ГЕТЕРОГРАФИЯ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''ГЕТЕРОГРА́ФИЯ ''' (гр. htteros – башка, бөлөк, grapho – жазам) – жазуу ыкмасы; кээде сөздүн бөлүгү (негизи) же сүйлөм бир тилде жазылып, окуганда башка тилге өтүшү (башка тилде окулушу). | '''ГЕТЕРОГРА́ФИЯ ''' (гр. htteros – башка, бөлөк, grapho – жазам) – жазуу ыкмасы; кээде сөздүн бөлүгү (негизи) же сүйлөм бир тилде жазылып, окуганда башка тилге өтүшү (башка тилде окулушу). Гетерография биринчи жолу Месопотамияда колдонулган. Шумер клинопистеринде сөздүн негизин идеограммалар м-н, ал эми кызматчы сөздөрдү ж-а аффикстерди муун белгилери м-н жазышкан. Мисалы, аккад жазуусунда сөздүн негизи мурункудай эле (шумерлердикиндей эле) калып, аффикстер, кызматчы сөздөр муун түрүндө аккад тилине тиешелүү белгилер аркылуу берилген; ал эми идеограммаларды окуганда аккаддыктардын белгилерине алмаштырылган. Кийинчерээк аккад тилинде муун жазууларын түзүшкөн, бирок көп колдонулуучу сөздөр, канцеляриялык формулалар, кудайлардын аттары ж. у. с. идеограммалар аркылуу шумер тилинде өзгөрүлбөстөн эле жазылган. Мындай гетерограммалар толугу м-н аккад тилинде окулган. Андан кийин кээ бир тексттер (жоруу, ырымжырымдар, хроникалар) Гетерографиялар м-н жазылган. Иран тилдүү өлкөлөрдө б. з. ч. 4-кылым – б. з-дын 7-кылымында үнсүздөрдүн ордуна Гетерографияларды колдонушкан. Ахемениддердин державасында катчылар расмий ишкагаздарын, документтерди арамей тилинде жүргүзүп, жогорку төбөлдөргө иран тилинде окуп беришкендиктен, Гетерографияларды колдонуунун практикалык муктаждыктары келип чыккан. | ||
[[Category: 2-том]] | [[Category: 2-том]] | ||
05:47, 19 Сентябрь (Аяк оона) 2024 -га соңку нускасы
ГЕТЕРОГРА́ФИЯ (гр. htteros – башка, бөлөк, grapho – жазам) – жазуу ыкмасы; кээде сөздүн бөлүгү (негизи) же сүйлөм бир тилде жазылып, окуганда башка тилге өтүшү (башка тилде окулушу). Гетерография биринчи жолу Месопотамияда колдонулган. Шумер клинопистеринде сөздүн негизин идеограммалар м-н, ал эми кызматчы сөздөрдү ж-а аффикстерди муун белгилери м-н жазышкан. Мисалы, аккад жазуусунда сөздүн негизи мурункудай эле (шумерлердикиндей эле) калып, аффикстер, кызматчы сөздөр муун түрүндө аккад тилине тиешелүү белгилер аркылуу берилген; ал эми идеограммаларды окуганда аккаддыктардын белгилерине алмаштырылган. Кийинчерээк аккад тилинде муун жазууларын түзүшкөн, бирок көп колдонулуучу сөздөр, канцеляриялык формулалар, кудайлардын аттары ж. у. с. идеограммалар аркылуу шумер тилинде өзгөрүлбөстөн эле жазылган. Мындай гетерограммалар толугу м-н аккад тилинде окулган. Андан кийин кээ бир тексттер (жоруу, ырымжырымдар, хроникалар) Гетерографиялар м-н жазылган. Иран тилдүү өлкөлөрдө б. з. ч. 4-кылым – б. з-дын 7-кылымында үнсүздөрдүн ордуна Гетерографияларды колдонушкан. Ахемениддердин державасында катчылар расмий ишкагаздарын, документтерди арамей тилинде жүргүзүп, жогорку төбөлдөргө иран тилинде окуп беришкендиктен, Гетерографияларды колдонуунун практикалык муктаждыктары келип чыккан.