ГЕЛЬМИНТОЛОГИЯ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''ГЕЛЬМИНТОЛО́ГИЯ ''' (гр. hеlmins, hеlminthos – курт ж-а ...''логия'') – мите курттар (гельминттер) ж-а алар козгоочу оорулар ''(гельминтоздор)'' | '''ГЕЛЬМИНТОЛО́ГИЯ ''' (гр. hеlmins, hеlminthos – курт ж-а ...''логия'') – мите курттар (гельминттер) ж-а алар козгоочу оорулар ''(гельминтоздор)'' жөнүндөгү илим. Гельминтология көпчүлүк биологиялык илимдер (''зоология, медицина, ветеринария'' ж-а фитопатология) м-н тыгыз байланышта. Ал теориялык ж-а колдонмо маселелерди камтыйт. Теориялык маселелерге гельминттердин тарыхый өөрчүшүн, морфологиясын, физиологиясын, биохимиясын, алардын биологиялык ж-а экологиялык өзгөчөлүктөрүн, жаныбарлар дүйнөсүндө ээлеген ордун, таралышын, адамга, айбандарга ж-а өсүмдүктөргө тийгизген таасирин изилдейт. Колдонмо Гельминтология гельминтоздордун клиникасын, диагноздоо методдорун үйрөтөт, эпидемиологиясын ж-а эпизоотологиясын изилдеп, анын негизинде гельминтоздорду алдын алуу, дарылоо иш-чараларын иштеп чыгат. Негизги бөлүмдөрү: жалпы (гельминттердин фаунасын, систематикасын, биологиялык циклин ж. б. изилдейт); медициналык, ветеринардык, агрономиялык Гельминтология же фитогельминтология. Гельминтологиянын өсүшүнө К. И. ''Скрябиндин'' ж-а анын мектебинин салымы чоӊ. | ||
<br/>Ад.: ''Скрябин'' К. И., ''Шульц'' Р. С. Основы обшей гельминтологии, М. 1940. | |||
<br />Ад.: ''Скрябин'' К. И., ''Шульц'' Р. С. Основы обшей гельминтологии, М. 1940. | |||
[[Category: 2-том]] | [[Category: 2-том]] | ||
07:35, 21 Август (Баш оона) 2024 -деги абалы
ГЕЛЬМИНТОЛО́ГИЯ (гр. hеlmins, hеlminthos – курт ж-а ...логия) – мите курттар (гельминттер) ж-а алар козгоочу оорулар (гельминтоздор) жөнүндөгү илим. Гельминтология көпчүлүк биологиялык илимдер (зоология, медицина, ветеринария ж-а фитопатология) м-н тыгыз байланышта. Ал теориялык ж-а колдонмо маселелерди камтыйт. Теориялык маселелерге гельминттердин тарыхый өөрчүшүн, морфологиясын, физиологиясын, биохимиясын, алардын биологиялык ж-а экологиялык өзгөчөлүктөрүн, жаныбарлар дүйнөсүндө ээлеген ордун, таралышын, адамга, айбандарга ж-а өсүмдүктөргө тийгизген таасирин изилдейт. Колдонмо Гельминтология гельминтоздордун клиникасын, диагноздоо методдорун үйрөтөт, эпидемиологиясын ж-а эпизоотологиясын изилдеп, анын негизинде гельминтоздорду алдын алуу, дарылоо иш-чараларын иштеп чыгат. Негизги бөлүмдөрү: жалпы (гельминттердин фаунасын, систематикасын, биологиялык циклин ж. б. изилдейт); медициналык, ветеринардык, агрономиялык Гельминтология же фитогельминтология. Гельминтологиянын өсүшүнө К. И. Скрябиндин ж-а анын мектебинин салымы чоӊ.
Ад.: Скрябин К. И., Шульц Р. С. Основы обшей гельминтологии, М. 1940.