ВЕНА ИЙРИМИ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
2-tom>KadyrM No edit summary |
||
1 сап: | 1 сап: | ||
''' | '''ВЕ́НА ИЙРИМИ''' – 20-к-дагы философиянын негизги агымдарынын бирин – неопозитивизмди, б. а. логикалык позитивизмдин негиздерин иштеп чыккан филос. ийрим. В. и. 1922-ж. Вена ун-тинин алдындагы философия кафедрасында австриялык физик Мориц Шлик тарабынан уюштурулган семинардын негизинде пайда болгон. В. и. «илимий философияны» өнүктүрүүнү көздөгөн бир кыйла жаш илимпоздорду бириктирген. Ийримдин ири өкүлдөрү Р. Карнап, Х. Хан, О. Нейрат, Ф. Франк ж-а Х. Рейхенбах баш болгон окумуштуулар «Дүйнөнү илимий түшүнүү. Вена ийрими» аттуу манифести жарыкка чыгарышкан. Борб. идеясы – филос. проблемалуулукту ''верификация'' принциби м-н бирдикте илим тилин логикалык талдоого алып келүү. В. и. түзүп чыккан окууну өз тарапкерлери унификацияланган илим деп аташкан. 30-ж-да Австрияны фашисттик Германия басып алгандан кийин ишмердигин токтоткон. | ||
[[Category: 2-том]] | [[Category: 2-том]] | ||
03:32, 18 Январь (Үчтүн айы) 2024 -деги абалы
ВЕ́НА ИЙРИМИ – 20-к-дагы философиянын негизги агымдарынын бирин – неопозитивизмди, б. а. логикалык позитивизмдин негиздерин иштеп чыккан филос. ийрим. В. и. 1922-ж. Вена ун-тинин алдындагы философия кафедрасында австриялык физик Мориц Шлик тарабынан уюштурулган семинардын негизинде пайда болгон. В. и. «илимий философияны» өнүктүрүүнү көздөгөн бир кыйла жаш илимпоздорду бириктирген. Ийримдин ири өкүлдөрү Р. Карнап, Х. Хан, О. Нейрат, Ф. Франк ж-а Х. Рейхенбах баш болгон окумуштуулар «Дүйнөнү илимий түшүнүү. Вена ийрими» аттуу манифести жарыкка чыгарышкан. Борб. идеясы – филос. проблемалуулукту верификация принциби м-н бирдикте илим тилин логикалык талдоого алып келүү. В. и. түзүп чыккан окууну өз тарапкерлери унификацияланган илим деп аташкан. 30-ж-да Австрияны фашисттик Германия басып алгандан кийин ишмердигин токтоткон.