ВЕСПУЧЧИ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
(Replaced content with " Category: 2-том")
 
1 сап: 1 сап:
Америго [9.3.1454 (1451), Флоренция – 22.2.1512, Севилья] – деӊиз саякатчысы. 1491-ж. Испанияга көчүп келген. Алгач Медичи банкында кенже кызматкер, кийинчерээк ошол фирманын Севильядагы агенти болуп кызмат өтөгөн. Х. Колумбдун 2- ж-а 3-экспедициясын даярдоого катышкан. 1497–98-ж. Канар а-на саякат жасаган. 1499–1500-ж. Испаниянын, 1501–04-ж. Португалиянын деӊиз кызматында, 1508–12-ж. Кастилиянын башкы кеме башкаруучусу (кормчий) болгон. 1499–1504-ж. Жаӊы Дүйнөнүн жээктерине болгон экспедицияларга катышкан. Бул саякаты тууралуу Лоренцо


Медичи м-н Пьеро Содериниге жазган каттары дүйнөгө белгилүү болуп, басма беттерине бир нече тилде (1505–10) басылган. Лотарингиялык картограф М. Вальдземюллер Колумб ачкан «дүйнөнүн төртүнчү бөлүгүн» В. тапты деп жарыялап, анын урматына Америка деп (1507) аталып, 1538-ж. картограф Меркатордун картасына «Америка» деген ат м-н түшүрүлгөн.
[[Category: 2-том]]
[[Category: 2-том]]

03:58, 6 Август (Баш оона) 2024 -га соңку нускасы