ГЛОТОВ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''ГЛО́ТОВ ''' Николай Тимофеевич [8.5.1923, РСФСР, Түркстан АССРи, Жети-Суу | '''ГЛО́ТОВ ''' Николай Тимофеевич [8.5.1923, РСФСР, Түркстан АССРи, Жети-Суу облусу, Пржевальск уезди, Сазановка кыштагы (азыркы Ысык-Көл облусу, Ысык-Көл району, Ананьево айылы) – 1990, Кыргызстан, Кара-Балта шаары] – Даӊк орденинин толук кавалери. Дыйкан үй-бүлөсүнөн. 1942-жылы сентябрда Советтик Армиянын катарына чакырылган. Талаа, 2-Украина, 2- жана 3-Белорус, 1-Прибалтика фронтторунда согушкан. 1944-жылы 1-июнда Березина дарыясынан өтүп, душман менен салгылашууда анын отряды душмандын 25 жоокерин, Глотов өзү тогуз фашистти жок кылып жана бешөөнү туткунга алгандыгы үчүн 1944-жылдын 21-июлунда 3-даражадагы Даңк орденин, 1944-жылдын 5-июлунда Раков, 9-июлда Вильнюс шаарын бошотууда анын отряды 40ка жакын фашистти жок кылып (анын 12си Глотовдун жеке эсебине таандык), душмандын бир офицерин туткунга алгандыгы үчүн 1944-жылдын 20-августунда 2-даражадагы Даңк орденин, 1944-жылдын 30–31-октябрында Динздурбе хутору (Латвиянын Приекуле ш-нын түндүк-чыгышында) үчүн болгон салгылашууда анын взводду душмандын 50дөй солдаты менен офицерин (анын ичинен төртөө Глотовго таандык) жок кылгандыгы үчүн 1945-жылдын 24-мартында 1-даражадагы Даңк орденин алган. Согуштан кийин 1947-жылы демобилизацияланып, мекенине кайткан. | ||
<br/>Кызыл Жылдыз, 1-даражадагы Ата Мекендик согуш ордендери | <br/>Кызыл Жылдыз, 1-даражадагы Ата Мекендик согуш ордендери жана медалдар менен сыйланган. | ||
<br/> | <br/> | ||
[[File:ГЛОТОВ51.png | thumb | none]] | [[File:ГЛОТОВ51.png | thumb | none|246x246px|Н. Т. Глотов.]] | ||
[[Category: 2-том]] | [[Category: 2-том]] | ||
06:57, 2 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -деги абалы
ГЛО́ТОВ Николай Тимофеевич [8.5.1923, РСФСР, Түркстан АССРи, Жети-Суу облусу, Пржевальск уезди, Сазановка кыштагы (азыркы Ысык-Көл облусу, Ысык-Көл району, Ананьево айылы) – 1990, Кыргызстан, Кара-Балта шаары] – Даӊк орденинин толук кавалери. Дыйкан үй-бүлөсүнөн. 1942-жылы сентябрда Советтик Армиянын катарына чакырылган. Талаа, 2-Украина, 2- жана 3-Белорус, 1-Прибалтика фронтторунда согушкан. 1944-жылы 1-июнда Березина дарыясынан өтүп, душман менен салгылашууда анын отряды душмандын 25 жоокерин, Глотов өзү тогуз фашистти жок кылып жана бешөөнү туткунга алгандыгы үчүн 1944-жылдын 21-июлунда 3-даражадагы Даңк орденин, 1944-жылдын 5-июлунда Раков, 9-июлда Вильнюс шаарын бошотууда анын отряды 40ка жакын фашистти жок кылып (анын 12си Глотовдун жеке эсебине таандык), душмандын бир офицерин туткунга алгандыгы үчүн 1944-жылдын 20-августунда 2-даражадагы Даңк орденин, 1944-жылдын 30–31-октябрында Динздурбе хутору (Латвиянын Приекуле ш-нын түндүк-чыгышында) үчүн болгон салгылашууда анын взводду душмандын 50дөй солдаты менен офицерин (анын ичинен төртөө Глотовго таандык) жок кылгандыгы үчүн 1945-жылдын 24-мартында 1-даражадагы Даңк орденин алган. Согуштан кийин 1947-жылы демобилизацияланып, мекенине кайткан.
Кызыл Жылдыз, 1-даражадагы Ата Мекендик согуш ордендери жана медалдар менен сыйланган.
