ГИДРОМОРФТУУ ТОПУРАК: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''ГИДРОМОРФТУУ ТОПУРАК ''' (''гидро''... ж-а гр. мorphе – форма, түзүлүш), туруктуу ашыкча нымдалуунун натыйжасында калыптанат. Микрорельефте узак убакыт суунун токтоп турушунан же жер астындагы суунун деӊгээли 3 ''м'' тереӊдикке жетпеген учурда пайда болот, | '''ГИДРОМОРФТУУ ТОПУРАК ''' (''гидро''... ж-а гр. мorphе – форма, түзүлүш), туруктуу ашыкча нымдалуунун натыйжасында калыптанат. Микрорельефте узак убакыт суунун токтоп турушунан же жер астындагы суунун деӊгээли 3 ''м'' тереӊдикке жетпеген учурда пайда болот, мисалы, саз топурактары. Гидорморфтуу топурактын негизги өзгөчөлүгү – профилинин түзүлүшүнө глей же чым көӊдүн жыйналышы. Топурактын үстүнкү бетиндеги өсүмдүк калдыктары ашыкча нымдуулуктун натыйжасында өтө жай гуминделет ж-а минералдашат, натыйжада чым көӊ пайда болот. Ашыкча нымдалуу өсүмдүк курамына, алардын калдыктарынын ажыроосуна ж-а мүнөзүнө таасир этет. Анаэробдук шартта окистенүү процесси жай жүрүп, органикалык заттар аягына чейин минералдашпайт. Глей – узак, ашыкча нымдалууда калыптанган, орточо тыгыздыктагы боз чопо теги. Мындай жерди мелиорациялап ж-а шорунан арылтып, сазды кургаткандан кийин пайдаланса болот. Гидорморфтуу топурак Кыргызстандын аймагында Чүй, Талас, Ош облустарынын өрөөндөрүндө көп кездешет. | ||
[[Category: 2-том]] | [[Category: 2-том]] | ||
07:38, 14 Октябрь (Тогуздун айы) 2024 -деги абалы
ГИДРОМОРФТУУ ТОПУРАК (гидро... ж-а гр. мorphе – форма, түзүлүш), туруктуу ашыкча нымдалуунун натыйжасында калыптанат. Микрорельефте узак убакыт суунун токтоп турушунан же жер астындагы суунун деӊгээли 3 м тереӊдикке жетпеген учурда пайда болот, мисалы, саз топурактары. Гидорморфтуу топурактын негизги өзгөчөлүгү – профилинин түзүлүшүнө глей же чым көӊдүн жыйналышы. Топурактын үстүнкү бетиндеги өсүмдүк калдыктары ашыкча нымдуулуктун натыйжасында өтө жай гуминделет ж-а минералдашат, натыйжада чым көӊ пайда болот. Ашыкча нымдалуу өсүмдүк курамына, алардын калдыктарынын ажыроосуна ж-а мүнөзүнө таасир этет. Анаэробдук шартта окистенүү процесси жай жүрүп, органикалык заттар аягына чейин минералдашпайт. Глей – узак, ашыкча нымдалууда калыптанган, орточо тыгыздыктагы боз чопо теги. Мындай жерди мелиорациялап ж-а шорунан арылтып, сазды кургаткандан кийин пайдаланса болот. Гидорморфтуу топурак Кыргызстандын аймагында Чүй, Талас, Ош облустарынын өрөөндөрүндө көп кездешет.