БҮТКҮЛ ДҮЙНӨЛҮК МУРАС: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
No edit summary
No edit summary

1 сап: 1 сап:
'''БҮТКҮЛ ДҮЙНӨЛҮК МУРАС ''' – бүткүл адамзаттын энчисине айланган көрүнүктүү маданий жана табигый баалуулуктар. 1972-жылы 16-ноябрда ЮНЕСКОнун Генералдык конференциясы Бүткүл дүйнөлүк маданий жана табигый мурастарды коргоо тууралуу конвенция кабыл алган (1975-жылы 17-декабрда мамлекет – тараптардын саны 20га жеткенде күчүнө кирген). 180 өлкө Конвенцияны ратификациялаган (2005). Конвенцияны ратификациялаган мамлекет – тараптар өздөрү жайгашкан аймактагы Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесин алардын көрсөтүүсү боюнча шайлашкан Бүткүл дүйнөлүк мурас комитетине беришет (1978-жылдан). 2005-жылдын аягында дүйнөнүн 137 мамлекетинен 160 жаратылыш, 628 маданият

[[File:БҮТКҮЛ ДҮЙНӨЛҮК МУРАС58.png | thumb | Бүткүл дүйнөлүк мурастын эмблемасы (төрт бурчтук – адамдын жаратмандыгы, сырткы айлана – жаратылыштын символу).]]

жана 24 жаратылыш-маданият объектилери тизмеге кирген. Алардын ичинде: айрым курулмалар жана ансамблдер – Мемфистин урандысы жана көрүстөнү, Гиза–Дахшур районундагы пирамидалар, байыркы Фивы (Египет), Афиныдагы Акрополь, Вестминстер ак сарайы, ыйык Маргарита аббатчылыгы жана чиркөөсү (Улуу Британия), Версалдагы жана Фонтенблодогу ак сарайлар жана парктар (Франция), Москва Кремли, Кызыл аянт, «Кижи» тарыхый-архитектуралык ансамбли, Троица-Сергий лаврасы, Нерлидеги Покров чиркөөсү (Россия), София собору, Киев-Печёра лаврасы (Украина), Таж-Махал (Индия), Ватикандын архитектура эстеликтери, Эркиндик статуясы (АКШ), Улуу Кытай сепили (Кытай); Рим жана Флоренция (Италия), Гавана (Куба), Краков жана Варшава (Польша), Дамаск (Сирия), Стамбул

жана 24 жаратылыш-маданият объектилери тизмеге кирген. Алардын ичинде: айрым курулмалар жана ансамблдер – Мемфистин урандысы жана көрүстөнү, Гиза–Дахшур районундагы пирамидалар, байыркы Фивы (Египет), Афинадагы Акрополь, Вестминстер ак сарайы, ыйык Маргарита аббатчылыгы жана чиркөөсү (Улуу Британия), Версалдагы жана Фонтенблодогу ак сарайлар жана парктар (Франция), Москва Кремли, Кызыл аянт, «Кижи» тарыхый-архитектуралык ансамбли, Троица-Сергий лаврасы, Нерлидеги Покров чиркөөсү (Россия), София собору, Киев-Печёра лаврасы (Украина), Таж-Махал (Индия), Ватикандын архитектура эстеликтери, Эркиндик статуясы (АКШ), Улуу Кытай сепили (Кытай); Рим жана Флоренция (Италия), Гавана (Куба), Краков жана Варшава (Польша), Дамаск (Сирия), Стамбул

[[File:БҮТКҮЛ ДҮЙНӨЛҮК МУРАС59.png | thumb | Флоренция. Шаардын борбордук бөлүгү.]]

(Түркия), Исфахан (Иран), Санкт-Петербург (Россия), Бухара (Өзбекстан) ж. б. шаарлардын тарыхый бөлүктөрү; археологиялык коруктар – Киригуа (Гватемала), Дельфы (Грекия), Пальмира (Сирия) ж. б.; улуттук парктар – Чоӊ Барьер рифиндеги деӊиз паркы (Австралия), Казиранга (Индия), аскалуу тоолор жана Вуд-Баффало (Канада), Ньяса көлү (Малави), Беловежа чер токою (Беларуссия) ж. б. бар. Тизмеге Освенцим (Польша), Стонхенж жана Сент-Килда аралы (Улуу Британия), Валь-Камоникедеги аскадагы сүрөттөр (Италия), Чжоукоудяндагы (Пекин) алгачкы адамдар жашаган жай жана Тайшань тоолору (Кытай), Алттагы аскадагы жазуу-чиймелер (Норвегия), Величкадагы туз шахтасы (Польша), Везер дарыясынын өрөөнүндөгү аскага тартылган сүрөттөрү бар үӊкүрлөр (Франция), Тассилин-Аджер (Алжир) бөксө тоолору сыяктуу

(Түркия), Исфахан (Иран), Санкт-Петербург (Россия), Бухара (Өзбекстан) жана башка шаарлардын тарыхый бөлүктөрү; археологиялык коруктар – Киригуа (Гватемала), Дельфы (Грекия), Пальмира (Сирия) жана башка; улуттук парктар – Чоӊ Барьер рифиндеги деӊиз паркы (Австралия), Казиранга (Индия), аскалуу тоолор жана Вуд-Баффало (Канада), Ньяса көлү (Малави), Беловежа чер токою (Беларуссия) ж. б. бар. Тизмеге Освенцим (Польша), Стонхенж жана Сент-Килда аралы (Улуу Британия), Валь-Камоникедеги аскадагы сүрөттөр (Италия), Чжоукоудяндагы (Пекин) алгачкы адамдар жашаган жай жана Тайшань тоолору (Кытай), Алттагы аскадагы жазуу-чиймелер (Норвегия), Величкадагы туз шахтасы (Польша), Везер дарыясынын өрөөнүндөгү аскага тартылган сүрөттөрү бар үӊкүрлөр (Франция), Тассилин-Аджер (Алжир) бөксө тоолору сыяктуу

[[File:БҮТКҮЛ ДҮЙНӨЛҮК МУРАС60.png | thumb | Байкал көлү (Россия).]]

объекттер киргизилген. Конвенциянын чегинде ресурстары чектелүү өлкөлөргө финансылык жана техникалык жардам көрсөтүүчү Бүткүл дүйнөлүк маданий жана табигый мурастарды коргоо фонду түзүлгөн. Фондго бардык мамлекет – тараптар ЮНЕСКОнун бюджетине милдеттүү төлөмдөрүнүн 1% өлчөмүндөгү төлөм төлөшөт; өкмөттүк эмес уюмдардан жана жеке адамдардан кошумча төлөмдөр кабыл алынат. Комитетте объекттердин сакталышын көзөмөлдөөгө мүмкүндүк берүүчү мониторинг системасы түзүлгөн. Конвенцияда Бүткүл дүйнөлүк мурас объектилери аймактарында жайгашкан мамлекеттердин өкмөттөрү аларды сактоо боюнча милдеттенме алары көрсөтүлгөн.

08:28, 5 Август (Баш оона) 2024 -га соңку нускасы

БҮТКҮЛ ДҮЙНӨЛҮК МУРАС – бүткүл адамзаттын энчисине айланган көрүнүктүү маданий жана табигый баалуулуктар. 1972-жылы 16-ноябрда ЮНЕСКОнун Генералдык конференциясы Бүткүл дүйнөлүк маданий жана табигый мурастарды коргоо тууралуу конвенция кабыл алган (1975-жылы 17-декабрда мамлекет – тараптардын саны 20га жеткенде күчүнө кирген). 180 өлкө Конвенцияны ратификациялаган (2005). Конвенцияны ратификациялаган мамлекет – тараптар өздөрү жайгашкан аймактагы Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесин алардын көрсөтүүсү боюнча шайлашкан Бүткүл дүйнөлүк мурас комитетине беришет (1978-жылдан). 2005-жылдын аягында дүйнөнүн 137 мамлекетинен 160 жаратылыш, 628 маданият

Бүткүл дүйнөлүк мурастын эмблемасы (төрт бурчтук – адамдын жаратмандыгы, сырткы айлана – жаратылыштын символу).

жана 24 жаратылыш-маданият объектилери тизмеге кирген. Алардын ичинде: айрым курулмалар жана ансамблдер – Мемфистин урандысы жана көрүстөнү, Гиза–Дахшур районундагы пирамидалар, байыркы Фивы (Египет), Афинадагы Акрополь, Вестминстер ак сарайы, ыйык Маргарита аббатчылыгы жана чиркөөсү (Улуу Британия), Версалдагы жана Фонтенблодогу ак сарайлар жана парктар (Франция), Москва Кремли, Кызыл аянт, «Кижи» тарыхый-архитектуралык ансамбли, Троица-Сергий лаврасы, Нерлидеги Покров чиркөөсү (Россия), София собору, Киев-Печёра лаврасы (Украина), Таж-Махал (Индия), Ватикандын архитектура эстеликтери, Эркиндик статуясы (АКШ), Улуу Кытай сепили (Кытай); Рим жана Флоренция (Италия), Гавана (Куба), Краков жана Варшава (Польша), Дамаск (Сирия), Стамбул

Флоренция. Шаардын борбордук бөлүгү.

(Түркия), Исфахан (Иран), Санкт-Петербург (Россия), Бухара (Өзбекстан) жана башка шаарлардын тарыхый бөлүктөрү; археологиялык коруктар – Киригуа (Гватемала), Дельфы (Грекия), Пальмира (Сирия) жана башка; улуттук парктар – Чоӊ Барьер рифиндеги деӊиз паркы (Австралия), Казиранга (Индия), аскалуу тоолор жана Вуд-Баффало (Канада), Ньяса көлү (Малави), Беловежа чер токою (Беларуссия) ж. б. бар. Тизмеге Освенцим (Польша), Стонхенж жана Сент-Килда аралы (Улуу Британия), Валь-Камоникедеги аскадагы сүрөттөр (Италия), Чжоукоудяндагы (Пекин) алгачкы адамдар жашаган жай жана Тайшань тоолору (Кытай), Алттагы аскадагы жазуу-чиймелер (Норвегия), Величкадагы туз шахтасы (Польша), Везер дарыясынын өрөөнүндөгү аскага тартылган сүрөттөрү бар үӊкүрлөр (Франция), Тассилин-Аджер (Алжир) бөксө тоолору сыяктуу

Байкал көлү (Россия).

М. Оморова.