ГЕОХИМИЯ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
No edit summary
1 сап: 1 сап:
'''ГЕОХИ́МИЯ ''' (''гео...'' ж-а ''химия) –'' Жердин хим. курамы, андагы хим. элементтердин ж-а алардын туруктуу изотопторунун таралышы ар түрдүү геосфераларда хим. элементтердин табигый процесстерде кошулуу, топтолуу же орун которуу закон ченеми ж-дөгү илим. Г. – космохимиянын бир бөлүгү. Элементтер жер кыртышында көбүнчө хим. бирикмелерди түзүп, катуу тоо тек ж-а минералдар түрүндө жолугат. Булардын кристаллдык торчосунда атомдордун (иондордун) жайгашуу тартиптери ж-а жалпы эле элементтердин жаратылышта таралышы Г-лык процесстерде чоӊ роль ойнойт. Ошондуктан Г. биринчи иретте кристалл заттардын ж-а аларды түзгөн атомдордун негизги касиеттерине таянат. Жаратылыштагы геохим. процесстер өз энергиясы, параметрлери (Р, t, Eh, рН) ж. б. б-ча ар кандай болгондуктан, анда катышкан атомдордун «жүрүш-турушу» да ар түрдүү. Аларга жансыз жаратылыштын көп факторлору ж-а тирүү организмдер да таасир тийгизет. Мына ушуларды изилдөө – жалпы Г. илиминин башкы проблемалары. Г. теориялык Г., биогеохимия, изотоптордун Г-сы, кристаллдык хим., радиогеология, физ. Г., топогеохимия ж. б. болуп бир нече тармакка бөлүнөт. Алардын ичинен 1) а й м а к т ы к Г. айрым аймактарда хим. элементтердин таркалуу өзгөчөлүгүн, ошол жердин геологиясына байланышын ж-а анын металлогениясына жараша кендердин кээ бир гана түрлөрүнүн пaйда болуп калуу шарттарын изилдейт; 2) а й р ы м э л е м е н т т е р д и н Г-сы ар бир хим. элементтин жер кыртышында таралуу, топтолуу закон ченемин, физ.-хим. ж-а кристалл хим. касиетин, кларкын, геохим. цикл м-н процесстердеги өзгөчөлүктөрүн, башка элементтер м-н өз ара байланышын, минералдарын, кендерин ж-а алардын өнөр жайда колдонулушун изилдейт.
'''ГЕОХИ́МИЯ ''' (''гео...'' ж-а ''химия) –'' Жердин химиялык курамы, андагы химиялык элементтердин ж-а алардын туруктуу изотопторунун таралышы ар түрдүү геосфераларда химиялык элементтердин табигый процесстерде кошулуу, топтолуу же орун которуу закон ченеми жөнүндөгү илим. Геохимия – космохимиянын бир бөлүгү. Элементтер жер кыртышында көбүнчө химиялык бирикмелерди түзүп, катуу тоо тек ж-а минералдар түрүндө жолугат. Булардын кристаллдык торчосунда атомдордун (иондордун) жайгашуу тартиптери ж-а жалпы эле элементтердин жаратылышта таралышы Геохимиялык процесстерде чоӊ роль ойнойт. Ошондуктан Геохимия биринчи иретте кристалл заттардын ж-а аларды түзгөн атомдордун негизги касиеттерине таянат. Жаратылыштагы геохимиялык процесстер өз энергиясы, параметрлери (Р, t, Eh, рН) ж. б. боюнча ар кандай болгондуктан, анда катышкан атомдордун «жүрүш-турушу» да ар түрдүү. Аларга жансыз жаратылыштын көп факторлору ж-а тирүү организмдер да таасир тийгизет. Мына ушуларды изилдөө – жалпы Геохимия илиминин башкы проблемалары. Геохимия теориялык Геохимия, биогеохимия, изотоптордун Геохимиясы, кристаллдык химия, радиогеология, физикалык Геохимия, топогеохимия ж. б. болуп бир нече тармакка бөлүнөт. Алардын ичинен 1) а й м а к т ы к Геохимия айрым аймактарда химиялык элементтердин таркалуу өзгөчөлүгүн, ошол жердин геологиясына байланышын ж-а анын металлогениясына жараша кендердин кээ бир гана түрлөрүнүн пaйда болуп калуу шарттарын изилдейт; 2) а й р ы м э л е м е н т т е р д и н Геохимиясы ар бир химиялык элементтин жер кыртышында таралуу, топтолуу закон ченемин, физикалык-химия ж-а кристалл химия касиетин, кларкын, геохимиялык цикл м-н процесстердеги өзгөчөлүктөрүн, башка элементтер м-н өз ара байланышын, минералдарын, кендерин ж-а алардын өнөр жайда колдонулушун изилдейт.
Геохимиянын илимий-теориялык мааниси – Жердин химиялык эволюциясын аныктап, анын пайда болуш ж-а өнүгүш тарыхынын химиялык негизин билүү, айрым геосфераларга бөлүнүш себептерин ачуу. Анын практикалык мааниси да зор. Химиялык элементтердин жер катмарларында топтолуу жолдорун аныктоо м-н металл кендеринин келип чыгышынын физикалык-химиялык шарттарын ачат ж-а алардын негизинде кен издөөнүн так геохимиялык ыкмаларын берет. Элемент иондорунун кристалл торчодо жайгашуусун изилдөө минералдык сырьёнун жаӊы түрлөрүн, технологиянын жаӊы жолдорун ачат.
Геохимия – ''геология, физика'' ж-а ''химиянын'' чектериндеги илим ж-а алар м-н тыгыз байланышта. Ошондой эле ал aстpономиялык физика, геофизика, космохимия, биология, география ж. б. табият жөнүндөгү көп илимдер м-н да тыгыз байланышта. Геохимия өзү м-н байланыштагы илимдердин изилдөө ыкмаларын кеӊири колдонот. Жер катмарындагы тоо тектердин курамын аныктоодо эӊ оболу геологиялык ж-а минералогиялык, андан кийин так анализдик химиялык, физикалык (спектр, рентген, ядро анализдери) ж-а математикалык  ыкмалар пайдаланылат. Геохимиянын өзүнүн ыкмалары – элементтердин геохимиялык таблицаларын, диаграммаларды, профилдерди, карталарды түзүү; кларк концентрациясын, чачыроо ореолдорун аныктоо; термобарогеохим. ж-а геохимиялык кен издөө ыкмалары. Анын эӊ негизги ж-а келечектүү ыкмасы – геохимиялык эксперименттер ж-а геохимиялык процесстерди моделдештирүү.
Геохимия  атом жөнүндөгү окуунун негизинде келип чыккан. Терминди илимге 1838-жылы швед химиги К. Ф. Шёнбейн киргизген. Өзүнчө илим катары 20-кылымда өнүктү. Анын өнүгүшүнө В. И. ''Вернадский,'' А. Е. ''Ферсман,'' А. П. ''Виноградов,'' Д. И. ''Щербаков'', Н. М. ''Страхов,'' А. А. ''Сауков'' ж. б. (СССРде), Ф. У. Кларк (Америка) ж-а В. М. Гольдшмидттин (Норвегия) эмгектери чоӊ роль ойногон. Азыркы учурда тоо тектер м-н минералдардын радиоактивдүүлүгүн, изотоптордун Геохимиясын ж-а мантиянын, Айдын геохимиялык өзгөчөлүгүн ж. б. изилдөөлөр айрыкча өнүгүүдө. Россияда Геохимиялык изилдөөлөр негизинен Н. С. Кypнaков атындагы жалпы ж-а органикалык эмес химия институтундa жүргүзүлөт. Кыргызстандын аймагынын геохимиясын изилдөөдө Д. И. Щербаков, А. А. Сауков, М. М. ''Адышев,'' С. Д. Туровский, В. Т. Сургай ж. б-дын кошкон салымдары зор.

Г-нын ил.-теор. мааниси – Жердин хим. эволюциясын аныктап, анын пайда болуш ж-а өнүгүш тарыхынын хим. негизин билүү, айрым геосфераларга бөлүнүш себептерин ачуу. Анын практикалык мааниси да зор. Хим. элементтердин жер катмарларында топтолуу жолдорун аныктоо м-н металл кендеринин келип чыгышынын физ.-хим. шарттарын ачат ж-а алардын негизинде кен издөөнүн так геохим. ыкмаларын берет. Элемент иондорунун кристалл торчодо жайгашуусун изилдөө минералдык сырьёнун жаӊы түрлөрүн, технологиянын жаӊы жолдорун ачат.

Г. – ''геология, физика'' ж-а ''химиянын'' чектериндеги илим ж-а алар м-н тыгыз байланышта. О. эле ал aстp. физика, геофизика, космохимия, биология, география ж. б. табият ж-дөгү көп илимдер м-н да тыгыз байланышта. Г. өзү м-н байланыштагы илимдердин изилдөө ыкмаларын кеӊири колдонот. Жер катмарындагы тоо тектердин курамын аныктоодо эӊ оболу геол. ж-а минералогиялык, андан кийин так анализдик хим., физ. (спектр, рентген, ядро анализдери) ж-а матем. ыкмалар пайдаланылат. Г-нын өзүнүн ыкмалары – элементтердин геохим. таблицаларын, диаграммаларды, профилдерди, карталарды түзүү; кларк концентрациясын, чачыроо ореолдорун аныктоо; термобарогеохим. ж-а геохимиялык кен издөө ыкмалары. Анын эӊ негизги ж-а келечектүү ыкмасы – геохим. эксперименттер ж-а геохим. процесстерди моделдештирүү.

Aд.: ''Вернадский В. И''. Труды по геохимии. М., 1994; ''Виноградов А. П.'' Геохимия редких и рассеянных химических элементов в почвах. 2-е изд. М., 1957; ''Щербина В. В.'' Oснoвы геохимии. М., 1972; ''Сауков А. А.'' Геохимия. 4-е изд., М., 1975; ''Перельман А. И.'' Геохимия. М., 1989; ''Сургай В. T''. Геохимические исследования в Киргизии//Вестник АН CCCP, 1963, ¹ 1; ''Галимов Э. М.'' Геохимия//Большая Российская Энциклопедия. Т. 6. М., 2006.

Г. атом ж-дөгү окуунун негизинде келип чыккан. Терминди илимге 1838-ж. швед химиги К. Ф. Шёнбейн киргизген. Өзүнчө илим катары 20-к-да өнүктү. Анын өнүгүшүнө В. И. ''Вернадский,'' А. Е. ''Ферсман,'' А. П. ''Виноградов,'' Д. И. ''Щербаков'', Н. М. ''Страхов,'' А. А. ''Сауков'' ж. б. (СССРде), Ф. У. Кларк (Америка) ж-а В. М. Гольдшмидттин (Норвегия) эмгектери чоӊ роль ойногон. Азыркы учурда тоо тектер м-н минералдардын радиоактивдүүлүгүн, изотоптордун Г-сын ж-а мантиянын, Айдын геохим. өзгөчөлүгүн ж. б. изилдөөлөр айрыкча өнүгүүдө. Россияда Г. изилдөөлөр негизинен Н. С. Кypнaков атн. Жалпы ж-а орг. эмес хим. ин-тундa жүргүзүлөт. Кырг-ндын аймагынын геохимиясын изилдөөдө Д. И. Щербаков, А. А. Сауков, М. М. ''Адышев,'' С. Д. Туровский, В. Т. Сургай ж. б-дын кошкон салымдары зор.

Aд.: ''Вернадский В. И''. Труды по геохимии. М., 1994; ''Виноградов А. П.'' Геохимия редких и рассеянных химических элементов в почвах. 2-е изд. М., 1957; ''Щербина В. В.'' Oснoвы геохимии. М., 1972; ''Сауков А. А.'' Геохимия. 4-е изд., М., 1975; ''Перельман А. И.'' Геохимия. М., 1989; ''Сургай В. T''. Геохимические исследования в Киргизии//Вестник АН CCCP, 1963, ¹ 1; ''Галимов Э. М.'' Геохимия//Большая Российская Энциклопедия. Т. 6. М., 2006.
[[Category: 2-том]]
[[Category: 2-том]]

05:57, 16 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -деги абалы

ГЕОХИ́МИЯ (гео... ж-а химия) – Жердин химиялык курамы, андагы химиялык элементтердин ж-а алардын туруктуу изотопторунун таралышы ар түрдүү геосфераларда химиялык элементтердин табигый процесстерде кошулуу, топтолуу же орун которуу закон ченеми жөнүндөгү илим. Геохимия – космохимиянын бир бөлүгү. Элементтер жер кыртышында көбүнчө химиялык бирикмелерди түзүп, катуу тоо тек ж-а минералдар түрүндө жолугат. Булардын кристаллдык торчосунда атомдордун (иондордун) жайгашуу тартиптери ж-а жалпы эле элементтердин жаратылышта таралышы Геохимиялык процесстерде чоӊ роль ойнойт. Ошондуктан Геохимия биринчи иретте кристалл заттардын ж-а аларды түзгөн атомдордун негизги касиеттерине таянат. Жаратылыштагы геохимиялык процесстер өз энергиясы, параметрлери (Р, t, Eh, рН) ж. б. боюнча ар кандай болгондуктан, анда катышкан атомдордун «жүрүш-турушу» да ар түрдүү. Аларга жансыз жаратылыштын көп факторлору ж-а тирүү организмдер да таасир тийгизет. Мына ушуларды изилдөө – жалпы Геохимия илиминин башкы проблемалары. Геохимия теориялык Геохимия, биогеохимия, изотоптордун Геохимиясы, кристаллдык химия, радиогеология, физикалык Геохимия, топогеохимия ж. б. болуп бир нече тармакка бөлүнөт. Алардын ичинен 1) а й м а к т ы к Геохимия айрым аймактарда химиялык элементтердин таркалуу өзгөчөлүгүн, ошол жердин геологиясына байланышын ж-а анын металлогениясына жараша кендердин кээ бир гана түрлөрүнүн пaйда болуп калуу шарттарын изилдейт; 2) а й р ы м э л е м е н т т е р д и н Геохимиясы ар бир химиялык элементтин жер кыртышында таралуу, топтолуу закон ченемин, физикалык-химия ж-а кристалл химия касиетин, кларкын, геохимиялык цикл м-н процесстердеги өзгөчөлүктөрүн, башка элементтер м-н өз ара байланышын, минералдарын, кендерин ж-а алардын өнөр жайда колдонулушун изилдейт.
Геохимиянын илимий-теориялык мааниси – Жердин химиялык эволюциясын аныктап, анын пайда болуш ж-а өнүгүш тарыхынын химиялык негизин билүү, айрым геосфераларга бөлүнүш себептерин ачуу. Анын практикалык мааниси да зор. Химиялык элементтердин жер катмарларында топтолуу жолдорун аныктоо м-н металл кендеринин келип чыгышынын физикалык-химиялык шарттарын ачат ж-а алардын негизинде кен издөөнүн так геохимиялык ыкмаларын берет. Элемент иондорунун кристалл торчодо жайгашуусун изилдөө минералдык сырьёнун жаӊы түрлөрүн, технологиянын жаӊы жолдорун ачат.
Геохимия – геология, физика ж-а химиянын чектериндеги илим ж-а алар м-н тыгыз байланышта. Ошондой эле ал aстpономиялык физика, геофизика, космохимия, биология, география ж. б. табият жөнүндөгү көп илимдер м-н да тыгыз байланышта. Геохимия өзү м-н байланыштагы илимдердин изилдөө ыкмаларын кеӊири колдонот. Жер катмарындагы тоо тектердин курамын аныктоодо эӊ оболу геологиялык ж-а минералогиялык, андан кийин так анализдик химиялык, физикалык (спектр, рентген, ядро анализдери) ж-а математикалык ыкмалар пайдаланылат. Геохимиянын өзүнүн ыкмалары – элементтердин геохимиялык таблицаларын, диаграммаларды, профилдерди, карталарды түзүү; кларк концентрациясын, чачыроо ореолдорун аныктоо; термобарогеохим. ж-а геохимиялык кен издөө ыкмалары. Анын эӊ негизги ж-а келечектүү ыкмасы – геохимиялык эксперименттер ж-а геохимиялык процесстерди моделдештирүү.
Геохимия атом жөнүндөгү окуунун негизинде келип чыккан. Терминди илимге 1838-жылы швед химиги К. Ф. Шёнбейн киргизген. Өзүнчө илим катары 20-кылымда өнүктү. Анын өнүгүшүнө В. И. Вернадский, А. Е. Ферсман, А. П. Виноградов, Д. И. Щербаков, Н. М. Страхов, А. А. Сауков ж. б. (СССРде), Ф. У. Кларк (Америка) ж-а В. М. Гольдшмидттин (Норвегия) эмгектери чоӊ роль ойногон. Азыркы учурда тоо тектер м-н минералдардын радиоактивдүүлүгүн, изотоптордун Геохимиясын ж-а мантиянын, Айдын геохимиялык өзгөчөлүгүн ж. б. изилдөөлөр айрыкча өнүгүүдө. Россияда Геохимиялык изилдөөлөр негизинен Н. С. Кypнaков атындагы жалпы ж-а органикалык эмес химия институтундa жүргүзүлөт. Кыргызстандын аймагынын геохимиясын изилдөөдө Д. И. Щербаков, А. А. Сауков, М. М. Адышев, С. Д. Туровский, В. Т. Сургай ж. б-дын кошкон салымдары зор.

Aд.: Вернадский В. И. Труды по геохимии. М., 1994; Виноградов А. П. Геохимия редких и рассеянных химических элементов в почвах. 2-е изд. М., 1957; Щербина В. В. Oснoвы геохимии. М., 1972; Сауков А. А. Геохимия. 4-е изд., М., 1975; Перельман А. И. Геохимия. М., 1989; Сургай В. T. Геохимические исследования в Киргизии//Вестник АН CCCP, 1963, ¹ 1; Галимов Э. М. Геохимия//Большая Российская Энциклопедия. Т. 6. М., 2006.