ГЕМАТОЛОГИЯ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''ГЕМАТОЛО́ГИЯ ''' (гр. hаima – кан ж-а ..''логия'') – медицинанын кан ж-а кан пайда кылуучу органдардын түзүлүшүн, функциясын, алардын ооруларын дарылоо | '''ГЕМАТОЛО́ГИЯ ''' (гр. hаima – кан ж-а ..''логия'') – медицинанын кан ж-а кан пайда кылуучу органдардын түзүлүшүн, функциясын, алардын ооруларын дарылоо жөнүндөгү бөлүмү. Кан ооруларынын өөрчү механизмин ж-а себептерин изилдейт. Кан пайда кылуучу системанын ооруларын диагноздоо, дарылоо ж-а алдын алуу жолдорун иштеп чыгат. Ал 1661-жылы италиялык анатом М. Мальпиги, 1673-жылы голландиялык биолог А. Левенгук жаныбар ж-а адамдын канынан кызыл кан денечелерин, ошол эле жылы англиялык хирург У. Хьюсон ак кан денечелерин ачкандан кийин өзүнчө илим болуп бөлүнгөн. Гематологиянын өнүгүшүнүн натыйжасында ''лейкоз'' (ак кан оорусу), ''анемия'' (аз кандуулук), ''гемолиз'' ж. б. оорулар изилденип, аларды дарылоо методдору иш жүзүнө ашырылды. Медицинанын башка бөлүмдөрү – ''терапия, хирургия, онкология'' м-н тыгыз байланыштуу. Гематологиянын бир тармагы – иммуногематология кан топторун, резус факторун ж. б. изилдейт. Хирургия, гинекология, ички ж-а жугуштуу ооруларды диагноздоодо Гематологиялык изилдөөлөрдүн мааниси чоӊ. Кыргызстанда Гематология боюнча изилдөөлөрдү Гематология илимий борбору жүргүзөт. | ||
[[Category: 2-том]] | [[Category: 2-том]] | ||
09:04, 21 Август (Баш оона) 2024 -деги абалы
ГЕМАТОЛО́ГИЯ (гр. hаima – кан ж-а ..логия) – медицинанын кан ж-а кан пайда кылуучу органдардын түзүлүшүн, функциясын, алардын ооруларын дарылоо жөнүндөгү бөлүмү. Кан ооруларынын өөрчү механизмин ж-а себептерин изилдейт. Кан пайда кылуучу системанын ооруларын диагноздоо, дарылоо ж-а алдын алуу жолдорун иштеп чыгат. Ал 1661-жылы италиялык анатом М. Мальпиги, 1673-жылы голландиялык биолог А. Левенгук жаныбар ж-а адамдын канынан кызыл кан денечелерин, ошол эле жылы англиялык хирург У. Хьюсон ак кан денечелерин ачкандан кийин өзүнчө илим болуп бөлүнгөн. Гематологиянын өнүгүшүнүн натыйжасында лейкоз (ак кан оорусу), анемия (аз кандуулук), гемолиз ж. б. оорулар изилденип, аларды дарылоо методдору иш жүзүнө ашырылды. Медицинанын башка бөлүмдөрү – терапия, хирургия, онкология м-н тыгыз байланыштуу. Гематологиянын бир тармагы – иммуногематология кан топторун, резус факторун ж. б. изилдейт. Хирургия, гинекология, ички ж-а жугуштуу ооруларды диагноздоодо Гематологиялык изилдөөлөрдүн мааниси чоӊ. Кыргызстанда Гематология боюнча изилдөөлөрдү Гематология илимий борбору жүргүзөт.