ВЕРХОЯНА КЫРКА ТООСУ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
2-tom>KadyrM
No edit summary
м (1 версия)
(Айырма жок)

11:59, 18 Январь (Үчтүн айы) 2024 -деги абалы

ВЕРХОЯ́НА КЫРКА ТООСУ – Сибирдин түн.- чыгышындагы тоо системасы. Якутиянын аймагында. Ленанын дельтасынан Томпо д-на (Алдан д-нын куймасы) чейин 1200 кмге созулат. Бийик тоолуу альп (Орулган) ж-а жайпаӊдалган орто бийик тоо (Хараулах, Кулар) рельефтүү көптөгөн тоо массивдери м-н кырка тоолордон турат. Бийикт. 2389 мге чейин. Эрозияга дуушарланган, жалпак чокулуу (байыркы тайпаӊ жондор) орто бийик тоолуу рельеф басымдуу. Кар, мөӊгүлөрү бар альп тибиндеги бийик тоо рельефи (цирктер, төрлөр, карлингдер, тепши сымал өрөөндөр) меридиан багытындагы Орулган кырка тоосунда (бийикт. 2283 м), о. эле Сетте-Дабан, Сунтар-Хаята тоолорунда кездешет. Мезозой бүктөлүү структурасына кирет. Алтын, калай кендери бар. Алевролит, кумдук, сланец, акиташ тектеринен түзүлгөн. Бардык жеринде көп жылдык тоӊ кыртышы жатат. Түн. капталдарынын этек бөлүктөрүндө кызыл карагайлуу сейрек токой 800–1200 м бийиктикте ольха бадалдуу ж-а жапалак кедрлүү токой м-н алмашат; бийик беттерине таштак жерлер, эӊилчек ж-а бадалчалуу тоо тундрасы, бийик тоолорунун кыр бөлүктөрүнө арктикалык чөл мүнөздүү. Дарыя өрөөндөрүндө зор тарндар кездешет. Түш. капталдарынын этек бөлүктөрүндө талаалашкан шалбаа таралган. Усть-Лена коругу уюшулган.