ГОМЕР: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
No edit summary
1 сап: 1 сап:
'''ГОМЕ́Р'''  (б.э.ч. 9-к-да, туулган 8-к-да б.э.ч., Иос аралы) – туулган жери белгисиз – Байыркы Грекиянын легендарлуу эпикалык ырчысы (жомокчусу). Г-дин өмүрү ж-а чыг-лыгы ж-дө так маалыматтар жок. Антикалык уламыштарга таянсак, Г. эл кыдырып эпос айткан сокур ырчы (рапсод) болгон; Г-дин мекени деп аталыш үчүн өз ара талашкан гректин жети шаарынын (Смирна, Хиос, Колофон,
'''ГОМЕ́Р'''  (биздин заманга чейинки IX кылымда, туулган VIII кылымда биздин заманга чейинки, Иос аралы) – туулган жери белгисиз – Байыркы Грекиянын легендарлуу эпикалык ырчысы (жомокчусу). Гомердин өмүрү жана чыгармачылыгы жөнүндө так маалыматтар жок. Антикалык уламыштарга таянсак, Гомер эл кыдырып эпос айткан сокур ырчы (рапсод) болгон; Гомердин мекени деп аталыш үчүн өз ара талашкан гректин жети шаарынын (Смирна, Хиос, Колофон, Саламин, Родос, Аргос, Афины) биринде туулган; биздин заманга чейинки XII–VII кылымдар аралыгында өмүр сүргөн. Адегенде көп сандаган эпостук чыгармаларга автор деп эсептелсе, кийинчерээк ага «''Илиада''» жана «''Одиссея''» деген поэмалардын авторлугу гана ыйгарылган. Гомердин жеке керт башы жана өмүрү, ошондой эле анын чыгармалары деп саналган

[[File:ГОМЕР66.png | thumb | Гомердин эллин доорундагы мрамор бюсту. Улуттук музей. Неаполь.]]
«Илиада» менен «Одиссеянын» чыныгы автору ким экени, качан жаралганы, кантип калыпка салынганы жөнүндө талаш-тартыштар илимде Гомер маселеси деген татаал проблеманы туудурган. Ал проблема азыркыга чейин чечиле элек. Бирок ошол мезгилде Аристарх (биздин  заманга чейинки II–I кылымдардагы Александрия илимпозу) Гомер «Илиаданы» жаш чагында,ал эми «Одиссеяны» улгайган кезинде чыгарган деген тыянакка келген. Бул эки дастан тууралуу карама-каршы пикирлер айтылган. Француз илимпозу д’Обиньяк, немец илимпоздору       Ф.  А.   Вольф (1759–1824) жана К. Лакхман бул эки дастанды бир акын жазган деген пикирге каршы, ал эл оозунда айтылган ырлардын гана жыйындысы деп айтышкан. Гомердин бул улуу туундуларына айтылган пикирлерге Ф. Шиллер, В. Гёте, Г. Гегель жана башкалар каршы чыгышкан. Вольфтун каталыгын талдап, жазуу жок доордо мындай чоӊ чыгарманы жаратууга мүмкүн эмес деген пикирди немец илимпозу В. Нич (1830) четке каккан. Гомердин «Илиадасы» кыргыз тилине которулган.
Чыг.: Илиада. Ф., 1989.

Саламин, Родос, Аргос, Афины) биринде туулган; б. з. ч. 12–7-к-дар аралыгында өмүр сүргөн. Адегенде көп сандаган эпостук чыгармаларга автор деп эсептелсе, кийинчерээк ага «''Илиада''» ж-а «''Одиссея''» деген поэмалардын авторлугу гана ыйгарылган. Г-дин жеке керт башы ж-а өмүрү, о. эле анын чыгармалары деп саналган «Илиада» м-н «Одиссеянын» чыныгы автору ким экени, качан жаралганы, кантип калыпка салынганы ж-дө талаш-тартыштар илимде Гомер маселеси деген татаал проблеманы туудурган. Ал проблема азыркыга чейин чечиле элек. Бирок ошол мезгилде Аристарх (б. з. ч. 2–1-к-дардагы Александрия илимпозу) Г. «Илиаданы» жаш чагында, ал эми «Одиссеяны» улгайган кезинде чыгарган деген тыянакка келген. Бул эки дастан тууралуу карама-каршы пикирлер айтылган. Француз илимпозу д’Обиньяк, немец илимпоздору Ф. А. Вольф (1759–1824) ж-а К. Лакхман бул эки дастанды бир акын жазган деген пикирге каршы, ал эл оозунда айтылган ырлардын гана жыйындысы деп айтышкан. Г-дин бул улуу туундуларына айтылган пикирлерге Ф. Шиллер, В. Гёте, Г. Гегель ж. б. каршы чыгышкан. Вольфтун каталыгын талдап, жазуу жок доордо мындай чоӊ чыгарманы жаратууга мүмкүн эмес деген пикирди немец илимпозу В. Нич (1830) четке каккан. Г-дин «Илиадасы» кыргыз тилине которулган.
[[File:ГОМЕР66.png | thumb | Гомердин эллин доорундагы мрамор бюсту. Улуттук музей. Неаполь.|left|357x357px]]

Чыг.: Илиада. Ф., 1989.
Ад.: ''Тронский И. М.'' История античной литературы. Л., 1957; ''Лосев А. Ф.'' Гомер. М., 1960; ''Маркин С. П.'' Гомер и его поэмы. М., 1962; ''Сахарный Н. Л.'' Гомеровский эпос. М., 1976.

Ад.: ''Тронский И. М.'' История античной литературы. Л., 1957; ''Лосев А. Ф.'' Гомер. М., 1960; ''Маркин С. П.'' Гомер и его поэмы. М., 1962; ''Сахарный Н. Л.'' Гомеровский эпос. М., 1976.
[[Category: 2-том]]
[[Category: 2-том]]

11:50, 2 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -деги абалы

ГОМЕ́Р (биздин заманга чейинки IX кылымда, туулган VIII кылымда биздин заманга чейинки, Иос аралы) – туулган жери белгисиз – Байыркы Грекиянын легендарлуу эпикалык ырчысы (жомокчусу). Гомердин өмүрү жана чыгармачылыгы жөнүндө так маалыматтар жок. Антикалык уламыштарга таянсак, Гомер эл кыдырып эпос айткан сокур ырчы (рапсод) болгон; Гомердин мекени деп аталыш үчүн өз ара талашкан гректин жети шаарынын (Смирна, Хиос, Колофон, Саламин, Родос, Аргос, Афины) биринде туулган; биздин заманга чейинки XII–VII кылымдар аралыгында өмүр сүргөн. Адегенде көп сандаган эпостук чыгармаларга автор деп эсептелсе, кийинчерээк ага «Илиада» жана «Одиссея» деген поэмалардын авторлугу гана ыйгарылган. Гомердин жеке керт башы жана өмүрү, ошондой эле анын чыгармалары деп саналган

«Илиада» менен «Одиссеянын» чыныгы автору ким экени, качан жаралганы, кантип калыпка салынганы жөнүндө талаш-тартыштар илимде Гомер маселеси деген татаал проблеманы туудурган. Ал проблема азыркыга чейин чечиле элек. Бирок ошол мезгилде Аристарх (биздин заманга чейинки II–I кылымдардагы Александрия илимпозу) Гомер «Илиаданы» жаш чагында,ал эми «Одиссеяны» улгайган кезинде чыгарган деген тыянакка келген. Бул эки дастан тууралуу карама-каршы пикирлер айтылган. Француз илимпозу д’Обиньяк, немец илимпоздору Ф.  А.   Вольф (1759–1824) жана К. Лакхман бул эки дастанды бир акын жазган деген пикирге каршы, ал эл оозунда айтылган ырлардын гана жыйындысы деп айтышкан. Гомердин бул улуу туундуларына айтылган пикирлерге Ф. Шиллер, В. Гёте, Г. Гегель жана башкалар каршы чыгышкан. Вольфтун каталыгын талдап, жазуу жок доордо мындай чоӊ чыгарманы жаратууга мүмкүн эмес деген пикирди немец илимпозу В. Нич (1830) четке каккан. Гомердин «Илиадасы» кыргыз тилине которулган.
Чыг.: Илиада. Ф., 1989.

Гомердин эллин доорундагы мрамор бюсту. Улуттук музей. Неаполь.

Ад.: Тронский И. М. История античной литературы. Л., 1957; Лосев А. Ф. Гомер. М., 1960; Маркин С. П. Гомер и его поэмы. М., 1962; Сахарный Н. Л. Гомеровский эпос. М., 1976.