфана кыштагы шаар статусун алган. Түштүк-батышынан жана түндүк-батышынан Тажикстан, түндүгүнөн Өзбекстан, чыгышынан Ош облусу менен чектешет. Транспорттук катнашы облустун аймагындагы башка мамлекеттерге тийиштүү бир нече анклавдар (архипелагдар) жана чек аралар аркылуу өткөндүктөн, облустун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кыйла терс таасирин тийгизүүдө. Аянты 17,0 миӊ ''км''2 же республиканын аймагынын 8,5%ин түзөт. Калкы 561443 (2022) же республиканын калкынын 8,1%и. Облустун аймагында 3 район, 4 шаар (Баткен, Исфана, Кызыл-Кыя, Сүлүктү) жана 194 кыштак, 30 айыл аймагы бар. Облустун борбору – Баткен шаары.

Исфана кыштагы шаар статусун алган. Түштүк-батышынан жана түндүк-батышынан Тажикстан, түндүгүнөн Өзбекстан, чыгышынан Ош облусу менен чектешет. Транспорттук катнашы облустун аймагындагы башка мамлекеттерге тийиштүү бир нече анклавдар (архипелагдар) жана чек аралар аркылуу өткөндүктөн, облустун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кыйла терс таасирин тийгизүүдө. Аянты 17,0 миӊ ''км''2 же республиканын аймагынын 8,5%ин түзөт. Калкы 561443 (2022) же республиканын калкынын 8,1%ы. Облустун аймагында 3 район, 4 шаар (Баткен, Исфана, Кызыл-Кыя, Сүлүктү) жана 194 кыштак, 30 айыл аймагы бар. Облустун борбору – Баткен шаары.

==Табияты ==
==Табияты ==

Баткен облусу Фергана өрөөнүнүн түштүк өндүрүн, Түркстан, Алай кырка тоолорунун түндүк капталдарын, этек тоолорун, адыр тилкесин ээлейт. Бул кырка тоолордун кырлары деӊиз деӊгээлинен 4000–5000 ''м'' бийиктикке көтөрүлөт; облустун эӊ бийик жери Түркстан кырка тоосунда (Кожо-Бакырган суусунун башатында) 5508 ''м'' (Пирамида чокусу), Алай кырка тоосунда (Cохтун алабында – Тилбеде) 5539 ''м'' (батышында Тамды-Кул чокусу). Облустун аймагында, Кулунду өрөөнүндө Кыргызстандын эӊ жапыз жери жайгашкан; ал деӊиз деӊгээлинен 401 ''м'' бийиктикте. Жеринин бетинин түзүлүшү боюнча облустун аймагы тоо этектериндеги түздүктөр, тоо арасындагы ойдуӊдар, орто бийиктиктеги тоолор, бийик тоо зоналарына бөлүнөт. Тоо этектериндеги бир аз ж а н т а й ы ӊ к ы т ү з д ү к т ө р – облустун эӊ жапыз жайгашкан бөлүгү Фергана өрөөнүнүн чет-жакасын (өндүрүн) түзөт. Бул зонага Кастак Өз-Кулунду, Төө-Моюн, Кызыл-Жар ж.б. түздүктөр кирет. Андан жогору а д ы р л а р  з о н а с ы Фергана өрөөнү менен орто бийиктиктеги тоолор зонасынын аралыгында жайгашып, абсолюттук бийиктиги 1000–1300 ''м''ге жетет. Адырлар Түркстан жана Алай кырка тоолорунун этектеринде – Шаймерден-Cох суу бөлгүчтөрүндө, Кожо- Бакырган-Ак-Суу суу бөлгүчүнүн батыш бөлүгүндө, Ак-Суунун алабында зор аянттарды ээлейт. Адырлардын эӊ бийиги жана өзгөчөсү – Бели-Сынык жалы. Анын түндүк капталы узун жана жазы, Каста-Көз өрөөнү карай жантайыӊкы, түштүк капталы кыска жана аскалуу, узатасынан созулган жазы Таш-Рабат ойдуӊуна тик түшөт. Бели-Сынык жана Чимион адырлуу жалдары кургак колоттор-сайлар менен тилмеленген. Чимион жалы – жаӊы тектоникалык кыймылда көтөрүлгөн антиклиналдык түзүлүш. Айрым жерлерин өтө тилмеленген, жыбыттуу, чөлдүү жерлерди – чаптарды («бедленддерди») пайда кылат. Т о о а р а с ы н д а г ы о й д у ӊ д а р адырлар, этек тоо кыркалары, ошондой эле негизги кырка тоолордун аралыктарын ээлейт. Алар кеӊдик боюнча созулган эки тилкени түзөт. Анын түндүк тилкеси түштүк тилкесине караганда гипсометриялык деӊгээли төмөн (900–1000 ''м'' абсолюттук бийиктикте) жайгашкан (мисалы, Кожо-Бакырган суусунун алабындагы Таш-Рабат ойдуӊу). Ички ойдуӊдардын түштүк тилкеси этек тоолорду Түркстан, Алай бийик кырка тоолорунан бөлүп турган дээрлик туташ депрессияны пайда кылат, абсолюттук бийиктиги 1500–1800 ''м''ге жетет. Бул тилкеге Исфана, Чарк, Лейлек, Баткен, Айдаркен, Охна ж. б. ойдуӊдар кирет. Ички ойдуӊдардын рельефин бир аз жантайыӊкы күдүрлүү түздүктөр, аларды тилмелеген кургак сайлар түзөт. Тоо аралык ойдуӊдардан жогору о р т о б и й и к т и к т е г и т о о л о р зонасы бийик этек тоолорду, Түркстан, Алай кырка тоолорунун алдыӊкы жалдарын камтыйт. Бийиктиги 2000–3000 ''м''. бийик этек тоолор өтө жана тереӊ тилмеленген айрым токол тоолордон турат. Токол тоолор менен адырларды кеӊдик багытта узатасынан (40° параллель боюнча) созулуп жаткан тоо аралык ойдуӊдар бөлүп турат. Б и й и к т о о л у у з о н а г а ири Түркстан жана Алай кырка тоолору кирет. ''Түркстан кырка тоосунун'' тоолору жана жалдары негизинен кеӊдик багытта жайгашып, түндүктү (Фергана өрөөнүн) жана батышты карай акырындап жантаят. Жалдар өрөөндөр менен бөлүнүп, өрөөндөрү туурасынан кеткен кууш капчыгайлар менен тилмеленген. Облустун аймагында Түркстан кырка тоосунун чокулары 5000 ''м'' бийиктикке чейин жетет. Мөӊгүлөр, көп жылдык кар бар. Кыры аска-зоокалуу. Түркстан кырка тоосунун чыгыш уландысын – ''Алай кырка тоосу'' узатасынан созулган жазы өрөөндөр, туурасынан кеткен тереӊ капчыгайлар менен тилмеленген катмары. Кырка тоонун негизги суу бөлгүч кырынан түндүктү карай Кичи Алай (же Кыргыз-Ата) тоо массиви бөлүнүп чыгат. Анын батыш бөлүгү облустун аймагында. Алай кырка тоосунун капталдары Түркстандыкындай эле асимметриялык түзүлүштө. Түндүк капталдары туурасы 80–100 ''км''ге жеткен жазы аймакты түзөт, түштүгү кыйла кыска. Түндүк капталдарында азыркы мөӊгүлөр жана байыркы мөӊгүлөрдүн издери кеӊири таралган. Мөӊгүлөр Түркстан кырка тоосунун бийик (5400 ''м'') чыгыш бөлүгүндө да кездешет. Түркстан жана Алай кырка тоолорунун бийик тоолуу зонасына байыркы жана азыркы мөӊгүлөрдүн аракетинен пайда болгон рельефтин тепши сымал формалары, капталдарына шагыл-таш корумдары мүнөздүү. Геоструктуралык жактан облустун аймагы герцин бүктөлүү структурасына кирет.

Баткен облусу Фергана өрөөнүнүн түштүк өндүрүн, Түркстан, Алай кырка тоолорунун түндүк капталдарын, этек тоолорун, адыр тилкесин ээлейт. Бул кырка тоолордун кырлары деӊиз деӊгээлинен 4000–5000 ''м'' бийиктикке көтөрүлөт; облустун эӊ бийик жери Түркстан кырка тоосунда (Кожо-Бакырган суусунун башатында) 5508 ''м'' (Пирамида чокусу), Алай кырка тоосунда (Cохтун алабында – Тилбеде) 5539 ''м'' (батышында Тамды-Кул чокусу). Облустун аймагында, Кулунду өрөөнүндө Кыргызстандын эӊ жапыз жери жайгашкан; ал деӊиз деӊгээлинен 401 ''м'' бийиктикте. Жеринин бетинин түзүлүшү боюнча облустун аймагы тоо этектериндеги түздүктөр, тоо арасындагы ойдуӊдар, орто бийиктиктеги тоолор, бийик тоо зоналарына бөлүнөт. Тоо этектериндеги бир аз ж а н т а й ы ӊ к ы т ү з д ү к т ө р – облустун эӊ жапыз жайгашкан бөлүгү Фергана өрөөнүнүн чет-жакасын (өндүрүн) түзөт. Бул зонага Кастак Өз-Кулунду, Төө-Моюн, Кызыл-Жар ж.б. түздүктөр кирет. Андан жогору а д ы р л а р  з о н а с ы Фергана өрөөнү менен орто бийиктиктеги тоолор зонасынын аралыгында жайгашып, абсолюттук бийиктиги 1000–1300 ''м''ге жетет. Адырлар Түркстан жана Алай кырка тоолорунун этектеринде – Шаймерден-Cох суу бөлгүчтөрүндө, Кожо- Бакырган-Ак-Суу суу бөлгүчүнүн батыш бөлүгүндө, Ак-Суунун алабында зор аянттарды ээлейт. Адырлардын эӊ бийиги жана өзгөчөсү – Бели-Сынык жалы. Анын түндүк капталы узун жана жазы, Каста-Көз өрөөнү карай жантайыӊкы, түштүк капталы кыска жана аскалуу, узатасынан созулган жазы Таш-Рабат ойдуӊуна тик түшөт. Бели-Сынык жана Чимион адырлуу жалдары кургак колоттор-сайлар менен тилмеленген. Чимион жалы – жаӊы тектоникалык кыймылда көтөрүлгөн антиклиналдык түзүлүш. Айрым жерлерин өтө тилмеленген, жыбыттуу, чөлдүү жерлерди – чаптарды («бедленддерди») пайда кылат. Т о о а р а с ы н д а г ы о й д у ӊ д а р, адырлар, этек тоо кыркалары, ошондой эле негизги кырка тоолордун аралыктарын ээлейт. Алар кеӊдик боюнча созулган эки тилкени түзөт. Анын түндүк тилкеси түштүк тилкесине караганда гипсометриялык деӊгээли төмөн (900–1000 ''м'' абсолюттук бийиктикте) жайгашкан (мисалы, Кожо-Бакырган суусунун алабындагы Таш-Рабат ойдуӊу). Ички ойдуӊдардын түштүк тилкеси этек тоолорду Түркстан, Алай бийик кырка тоолорунан бөлүп турган дээрлик туташ депрессияны пайда кылат, абсолюттук бийиктиги 1500–1800 ''м''ге жетет. Бул тилкеге Исфана, Чарк, Лейлек, Баткен, Айдаркен, Охна ж. б. ойдуӊдар кирет. Ички ойдуӊдардын рельефин бир аз жантайыӊкы күдүрлүү түздүктөр, аларды тилмелеген кургак сайлар түзөт. Тоо аралык ойдуӊдардан жогору о р т о б и й и к т и к т е г и т о о л о р зонасы бийик этек тоолорду, Түркстан, Алай кырка тоолорунун алдыӊкы жалдарын камтыйт. Бийиктиги 2000–3000 ''м''. бийик этек тоолор өтө жана тереӊ тилмеленген айрым токол тоолордон турат. Токол тоолор менен адырларды кеӊдик багытта узатасынан (40° параллель боюнча) созулуп жаткан тоо аралык ойдуӊдар бөлүп турат. Б и й и к т о о л у у з о н а г а ири Түркстан жана Алай кырка тоолору кирет. ''Түркстан кырка тоосунун'' тоолору жана жалдары негизинен кеӊдик багытта жайгашып, түндүктү (Фергана өрөөнүн) жана батышты карай акырындап жантаят. Жалдар өрөөндөр менен бөлүнүп, өрөөндөрү туурасынан кеткен кууш капчыгайлар менен тилмеленген. Облустун аймагында Түркстан кырка тоосунун чокулары 5000 ''м'' бийиктикке чейин жетет. Мөӊгүлөр, көп жылдык кар бар. Кыры аска-зоокалуу. Түркстан кырка тоосунун чыгыш уландысын – ''Алай кырка тоосу'' узатасынан созулган жазы өрөөндөр, туурасынан кеткен тереӊ капчыгайлар менен тилмеленген катмары. Кырка тоонун негизги суу бөлгүч кырынан түндүктү карай Кичи Алай (же Кыргыз-Ата) тоо массиви бөлүнүп чыгат. Анын батыш бөлүгү облустун аймагында. Алай кырка тоосунун капталдары Түркстандыкындай эле асимметриялык түзүлүштө. Түндүк капталдары туурасы 80–100 ''км''ге жеткен жазы аймакты түзөт, түштүгү кыйла кыска. Түндүк капталдарында азыркы мөӊгүлөр жана байыркы мөӊгүлөрдүн издери кеӊири таралган. Мөӊгүлөр Түркстан кырка тоосунун бийик (5400 ''м'') чыгыш бөлүгүндө да кездешет. Түркстан жана Алай кырка тоолорунун бийик тоолуу зонасына байыркы жана азыркы мөӊгүлөрдүн аракетинен пайда болгон рельефтин тепши сымал формалары, капталдарына шагыл-таш корумдары мүнөздүү. Геоструктуралык жактан облустун аймагы герцин бүктөлүү структурасына кирет.

[[File:БАТКЕН ОБЛУСУ43.png | thumb | Каратегин жайлоосу.]]
[[File:БАТКЕН ОБЛУСУ43.png | thumb | Каратегин жайлоосу.]]
Облустун климаты негизинен континенттик, кургакчыл континеттик белгилери бар жер ортолук деӊиздик климатка окшош. Жайы нымы жетишсиз, мелүүн-жылуу, кышы мелүүн-суук. Облустун 2500 ''м''ге чейинки бийиктикте жайгашкан аймагында январдын көп жылдык орточо температурасы –3,3°Cден –6,9°Cге чейин, июлдуку 25,3–15°C. Деӊиз деӊгээлинен 3000 ''м'' бийиктикте жайгашкан Теминген станциясында январдын орточо температурасы –8,9°C (абс. минимуму –30°C), июлдуку 10°C (абс. максимуму 38,7°C). Алай кырка тоосунун «орографиялык ыктоодо» жайгашкан түндүк капталында Фергана тоо тизмегинин түштүк-батыш капталына караганда жыл ичинде жаан-чачын 2,5 эсе аз жаайт. Түркстан кырка тоосунун түндүк капталына 1200–1500 ''м'' бийиктикте туран тибиндеги чөл климаттуу Фергана өрөөнүнүн таманындагыдай эле жылына 120–140 ''мм'' гана жаан-чачын жаайт. Түркстан кырка тоосунун чыгыш бөлүгүнүн түндүк капталдарында, Исфара суусунун алабында жылдык жаан-чачындын өлчөмү 200–600 ''мм''ден Кожо-Бакырган жана Ак-Суу сууларынын алаптарында 300–800 ''мм''ге чейин көбөйөт. Алай кырка тоосунун түндүк капталдарында, орто бийик жана бийик тоолуу зоналарда жылдык жаан-чачындын өлчөмү 600–800 ''мм''ге, чанда 900 ''мм''ге чейин жетет, ал эми жаан-чачындан ыктоо жайгашкан жерлерде, тоолор менен курчалган туюк чуӊкурчактарда жаан-чачындын өлчөмү 300–400 ''мм''ге чейин азаят. Алай кырка тоосунун эӊ батыш бөлүгүндө, Cох суусунун алабында, тоо кыры 5000 ''м''ден ашык көтөрүлүп, түштүктү карай бир аз ийилген жогорку зонада гана жаан-чачын жылына 1000–1200 ''мм''ге чейин жаайт. Облустун суулары Cыр-Дарыянын алабына кирет. Алай кырка тоосунун түндүк капталдарынан башталган ири сууларга ''Исфайрам-Сай, Шаймерден, Cох'' ж. б., Түркстан кырка тоосунан башталгандарга ''Исфара, Исфана, Кожо-Бакырган, Ак-Суу'' ж. б. кирет. Бул суулардын бардыгы Cыр-Дарыянын сол куймалары, бирок алар тоодон чыга беришинде сугатка таралып же өзүнүн шиленди конустарында жана кургак сайларында жерге сиӊип кетет. Алар негизинен эриген кар жана мөӊгү сууларынан куралат. Алай жана Түркстан кырка тоолорунун капталдарында тоо көлдөрү да арбын, алардын ирилери: Тегермеч

13 сап: 13 сап:

Республиканын өндүрүш комплексинде Баткен облусунун экономикасы маанилүү орунду ээлейт. Облустун сейрек өнөр жай потенциалы (Айдаркен сымабы, Кадамжай сурьмасы, Кызыл-Кыя менен Cүлүктү көмүрү), калыптанган айыл чарба өндүрүшү (өрүк, тамеки, жүн, эт, сүт), калктын эмгекчилдиги экономиканын өнүгүшүнө шарт түзөт. Бирок, ошого карабастан облустун социалдык-экономикалык өнүгүү деӊгээли республиканын орточо деӊгээлинен төмөн. Бул болсо облустун аймагынын географиялык жактан татаалдыгы, тоолуу рельеф, анча жагымдуу эмес топурак-климаттык шарты, аймагынын эӊ алыс жайгашуусу, саясий географиялык абалына байланыштуу. Буга кошумча базар экономикасын жүргүзүүдө мурунку союздук республикалар менен традициялык чарбалык байланыштардын үзүлүшү облустун экономикасына да терс таасирин тийгизди. 2006-жылдын 1-январына облустун өнөр жайында катталган субъекттердин саны 379га жеткен. Анын ичинен өз алдынча балансада иштеген ишканалар 45. 2005-жылы бул ишканаларда 906,1 млн сомго (республикалык көлөмдүн 2,3%и) өнөр жай продукциясы өндүрүлгөн. Өнөр жайы облустун экономикасында гана эмес, республикада да маанилүү орунду ээлейт. Бул региондо сурьманын (2000-жылы 2407,89 тонна), сымаптын (591,5 тонна) бүт көлөмү, көмүрдүн 29,6% (981,1 миӊ тонна) өндүрүлөт. Cурьма жана сымап өндүрүү боюнча Кыргызстан дүйнөлүк өндүрүүчүлөрдүн катарында турат. Облус дүйнөлүк керектөөчүлөрдү сурьма менен 20,0%, сымап менен 15,0% камсыз кыла алат. Кадамжайда алынган сурьма 1958-жылдан сапаты жагынан дүйнөлүк рынокто эталон катары бааланып, көп өлкөлөргө экспорттолуп келген. Облустун отун өнөр жайында акыркы жылдарда нефть жана газ өндүрүү тармагы пайда болду. Анын базасын көп жылдан бери Өзбекстан пайдаланып келип, жаӊыдан облуска өткөн Арка жана Бүргөндү массивдериндеги кендер түзөт. Алардын изилденген запастары: Арка массивинде нефть – 1,3 млн тонна, газ – 1,8 млрд ''м''3, Бүргөндүдө нефть 0,6 млн тонна, газ 2,8 млрд ''м''3 түзөт. 2005-жылы облуста жаӊыдан уюшулган «Баткеннефтгаз» АК 18,5 миӊ тонна чийки нефть, 0,4 млн ''м''3 газ өндүргөн. Облустун ири өнөр жай ишканалары: «Кызыл-Кыя тамекиси», «Айдаркен сымап комбинаты, «Кадамжай сурьма комбинаты», «Нур» (23,6 млн), «Cүлүктү көмүр» (18,2 млн), «Кызыл-Кыя көмүр», «Дан» акционердик коомдору, «Кызыл-Кыя машзавод» ж. б.
Айыл чарбасы экономиканын реалдык секторундагы өнөр жайга ж. б. тармактарга караганда дүӊ продукцияны бир кыйла көбүрөөк бере турган тармак. Ошол эле убакта регион айыл чарба дүӊ продукциясын өндүрүү боюнча облустардын ичинен эӊ акыркы орунда турат. Тармактык структурада мал чарбасы маанилүү орунду ээлейт. Айыл чарба продукциясынын 53,6%и мал чарбасына, 46,0%и дыйканчылыкка, 0,4%и айыл чарбаны тейлөөгө тиешелүү. Дыйканчылыктын негизги тармагы – тамеки, мөмө-жемиш (10,3%), жүзүм (27,9%) өстүрүү; мал чарбасында кой, уй жана үй кушу чарбасы бар. Бардык өндүрүлгөн айыл чарба продукциянын үлүшү республиканын 6,9%ин түзгөн. Дан эгиндери, картошка, жашылча ж. б. облустун калкынын суроо талабын канааттандыруу үчүн өстүрүлөт.  Облустун жалпы аянтынан айыл чарбага жарактуу жери 680,0 миӊ ''га'' (республиканын айыл чарбага жарактуу жеринин 6,4%). Айыл чарбага жарактуу жердин 68,5 миӊ ''га''сы айдоо (республиканын айдоо аянтынын 5,5%), 9,4 миӊ ''га''сы чабынды (5,5%), 10,4 миӊ ''га''сы көп жылдык мөмө-жемиштер (27,7%), 2,6 миӊ ''га''сы дыӊ жер (12,1%), 588,3 миӊ ''га''сы жайыт (6,4%) болгон. Анын ичинен дан эгиндери (буудай, арпа, үрөн үчүн жүгөрү, күрүч), пахта, тамек, май берүүчү өсүмдүктөр 4,9 миӊ ''га''га (7,0%), картошка 1,6 миӊ ''га''га (1,9%), жашылча, бакча өсүмдүктөрү, тоют өсүмдүктөрү өстүрүлөт. Мындан сырткары мөмө-жемиш өсүмдүктөрү жана жүзүм отургузулган.  Мал чарбасында агрардык-жер реформасын жүргүзүүнүн 1-этабында малдын башы азайып кеткен. Кой, эчки, жылкы асыралып саны кыскарган.
Азыр рынок экономикасынын шартында мал чарбасынын дээрлик бардык продукциясы жеке менчик чарбаларда, дыйкан чарбаларында даярдалууда.

[[File:БАТКЕН ОБЛУСУ45.png | thumb | none]]
[[File:БАТКЕН ОБЛУСУ45.png | thumb | none]]
Облустун азыркы т р а н с п о р т тармактары: автомобиль, темир жол, аба жана куур транспорту. Аймагындагы тоолуу рельеф автомобиль транспортунун өнүгүшүнө шарт түзөт. Негизги автомобиль жолдору: Ош – Кызыл-Кыя – Пүлгөн – Айдаркен – Баткен – Исфана – Cүлүктү; Кызыл-Кыя – Дароот-Коргон; Кызыл-Кыя – Куба-Сай (Өзбекстан); Баткен – Исфара (Тажикстан); Кызыл-Кыя – Маркамат (Өзбекстан) – Ош. Бул жолдор (айрыкча биринчиси) «анклавдарды» бир нече жолу кесип өткөндүктөн, транспорт каражаттарынын облустун аймагы боюнча эркин жүрүшүнө тоскоолдук (бажы тосмосу, чек ара иш-аракеттери, паспорт жана документтерди текшерүү ж. б.) кылууда. Бирок ушундай шарттарга карабастан бул жолдор облустун ыраак жайгашкан калктуу пункттарын облустун борбору, ошондой эле Ош шаары менен транспорттук-экономикалык жактан байланыштырып турат.
Облустун аймагындагы автомобиль жолунун узундугу 1,2 миӊ ''км'', анын 414 ''км'' асфальтталган, 466 ''км''ине таш төшөлгөн. Автомобиль транспорту жүк жана жүргүнчүлөрдү ташууда маанилүү орунду ээлейт.
Облустун темир жол транспорту туюк эки темир жол тармагынан турат. Биринчиси 1907-жылы Cүлүктүдөгү көмүр кенине Драгомиров (азыркы Тажикстандагы Пролетарск) бекетинен 37 ''км'' аралыкка курулган. Бул тармак 30-жылдардын башында реконструкцияланган. Экинчиси 1928-жылы курулуп, Кызыл-Кыя шаарын Өзбекстандын темир жол системасы менен туташтыруучу Фергана – Куба-Сай – Кызыл-Кыя темир жол тармагы. Узундугу 42 ''км''. Бул жолдордун (айрыкча Кызыл-Кыя темир жол бекети) облустун аймагында оор жүктөрдү ташууда, айрыкча тоо-кен өнөр жайы үчүн мааниси чоӊ.
Аба транспорту жүргүнчүлөрдү ташыйт да, көбүнчө жергиликтүү мааниге ээ. Аэропорт Баткенде (1950-жылы курулган), Исфанада, Кызыл-Кыя, Айдаркенде бар. Алардын ичинен биринчи үчөө иштеп, «Кыргызстан аба жолдору» акционердик коому улуттук авиакомпаниясынын курамына кирет. Бул аэропорттордон Ош жана Бишкек шаарларына авиакаттамдар болуп турат. Жайында Чолпон-Ата шаарына (Ысык-Көл) каттайт.
Облустун аймагында куур транспорту бар. Фергана (Өзбекстан) – Кадамжай (1972) жана Урсатьев (Өзбекстан) – Айдаркен (1973) газ кууру курулган. Газ кууру өнөр жай ишканаларын жана калкты газ менен камсыз кылат.
М а д а н и я т тармагында 2003-жылы 1,1 млн нуска китеби болгон 73 китепкана, 44 айылдык клуб, 3 музей, 2 райондук элдик театр иштеген. Облустук радио уктуруу жана теле көрсөтүүлөр кыргыз, орус, тажик тилдеринде жүргүзүлөт. Облустук жана 3 райондук газета чыгарылат.
Б и л и м б е р ү ү облустун аймагында 5 негизги стадияга бөлүнөт: мектепке чейинки (бала бакча), башталгыч, орто, атайын орто жана жогорку билим берүү. Облуста 19 (2353 орундуу) мектепке чейинки мекеме иштейт. Облус боюнча 211 жалпы билим берүүчү мектеп, анын ичинен 14 башталгыч мектеп, 16 негизги мектеп, 156 орто мектеп, 2 акылы кем балдарды окутуучу мектеп бар. Билим берүү кыргыз, өзбек, орус жана тажик тилинде жүргүзүлөт. Ошондой эле 10 кесиптик-техникалык окуу жайы, 3 атайын орто окуу жайы бар. 2003/04-окуу жылында облуста жалгыз жогорку окуу жайы – ''Баткен мамлекеттик университети уюштурулган.''
Облустун с а л а м а т т ы к с а к т о о с у н д а 3 борборлоштурулган, 2 шаардык, 19 участкалык оорукана, 21 врачтык амбулатория, 95 ФАП болгон. Мындан тышкары 76 үй-бүлөлүк врачтар тобу уюштурулган.
Облустун аймагында көптөгөн т а р ы х ы й - м а д а н и й о б ъ е к т и л е р бар. Биздин замандын 1–6-кылымдарына таандык ''Кожо-Бакырган-Сай'', Аирбаз, Баткен, ''Кайрагач'', Кара-Камар, ''Обишир үӊкүрү'' тургун жайларынын калдыктары, 9–16-кылымдардагы Булак-Башы, Исфана, шаар чалдыбарлары, Кокон мезгилиндеги чептердин калдыктары – Кан, Кыштут ж-а Кайрагач айылында архитектуралык эстелик-мечиттер бар. Рабат айылынан түштүгүрөөк тарапта аты уйкаш байыркы кен казуучулардын тургун жайы, Cамаркандек айылында тарыхый кен казылган жер, Канигут үӊкүрү сакталган.
''Н. Алымкулова, Ө. Бараталиев, А. Мырзаев.''

[[Category: 2-том]]
[[Category: 2-том]]

08:19, 23 Июль (Теке) 2024 -га соңку нускасы

БАТКЕН ОБЛУСУ Кыргызстандын түштүк-батышында жайгашкан. 1999-жылы 12-октябрда Ош облусунан Баткен, Кадамжай, Лейлек райондору жана Кызыл-Кыя, Cүлүктү шаарларын бөлүп, облус уюштурулган. 2000-жылы райондун борбору – Баткен кыштагы жана 2001-жана

Облустук администрациянын имараты.

Исфана кыштагы шаар статусун алган. Түштүк-батышынан жана түндүк-батышынан Тажикстан, түндүгүнөн Өзбекстан, чыгышынан Ош облусу менен чектешет. Транспорттук катнашы облустун аймагындагы башка мамлекеттерге тийиштүү бир нече анклавдар (архипелагдар) жана чек аралар аркылуу өткөндүктөн, облустун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кыйла терс таасирин тийгизүүдө. Аянты 17,0 миӊ км2 же республиканын аймагынын 8,5%ин түзөт. Калкы 561443 (2022) же республиканын калкынын 8,1%ы. Облустун аймагында 3 район, 4 шаар (Баткен, Исфана, Кызыл-Кыя, Сүлүктү) жана 194 кыштак, 30 айыл аймагы бар. Облустун борбору – Баткен шаары.

Табияты

Баткен облусу Фергана өрөөнүнүн түштүк өндүрүн, Түркстан, Алай кырка тоолорунун түндүк капталдарын, этек тоолорун, адыр тилкесин ээлейт. Бул кырка тоолордун кырлары деӊиз деӊгээлинен 4000–5000 м бийиктикке көтөрүлөт; облустун эӊ бийик жери Түркстан кырка тоосунда (Кожо-Бакырган суусунун башатында) 5508 м (Пирамида чокусу), Алай кырка тоосунда (Cохтун алабында – Тилбеде) 5539 м (батышында Тамды-Кул чокусу). Облустун аймагында, Кулунду өрөөнүндө Кыргызстандын эӊ жапыз жери жайгашкан; ал деӊиз деӊгээлинен 401 м бийиктикте. Жеринин бетинин түзүлүшү боюнча облустун аймагы тоо этектериндеги түздүктөр, тоо арасындагы ойдуӊдар, орто бийиктиктеги тоолор, бийик тоо зоналарына бөлүнөт. Тоо этектериндеги бир аз ж а н т а й ы ӊ к ы т ү з д ү к т ө р – облустун эӊ жапыз жайгашкан бөлүгү Фергана өрөөнүнүн чет-жакасын (өндүрүн) түзөт. Бул зонага Кастак Өз-Кулунду, Төө-Моюн, Кызыл-Жар ж.б. түздүктөр кирет. Андан жогору а д ы р л а р з о н а с ы Фергана өрөөнү менен орто бийиктиктеги тоолор зонасынын аралыгында жайгашып, абсолюттук бийиктиги 1000–1300 мге жетет. Адырлар Түркстан жана Алай кырка тоолорунун этектеринде – Шаймерден-Cох суу бөлгүчтөрүндө, Кожо- Бакырган-Ак-Суу суу бөлгүчүнүн батыш бөлүгүндө, Ак-Суунун алабында зор аянттарды ээлейт. Адырлардын эӊ бийиги жана өзгөчөсү – Бели-Сынык жалы. Анын түндүк капталы узун жана жазы, Каста-Көз өрөөнү карай жантайыӊкы, түштүк капталы кыска жана аскалуу, узатасынан созулган жазы Таш-Рабат ойдуӊуна тик түшөт. Бели-Сынык жана Чимион адырлуу жалдары кургак колоттор-сайлар менен тилмеленген. Чимион жалы – жаӊы тектоникалык кыймылда көтөрүлгөн антиклиналдык түзүлүш. Айрым жерлерин өтө тилмеленген, жыбыттуу, чөлдүү жерлерди – чаптарды («бедленддерди») пайда кылат. Т о о а р а с ы н д а г ы о й д у ӊ д а р, адырлар, этек тоо кыркалары, ошондой эле негизги кырка тоолордун аралыктарын ээлейт. Алар кеӊдик боюнча созулган эки тилкени түзөт. Анын түндүк тилкеси түштүк тилкесине караганда гипсометриялык деӊгээли төмөн (900–1000 м абсолюттук бийиктикте) жайгашкан (мисалы, Кожо-Бакырган суусунун алабындагы Таш-Рабат ойдуӊу). Ички ойдуӊдардын түштүк тилкеси этек тоолорду Түркстан, Алай бийик кырка тоолорунан бөлүп турган дээрлик туташ депрессияны пайда кылат, абсолюттук бийиктиги 1500–1800 мге жетет. Бул тилкеге Исфана, Чарк, Лейлек, Баткен, Айдаркен, Охна ж. б. ойдуӊдар кирет. Ички ойдуӊдардын рельефин бир аз жантайыӊкы күдүрлүү түздүктөр, аларды тилмелеген кургак сайлар түзөт. Тоо аралык ойдуӊдардан жогору о р т о б и й и к т и к т е г и т о о л о р зонасы бийик этек тоолорду, Түркстан, Алай кырка тоолорунун алдыӊкы жалдарын камтыйт. Бийиктиги 2000–3000 м. бийик этек тоолор өтө жана тереӊ тилмеленген айрым токол тоолордон турат. Токол тоолор менен адырларды кеӊдик багытта узатасынан (40° параллель боюнча) созулуп жаткан тоо аралык ойдуӊдар бөлүп турат. Б и й и к т о о л у у з о н а г а ири Түркстан жана Алай кырка тоолору кирет. Түркстан кырка тоосунун тоолору жана жалдары негизинен кеӊдик багытта жайгашып, түндүктү (Фергана өрөөнүн) жана батышты карай акырындап жантаят. Жалдар өрөөндөр менен бөлүнүп, өрөөндөрү туурасынан кеткен кууш капчыгайлар менен тилмеленген. Облустун аймагында Түркстан кырка тоосунун чокулары 5000 м бийиктикке чейин жетет. Мөӊгүлөр, көп жылдык кар бар. Кыры аска-зоокалуу. Түркстан кырка тоосунун чыгыш уландысын – Алай кырка тоосу узатасынан созулган жазы өрөөндөр, туурасынан кеткен тереӊ капчыгайлар менен тилмеленген катмары. Кырка тоонун негизги суу бөлгүч кырынан түндүктү карай Кичи Алай (же Кыргыз-Ата) тоо массиви бөлүнүп чыгат. Анын батыш бөлүгү облустун аймагында. Алай кырка тоосунун капталдары Түркстандыкындай эле асимметриялык түзүлүштө. Түндүк капталдары туурасы 80–100 кмге жеткен жазы аймакты түзөт, түштүгү кыйла кыска. Түндүк капталдарында азыркы мөӊгүлөр жана байыркы мөӊгүлөрдүн издери кеӊири таралган. Мөӊгүлөр Түркстан кырка тоосунун бийик (5400 м) чыгыш бөлүгүндө да кездешет. Түркстан жана Алай кырка тоолорунун бийик тоолуу зонасына байыркы жана азыркы мөӊгүлөрдүн аракетинен пайда болгон рельефтин тепши сымал формалары, капталдарына шагыл-таш корумдары мүнөздүү. Геоструктуралык жактан облустун аймагы герцин бүктөлүү структурасына кирет.

Каратегин жайлоосу.

Облустун климаты негизинен континенттик, кургакчыл континеттик белгилери бар жер ортолук деӊиздик климатка окшош. Жайы нымы жетишсиз, мелүүн-жылуу, кышы мелүүн-суук. Облустун 2500 мге чейинки бийиктикте жайгашкан аймагында январдын көп жылдык орточо температурасы –3,3°Cден –6,9°Cге чейин, июлдуку 25,3–15°C. Деӊиз деӊгээлинен 3000 м бийиктикте жайгашкан Теминген станциясында январдын орточо температурасы –8,9°C (абс. минимуму –30°C), июлдуку 10°C (абс. максимуму 38,7°C). Алай кырка тоосунун «орографиялык ыктоодо» жайгашкан түндүк капталында Фергана тоо тизмегинин түштүк-батыш капталына караганда жыл ичинде жаан-чачын 2,5 эсе аз жаайт. Түркстан кырка тоосунун түндүк капталына 1200–1500 м бийиктикте туран тибиндеги чөл климаттуу Фергана өрөөнүнүн таманындагыдай эле жылына 120–140 мм гана жаан-чачын жаайт. Түркстан кырка тоосунун чыгыш бөлүгүнүн түндүк капталдарында, Исфара суусунун алабында жылдык жаан-чачындын өлчөмү 200–600 ммден Кожо-Бакырган жана Ак-Суу сууларынын алаптарында 300–800 ммге чейин көбөйөт. Алай кырка тоосунун түндүк капталдарында, орто бийик жана бийик тоолуу зоналарда жылдык жаан-чачындын өлчөмү 600–800 ммге, чанда 900 ммге чейин жетет, ал эми жаан-чачындан ыктоо жайгашкан жерлерде, тоолор менен курчалган туюк чуӊкурчактарда жаан-чачындын өлчөмү 300–400 ммге чейин азаят. Алай кырка тоосунун эӊ батыш бөлүгүндө, Cох суусунун алабында, тоо кыры 5000 мден ашык көтөрүлүп, түштүктү карай бир аз ийилген жогорку зонада гана жаан-чачын жылына 1000–1200 ммге чейин жаайт. Облустун суулары Cыр-Дарыянын алабына кирет. Алай кырка тоосунун түндүк капталдарынан башталган ири сууларга Исфайрам-Сай, Шаймерден, Cох ж. б., Түркстан кырка тоосунан башталгандарга Исфара, Исфана, Кожо-Бакырган, Ак-Суу ж. б. кирет. Бул суулардын бардыгы Cыр-Дарыянын сол куймалары, бирок алар тоодон чыга беришинде сугатка таралып же өзүнүн шиленди конустарында жана кургак сайларында жерге сиӊип кетет. Алар негизинен эриген кар жана мөӊгү сууларынан куралат. Алай жана Түркстан кырка тоолорунун капталдарында тоо көлдөрү да арбын, алардын ирилери: Тегермеч

Сох суусундагы башкы курулма.

(же Зор-Көл), Гезарт, Түз-Ашуу ж. б. (Исфайрам-Сайдын алабында), Курман-Көл (Көк-Суунун алабында), Аугул (Cохтун алабында), Кара-Көл-Катта (Исфананын алабында) ж. б. Алардын бардыгы Алай (568,1 км2) жана Түркстан (151 км2) кырка тоолорунун түндүк капталдарында. Жалпы аянты 720 км2ден ашкан 530дай мөӊгү бар. Облустун аймагынын топурак-өсүмдүктөрүнүн таралышы жана алардын жалпы ариддик мүнөздө болушу жылуулукка жана нымдалуу шарттарына түздөн-түз байланыштуу. Тоо этегиндеги түздүктөрдү чөл өсүмдүктөрү (баялыш, шыбак, крокустар, жылган ж. б.) ээлеп, алардын астында ачык боз, шортоӊ топурактар өөрчүйт. Андан жогору, 1000–1300–1500 м бийиктиктердеги этек тоо-адырлуу зонага кадимки жана күӊүрт боз топурактуу жарым чөл (эфемерлүү жылган-ыраӊдуу, бадалчалуу) өсүмдүктөрү (айрыкча Түркстан кырка тоосунун түндүк капталдарына) мүнөздүү. Кадимки боз жана бозомук күрөӊ топурактуу лёсс түзүлүшүндөгү жапыз жана орто бийик тоолорду (1300–1500–2000–2200 м бийиктиктерде) субтропик ландшафтына окшош талаанын ар кандай түрлөрү ээлейт. Орто бийиктиктеги жана бийик тоонун төмөнкү бөлүгүндөгү (2000–3400 м) күрөӊ, куба күрөӊ, тоо-шалбаалуу талаа топурактуу жерлерде арча токою, сейрек токой, талаа жана шалбаалуу талаанын ар кандай типтери басымдуу. Арчалуу токой тилкесинин нымды, топурак кыртышын сактоодо, селге каршы жана санитария-гигиеналык мааниси зор. Бул токойлорду корукка айландыруу, коргоо режимин жакшыртуу, жаш токой көчөтүн отургузуу жана токой чарба жумуштарын жүзөгө ашыруу зор маанидеги маселелердин бири. Тоолордун бийик бөлүктөрүнүн (3000 мден жогору) табияты катаал, дайыма суук, аска-мөӊгүлүү альп тибиндеги рельеф кеӊири таралган. Cубальп ж-а альп шалбаасы (шалбаалуу талаа ж-а чымдак өсүмдүктүү, жапалак арчалуу бийик тоо талаасы кошо кездешет) 3800–4000 м бийиктикке чейинки жантайыӊкы капталдарды ээлейт. Андан жогору түбөлүк тоӊ, кар, мөӊгүлүү жана жылаӊач аска-зоокалуу зона жатат. Тоо этегиндеги түздүктөр менен тоо арасындагы ойдуӊдарды жана тоо этегиндеги адырлар менен жапыз жана орто бийиктиктеги тоолордогу дарыя өрөөндөрүнүн жайылма тектирлерин негизинен сугат жана кайрак жерлер ээлейт, жайыт катары да пайдаланылат. Мында калктуу жайлар, өнөр жай борборлору, сугат тармактары жайгашкан. Орто жана бийик тоолордогу талаа жана шалбаа ландшафттары түрдүү мезгилдеги (көбүнчө жайкы жана кышкы) жайыт катары пайдаланылат.

Калкы

2022-жылкы эл каттоо боюнча калктын саны 561443 киши. Шаар калкы 131627 ,айыл калкы 429816 киши. Облустун калкы көп улуттуу. Негизинен кыргыз (облустун жалпы калкынын 76,0%), ошондой эле өзбек (14,4%), тажик (6,9%), орус, түрк ж. б. улут өкүлдөрү да жашайт. Облустун калкынын табигый өсүшү салыштырмалуу жогору (2005-жылы төрөлүү коэффициенти республикада 21,4‰ болсо, облуста 22,8‰ болгон), өлүм-житимдин коэффициенти (республикада 7,1‰, облуста 5,8‰) төмөн. Облустун калкынын көбөйүшү негизинен табигый өсүшкө байланыштуу. 2005-жылы өсүш ар 1000 кишиге 17,0 (республикада 14,2) адамды түзгөн. Облустун калкынын өзгөчөлүгү мында аялдарга караганда эркектердин санынын көптүгүндө. 1000 аялга 1006 эркек (республика боюнча 978) туура келет. Облустун жалпы калкынын ичинен эмгекке жарамдуулар 50,0%ти (республикада 52,7%) түзөт. Эмгекке жарамдуу калктын санынын азайышы рынок экономикасына өтүүдөгү өткөөл мезгилдеги социалдык экономикалык реформага байланыштуу өндүрүштүн деӊгээлинин төмөндөшү жана өнөр жай ишканаларынын иштебей калышы себеп болгон. Натыйжада шаарлар менен шаарчаларда жумушсуздардын саны көбөйүп, миграция өскөн. Айрыкча эмгекке жарамдуу калктын ичинен, мигранттар көбүнчө Бишкек шаарына жана Чүй облусуна, Россияга, Казакстанга кетишкен. Мына ушуга байланыштуу Кызыл-Кыя шаарынын калкы 1989-жылы 36,8 миӊ болсо, 2006-жылы 31,6 миӊге азайган, Cүлүктүдө 14,8 миӊден 13,5 миӊге, Айдаркенде 11,1 миӊден 9,8 миӊге, Чабайда 2,8 миӊден 1,6 миӊге кыскарган. Өлкөнүн башка облустарына жана чет өлкөлөргө кеткен мигранттардын саны 2005-жылы 1,6 миӊден ашуун болгон.

Экономикасы

Республиканын өндүрүш комплексинде Баткен облусунун экономикасы маанилүү орунду ээлейт. Облустун сейрек өнөр жай потенциалы (Айдаркен сымабы, Кадамжай сурьмасы, Кызыл-Кыя менен Cүлүктү көмүрү), калыптанган айыл чарба өндүрүшү (өрүк, тамеки, жүн, эт, сүт), калктын эмгекчилдиги экономиканын өнүгүшүнө шарт түзөт. Бирок, ошого карабастан облустун социалдык-экономикалык өнүгүү деӊгээли республиканын орточо деӊгээлинен төмөн. Бул болсо облустун аймагынын географиялык жактан татаалдыгы, тоолуу рельеф, анча жагымдуу эмес топурак-климаттык шарты, аймагынын эӊ алыс жайгашуусу, саясий географиялык абалына байланыштуу. Буга кошумча базар экономикасын жүргүзүүдө мурунку союздук республикалар менен традициялык чарбалык байланыштардын үзүлүшү облустун экономикасына да терс таасирин тийгизди. 2006-жылдын 1-январына облустун өнөр жайында катталган субъекттердин саны 379га жеткен. Анын ичинен өз алдынча балансада иштеген ишканалар 45. 2005-жылы бул ишканаларда 906,1 млн сомго (республикалык көлөмдүн 2,3%и) өнөр жай продукциясы өндүрүлгөн. Өнөр жайы облустун экономикасында гана эмес, республикада да маанилүү орунду ээлейт. Бул региондо сурьманын (2000-жылы 2407,89 тонна), сымаптын (591,5 тонна) бүт көлөмү, көмүрдүн 29,6% (981,1 миӊ тонна) өндүрүлөт. Cурьма жана сымап өндүрүү боюнча Кыргызстан дүйнөлүк өндүрүүчүлөрдүн катарында турат. Облус дүйнөлүк керектөөчүлөрдү сурьма менен 20,0%, сымап менен 15,0% камсыз кыла алат. Кадамжайда алынган сурьма 1958-жылдан сапаты жагынан дүйнөлүк рынокто эталон катары бааланып, көп өлкөлөргө экспорттолуп келген. Облустун отун өнөр жайында акыркы жылдарда нефть жана газ өндүрүү тармагы пайда болду. Анын базасын көп жылдан бери Өзбекстан пайдаланып келип, жаӊыдан облуска өткөн Арка жана Бүргөндү массивдериндеги кендер түзөт. Алардын изилденген запастары: Арка массивинде нефть – 1,3 млн тонна, газ – 1,8 млрд м3, Бүргөндүдө нефть 0,6 млн тонна, газ 2,8 млрд м3 түзөт. 2005-жылы облуста жаӊыдан уюшулган «Баткеннефтгаз» АК 18,5 миӊ тонна чийки нефть, 0,4 млн м3 газ өндүргөн. Облустун ири өнөр жай ишканалары: «Кызыл-Кыя тамекиси», «Айдаркен сымап комбинаты, «Кадамжай сурьма комбинаты», «Нур» (23,6 млн), «Cүлүктү көмүр» (18,2 млн), «Кызыл-Кыя көмүр», «Дан» акционердик коомдору, «Кызыл-Кыя машзавод» ж. б.
Айыл чарбасы экономиканын реалдык секторундагы өнөр жайга ж. б. тармактарга караганда дүӊ продукцияны бир кыйла көбүрөөк бере турган тармак. Ошол эле убакта регион айыл чарба дүӊ продукциясын өндүрүү боюнча облустардын ичинен эӊ акыркы орунда турат. Тармактык структурада мал чарбасы маанилүү орунду ээлейт. Айыл чарба продукциясынын 53,6%и мал чарбасына, 46,0%и дыйканчылыкка, 0,4%и айыл чарбаны тейлөөгө тиешелүү. Дыйканчылыктын негизги тармагы – тамеки, мөмө-жемиш (10,3%), жүзүм (27,9%) өстүрүү; мал чарбасында кой, уй жана үй кушу чарбасы бар. Бардык өндүрүлгөн айыл чарба продукциянын үлүшү республиканын 6,9%ин түзгөн. Дан эгиндери, картошка, жашылча ж. б. облустун калкынын суроо талабын канааттандыруу үчүн өстүрүлөт. Облустун жалпы аянтынан айыл чарбага жарактуу жери 680,0 миӊ га (республиканын айыл чарбага жарактуу жеринин 6,4%). Айыл чарбага жарактуу жердин 68,5 миӊ гасы айдоо (республиканын айдоо аянтынын 5,5%), 9,4 миӊ гасы чабынды (5,5%), 10,4 миӊ гасы көп жылдык мөмө-жемиштер (27,7%), 2,6 миӊ гасы дыӊ жер (12,1%), 588,3 миӊ гасы жайыт (6,4%) болгон. Анын ичинен дан эгиндери (буудай, арпа, үрөн үчүн жүгөрү, күрүч), пахта, тамек, май берүүчү өсүмдүктөр 4,9 миӊ гага (7,0%), картошка 1,6 миӊ гага (1,9%), жашылча, бакча өсүмдүктөрү, тоют өсүмдүктөрү өстүрүлөт. Мындан сырткары мөмө-жемиш өсүмдүктөрү жана жүзүм отургузулган. Мал чарбасында агрардык-жер реформасын жүргүзүүнүн 1-этабында малдын башы азайып кеткен. Кой, эчки, жылкы асыралып саны кыскарган.
Азыр рынок экономикасынын шартында мал чарбасынын дээрлик бардык продукциясы жеке менчик чарбаларда, дыйкан чарбаларында даярдалууда.

Облустун азыркы т р а н с п о р т тармактары: автомобиль, темир жол, аба жана куур транспорту. Аймагындагы тоолуу рельеф автомобиль транспортунун өнүгүшүнө шарт түзөт. Негизги автомобиль жолдору: Ош – Кызыл-Кыя – Пүлгөн – Айдаркен – Баткен – Исфана – Cүлүктү; Кызыл-Кыя – Дароот-Коргон; Кызыл-Кыя – Куба-Сай (Өзбекстан); Баткен – Исфара (Тажикстан); Кызыл-Кыя – Маркамат (Өзбекстан) – Ош. Бул жолдор (айрыкча биринчиси) «анклавдарды» бир нече жолу кесип өткөндүктөн, транспорт каражаттарынын облустун аймагы боюнча эркин жүрүшүнө тоскоолдук (бажы тосмосу, чек ара иш-аракеттери, паспорт жана документтерди текшерүү ж. б.) кылууда. Бирок ушундай шарттарга карабастан бул жолдор облустун ыраак жайгашкан калктуу пункттарын облустун борбору, ошондой эле Ош шаары менен транспорттук-экономикалык жактан байланыштырып турат.
Облустун аймагындагы автомобиль жолунун узундугу 1,2 миӊ км, анын 414 км асфальтталган, 466 кмине таш төшөлгөн. Автомобиль транспорту жүк жана жүргүнчүлөрдү ташууда маанилүү орунду ээлейт.
Облустун темир жол транспорту туюк эки темир жол тармагынан турат. Биринчиси 1907-жылы Cүлүктүдөгү көмүр кенине Драгомиров (азыркы Тажикстандагы Пролетарск) бекетинен 37 км аралыкка курулган. Бул тармак 30-жылдардын башында реконструкцияланган. Экинчиси 1928-жылы курулуп, Кызыл-Кыя шаарын Өзбекстандын темир жол системасы менен туташтыруучу Фергана – Куба-Сай – Кызыл-Кыя темир жол тармагы. Узундугу 42 км. Бул жолдордун (айрыкча Кызыл-Кыя темир жол бекети) облустун аймагында оор жүктөрдү ташууда, айрыкча тоо-кен өнөр жайы үчүн мааниси чоӊ.
Аба транспорту жүргүнчүлөрдү ташыйт да, көбүнчө жергиликтүү мааниге ээ. Аэропорт Баткенде (1950-жылы курулган), Исфанада, Кызыл-Кыя, Айдаркенде бар. Алардын ичинен биринчи үчөө иштеп, «Кыргызстан аба жолдору» акционердик коому улуттук авиакомпаниясынын курамына кирет. Бул аэропорттордон Ош жана Бишкек шаарларына авиакаттамдар болуп турат. Жайында Чолпон-Ата шаарына (Ысык-Көл) каттайт.
Облустун аймагында куур транспорту бар. Фергана (Өзбекстан) – Кадамжай (1972) жана Урсатьев (Өзбекстан) – Айдаркен (1973) газ кууру курулган. Газ кууру өнөр жай ишканаларын жана калкты газ менен камсыз кылат.
М а д а н и я т тармагында 2003-жылы 1,1 млн нуска китеби болгон 73 китепкана, 44 айылдык клуб, 3 музей, 2 райондук элдик театр иштеген. Облустук радио уктуруу жана теле көрсөтүүлөр кыргыз, орус, тажик тилдеринде жүргүзүлөт. Облустук жана 3 райондук газета чыгарылат.
Б и л и м б е р ү ү облустун аймагында 5 негизги стадияга бөлүнөт: мектепке чейинки (бала бакча), башталгыч, орто, атайын орто жана жогорку билим берүү. Облуста 19 (2353 орундуу) мектепке чейинки мекеме иштейт. Облус боюнча 211 жалпы билим берүүчү мектеп, анын ичинен 14 башталгыч мектеп, 16 негизги мектеп, 156 орто мектеп, 2 акылы кем балдарды окутуучу мектеп бар. Билим берүү кыргыз, өзбек, орус жана тажик тилинде жүргүзүлөт. Ошондой эле 10 кесиптик-техникалык окуу жайы, 3 атайын орто окуу жайы бар. 2003/04-окуу жылында облуста жалгыз жогорку окуу жайы – Баткен мамлекеттик университети уюштурулган.
Облустун с а л а м а т т ы к с а к т о о с у н д а 3 борборлоштурулган, 2 шаардык, 19 участкалык оорукана, 21 врачтык амбулатория, 95 ФАП болгон. Мындан тышкары 76 үй-бүлөлүк врачтар тобу уюштурулган.
Облустун аймагында көптөгөн т а р ы х ы й - м а д а н и й о б ъ е к т и л е р бар. Биздин замандын 1–6-кылымдарына таандык Кожо-Бакырган-Сай, Аирбаз, Баткен, Кайрагач, Кара-Камар, Обишир үӊкүрү тургун жайларынын калдыктары, 9–16-кылымдардагы Булак-Башы, Исфана, шаар чалдыбарлары, Кокон мезгилиндеги чептердин калдыктары – Кан, Кыштут ж-а Кайрагач айылында архитектуралык эстелик-мечиттер бар. Рабат айылынан түштүгүрөөк тарапта аты уйкаш байыркы кен казуучулардын тургун жайы, Cамаркандек айылында тарыхый кен казылган жер, Канигут үӊкүрү сакталган.
Н. Алымкулова, Ө. Бараталиев, А. Мырзаев.