ВЕРДЕН КЕЛИШИМИ (843): нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
2-tom>KadyrM
No edit summary
м (1 версия)
(Айырма жок)

11:59, 18 Январь (Үчтүн айы) 2024 -деги абалы

ВЕРДЕ́Н КЕЛИШИМИ (843) Улуу Карлдын неберелеринин ортосунда анын империясын бөлүштүрүү ж-дө түзүлгөн. В. к. б-ча император титулун алган Лотарга Италия, Рейн м-н Ронанын боюндагы жер (Лотарингия) тийген; Кашка баш Карлга Рейндин батышындагы жерлер – Батыш Франк королдугу, Людовик Немецкийге Рейндин чыгыш жагындагы жерлер – Чыгыш Франк королдугу тийген. Келишим б-ча Франк мамлекетин бөлүү калыптанып жаткан француз, италян ж-а немец элдеринин чек араларына шайкеш келген да, 3 ири мамлекеттин (Франция, Германия, Италия) түзүлү-шүнө алып келген.