ВЕНГР ЧЫГЫШ-ТААНУУ МЕКТЕБИ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
м (1 версия) |
2-tom>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
|
03:32, 18 Январь (Үчтүн айы) 2024 -деги абалы
дүйнөдөгү Азия элдерин изилдеген ил. борборлордун бири. Түрк таануу ж-а алтай таануу багытын өнүктүрүүдө венгр изилдөөчүлөрү зор салым кошушкан. Алар Ататүрккө тил б-ча реформа жүргүзүүдө чоӊ жардам көрсөтүшкөн. Атап айтканда, Кунаш Игнац түрк диалектологиясынын сөздүгүн түзгөн. Бирток Бела түрк элдеринин фольклордук музыкасын изилдөөгө негиз салган. Туру Иожер, Немет Дьюла, Лигети Лайош дүйнөлүк түрктаануу илимине зор салымдарды кошушкан. Гольдзихер Игнац исламтаануу, Германиус Дьюла араб ад-ты м-н ислам укугун изилдөө б-ча эмгектерди жараткан. Г. Лоринц, Ревицки, Эрази сыяктуу венгр окумуштуулары перс казалдары м-н Омар Хайямдын чыгармаларын ар кайсы мезгилде англис, венгр тилдерине которуп, Европага таратышкан. Вамбери Армин О. Азия элдеринин турмушу, мад-ты, тарыхы, экономикасы, аймактын геогр. абалы б-ча баа жеткис маалыматтарды топтогон.