ГАСТРОЭНТЕРОКОЛИТ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''ГАСТРОЭНТЕРОКОЛИ́Т ''' (''гастрит..''. ж-а гр. tnteron – ичеги, kjlon – жоон ичеги) – карын, ичке ж-а жоон ичегини бир мезгилде жабыркаткан сезгенүү оорусу. Ал кээ бир бактериялар ж-а вирустар, уу металлдар, щелочтор, спирт, дары-дармек м-н ууланганда, дары ж-а тамактан болгон аллергияда көбүнчө катуу кармайт. Көп учурда бактерия жуккандан болот. | '''ГАСТРОЭНТЕРОКОЛИ́Т ''' (''гастрит..''. ж-а гр. tnteron – ичеги, kjlon – жоон ичеги) – карын, ичке ж-а жоон ичегини бир мезгилде жабыркаткан сезгенүү оорусу. Ал кээ бир бактериялар ж-а вирустар, уу металлдар, щелочтор, спирт, дары-дармек м-н ууланганда, дары ж-а тамактан болгон аллергияда көбүнчө катуу кармайт. Көп учурда бактерия жуккандан болот. Гастроэнтерколитке карын зилинин кычкылынын аз болуусу, витамин жетишсиздик, кара жумуш, алкоголь ичимдигин көп ичүү түрткү берет. Оору капысынан башталып, оорулуу кусат, ичи ооруйт ж-а өтөт, башы ооруйт, денеси ысыйт, алы кетип, кээде эстен танат. Жүрөк-кан тамыр системасында бузулуулар болот. Аны убагында жакшы дарылабаса өнөкөт түрүнө өтөт. Ал демейде кандайдыр бир органды – карынды (''гастрит''), ичке ичегини (''энтерит'') же жоон ичегини (''колит'') жабыркатат. Жеӊил учурунда 5–7 күндө жакшы болуп кетет. Дарылоо – ичеги-карын жолдорундагы сезгенүү процессине, инфекция ж-а ууланууга каршы жүргүзүлөт. Диетаны сактоо – аз-аздан 5–6 жолу тамактануу, сүрсүгөн, туздалган, куурулган тамакты, кара нан, ынак сүт ж. б. жегенге ж-а ичкенге болбойт. Белоктуу диета – эт сорпосу, майдаланган эт, быштак, үч күн турган кефир, айран, майсыз сыр, кайнап бышкан балык эти, сууга бышкан ботко, кургатылган же каткан ак нан, лимон м-н чай, компот берүү сунуш кылынат. Алдын алууда тамак-аштан уулануудан сактануу ж-а жеке гигиена эрежелерин сактоо, катуу кармаган Гастроэнтерколитти жакшы дарылоо зарыл. | ||
[[Category: 2-том]] | [[Category: 2-том]] | ||
07:52, 15 Август (Баш оона) 2024 -деги абалы
ГАСТРОЭНТЕРОКОЛИ́Т (гастрит... ж-а гр. tnteron – ичеги, kjlon – жоон ичеги) – карын, ичке ж-а жоон ичегини бир мезгилде жабыркаткан сезгенүү оорусу. Ал кээ бир бактериялар ж-а вирустар, уу металлдар, щелочтор, спирт, дары-дармек м-н ууланганда, дары ж-а тамактан болгон аллергияда көбүнчө катуу кармайт. Көп учурда бактерия жуккандан болот. Гастроэнтерколитке карын зилинин кычкылынын аз болуусу, витамин жетишсиздик, кара жумуш, алкоголь ичимдигин көп ичүү түрткү берет. Оору капысынан башталып, оорулуу кусат, ичи ооруйт ж-а өтөт, башы ооруйт, денеси ысыйт, алы кетип, кээде эстен танат. Жүрөк-кан тамыр системасында бузулуулар болот. Аны убагында жакшы дарылабаса өнөкөт түрүнө өтөт. Ал демейде кандайдыр бир органды – карынды (гастрит), ичке ичегини (энтерит) же жоон ичегини (колит) жабыркатат. Жеӊил учурунда 5–7 күндө жакшы болуп кетет. Дарылоо – ичеги-карын жолдорундагы сезгенүү процессине, инфекция ж-а ууланууга каршы жүргүзүлөт. Диетаны сактоо – аз-аздан 5–6 жолу тамактануу, сүрсүгөн, туздалган, куурулган тамакты, кара нан, ынак сүт ж. б. жегенге ж-а ичкенге болбойт. Белоктуу диета – эт сорпосу, майдаланган эт, быштак, үч күн турган кефир, айран, майсыз сыр, кайнап бышкан балык эти, сууга бышкан ботко, кургатылган же каткан ак нан, лимон м-н чай, компот берүү сунуш кылынат. Алдын алууда тамак-аштан уулануудан сактануу ж-а жеке гигиена эрежелерин сактоо, катуу кармаган Гастроэнтерколитти жакшы дарылоо зарыл.