ГЕЛИОЭНЕРГЕТИКА: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
No edit summary
1 сап: 1 сап:
'''ГЕЛИОЭНЕРГЕ́ТИКА ''' ''(гелио...'' – Күн ж-а ''энергетика'') – гелиотехниканын жардамы м-н күн радиациясынан энергия алуу. Анда электр энергиясын ж-а жогорку темп-радагы жылуулукту өндүрүү үчүн күнэлектр станциялары, күн элементтери ж-а батареялар, о. эле имараттарды ж-а күнөсканаларды (теплицаларды) жылытуу үчүн төмөнкү темп-ралуу жылуулук өндүрүүчү күн коллекторлору колдонулат. Мында энергияны керектөө ж-а атм-ны булгоочу заттардын өлчөмү 10–20%ке төмөндөйт. Айрым өлкөлөрдө күн энергиясы калыбына келүүчү энергия булагы катары ийгиликтүү пайдаланылууда. Мис., Израилде Г. аркылуу ысык суу м-н турак-жайлардын 65%и камсыз кылынат. Күн батареясында иштеген дүйнөдөгү 1-электр станциясы Калифорнияда (кубаттуулугу 6,5 ''МВт'') курулган. Ал 2,5 миӊге жакын турак-жайды жылытат. 1983-ж. Калифорниянын түштүгүндө «энергия мунаралары» курулган. Алар айлана-чөйрөгө булгоочу заттарды бөлүп чыгарбай, энергия өндүрүмдүүлүгү б-ча АЭСке теӊдешкен. Азыр дүйнөдө 20га жакын курулма бар, алардын 9у Калифорнияда, калгандары Израиль, Франция, Испания, Японияда ж-а КМШ өлкөлөрүндө. Бирок Г. энергияга болгон муктаждыкты толук чече албайт; анткени бул энергияны чогултуп сактоо кыйын, алыскы аралыкка жоготуусуз берүү мүмкүн эмес. Ошого байланыштуу жаӊы ыкма – күн энергиясын хим. энергияга айлантуу жолу табылууда. Мис., Сауд Арабиясында күн энергиясынан отунду (суутек) алуучу ж-а АКШда фотоэлектрдик курулмалар колдонулууда.
'''ГЕЛИОЭНЕРГЕ&#769;ТИКА ''' ''(гелио...'' – Күн ж-а ''энергетика'') – гелиотехниканын жардамы м-н күн радиациясынан энергия алуу. Анда электр энергиясын ж-а жогорку температурадагы жылуулукту өндүрүү үчүн күн электр станциялары, күн элементтери ж-а батареялар, ошондой эле имараттарды ж-а күнөсканаларды (теплицаларды) жылытуу үчүн төмөнкү температуралуу жылуулук өндүрүүчү күн коллекторлору колдонулат. Мында энергияны керектөө ж-а атмосфераны булгоочу заттардын өлчөмү 10–20%ке төмөндөйт. Айрым өлкөлөрдө күн энергиясы калыбына келүүчү энергия булагы катары ийгиликтүү пайдаланылууда. Мисалы, Израилде Гелиоэнергетика аркылуу ысык суу м-н турак-жайлардын 65%и камсыз кылынат. Күн батареясында иштеген дүйнөдөгү 1-электр станциясы Калифорнияда (кубаттуулугу 6,5 ''МВт'') курулган. Ал 2,5 миӊге жакын турак-жайды жылытат. 1983-жылы Калифорниянын түштүгүндө «энергия мунаралары» курулган. Алар айлана-чөйрөгө булгоочу заттарды бөлүп чыгарбай, энергия өндүрүмдүүлүгү боюнча АЭСке теӊдешкен. Азыр дүйнөдө 20га жакын курулма бар, алардын 9у Калифорнияда, калгандары Израиль, Франция, Испания, Японияда ж-а КМШ өлкөлөрүндө. Бирок Гелиоэнергетика энергияга болгон муктаждыкты толук чече албайт; анткени бул энергияны чогултуп сактоо кыйын, алыскы аралыкка жоготуусуз берүү мүмкүн эмес. Ошого байланыштуу жаӊы ыкма – күн энергиясын химиялык энергияга айлантуу жолу табылууда. Мисалы, Сауд Арабиясында күн энергиясынан отунду (суутек) алуучу ж-а АКШда фотоэлектрдик курулмалар колдонулууда.<br/>''У. Андашев.''
<br/>''У. Андашев.''
[[Category: 2-том]]
[[Category: 2-том]]

05:35, 21 Август (Баш оона) 2024 -деги абалы

ГЕЛИОЭНЕРГЕ́ТИКА (гелио... – Күн ж-а энергетика) – гелиотехниканын жардамы м-н күн радиациясынан энергия алуу. Анда электр энергиясын ж-а жогорку температурадагы жылуулукту өндүрүү үчүн күн электр станциялары, күн элементтери ж-а батареялар, ошондой эле имараттарды ж-а күнөсканаларды (теплицаларды) жылытуу үчүн төмөнкү температуралуу жылуулук өндүрүүчү күн коллекторлору колдонулат. Мында энергияны керектөө ж-а атмосфераны булгоочу заттардын өлчөмү 10–20%ке төмөндөйт. Айрым өлкөлөрдө күн энергиясы калыбына келүүчү энергия булагы катары ийгиликтүү пайдаланылууда. Мисалы, Израилде Гелиоэнергетика аркылуу ысык суу м-н турак-жайлардын 65%и камсыз кылынат. Күн батареясында иштеген дүйнөдөгү 1-электр станциясы Калифорнияда (кубаттуулугу 6,5 МВт) курулган. Ал 2,5 миӊге жакын турак-жайды жылытат. 1983-жылы Калифорниянын түштүгүндө «энергия мунаралары» курулган. Алар айлана-чөйрөгө булгоочу заттарды бөлүп чыгарбай, энергия өндүрүмдүүлүгү боюнча АЭСке теӊдешкен. Азыр дүйнөдө 20га жакын курулма бар, алардын 9у Калифорнияда, калгандары Израиль, Франция, Испания, Японияда ж-а КМШ өлкөлөрүндө. Бирок Гелиоэнергетика энергияга болгон муктаждыкты толук чече албайт; анткени бул энергияны чогултуп сактоо кыйын, алыскы аралыкка жоготуусуз берүү мүмкүн эмес. Ошого байланыштуу жаӊы ыкма – күн энергиясын химиялык энергияга айлантуу жолу табылууда. Мисалы, Сауд Арабиясында күн энергиясынан отунду (суутек) алуучу ж-а АКШда фотоэлектрдик курулмалар колдонулууда.
У. Андашев.