ВАН ГОГ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
No edit summary
No edit summary
 
1 сап: 1 сап:
'''ВАН ГОГ ''' '''Винсент Виллем''' (30. 3. 1853, Түндүк Брабант, Грот-Зюндерт – 29. 7. 1890, Парижге жакын Овер-сюр-Уаз) – голланд живописчиси. Жаш кезинде сүрөт сатуучу фирмада жана чиркөөдө кызмат кылган. 1881–1885-жылдары Голландияда жашаган. 30 жашында сүрөт тарта баштап, адепки чыгармаларында («Дыйкан аял», 1885; «Картошка жеп жаткандар», 1885) карапайым адамдардын турмушун чагылдырган. XIX кылымдагы сынчыл реализмдин салттарын жолдоп, кыйынчылыкта жашаган элдин абалын көрсөткөн эмоциялуу, курч психологиялык образдарды түзгөн. 1886–1888-жылдары Парижге келип, импрессионисттик живопись менен япон гравюрасын үйрөнгөн, француз сүрөтчүлөрүнөн таалим алган. Бул жерде<br/>

[[File:ВАН ГОГ27.png | thumb | В. Ван Гог. «Картошка жеп жаткандар».<br/>1885. Ван Гог музейи (Амстердам).]]

«Сена көпүрөсү» (1887, Амстердам, Ван Гог музейи), «Танги атанын портрети» (1887, Париж, Роден музейи) деген сүрөттөрдү тарткан. 1880-жылдар Ван Гогдун зор чеберчиликке жетишкен учуру болгон. Бул мезгилде ал «Сент-Мари балыкчыларынын кайыктары» (1888, Амстердам, Ван Гог музейи), «Арлидеги кызыл жүзүмзар» (1888, Мамлекеттик көркөм сүрөт музейи) жана башка көптөгөн пейзаж, портрет, натюрмортторду жараткан. Анын чыгармачылыгына ачык боёктуулук, курч эмоциялуулук, драматизм, социалдык нааразылык, өзүнчө ыкмалар мүнөздүү. Ван Гог чыгармачылыгынан европа маданиятынын тарыхындагы татаал, бурулуш учур жана XIX кылымдагы реализм менен буржуазиялык  гуманизмдин кризиси даана байкалат.

[[Файл:Ван Гог Сан-Ремидеги картина Милле 1890.jpg|left|thumb|Ван Гог Сан-Ремиде тартылган картинаМилле 1890]]

[[Category: 2-том]]
[[Category: 2-том]]

09:09, 6 Август (Баш оона) 2024 -га соңку нускасы

ВАН ГОГ Винсент Виллем (30. 3. 1853, Түндүк Брабант, Грот-Зюндерт – 29. 7. 1890, Парижге жакын Овер-сюр-Уаз) – голланд живописчиси. Жаш кезинде сүрөт сатуучу фирмада жана чиркөөдө кызмат кылган. 1881–1885-жылдары Голландияда жашаган. 30 жашында сүрөт тарта баштап, адепки чыгармаларында («Дыйкан аял», 1885; «Картошка жеп жаткандар», 1885) карапайым адамдардын турмушун чагылдырган. XIX кылымдагы сынчыл реализмдин салттарын жолдоп, кыйынчылыкта жашаган элдин абалын көрсөткөн эмоциялуу, курч психологиялык образдарды түзгөн. 1886–1888-жылдары Парижге келип, импрессионисттик живопись менен япон гравюрасын үйрөнгөн, француз сүрөтчүлөрүнөн таалим алган. Бул жерде

В. Ван Гог. «Картошка жеп жаткандар».
1885. Ван Гог музейи (Амстердам).

«Сена көпүрөсү» (1887, Амстердам, Ван Гог музейи), «Танги атанын портрети» (1887, Париж, Роден музейи) деген сүрөттөрдү тарткан. 1880-жылдар Ван Гогдун зор чеберчиликке жетишкен учуру болгон. Бул мезгилде ал «Сент-Мари балыкчыларынын кайыктары» (1888, Амстердам, Ван Гог музейи), «Арлидеги кызыл жүзүмзар» (1888, Мамлекеттик көркөм сүрөт музейи) жана башка көптөгөн пейзаж, портрет, натюрмортторду жараткан. Анын чыгармачылыгына ачык боёктуулук, курч эмоциялуулук, драматизм, социалдык нааразылык, өзүнчө ыкмалар мүнөздүү. Ван Гог чыгармачылыгынан европа маданиятынын тарыхындагы татаал, бурулуш учур жана XIX кылымдагы реализм менен буржуазиялык гуманизмдин кризиси даана байкалат.

Ван Гог Сан-Ремиде тартылган картинаМилле 1890