ГАРМОНИЯ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''ГАРМО́НИЯ ''' (гр. harmonia – байланыш, ырааттуулук, шайкештик) а р х и т е к т у р а д а – курулуштун жеке бөлүктөрүнүн өз ара ылайыкташып, өлчөм катышы шайкеш келип, келишимдүү болушу. | '''ГАРМО́НИЯ ''' (гр. harmonia – байланыш, ырааттуулук, шайкештик) а р х и т е к т у р а д а – курулуштун жеке бөлүктөрүнүн өз ара ылайыкташып, өлчөм катышы шайкеш келип, келишимдүү болушу. Архитектуралык Гармония ой-идея м-н бирге жаралып, имараттын масштабдуулугун, элементтеринин ыргагын, жаратылыш м-н байланыш композициясын түзөт. М у з ы к а д а – тондордун бир үндөшүүгө келүүсүнө ж-а үндөшүүнүн ''ладдын'' шартына карай катары м-н жайгашуусуна байланышкан музыканын маанилүү каражаты. Гармонияда аккорддордун мааниси чоӊ; аккорддордун алмашуусу м-н анын ладдык, гармониялык функциялары, ошондой эле үн өрчүтүү мыйзамченемдери аныкталат. Гармония обонго шайкеш келүү м-н аны байытып, угумдуулугун арттырат. Гармония элементтери, айрыкча ''каденциялар'' ж-а модуляциялар, музыкалык форманы түзүүдө маанилүү роль ойнойт. | ||
[[Category: 2-том]] | [[Category: 2-том]] | ||
10:04, 14 Август (Баш оона) 2024 -деги абалы
ГАРМО́НИЯ (гр. harmonia – байланыш, ырааттуулук, шайкештик) а р х и т е к т у р а д а – курулуштун жеке бөлүктөрүнүн өз ара ылайыкташып, өлчөм катышы шайкеш келип, келишимдүү болушу. Архитектуралык Гармония ой-идея м-н бирге жаралып, имараттын масштабдуулугун, элементтеринин ыргагын, жаратылыш м-н байланыш композициясын түзөт. М у з ы к а д а – тондордун бир үндөшүүгө келүүсүнө ж-а үндөшүүнүн ладдын шартына карай катары м-н жайгашуусуна байланышкан музыканын маанилүү каражаты. Гармонияда аккорддордун мааниси чоӊ; аккорддордун алмашуусу м-н анын ладдык, гармониялык функциялары, ошондой эле үн өрчүтүү мыйзамченемдери аныкталат. Гармония обонго шайкеш келүү м-н аны байытып, угумдуулугун арттырат. Гармония элементтери, айрыкча каденциялар ж-а модуляциялар, музыкалык форманы түзүүдө маанилүү роль ойнойт.