ГЕЙГЕР-МЮЛЛЕР ЭСЕПТЕГИЧИ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
No edit summary
(Айырма жок)

03:47, 19 Август (Баш оона) 2024 -деги абалы

ГЕ́ЙГЕР-МЮ́ЛЛЕР ЭСЕПТЕГИЧИ– заряддуу бөлүкчөлөрдү, нурларды каттоого ж-а изилдөөгө ылайыкталган прибор. Немец физиктери Х. Гейгер м- н В. Мюллердин ысымынан аталган. Ал ичинен абасы сордурулган узун айнек баллондон турат. Баллондун ички бети металл м-н капталып, ал катоддун, баллондун узуну боюнча тартылган ичке зым аноддун милдетин аткарат. Баллон басымы 100–150 сым. мам. мм аргон же неон газы м-н толтурулган. Катод м-н аноддун ортосуна жетишерлик чоӊ чыӊалуу берилгенден кийин баллонго кирген бөлүкчө өзүнүн зарядына, массасына ж-а ылдамдыгына

Гейгер-Мюллер эсептегичи: 1 – жылчыксыз (герметикалык) айнек түтүк;
2 – катод (дат баспаган болоттон жасалган түтүк бетиндеги жездин жука катмары); 3 – катод; 4 – анод (катоддун огу боюнча тартылган ичке зым).

жараша газды иондоштуруп, чынжырда ток импульсун пайда кылат. Ал импульс күчөтүү м-н атайын санагычка берилет. Пайда болгон ток импульсуна жараша бөлүкчөнүн бир катар мүнөздөмөлөрүн да аныктоого болот. Гейгер-Мюллер эсептегичи ядролук изилдөөдө, радиоактивдүү минералдар кенин чалгындоодо, рентген нурларынын ургаалдуулугун өлчөөдө, биология, медицина, химия, металлография ж. б. кеӊири колдонулат.