ГИДРОТЕХНИКА: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''ГИДРОТЕ́ХНИКА ''' (''гидро''... ж-а ''техника'') – илим ж-а техниканын суу ресурстарын (дарыя, көл, деӊиз, жер астындагы суу) эл чарбасында пайдалануу ж-а | '''ГИДРОТЕ́ХНИКА ''' (''гидро''... ж-а ''техника'') – илим ж-а техниканын суу ресурстарын (дарыя, көл, деӊиз, жер астындагы суу) эл чарбасында пайдалануу ж-а гидротехникалык курулмалардын жардамы м-н суу кырсыгынан сактануу маселелерин камтыган тармагы. Гидротехника колдонмо илим катары гидравлика, гидромеханика, гидрология, гидрогеология, кыртыш механикасы, курулуш механикасы, инженердик геология ж. б. илимдерге таянат ж-а суу чарбасын тейлөөчү инженердик илимдердин татаал комплекси болуп эсептелет. Гидротехникалык курулмаларды долбоорлоо ж-а конструкциялоо, куруу ж-а пайдалануу ыкмаларын иштеп чыгат. Гидротехника энергетика, ирригация муктаждыктары, ошондой эле суу м-н камсыз кылуу үчүн плотина м-н шлюздун, суу шилендисине каршы курулманын жаӊы типтерин, дарыя агымын жөнгө салуу ыкмаларын, ГЭСтин оригиналдуу конструкциясын иштеп чыгат; курама-бетон курулмаларынын жаӊы конструкциясын түзөт. Гидротехника ''гидрология, гидромеханика, гидравлика'' сыяктуу суу жөнүндөгү илимдерге таянат. | ||
<br/>Ад.: ''Берг В. А.'' Основы гидротехники. Л., 1963; Гидротехнические сооружения/Под ред. Н. П. Розанова. М., 1978. | |||
<br />Ад.: ''Берг В. А.'' Основы гидротехники. Л., 1963; Гидротехнические сооружения/Под ред. Н. П. Розанова. М., 1978. | |||
[[Category: 2-том]] | [[Category: 2-том]] | ||
09:14, 14 Октябрь (Тогуздун айы) 2024 -деги абалы
ГИДРОТЕ́ХНИКА (гидро... ж-а техника) – илим ж-а техниканын суу ресурстарын (дарыя, көл, деӊиз, жер астындагы суу) эл чарбасында пайдалануу ж-а гидротехникалык курулмалардын жардамы м-н суу кырсыгынан сактануу маселелерин камтыган тармагы. Гидротехника колдонмо илим катары гидравлика, гидромеханика, гидрология, гидрогеология, кыртыш механикасы, курулуш механикасы, инженердик геология ж. б. илимдерге таянат ж-а суу чарбасын тейлөөчү инженердик илимдердин татаал комплекси болуп эсептелет. Гидротехникалык курулмаларды долбоорлоо ж-а конструкциялоо, куруу ж-а пайдалануу ыкмаларын иштеп чыгат. Гидротехника энергетика, ирригация муктаждыктары, ошондой эле суу м-н камсыз кылуу үчүн плотина м-н шлюздун, суу шилендисине каршы курулманын жаӊы типтерин, дарыя агымын жөнгө салуу ыкмаларын, ГЭСтин оригиналдуу конструкциясын иштеп чыгат; курама-бетон курулмаларынын жаӊы конструкциясын түзөт. Гидротехника гидрология, гидромеханика, гидравлика сыяктуу суу жөнүндөгү илимдерге таянат.
Ад.: Берг В. А. Основы гидротехники. Л., 1963; Гидротехнические сооружения/Под ред. Н. П. Розанова. М., 1978.