БАШКАРУУНУ АВТОМАТТАШТЫРУУ: нускалардын айырмасы
No edit summary |
No edit summary |
||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''БАШКАРУУНУ АВТОМАТТАШТЫРУУ ''' – эл чарбасынын түрдүү тармактарында башкаруу маселелерин чечүүдө математикалык ыкмаларды, автоматтык түзүлмөлөрдү жана эсептөө техникасын колдонуу. Ал өндүрүштү пландоону, аны оперативдүү башкаруу менен башкаруунун бардык органдарынын аракетин бири бирине шайкеш жүргүзүүнү камсыз кылат. Анын илимий негизи – эл чарбасын башкаруунун өзгөчөлүктөрүн, башкаруунун оптималдуу системаларын синтездөө ыкмаларын изилдөөчү жана экономикалык милдеттерди чечүүдө математикалык ыкмаларды колдонуу маселелерин үйрөнүүчү экономикалык кибернетика. Эл чарбасын жана анын ар бир бөлүгүн автоматташтырылган башкаруунун бирдиктүү системасында адам менен кибернетикалык машинанын өз ара аракеттеринин методологиясы жана ачык-айкын маселелерин чечүү анын негизги проблемасы болуп саналат. Башкарууну автоматташтыруунун негизги техникалык каражаттары – компьютерлер. Алар берилген чоӊдуктарды иштетүүнүн борборлоштурулган системасын түзүү, пландоо, статистика, эмгек акыны эсептөө, запастын эсебин алуу, жабдуу ишинин графиктерин түзүү жана жумушчу күчүн пайдалануу боюнча маалыматтарды иштетүү үчүн колдонулат. Процессти технологиялык жактан гана эмес, экономикалык жактан да оптималдуу жөндөө үчүн электрондук башкаруучу машиналар менен бирге, түрдүү атайылаштырылган, мисалы, информацияларды белгилеп каттоочу, иштетүүчү, өзгөртүүчү, сактоочу, издөөчү | '''БАШКАРУУНУ АВТОМАТТАШТЫРУУ ''' – эл чарбасынын түрдүү тармактарында башкаруу маселелерин чечүүдө математикалык ыкмаларды, автоматтык түзүлмөлөрдү жана эсептөө техникасын колдонуу. Ал өндүрүштү пландоону, аны оперативдүү башкаруу менен башкаруунун бардык органдарынын аракетин бири бирине шайкеш жүргүзүүнү камсыз кылат. Анын илимий негизи – эл чарбасын башкаруунун өзгөчөлүктөрүн, башкаруунун оптималдуу системаларын синтездөө ыкмаларын изилдөөчү жана экономикалык милдеттерди чечүүдө математикалык ыкмаларды колдонуу маселелерин үйрөнүүчү экономикалык кибернетика. Эл чарбасын жана анын ар бир бөлүгүн автоматташтырылган башкаруунун бирдиктүү системасында адам менен кибернетикалык машинанын өз ара аракеттеринин методологиясы жана ачык-айкын маселелерин чечүү анын негизги проблемасы болуп саналат. Башкарууну автоматташтыруунун негизги техникалык каражаттары – компьютерлер. Алар берилген чоӊдуктарды иштетүүнүн борборлоштурулган системасын түзүү, пландоо, статистика, эмгек акыны эсептөө, запастын эсебин алуу, жабдуу ишинин графиктерин түзүү жана жумушчу күчүн пайдалануу боюнча маалыматтарды иштетүү үчүн колдонулат. Процессти технологиялык жактан гана эмес, экономикалык жактан да оптималдуу жөндөө үчүн электрондук башкаруучу машиналар менен бирге, түрдүү атайылаштырылган, мисалы, информацияларды белгилеп каттоочу, иштетүүчү, өзгөртүүчү, сактоочу, издөөчү жана башка байланыш каражаттары колдонулат. Көптөгөн абоненттер менен түздөн-түз байланыш каналдары аркылуу кошулган кубаттуу эсептөө борборлору түзүлгөн. | ||
[[Category: 2-том]] | [[Category: 2-том]] |
04:38, 2 Август (Баш оона) 2024 -га соңку нускасы
БАШКАРУУНУ АВТОМАТТАШТЫРУУ – эл чарбасынын түрдүү тармактарында башкаруу маселелерин чечүүдө математикалык ыкмаларды, автоматтык түзүлмөлөрдү жана эсептөө техникасын колдонуу. Ал өндүрүштү пландоону, аны оперативдүү башкаруу менен башкаруунун бардык органдарынын аракетин бири бирине шайкеш жүргүзүүнү камсыз кылат. Анын илимий негизи – эл чарбасын башкаруунун өзгөчөлүктөрүн, башкаруунун оптималдуу системаларын синтездөө ыкмаларын изилдөөчү жана экономикалык милдеттерди чечүүдө математикалык ыкмаларды колдонуу маселелерин үйрөнүүчү экономикалык кибернетика. Эл чарбасын жана анын ар бир бөлүгүн автоматташтырылган башкаруунун бирдиктүү системасында адам менен кибернетикалык машинанын өз ара аракеттеринин методологиясы жана ачык-айкын маселелерин чечүү анын негизги проблемасы болуп саналат. Башкарууну автоматташтыруунун негизги техникалык каражаттары – компьютерлер. Алар берилген чоӊдуктарды иштетүүнүн борборлоштурулган системасын түзүү, пландоо, статистика, эмгек акыны эсептөө, запастын эсебин алуу, жабдуу ишинин графиктерин түзүү жана жумушчу күчүн пайдалануу боюнча маалыматтарды иштетүү үчүн колдонулат. Процессти технологиялык жактан гана эмес, экономикалык жактан да оптималдуу жөндөө үчүн электрондук башкаруучу машиналар менен бирге, түрдүү атайылаштырылган, мисалы, информацияларды белгилеп каттоочу, иштетүүчү, өзгөртүүчү, сактоочу, издөөчү жана башка байланыш каражаттары колдонулат. Көптөгөн абоненттер менен түздөн-түз байланыш каналдары аркылуу кошулган кубаттуу эсептөө борборлору түзүлгөн.