ГАРМОНИЯ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
No edit summary
No edit summary
1 сап: 1 сап:
'''ГАРМО́НИЯ ''' (гр. harmonia – байланыш, ырааттуулук, шайкештик) а р х и т е к т у р а д а – курулуштун жеке бөлүктөрүнүн өз ара ылайыкташып, өлчөм катышы шайкеш келип, келишимдүү болушу. Архитектуралык Гармония ой-идея м-н бирге жаралып, имараттын масштабдуулугун, элементтеринин ыргагын, жаратылыш м-н байланыш композициясын түзөт. М у з ы к а д а – тондордун бир үндөшүүгө келүүсүнө ж-а үндөшүүнүн ''ладдын'' шартына карай катары м-н жайгашуусуна байланышкан музыканын маанилүү каражаты. Гармонияда аккорддордун мааниси чоӊ; аккорддордун алмашуусу м-н анын ладдык, гармониялык функциялары, ошондой эле үн өрчүтүү мыйзамченемдери аныкталат. Гармония обонго шайкеш келүү м-н аны байытып, угумдуулугун арттырат. Гармония элементтери, айрыкча ''каденциялар'' ж-а модуляциялар, музыкалык форманы түзүүдө маанилүү роль ойнойт.
'''ГАРМО́НИЯ ''' (гр. harmonia – байланыш, ырааттуулук, шайкештик) а р х и т е к т у р а д а – курулуштун жеке бөлүктөрүнүн өз ара ылайыкташып, өлчөм катышы шайкеш келип, келишимдүү болушу. Архитектуралык Гармония ой-идея менен бирге жаралып, имараттын масштабдуулугун, элементтеринин ыргагын, жаратылыш менен байланыш композициясын түзөт. М у з ы к а д а – тондордун бир үндөшүүгө келүүсүнө жана үндөшүүнүн ''ладдын'' шартына карай катары менен жайгашуусуна байланышкан музыканын маанилүү каражаты. Гармонияда аккорддордун мааниси чоӊ; аккорддордун алмашуусу менен анын ладдык, гармониялык функциялары, ошондой эле үн өрчүтүү мыйзам ченемдери аныкталат. Гармония обонго шайкеш келүү менен аны байытып, угумдуулугун арттырат. Гармония элементтери, айрыкча ''каденциялар'' жана модуляциялар, музыкалык форманы түзүүдө маанилүү роль ойнойт.
[[Category: 2-том]]
[[Category: 2-том]]

06:24, 20 Август (Баш оона) 2024 -деги абалы

ГАРМО́НИЯ (гр. harmonia – байланыш, ырааттуулук, шайкештик) а р х и т е к т у р а д а – курулуштун жеке бөлүктөрүнүн өз ара ылайыкташып, өлчөм катышы шайкеш келип, келишимдүү болушу. Архитектуралык Гармония ой-идея менен бирге жаралып, имараттын масштабдуулугун, элементтеринин ыргагын, жаратылыш менен байланыш композициясын түзөт. М у з ы к а д а – тондордун бир үндөшүүгө келүүсүнө жана үндөшүүнүн ладдын шартына карай катары менен жайгашуусуна байланышкан музыканын маанилүү каражаты. Гармонияда аккорддордун мааниси чоӊ; аккорддордун алмашуусу менен анын ладдык, гармониялык функциялары, ошондой эле үн өрчүтүү мыйзам ченемдери аныкталат. Гармония обонго шайкеш келүү менен аны байытып, угумдуулугун арттырат. Гармония элементтери, айрыкча каденциялар жана модуляциялар, музыкалык форманы түзүүдө маанилүү роль ойнойт.