ГАЗАН-ХАН: нускалардын айырмасы
No edit summary |
No edit summary |
||
2 сап: | 2 сап: | ||
[[Файл:Газан-Хан.jpg|left|thumb|438x438px|Газан-Хан Уржандагы өзүнүн кымбат-баалуу чатырында тектүүлөргө той өткөрүп жатат.''Масуд ибн Осман-и Кухистани.'']] | [[Файл:Газан-Хан.jpg|left|thumb|438x438px|Газан-Хан Уржандагы өзүнүн кымбат-баалуу чатырында тектүүлөргө той өткөрүп жатат.''Масуд ибн Осман-и Кухистани.'']] | ||
[[Файл:Реформа.jpg|thumb|Газан-Хан жана | [[Файл:Реформа.jpg|thumb|Газан-Хан жана реформалары]] | ||
[[Файл:Газан.jpg|center|thumb|Газан-Хан]] | [[Файл:Газан.jpg|center|thumb|Газан-Хан]] | ||
[[Category: 2-том]] | [[Category: 2-том]] |
04:32, 30 Август (Баш оона) 2024 -га соңку нускасы
ГАЗАН-ХАН Махмуд (4.11.1271, Иран, Абаскун – 17.5.1304) – 1295-жылдан Ирандын башкаруучусу, ильхан (хан), монголдордун Хулагу династиясынан чыккан. Хорасан, Мазендаран жана Рей аймактарында наместник болуп турганда ильхан Байдуга каршы чыгып, хандык тактыны ээлеген. Жаш кезинен буддизм дининин таасиринде тарбиялангандыгына карабастан, Иран ак сөөктөрүнүнүн, мусулмандык диний төбөлдөрдүн жана көчмөн монгол ак сөөктөрүнүн бир бөлүгүнүн колдоосуна ээ болуш үчүн ислам динине өтүп, аны Ирандын мамлекеттик дини деп жарыялаган. Вазири Рашид ад-Диндин жардамы менен административдик жана экономикалык реформаларды жүргүзгөн. 1303-жылы кошуунуна кирген бардык монголдорго аскердик кызмат өтөгөндүгү үчүн жер (икта) бөлүп берүү тууралуу жарлык чыгарган. Газан-хандын тушунда Тебризге жакын жерде обсерватория жана оорукана, каналдар курулган. 1299–1303-жылдары Сириядагы мамлюктарга каршы уюштурган жүрүштөрү ийгиликсиз аяктаган.


