ГВИНЕЯ-БИСАУ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
No edit summary
No edit summary

1 сап: 1 сап:
'''ГВИНЕ́Я-БИСА́У''' , Г в и н е я - Б и с а у Р е с п у б л и к а с ы – Батыш Африкадагы мамлекет. Чыгышынан ж-а түштүгүнөн Гвинея, түндүгүнөн Сенегал м-н чектешип, батышын Атлантика океаны чулгайт. Аянты 36,1 миӊ ''км''2. Калкы 2,0 млн (2021). Борбору – Бисау шаары. Мамлекеттик тили – португал тили. Акча бирдиги Батыш Африка валюта союзунун франкы. Административдик жактан 9 округка бөлүнөт (табл.).

[[File:ГВИНЕЯ-БИСАУ90.png | thumb | Таблица бар.
Администрациялык-аймактык бөлүнүшү (2006)]]
[[File:ГВИНЕЯ-БИСАУ90.png | thumb | Таблица бар.
Администрациялык-аймактык бөлүнүшү (2006)]]
Г.-Б. – унитардык мамлекет. Конституциясы 1984-ж. 16-майда кабыл алынган. Башкаруу формасы – президенттик республика. Мамлекет башчысы – президент. Мыйзам чыгаруу бийлигинин жогорку органы – Улуттук Элдик чогулуш. Аткаруу бийлигин премьер-министр жетектеген Министрлер кеӊеши жүзөгө ашырат. Саясий партиялардын арасынан Гвинеянын ж-а Кабо-Верденин көз каранды эместигинин африкалык партиясы негизги ролду ойнойт.
Гвинея-Бисау – унитардык мамлекет. Конституциясы 1984-жылы 16-майда кабыл алынган. Башкаруу формасы – президенттик республика. Мамлекет башчысы – президент. Мыйзам чыгаруу бийлигинин жогорку органы – Улуттук Элдик чогулуш. Аткаруу бийлигин премьер-министр жетектеген Министрлер кеӊеши жүзөгө ашырат. Саясий партиялардын арасынан Гвинеянын ж-а Кабо-Верденин көз каранды эместигинин африкалык партиясы негизги ролду ойнойт.
Гвинея-Бисау дээрлик экватордук алкакта жайгашкан. Рельефинде түздүк жерлер басымдуу, кээ бир жери саздак. Деӊиз деӊгээлинен эӊ бийик жери 262 ''м'' (Фута-Жаллон платосу), төмөнкүсү Атлантика океанынын деӊгээли. Климаты экватордук-муссондук. Жайы жаанчыл, кышы кургак. Январдын орточо температурасы 24°С, июлдуку 26°С. Жылдык жаан-чачыны: жээкте 2000 ''мм'', ички аймактарында 1200–1500 ''мм''. Кыска, бирок суусу мол дарыялары (Корубал, Жеба, Кашеу) бар. Өсүмдүктөрү токойлуу саваннадан дайыма жашыл тропик токоюна өтөт. Жээк тилкесинде мангр токою өсөт. Токой аянттарынын деградацияга учурашы экологиялык курч проблемага айланган (токой аянты жылына 1%ке кыскарат). Жаныбарлар дүйнөсү адамзаттын иш-аракетинен өтө жабыркаган. Сүт эмүүчүлөрдүн (108 түр) Африка ламантини, бегемот, маймыл, жаныш, кабылан, каман, жылан, крокодилдер ж. б. жандыктар, ошондой эле куштардын 314 түрү кездешет. Гвинея-Бисауда аянты 721 миӊ ''га'' (деӊиз тилкеси м-н чогуу) болгон 7 коргоолуучу аймак (Болама-Бижагош биосфералык резерваты, Эл аралык маанидеги Лагуна-Куфада нымдуу-саздак жери ж. б.) бар.
Калкынын көбү (99%) – африкалыктар (баланте – 22,6%, фульбе – 20,9%, манде – 13,8%, ж. б.), ошондой эле европалыктар ж-а мулаттар да бар. Расмий тилинен (португал) тышкары Гвинея-Бисаулуктар жергиликтүү диалекттеги (73,9%) ж-а криуло тилинде да сүйлөшөт. Калкынын жашынын орточо узактыгы 46,9 жаш (эркектериники – 45,1; аялдарыныкы – 48,8). Динге ишенгендердин көбү (50–65%) жергиликтүү динди тутат, ошондой эле мусулмандар (30–45%) ж-а христиандар (5–13%) бар. Эмгекке жарамдуу калкы 500 миӊ, анын 82% айыл чарбасында

Г.-Б. дээрлик экватордук алкакта жайгашкан. Рельефинде түздүк жерлер басымдуу, кээ бир жери саздак. Деӊиз деӊг. эӊ бийик жери 262 ''м'' (Фута-Жаллон платосу), төмөнкүсү Атлантика океанынын деӊгээли. Климаты экватордук-муссондук. Жайы жаанчыл, кышы кургак. Январдын орт. темп-расы 24°С, июлдуку 26°С. Жылдык жаан-чачыны: жээкте 2000 ''мм'', ички аймактарында 1200–1500 ''мм''. Кыска, бирок суусу мол дарыялары (Корубал, Жеба, Кашеу) бар. Өсүмдүктөрү токойлуу саваннадан дайыма жашыл тропик токоюна өтөт. Жээк тилкесинде мангр токою өсөт. Токой аянттарынын деградацияга учурашы экол. курч проблемага айланган (токой аянты жылына 1%ке кыскарат). Жаныбарлар дүйнөсү адамзаттын иш-аракетинен өтө жабыркаган. Сүт эмүүчүлөрдүн (108 түр) Африка ламантини, бегемот, маймыл, жаныш, кабылан, каман, жылан, крокодилдер ж. б. жандыктар, о. эле куштардын 314 түрү кездешет. Г.-Б-да аянты 721 миӊ ''га'' (деӊиз тилкеси м-н чогуу) болгон 7 коргоолуучу аймак (Болама-Бижагош биосфералык резерваты, Эл аралык маанидеги Лагуна-Куфада нымдуу-саздак жери ж. б.) бар.

Калкынын көбү (99%) – африкалыктар (баланте – 22,6%, фульбе – 20,9%, манде – 13,8%, ж. б.), о. эле европалыктар ж-а мулаттар да бар. Расмий тилинен (португал) тышкары Г.-Б-тар жерг. диалекттеги (73,9%) ж-а криуло тилинде да сүйлөшөт. Калкынын жашынын орт. узактыгы 46,9 жаш (эркектериники – 45,1; аялдарыныкы – 48,8). Динге ишенгендердин көбү (50–65%) жерг. динди тутат, о. эле мусулмандар (30–45%) ж-а христиандар (5–13%) бар. Эмгекке жарамдуу калкы 500 миӊ, анын 82% а. ч-да

[[File:ГВИНЕЯ-БИСАУ91.png | thumb | Авенюда жайгашкан дүр-дүйнө дүкөнү.]]
[[File:ГВИНЕЯ-БИСАУ91.png | thumb | Авенюда жайгашкан дүр-дүйнө дүкөнү.]]
иштейт. Калкынын орт. жыштыгы 1 ''км''2 жерге 40 киши. Ири шаарлары: Бисау, Бафата, Габу, Бисора ж. б.
иштейт. Калкынын орточо жыштыгы 1 ''км''2 жерге 40 киши. Ири шаарлары: Бисау, Бафата, Габу, Бисора ж. б.
Гвинея-Бисаудагы элдердин байыркы ж-а орто кылымдагы тарыхы начар изилденген. 9–13-кылымдардын башында Гвинея-Бисаунун аймагы Гана мамлекетинин, 13–15-кылымдарда орто кылымдык Мали, 15-кылымдан Сонгай мамлекетинин курамында келген. 15-кылымда Африканын батыш жээктерине келген португалиялыктар Гвинея-Бисау жерин кул жөнөтүүчү пунктка айландырып, 16–18-кылымдарда Фарин, Кашеу, Бисау сыяктуу таяныч базарларын түзгөн ж-а жүз миӊдеген кулдарды Америка м-н Вест-Индияга жөнөтүп турушкан. Алар 19-кылымдын башына чейин Гвинея-Бисаунун жээктери м-н аралдарында айрым гана пункттарга ээ болсо, 19-кылымдын соӊку чейрегинде Африканы бөлүштүрүү башталып, Гвинея-Бисау жерин Улуу Британия м-н Франция талашкан; бул талаштар Гвинея-Бисаунун Португалиянын көзөмөлүндө калуусуна шарт түзгөн. 1879-жылга чейин Гвинея-Бисау Жашыл Тумшук аралындагы португалиялык колониялардын губернатору тарабынан башкарылган. 1879-жылдан Гвинея-Бисау өзүнчө колония болгон. 1956-жылы Гвинея-Бисаунун улуттук революциячыл партиясы – Гвинея ж-а Жашыл Тумшук аралынын көз каранды эместигинин африкалык партиясы

Г.-Б-дагы элдердин байыркы ж-а о. кылымдагы тарыхы начар изилденген. 9–13-к-дын башында Г.-Б-нын аймагы Гана мамлекетинин, 13–15-к-да о. кылымдык Мали, 15-к-дан Сонгай мамлекетинин курамында келген. 15-к-да Африканын батыш жээктерине келген португалиялыктар Г.-Б. жерин кул жөнөтүүчү пунктка айландырып, 16–18-к-да Фарин, Кашеу, Бисау сыяктуу таяныч базарларын түзгөн ж-а жүз миӊдеген кулдарды Америка м-н Вест-Индияга жөнөтүп турушкан. Алар 19-к-дын башына чейин Г.-Б-нун жээктери м-н аралдарында айрым гана пункттарга ээ болсо, 19-к-дын соӊку чейрегинде Африканы бөлүштүрүү башталып, Г.-Б. жерин Улуу Британия м-н Франция талашкан; бул талаштар Г.-Б-нун Португалиянын көзөмөлүндө калуусуна шарт түзгөн. 1879-ж. чейин Г.-Б. Жашыл Тумшук а-ндагы португалиялык колониялардын губернатору тарабынан башкарылган. 1879-жылдан Г.-Б. өзүнчө колония болгон. 1956-ж. Г.-Б-нун улуттук рев-ячыл партиясы – Гвинея ж-а Жашыл Тумшук а-нын көз каранды эместигинин африкалык партиясы

[[File:ГВИНЕЯ-БИСАУ92.png | thumb | none]]
[[File:ГВИНЕЯ-БИСАУ92.png | thumb | none]]

[[File:ГВИНЕЯ-БИСАУ93.png | thumb | Көз каранды эместикти майрамдоо.]]
[[File:ГВИНЕЯ-БИСАУ93.png | thumb | Көз каранды эместикти майрамдоо.]]
(ПАИГК) түзүлгөн. 1973-ж. 24-сентябрда Г.-Б. көз каранды эмес мамлекет деп жарыяланып, алгачкы президенти болуп Луис Кабрал шайланган. Кийинки жылы Португалия өлкөдөн өз аскерлерин чыгарып кетүүгө мажбур болгон. Банктар, ири компаниялар мамл. менчикке өткөрүлгөн. 1980-ж. 14-ноябрда генерал Ш. Б. Виейра төӊкөрүш жасап бийликке келет. 1992-жылдан өлкөдө көп партиялуу система киргизилген. 1998-ж. өлкөдө гражд. согуш тутанган. 2000-ж. президенттик шайлоодо К. Ялла жеӊишке жетишкен. Ал оппозицияга каршы катал саясат жүргүзүп, армияда «тазалоолорду» жасап, 2003-ж. сентябрда Ялла армия тарабынан бийликтен четтетилген. 2005-ж. Виейра кайрадан президент болуп шайланган. 2009-ж. Внейра аскердик козголоңдо каза болгон соң, өлкөдө бир нече жолу президенттик бийлик алмашкан. Өлкө экон. жактан артта калып, коррупция күч алган. 2019-ж. коррупциянын деңгээли б-ча Г.-Б. 180 өлкөнүн тизмесинде 168-орунда турган. 2019-жылдан ӨлкӨнүн президенти У.С. Эмбало.
(ПАИГК) түзүлгөн. 1973-жылы 24-сентябрда Гвинея-Бисау көз каранды эмес мамлекет деп жарыяланып, алгачкы президенти болуп Луис Кабрал шайланган. Кийинки жылы Португалия өлкөдөн өз аскерлерин чыгарып кетүүгө мажбур болгон. Банктар, ири компаниялар мамлекеттик менчикке өткөрүлгөн. 1980-жылы 14-ноябрда генерал Ш. Б. Виейра төӊкөрүш жасап бийликке келет. 1992-жылдан өлкөдө көп партиялуу система киргизилген. 1998-жылы өлкөдө граждандык согуш тутанган. 2000-жылы президенттик шайлоодо К. Ялла жеӊишке жетишкен. Ал оппозицияга каршы катал саясат жүргүзүп, армияда «тазалоолорду» жасап, 2003-жылы сентябрда Ялла армия тарабынан бийликтен четтетилген. 2005-жылы Виейра кайрадан президент болуп шайланган. 2009-жылы Виейра аскердик козголоңдо каза болгон соң, өлкөдө бир нече жолу президенттик бийлик алмашкан. Өлкө экономикалык жактан артта калып, коррупция күч алган. 2019-жылы коррупциянын деңгээли боюнча Гвинея-Бисау 180 өлкөнүн тизмесинде 168-орунда турган. 2019-жылдан өлкөнүн президенти У.С. Эмбало.
Гвинея-Бисау экономикалык жактан начар өнүккөн агрардык өлкө. ИДПнин көлөмү 1,2 млрд доллар (анын ичинен айыл ж-а токой чарбалары, балык улоо – 62%, өнөр жайы – 12%, тейлөө кызматы – 26%); аны киши башына бөлүштүргөндө 800 доллардан туура келет. Экспорт көлөмү – 54 млн доллар, импорт –104 млн доллар (2003). Гвинея-Бисаунун айыл чарбасы ИДПнин жарымынан көбүн өндүрөт (өлкөгө валютанын агып келишинин 80%ин түзөт). Шалы м-н жаӊгак (негизги экспорттук товарлар), жер жаӊгак, жүгөрү, пахта, чанактуу дан өсүмдүктөрү өстүрүлөт. Айыл чарбасы м-н балык улоо калктын экономикалык  негизги багыты болгонуна карабастан, өлкө азык-түлүк м-н толук камсыз болбойт. Өндүрүшү негизинен айыл чарба продукциясын кайра иштетүү м-н алек. Ошондой эле электр энергиясы (жылына 56 ''кВт . с'') өндүрүлүп, жеӊил ж-а жыгач иштетүү, автомобиль оӊдоо өнөр жай тармактары иштөөдө. Темир жолу жок, автомобиль жолу – 4,4 миӊ ''км'' (453 ''км''ине таш төшөлгөн). 28 аэропорт (эл аралык аэропорт Бисау шаарында) бар. Негизги порттору – Бисау, Болама, Кашеу ж. б. Негизги соода шериктештери: Индия, АКШ, Нигерия, Португалия, Сенегал, Кытай.
Билим берүү системасы башталгыч, толук эмес орто ж-а орто билимди камтыйт. Бисауда Улуттук искусство институту, музыка ж-а бий мектеби, Улуттук илим-изилдөө институту, Улуттук китепкана, Гвинея-Бисау музейи, дизайн музейи, Этнографиялык музей ж. б. орун алган. 1975-жылы  Мамлекеттик маалымат агентчилиги негизделген. Мамлекеттик телерадиоберүү компаниясы, үч менчик радиостанциясы бар. Адабияты португал, француз ж-а креол тилдеринде өнүгүүдө. Жергиликтүү турак жайлар ар түрдүү түзүлүштө: өрүлгөн камыштан жасалган тик бурчтуу алачыктар, үстү самандан конус түрүндө жабылган үйлөр. Азыр европалык стилдеги имараттар тургузулууда. Сүрөт искусствосу көбүнчө аралдарда өнүккөн. Кызыл ж-а кара жыгачтан, ошондой эле пил сөөгүнөн өтүп кеткен муундардын келбетин, ырым-жырым буюмдарын, адам м-н жаныбарлардын бетин элестеткен беткептерди жасашат. Жыгачтан ж-а уйдун мүйүзүнөн курал жасоо (жаа, найза, жебе) кеӊири тараган. Гвинея-Бисаунун музыка дүйнөсү негизинен фульбе, мандинка, баланте ж. б. элдердин каада-салттары м-н байланыштуу. Музыкалык аспаптары Батыш Африкага мүнөздүү.

Г.-Б. экон. жактан начар өнүккөн агрардык өлкө. ИДПнин көлөмү 1,2 млрд доллар (а. и. айыл ж-а токой чарбалары, балык улоо – 62%, өнөр жайы – 12%, тейлөө кызматы – 26%); аны киши башына бөлүштүргөндө 800 доллардан тура келет. Экспорт көлөмү – 54 млн доллар, импорт –104 млн доллар (2003). Г.- Б-нун а. ч-сы ИДПнин жарымынан көбүн өндүрөт (өлкөгө валютанын агып келишинин 80%ин түзөт). Шалы м-н жаӊгак (негизги экспорттук товарлар), жер жаӊгак, жүгөрү, пахта, чанактуу дан өсүмдүктөрү өстүрүлөт. А. ч-сы м-н балык улоо калктын экон. негизги багыты болгонуна карабастан, өлкө азык-түлүк м-н толук камсыз болбойт. Өндүрүшү негизинен а. ч. Продукциясын кайра иштетүү м-н алек. О. эле электр энергиясы (жылына 56 ''кВт . с'') өндүрүлүп, жеӊил ж-а жыгач иштетүү, автомобиль оӊдоо өнөр жай тармактары иштөөдө. Темир жолу жок, автомобиль жолу – 4,4 миӊ ''км'' (453 ''км''ине таш төшөлгөн). 28 аэропорт (эл аралык аэропорт Бисау ш-нда) бар. Негизги порттору – Бисау, Болама, Кашеу ж. б. Негизги соода шериктештери: Индия, АКШ, Нигерия, Португалия, Сенегал, Кытай.

Билим берүү системасы башталгыч, толук эмес орто ж-а орто билимди камтыйт. Биссауда Улуттук иск-во ин-ту, музыка ж-а бий мектеби, Улуттук ил.-из. ин-туту, Улуттук китепкана, Г.-Б. музейи, дизайн музейи, Этногр. музей ж. б. орун алган. 1975-ж. Мамл. маалымат агентчилиги негизделген. Мамл. телерадиоберүү компаниясы, үч менчик радиостанциясы бар. Ад-ты португал, француз ж-а креол тилдеринде өнүгүүдө. Жерг. Турак жайлар ар түрдүү түзүлүштө: өрүлгөн камыштан жасалган тик бурчтуу алачыктар, үстү самандан конус түрүндө жабылган үйлөр. Азыр европ. стилдеги имараттар тургузулууда. Сүрөт иск-восу көбүнчө аралдарда өнүккөн. Кызыл ж-а кара жыгачтан, о. эле пил сөөгүнөн өтүп кеткен муундардын келбетин, ырым-жырым буюмдарын, адам м-н жаныбарлардын бетин элестеткен беткептерди жасашат. Жыгачтан ж-а уйдун мүйүзүнөн курал жасоо (жаа, найза, жебе) кеӊири тараган. Г.-Б-нун музыка дүйнөсү негизинен фульбе, мандинка, баланте ж. б. элдердин каада-салттары м-н байланыштуу. Муз. аспаптары Батыш Африкага мүнөздүү.

Ад.: ''Лавренов Е. Л.'' Гвинея-Бисау. М., 1977; ГвинеяБисау// Страны мира. Справочник. М., 2006.

Ад.: ''Лавренов Е. Л.'' Гвинея-Бисау. М., 1977; ГвинеяБисау// Страны мира. Справочник. М., 2006.
[[Category: 2-том]]
[[Category: 2-том]]

05:27, 16 Август (Баш оона) 2024 -га соңку нускасы

ГВИНЕ́Я-БИСА́У , Г в и н е я - Б и с а у Р е с п у б л и к а с ы – Батыш Африкадагы мамлекет. Чыгышынан ж-а түштүгүнөн Гвинея, түндүгүнөн Сенегал м-н чектешип, батышын Атлантика океаны чулгайт. Аянты 36,1 миӊ км2. Калкы 2,0 млн (2021). Борбору – Бисау шаары. Мамлекеттик тили – португал тили. Акча бирдиги Батыш Африка валюта союзунун франкы. Административдик жактан 9 округка бөлүнөт (табл.).

Таблица бар.
Администрациялык-аймактык бөлүнүшү (2006)

Гвинея-Бисау – унитардык мамлекет. Конституциясы 1984-жылы 16-майда кабыл алынган. Башкаруу формасы – президенттик республика. Мамлекет башчысы – президент. Мыйзам чыгаруу бийлигинин жогорку органы – Улуттук Элдик чогулуш. Аткаруу бийлигин премьер-министр жетектеген Министрлер кеӊеши жүзөгө ашырат. Саясий партиялардын арасынан Гвинеянын ж-а Кабо-Верденин көз каранды эместигинин африкалык партиясы негизги ролду ойнойт.
Гвинея-Бисау дээрлик экватордук алкакта жайгашкан. Рельефинде түздүк жерлер басымдуу, кээ бир жери саздак. Деӊиз деӊгээлинен эӊ бийик жери 262 м (Фута-Жаллон платосу), төмөнкүсү Атлантика океанынын деӊгээли. Климаты экватордук-муссондук. Жайы жаанчыл, кышы кургак. Январдын орточо температурасы 24°С, июлдуку 26°С. Жылдык жаан-чачыны: жээкте 2000 мм, ички аймактарында 1200–1500 мм. Кыска, бирок суусу мол дарыялары (Корубал, Жеба, Кашеу) бар. Өсүмдүктөрү токойлуу саваннадан дайыма жашыл тропик токоюна өтөт. Жээк тилкесинде мангр токою өсөт. Токой аянттарынын деградацияга учурашы экологиялык курч проблемага айланган (токой аянты жылына 1%ке кыскарат). Жаныбарлар дүйнөсү адамзаттын иш-аракетинен өтө жабыркаган. Сүт эмүүчүлөрдүн (108 түр) Африка ламантини, бегемот, маймыл, жаныш, кабылан, каман, жылан, крокодилдер ж. б. жандыктар, ошондой эле куштардын 314 түрү кездешет. Гвинея-Бисауда аянты 721 миӊ га (деӊиз тилкеси м-н чогуу) болгон 7 коргоолуучу аймак (Болама-Бижагош биосфералык резерваты, Эл аралык маанидеги Лагуна-Куфада нымдуу-саздак жери ж. б.) бар.
Калкынын көбү (99%) – африкалыктар (баланте – 22,6%, фульбе – 20,9%, манде – 13,8%, ж. б.), ошондой эле европалыктар ж-а мулаттар да бар. Расмий тилинен (португал) тышкары Гвинея-Бисаулуктар жергиликтүү диалекттеги (73,9%) ж-а криуло тилинде да сүйлөшөт. Калкынын жашынын орточо узактыгы 46,9 жаш (эркектериники – 45,1; аялдарыныкы – 48,8). Динге ишенгендердин көбү (50–65%) жергиликтүү динди тутат, ошондой эле мусулмандар (30–45%) ж-а христиандар (5–13%) бар. Эмгекке жарамдуу калкы 500 миӊ, анын 82% айыл чарбасында

Авенюда жайгашкан дүр-дүйнө дүкөнү.

иштейт. Калкынын орточо жыштыгы 1 км2 жерге 40 киши. Ири шаарлары: Бисау, Бафата, Габу, Бисора ж. б.
Гвинея-Бисаудагы элдердин байыркы ж-а орто кылымдагы тарыхы начар изилденген. 9–13-кылымдардын башында Гвинея-Бисаунун аймагы Гана мамлекетинин, 13–15-кылымдарда орто кылымдык Мали, 15-кылымдан Сонгай мамлекетинин курамында келген. 15-кылымда Африканын батыш жээктерине келген португалиялыктар Гвинея-Бисау жерин кул жөнөтүүчү пунктка айландырып, 16–18-кылымдарда Фарин, Кашеу, Бисау сыяктуу таяныч базарларын түзгөн ж-а жүз миӊдеген кулдарды Америка м-н Вест-Индияга жөнөтүп турушкан. Алар 19-кылымдын башына чейин Гвинея-Бисаунун жээктери м-н аралдарында айрым гана пункттарга ээ болсо, 19-кылымдын соӊку чейрегинде Африканы бөлүштүрүү башталып, Гвинея-Бисау жерин Улуу Британия м-н Франция талашкан; бул талаштар Гвинея-Бисаунун Португалиянын көзөмөлүндө калуусуна шарт түзгөн. 1879-жылга чейин Гвинея-Бисау Жашыл Тумшук аралындагы португалиялык колониялардын губернатору тарабынан башкарылган. 1879-жылдан Гвинея-Бисау өзүнчө колония болгон. 1956-жылы Гвинея-Бисаунун улуттук революциячыл партиясы – Гвинея ж-а Жашыл Тумшук аралынын көз каранды эместигинин африкалык партиясы

Көз каранды эместикти майрамдоо.

(ПАИГК) түзүлгөн. 1973-жылы 24-сентябрда Гвинея-Бисау көз каранды эмес мамлекет деп жарыяланып, алгачкы президенти болуп Луис Кабрал шайланган. Кийинки жылы Португалия өлкөдөн өз аскерлерин чыгарып кетүүгө мажбур болгон. Банктар, ири компаниялар мамлекеттик менчикке өткөрүлгөн. 1980-жылы 14-ноябрда генерал Ш. Б. Виейра төӊкөрүш жасап бийликке келет. 1992-жылдан өлкөдө көп партиялуу система киргизилген. 1998-жылы өлкөдө граждандык согуш тутанган. 2000-жылы президенттик шайлоодо К. Ялла жеӊишке жетишкен. Ал оппозицияга каршы катал саясат жүргүзүп, армияда «тазалоолорду» жасап, 2003-жылы сентябрда Ялла армия тарабынан бийликтен четтетилген. 2005-жылы Виейра кайрадан президент болуп шайланган. 2009-жылы Виейра аскердик козголоңдо каза болгон соң, өлкөдө бир нече жолу президенттик бийлик алмашкан. Өлкө экономикалык жактан артта калып, коррупция күч алган. 2019-жылы коррупциянын деңгээли боюнча Гвинея-Бисау 180 өлкөнүн тизмесинде 168-орунда турган. 2019-жылдан өлкөнүн президенти У.С. Эмбало.
Гвинея-Бисау экономикалык жактан начар өнүккөн агрардык өлкө. ИДПнин көлөмү 1,2 млрд доллар (анын ичинен айыл ж-а токой чарбалары, балык улоо – 62%, өнөр жайы – 12%, тейлөө кызматы – 26%); аны киши башына бөлүштүргөндө 800 доллардан туура келет. Экспорт көлөмү – 54 млн доллар, импорт –104 млн доллар (2003). Гвинея-Бисаунун айыл чарбасы ИДПнин жарымынан көбүн өндүрөт (өлкөгө валютанын агып келишинин 80%ин түзөт). Шалы м-н жаӊгак (негизги экспорттук товарлар), жер жаӊгак, жүгөрү, пахта, чанактуу дан өсүмдүктөрү өстүрүлөт. Айыл чарбасы м-н балык улоо калктын экономикалык негизги багыты болгонуна карабастан, өлкө азык-түлүк м-н толук камсыз болбойт. Өндүрүшү негизинен айыл чарба продукциясын кайра иштетүү м-н алек. Ошондой эле электр энергиясы (жылына 56 кВт . с) өндүрүлүп, жеӊил ж-а жыгач иштетүү, автомобиль оӊдоо өнөр жай тармактары иштөөдө. Темир жолу жок, автомобиль жолу – 4,4 миӊ км (453 кмине таш төшөлгөн). 28 аэропорт (эл аралык аэропорт Бисау шаарында) бар. Негизги порттору – Бисау, Болама, Кашеу ж. б. Негизги соода шериктештери: Индия, АКШ, Нигерия, Португалия, Сенегал, Кытай.
Билим берүү системасы башталгыч, толук эмес орто ж-а орто билимди камтыйт. Бисауда Улуттук искусство институту, музыка ж-а бий мектеби, Улуттук илим-изилдөө институту, Улуттук китепкана, Гвинея-Бисау музейи, дизайн музейи, Этнографиялык музей ж. б. орун алган. 1975-жылы Мамлекеттик маалымат агентчилиги негизделген. Мамлекеттик телерадиоберүү компаниясы, үч менчик радиостанциясы бар. Адабияты португал, француз ж-а креол тилдеринде өнүгүүдө. Жергиликтүү турак жайлар ар түрдүү түзүлүштө: өрүлгөн камыштан жасалган тик бурчтуу алачыктар, үстү самандан конус түрүндө жабылган үйлөр. Азыр европалык стилдеги имараттар тургузулууда. Сүрөт искусствосу көбүнчө аралдарда өнүккөн. Кызыл ж-а кара жыгачтан, ошондой эле пил сөөгүнөн өтүп кеткен муундардын келбетин, ырым-жырым буюмдарын, адам м-н жаныбарлардын бетин элестеткен беткептерди жасашат. Жыгачтан ж-а уйдун мүйүзүнөн курал жасоо (жаа, найза, жебе) кеӊири тараган. Гвинея-Бисаунун музыка дүйнөсү негизинен фульбе, мандинка, баланте ж. б. элдердин каада-салттары м-н байланыштуу. Музыкалык аспаптары Батыш Африкага мүнөздүү.

Ад.: Лавренов Е. Л. Гвинея-Бисау. М., 1977; ГвинеяБисау// Страны мира. Справочник. М., 2006.