ГЕРБЕРТ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''ГЕРБЕ́РТ ''' Иоганн Фридрих (4. 5.1776, Ольденбург – 14. 8. 1841, Гёттинген) – немец психологу, педагог ж-а философ. Йена | '''ГЕРБЕ́РТ ''' '''Иоганн Фридрих''' (4. 5.1776, Ольденбург – 14. 8. 1841, Гёттинген) – немец психологу, педагог ж-а философ. Йена университетин бүтүргөн. Гёттинген ж-а Кёнигсберг университеттеринин профессору. Герберт дүйнө түзүлүшүнүн негизинде өзгөрбөс «реалдардын» көптүгү жатат деп эсептеген. Психологияны метафизикага, тажрыйбага ж-а математикага таянган системалуу илим катары түзүүгө аракет кылган. Көркөм дүйнө окуусунда формалдуу эстетика тармагынын (асылдыктын булагы: симметрия, пропорция, ыргак ж. б.) негиз салуучуларынын бири. Анын педагогикалык теориясы философияга ж-а психологияга негизделген. Герберт баланы тарбиялоо процессинде башкаруу ишине кеӊири басым жасаган. Тарбиялоо баланын эркин башкаруу, мажбурлоо, дене тарбиясы аркылуу ишке ашарын белгилеген. Герберттын окутуу системасы психикалык процесстер м-н түшүндүрүлүп, ал төрт баскычтан (айкындык, ассоциация, система, метод) турат. Бул система 19-кылымдын 2-жарымында окутуу ж-а тарбиялоо теориясына чоӊ таасир тийгизген. Герберттын пикири боюнча адеп-ахлак тарбиясы балага окутуу аркылуу берилет, ал кийин автоматтык түрдө жүрүм-турумга өтөт. Герберт «тарбиялоону окутуу» деген түшүнүктү киргизген, «Метафизиканын башкы пункттары» (1805), «Тарбия максаттарынын негизиндеги жалпы педагогика» (1806), «Педагогикалык окуунун очерки» (1835) өӊдүү чыгармалардын автору. | ||
[[Category: 2-том]] | [[Category: 2-том]] | ||
03:17, 17 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку нускасы
ГЕРБЕ́РТ Иоганн Фридрих (4. 5.1776, Ольденбург – 14. 8. 1841, Гёттинген) – немец психологу, педагог ж-а философ. Йена университетин бүтүргөн. Гёттинген ж-а Кёнигсберг университеттеринин профессору. Герберт дүйнө түзүлүшүнүн негизинде өзгөрбөс «реалдардын» көптүгү жатат деп эсептеген. Психологияны метафизикага, тажрыйбага ж-а математикага таянган системалуу илим катары түзүүгө аракет кылган. Көркөм дүйнө окуусунда формалдуу эстетика тармагынын (асылдыктын булагы: симметрия, пропорция, ыргак ж. б.) негиз салуучуларынын бири. Анын педагогикалык теориясы философияга ж-а психологияга негизделген. Герберт баланы тарбиялоо процессинде башкаруу ишине кеӊири басым жасаган. Тарбиялоо баланын эркин башкаруу, мажбурлоо, дене тарбиясы аркылуу ишке ашарын белгилеген. Герберттын окутуу системасы психикалык процесстер м-н түшүндүрүлүп, ал төрт баскычтан (айкындык, ассоциация, система, метод) турат. Бул система 19-кылымдын 2-жарымында окутуу ж-а тарбиялоо теориясына чоӊ таасир тийгизген. Герберттын пикири боюнча адеп-ахлак тарбиясы балага окутуу аркылуу берилет, ал кийин автоматтык түрдө жүрүм-турумга өтөт. Герберт «тарбиялоону окутуу» деген түшүнүктү киргизген, «Метафизиканын башкы пункттары» (1805), «Тарбия максаттарынын негизиндеги жалпы педагогика» (1806), «Педагогикалык окуунун очерки» (1835) өӊдүү чыгармалардын автору.