ГЛОССЕМАТИКА: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''ГЛОССЕМА́ТИКА ''' (гр. gljssа – тил, sema – белги) – жалпы тил илиминдеги тилдердин структурасын формалдуу түрдө изилдөө зарылчылыгын жактаган теория. Көбүнчө Батыш Европа тил илиминде колдонулат. 20- | '''ГЛОССЕМА́ТИКА ''' (гр. gljssа – тил, sema – белги) – жалпы тил илиминдеги тилдердин структурасын формалдуу түрдө изилдөө зарылчылыгын жактаган теория. Көбүнчө Батыш Европа тил илиминде колдонулат. 20-кылымдын 30–50-жылдарында Копенгаген университетиндеги лингвистикалык топтун өкүлдөрү Л. Ельмслев, В. Брёндаль, Х. Ульдалль тарабынан иштелип чыккан. Глоссематиканын тилди абстракттуулукка айландыруу, тилдердин тектештигин, тил илиминде тарыхый көз карашты таануу, эскирген грамматиканын теориясын (17-кылым) кубаттоо, тилди ойлоодон, коомдон бөлүп кароо, тил илимин математика, логика, философия илимдерине көз каранды кылуу, тилдин теориялык жагына көӊүл буруу, тилди символдук логика ж-а семиотика м-н байланыштыруу сыяктуу жоболору бар. Л. Ельмслев м-н Х. Ульдалль Глоссематиканы бардык тилдердин жалпы дедукциялуу теориясы катары эсептешкен. Ошондуктан ага формалдуу логикалык ж-а математикалык теория чегиндеги мүнөз берилген. Глоссематика тилдик фактыларды анализдөөдө абстракттуулугу ж-а формалдуулугу м-н айырмаланат. Сунуш кылынган ыкманы ж-а тилдин коомдук милдетинин маанисин аныктоонун максаттуулугун негиздөөдө Глоссематика тилдин табияты м-н коомдук маанисин жалпы теория аркылуу түшүндүргөн. Глоссематиктердин тилдин табиятын түшүнүүдөгү эӊ башкы методологиялык булагы – Ф. де Соссюрдун лингвистикалык окуусу. Алар Ф. де Соссюрдун тил м-н сөздү айырмалаган оюн бир аз өзгөртө улантып, тилди белгилердин системасы, белгини туюндуруучу м-н туюнтулуучунун бирдиги, тил – форма, ал субстанция эмес, ошондуктан тилде айырмачылыктардан башка эч нерсе жок, тил лингвистикалык көз караштан алганда өзүнчө ж-а өзүнө гана тиешелүү каралышы керек дешкен. Глоссематиктер тил м-н сөздү ажыратууну «схема, норма, колдонуу, акт» деген төрт мүчөлүү катары киргизүү м-н деталдаштырган. Ф. де Соссюр иштеп чыккан тил системасы деген түшүнүктү Л. Ельмслев социалдык аспектиден ажыратып, ага өтө абстракттуу ж-а «имманенттүү» мүнөз берген. Глоссематиктердин тилди анализге алуунун методологиясы тил илиминин тарыхында аз да болсо оӊ роль ойногон. Тилдин жалпы дедукциялык теориясы катары тил илимин формалдуу логика м-н айкалыштыруунун биринчи аракети катары тилдик кубулуштарды иликтөөнүн так методикасын өркүндөтүүгө таасирин тийгизген. Ошондой болсо да тилдин табиятын үйрөнүүдө Глоссематиканын теориясында карама-каршылыктардын болушу, мисалы, теория тажрыйбага көз каранды болбойт деген көз карашы м-н теория эксперименттердин маалыматына таянуу аркылуу жыйынтык берет деген сыяктуу жагдайлар бар. Глоссематиканы лингвистикалык иликтөөнүн жалпы методологиясы катары колдонууга мүмкүн эместиги анын көпчүлүк тилчилер тарабынан терс бааланышына алып келген. Ошондуктан бул теория тил илиминде кеӊири кулач жая албады, анын айрым терминдери башка лингвистикалык концепцияларда колдонулууда. | ||
[[Category: 2-том]] | [[Category: 2-том]] | ||
03:26, 18 Октябрь (Тогуздун айы) 2024 -га соңку нускасы
ГЛОССЕМА́ТИКА (гр. gljssа – тил, sema – белги) – жалпы тил илиминдеги тилдердин структурасын формалдуу түрдө изилдөө зарылчылыгын жактаган теория. Көбүнчө Батыш Европа тил илиминде колдонулат. 20-кылымдын 30–50-жылдарында Копенгаген университетиндеги лингвистикалык топтун өкүлдөрү Л. Ельмслев, В. Брёндаль, Х. Ульдалль тарабынан иштелип чыккан. Глоссематиканын тилди абстракттуулукка айландыруу, тилдердин тектештигин, тил илиминде тарыхый көз карашты таануу, эскирген грамматиканын теориясын (17-кылым) кубаттоо, тилди ойлоодон, коомдон бөлүп кароо, тил илимин математика, логика, философия илимдерине көз каранды кылуу, тилдин теориялык жагына көӊүл буруу, тилди символдук логика ж-а семиотика м-н байланыштыруу сыяктуу жоболору бар. Л. Ельмслев м-н Х. Ульдалль Глоссематиканы бардык тилдердин жалпы дедукциялуу теориясы катары эсептешкен. Ошондуктан ага формалдуу логикалык ж-а математикалык теория чегиндеги мүнөз берилген. Глоссематика тилдик фактыларды анализдөөдө абстракттуулугу ж-а формалдуулугу м-н айырмаланат. Сунуш кылынган ыкманы ж-а тилдин коомдук милдетинин маанисин аныктоонун максаттуулугун негиздөөдө Глоссематика тилдин табияты м-н коомдук маанисин жалпы теория аркылуу түшүндүргөн. Глоссематиктердин тилдин табиятын түшүнүүдөгү эӊ башкы методологиялык булагы – Ф. де Соссюрдун лингвистикалык окуусу. Алар Ф. де Соссюрдун тил м-н сөздү айырмалаган оюн бир аз өзгөртө улантып, тилди белгилердин системасы, белгини туюндуруучу м-н туюнтулуучунун бирдиги, тил – форма, ал субстанция эмес, ошондуктан тилде айырмачылыктардан башка эч нерсе жок, тил лингвистикалык көз караштан алганда өзүнчө ж-а өзүнө гана тиешелүү каралышы керек дешкен. Глоссематиктер тил м-н сөздү ажыратууну «схема, норма, колдонуу, акт» деген төрт мүчөлүү катары киргизүү м-н деталдаштырган. Ф. де Соссюр иштеп чыккан тил системасы деген түшүнүктү Л. Ельмслев социалдык аспектиден ажыратып, ага өтө абстракттуу ж-а «имманенттүү» мүнөз берген. Глоссематиктердин тилди анализге алуунун методологиясы тил илиминин тарыхында аз да болсо оӊ роль ойногон. Тилдин жалпы дедукциялык теориясы катары тил илимин формалдуу логика м-н айкалыштыруунун биринчи аракети катары тилдик кубулуштарды иликтөөнүн так методикасын өркүндөтүүгө таасирин тийгизген. Ошондой болсо да тилдин табиятын үйрөнүүдө Глоссематиканын теориясында карама-каршылыктардын болушу, мисалы, теория тажрыйбага көз каранды болбойт деген көз карашы м-н теория эксперименттердин маалыматына таянуу аркылуу жыйынтык берет деген сыяктуу жагдайлар бар. Глоссематиканы лингвистикалык иликтөөнүн жалпы методологиясы катары колдонууга мүмкүн эместиги анын көпчүлүк тилчилер тарабынан терс бааланышына алып келген. Ошондуктан бул теория тил илиминде кеӊири кулач жая албады, анын айрым терминдери башка лингвистикалык концепцияларда колдонулууда.