ГАЛАКТИКА ЯДРОСУ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
No edit summary |
м (Temirkan moved page ГАЛАКТИКА ЯДРОСУ – to ГАЛАКТИКА ЯДРОСУ) |
(Айырма жок)
|
05:43, 12 Август (Баш оона) 2024 -деги абалы
ГАЛА́КТИКА ЯДРОСУ – Галактиканын Саманчы жолунун орто сызыгына дал келүүчү борбору. Галактика тегиздиги асман сферасын чоӊ тегерек боюнча кесип өтөт, ал г а л а к т и к а э к в а т о р у деп аталат. Жылдыздар чогулмасы Галактика ядросун көздөй көбөйөт, ошондо эле Галактика тегиздигинде көп топтолот. Галактика ядросу асман сферасында болжол м-н 30°х20° аянтты ээлейт, башкача айтканда өлчөмү бир нече килопарсекке (кпс) жетет. Галактика ядросунун түзүлүшү татаал ж-а жылдыз аралык жутулуу күчтүү болгондуктан, Галактиканын борбордук бөлүгүн изилдөө кыйын.