ГОНДУРАС: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |

1 сап: | 1 сап: | ||
'''ГОНДУ́РАС, ''' Г о н д у р а с Р е с п у б л и к а с ы – | '''ГОНДУ́РАС, ''' Г о н д у р а с Р е с п у б л и к а с ы – Борбордук Америкадагы мамлекет. Түштүгүнөн Никарагуа, батышынан Гватемала, түштүк-батышынан Сальвадор м-н чектешет. Чыгышынан ж-а түндүгүнөн Кариб деӊизи, ошондой эле түштүк-батышынан Тынч океан чулгап турат. Аянты 112088 ''км''2. Калкы 10,0 млн (2021). Мамлекеттик тили – испан тили. Административдик жактан 18 департаментке бөлүнөт. Борбору – Тегусигальпа ш. Акча бирдиги – лемпира. Гондурас БУУнун (1945), Америка мамлекеттери уюмунун (1948), Латын Америкалык экономикалык системасынын мүчөсү.
Гондурас – президенттик республика. Мамлекет ж-а өкмөт башчысы – президент. Мыйзам чыгаруу бийлигинин жогорку органы – бир палаталуу Улут-

[[File:ГОНДУРАС69.png | thumb | none]] | [[File:ГОНДУРАС69.png | thumb | none]] | ||
тук конгресс. Саясий партиялары: Улуттук партия, Гондурастын либералдык партиясы, | тук конгресс. Саясий партиялары: Улуттук партия, Гондурастын либералдык партиясы, Социалисттик партия, Христиан-демократиялык партия.
Өлкөнүн аймагынын басымдуу бөлүгүн бийиктиги 2000 ''м''ден жогору болгон (Комаягуа, Монтесильос, Опалака) тайпак тоолор ээлейт. Тоолорду тектоникалык ойдуӊдар өзүнчө массивдерге бөлүп турат. Кариб деӊизинин жээк тилкесин саздуу Сула ж-а Сарымаша (Моски) түздүктөрү ээлейт. Башка түздүктүү аймак өлкөнүн Тынч океан жээк тилкесинде (түндүк-батышында). Ири дарыялары – Улуа, Агуан, Патука. Негизги табигый ресурстары: алтын, күмүш, жез, коргошун, цинк, темир, антимонит, көмүр, жыгач, балык. Кли-

Өлкөнүн аймагынын басымдуу бөлүгүн | |||

[[File:ГОНДУРАС70.png | thumb | Комаягуа тоосу.]] | [[File:ГОНДУРАС70.png | thumb | Комаягуа тоосу.]] | ||
маты тропиктик-пассаттык, ойдуӊдар м-н өрөөндөрдө ысык (айлык | маты тропиктик-пассаттык, ойдуӊдар м-н өрөөндөрдө ысык (айлык орточо температурасы 22–26°С), тоолорунда жылуу (10–24°С). Өлкөнүн түндүгү ж-а тоолордун айдарым түндүк-чыгыш капталдары өтө нымдуу (жылдык жаан-чачыны 3000–5000 ''мм''ге чейин), өрөөндөрдө ж-а түштүктө кургакчыл. Тоолордо токой (пальма, каучук, махагони кызыл жыгачы), өрөөндө тоо ксерофит

[[File:ГОНДУРАС71.png | thumb | Ороси өрөөнүндөгү тоо-токой ландшафты.]] | [[File:ГОНДУРАС71.png | thumb | Ороси өрөөнүндөгү тоо-токой ландшафты.]] | ||
бадалдары (бук, жөкө дарак, сейба ж. б.) өсөт. Ла-Тигра, Рио-Платено Улуттук парктары бар. | бадалдары (бук, жөкө дарак, сейба ж. б.) өсөт. Ла-Тигра, Рио-Платено Улуттук парктары бар.
Калкынын улуттук курамы: метистер (индей м-н испандардын тукумдары) – 90%, индейлер – 7%, европалыктардын тукумдары –1%. Расмий тили испан тили болгону м-н жергиликтүү индей диалекти кеӊири тараган. Калкынын көбү католиктер (95%). Эмгекке жарамдуу калктын көбү

Калкынын улуттук курамы: метистер (индей м-н испандардын тукумдары) – 90%, индейлер – 7%, европалыктардын тукумдары –1%. Расмий тили испан тили болгону м-н | |||

[[File:ГОНДУРАС72.png | thumb | Тегусигальпа шаарынын көрүнүшү.]] | [[File:ГОНДУРАС72.png | thumb | Тегусигальпа шаарынын көрүнүшү.]] | ||
айыл чарбасында иштейт. Элдин орточо жыштыгы 1 ''км''2 жерге 60 киши. Ири шаарлары: Тегусигальпа, Сан Педро-Сула ж. б.
16-кылымдын башына чейин Гондурас Игуэрас же Ибуэрас деп аталып келген. Анын аймагын индей уруулары (ленка, пайя, хикаке ж. б.) жердеген. Калктын калган бөлүгүн түзгөн майя индейлери Американын жогорку цивилизациясын түзгөн элдердин бири болгон. Алар жүгөрү өстүрүшкөн, ташты иштетүүдө жогорку чеберчиликке жетишишкен, өзүлөрүнүн жазмасына ээ болушкан. Гондурастын аймагында байыркы майя цивилизациясынын ири борборлорунун бири – Копан шаары жайгашкан. Гондурас 1502-жылы Х. Колумб тарабынан ачылган. Алар өлкөнү Гондурас (исп. hondura – тереӊдик; жээктеринин өтө тереӊ болгондугунан) деп аташкан. 1524-жылдан Гондурасты испан колониячылары басып алган. 1801–26-жылдары испандыктарга каршы боштондук үчүн Америка континентинде башталган согуштун натыйжасында Гондурас Испаниядан көз каранды эместикке жетишкен (1821). Ушул мезгилде Гондураста консерваторлор ж-а либералдар партиялары түзүлүп, алардын ортосунда курч күрөш башталган. Консерваторлор Гондурастын Мексикага биригүүсүнө жетишкен (1821). 1823–38-жылдары Гондурас Борбордук Американын Бириккен провинцияларынын курамында болгон. 1824-жылы өлкөдө кулчулук жоюлган. 1838-жылы Гондурас республика деп жарыяланып, 1839-жылы январда алгачкы конституциясы кабыл алынган. 19-кылымдын экинчи жарымынан Гондурастын саясий ж-а экономикалык турмушу АКШнын көзөмөлүндө калган. 1956-жылы октябрда бийлик аскердик хунтанын колуна өтөт. Ошондон бери өлкөнүн саясий турмушу туруктуу болбой, аскердик төӊкөрүштөр улам кайталанып келет. 1969-жылы Гондурас м-н Сальвадордун ортосунда куралдуу кагылышуу болуп, америкалык мамлекеттер уюмунун кийлигишүүсү м-н токтотулган. 1975-жылы апрелде Лопес Арельяно олигархиялык элитанын ж-а аскер күчтөрүнүн кысымы м-н президенттиктен кетүүгө аргасыз болгон, андан кийин 1982-жылдын январына чейин өлкөнү аскердик хунта башкарган. 1982-жылы Гондураста жаңы конституция кабыл алынып, 1982–90, 1994–2002-жылдары Либералдык партиядан, 1990–94, 2002–06-жылдары Улуттук партиядан шайланган өкүлдөр өлкөнүн президенти болуп иштеген. Бирок, программасы ишке ашпастан, Гондурас Латын Америкасынын эң артта калган өлкөлөрүнүн бири. Калкынын төрттөн үч бөлүгү жакырчылыктын чегинде жашайт, ал эми адамдардын төрттөн бири сабатсыз. Өнөр жайларда калктын 10% гана иштейт. 2006-жылдан Гондурастын президенти – Либералдык партиянын өкүлү Х. М. Селайя Розалес.
Гондурас – Борбордук Америкадагы жакыр мамлекеттердин бири. ИДПнин көлөмү 17,55 млрд долларды (айыл чарбасы – 12,8%; өнөр жай – 31,9%; тейлөө кызматы – 55,3%) түзөт; аны киши башына бөлүштүргөндө 2571 доллардан туура келет. Гондурастын айыл чарбасы экономиканын негизги тармагы болуу м-н ИДПнин 25% ж-а өлкөнүн экспортунун 2/3 бөлүгүн түзөт. Банан, кофе, бал камыш, тамеки, жүгөрү, шалы өстүрүлөт. Айыл чарбага жарактуу жерлердин көбү ири жер ээлерине (латифундисттерге) тийиштүү. Экономиикалык негизги проблемалары: калктын санынын кескин өсүшү, мамлекеттик башкаруунун төмөндүгү, жумушсуздук

16- | |||

[[File:ГОНДУРАС73.png | thumb | none]] | [[File:ГОНДУРАС73.png | thumb | none]] | ||
[[File:ГОНДУРАС74.png | thumb | Гондурас акчасы.]] | [[File:ГОНДУРАС74.png | thumb | Гондурас акчасы.]] | ||
тун жогорку көрсөткүчтөрү, инфляциянын өсүшү ж. б. Темир жолунун | тун жогорку көрсөткүчтөрү, инфляциянын өсүшү ж. б. Темир жолунун узундугу 785 ''км'', автомобилдики – 8950 ''км'' (1700 ''км''ине таш төшөлгөн), ички суу түйүндөрү – 465 ''км''. Негизги порттору: Пуэрто-Кортес, Тела, Трухильо, Ла-Сейба. Негизги соода шериктештери: АКШ, Германия, Япония.
Гондураста билим алуу 7 жаштан 12 жашка чейин милдеттүү ж-а акысыз. Тегусигальпада 1847-жылдан улуттук университет ж-а 1978-жылдан жеке менчик университет, Саморанда Панамерикалык жер иштетүү мектеби бар. Ошондой эле Улуттук китепкана (1880), Улуттук музей иштейт. Гондурастын жергиликтүү калкынын маданий каада-салттары байыркы майя урууларынын салттарына окшош. Мисалы, майялардын байыркы шаарынын калдыгы Копана пирамидалары, ошондой эле аларда сакталган байыркы храмдар ж-а таш стеллалары. Шаарларда колониялык архитектуранын эстеликтери катары ренессанс ж-а барокко стилиндеги курулган имараттар бар. Гондурастын адабиятында белгилүү акын, тарыхчы ж-а эссеист Рафаель Элиодоро Валье, романист ж-а бир нече аӊгемердин автору Архентина Диас Лосано ж. б. бар. Гондураста эӊ популярдуу музыкалык аспап – маримба. 1952-жылы Тегусигальпада мамлекеттик музыка мектеби ачылган. | ||

Ад.: ''Игнатьев Г. М.'' Северная Америка. Физическая география. М., 1965; Народы Америки. Т. 2, М., 1959; ''Томас А. Б.'' История Латинской Америки / Пер. с англ. М., 1960; Всё о странах мира. СПб.; М., 2006; Страны мира. М., 2006. |
Ад.: ''Игнатьев Г. М.'' Северная Америка. Физическая география. М., 1965; Народы Америки. Т. 2, М., 1959; ''Томас А. Б.'' История Латинской Америки / Пер. с англ. М., 1960; Всё о странах мира. СПб.; М., 2006; Страны мира. М., 2006. | ||
[[Category: 2-том]] | [[Category: 2-том]] | ||
05:37, 22 Октябрь (Тогуздун айы) 2024 -га соңку нускасы
ГОНДУ́РАС, Г о н д у р а с Р е с п у б л и к а с ы – Борбордук Америкадагы мамлекет. Түштүгүнөн Никарагуа, батышынан Гватемала, түштүк-батышынан Сальвадор м-н чектешет. Чыгышынан ж-а түндүгүнөн Кариб деӊизи, ошондой эле түштүк-батышынан Тынч океан чулгап турат. Аянты 112088 км2. Калкы 10,0 млн (2021). Мамлекеттик тили – испан тили. Административдик жактан 18 департаментке бөлүнөт. Борбору – Тегусигальпа ш. Акча бирдиги – лемпира. Гондурас БУУнун (1945), Америка мамлекеттери уюмунун (1948), Латын Америкалык экономикалык системасынын мүчөсү.
Гондурас – президенттик республика. Мамлекет ж-а өкмөт башчысы – президент. Мыйзам чыгаруу бийлигинин жогорку органы – бир палаталуу Улут-

тук конгресс. Саясий партиялары: Улуттук партия, Гондурастын либералдык партиясы, Социалисттик партия, Христиан-демократиялык партия.
Өлкөнүн аймагынын басымдуу бөлүгүн бийиктиги 2000 мден жогору болгон (Комаягуа, Монтесильос, Опалака) тайпак тоолор ээлейт. Тоолорду тектоникалык ойдуӊдар өзүнчө массивдерге бөлүп турат. Кариб деӊизинин жээк тилкесин саздуу Сула ж-а Сарымаша (Моски) түздүктөрү ээлейт. Башка түздүктүү аймак өлкөнүн Тынч океан жээк тилкесинде (түндүк-батышында). Ири дарыялары – Улуа, Агуан, Патука. Негизги табигый ресурстары: алтын, күмүш, жез, коргошун, цинк, темир, антимонит, көмүр, жыгач, балык. Кли-

маты тропиктик-пассаттык, ойдуӊдар м-н өрөөндөрдө ысык (айлык орточо температурасы 22–26°С), тоолорунда жылуу (10–24°С). Өлкөнүн түндүгү ж-а тоолордун айдарым түндүк-чыгыш капталдары өтө нымдуу (жылдык жаан-чачыны 3000–5000 ммге чейин), өрөөндөрдө ж-а түштүктө кургакчыл. Тоолордо токой (пальма, каучук, махагони кызыл жыгачы), өрөөндө тоо ксерофит

бадалдары (бук, жөкө дарак, сейба ж. б.) өсөт. Ла-Тигра, Рио-Платено Улуттук парктары бар.
Калкынын улуттук курамы: метистер (индей м-н испандардын тукумдары) – 90%, индейлер – 7%, европалыктардын тукумдары –1%. Расмий тили испан тили болгону м-н жергиликтүү индей диалекти кеӊири тараган. Калкынын көбү католиктер (95%). Эмгекке жарамдуу калктын көбү

айыл чарбасында иштейт. Элдин орточо жыштыгы 1 км2 жерге 60 киши. Ири шаарлары: Тегусигальпа, Сан Педро-Сула ж. б.
16-кылымдын башына чейин Гондурас Игуэрас же Ибуэрас деп аталып келген. Анын аймагын индей уруулары (ленка, пайя, хикаке ж. б.) жердеген. Калктын калган бөлүгүн түзгөн майя индейлери Американын жогорку цивилизациясын түзгөн элдердин бири болгон. Алар жүгөрү өстүрүшкөн, ташты иштетүүдө жогорку чеберчиликке жетишишкен, өзүлөрүнүн жазмасына ээ болушкан. Гондурастын аймагында байыркы майя цивилизациясынын ири борборлорунун бири – Копан шаары жайгашкан. Гондурас 1502-жылы Х. Колумб тарабынан ачылган. Алар өлкөнү Гондурас (исп. hondura – тереӊдик; жээктеринин өтө тереӊ болгондугунан) деп аташкан. 1524-жылдан Гондурасты испан колониячылары басып алган. 1801–26-жылдары испандыктарга каршы боштондук үчүн Америка континентинде башталган согуштун натыйжасында Гондурас Испаниядан көз каранды эместикке жетишкен (1821). Ушул мезгилде Гондураста консерваторлор ж-а либералдар партиялары түзүлүп, алардын ортосунда курч күрөш башталган. Консерваторлор Гондурастын Мексикага биригүүсүнө жетишкен (1821). 1823–38-жылдары Гондурас Борбордук Американын Бириккен провинцияларынын курамында болгон. 1824-жылы өлкөдө кулчулук жоюлган. 1838-жылы Гондурас республика деп жарыяланып, 1839-жылы январда алгачкы конституциясы кабыл алынган. 19-кылымдын экинчи жарымынан Гондурастын саясий ж-а экономикалык турмушу АКШнын көзөмөлүндө калган. 1956-жылы октябрда бийлик аскердик хунтанын колуна өтөт. Ошондон бери өлкөнүн саясий турмушу туруктуу болбой, аскердик төӊкөрүштөр улам кайталанып келет. 1969-жылы Гондурас м-н Сальвадордун ортосунда куралдуу кагылышуу болуп, америкалык мамлекеттер уюмунун кийлигишүүсү м-н токтотулган. 1975-жылы апрелде Лопес Арельяно олигархиялык элитанын ж-а аскер күчтөрүнүн кысымы м-н президенттиктен кетүүгө аргасыз болгон, андан кийин 1982-жылдын январына чейин өлкөнү аскердик хунта башкарган. 1982-жылы Гондураста жаңы конституция кабыл алынып, 1982–90, 1994–2002-жылдары Либералдык партиядан, 1990–94, 2002–06-жылдары Улуттук партиядан шайланган өкүлдөр өлкөнүн президенти болуп иштеген. Бирок, программасы ишке ашпастан, Гондурас Латын Америкасынын эң артта калган өлкөлөрүнүн бири. Калкынын төрттөн үч бөлүгү жакырчылыктын чегинде жашайт, ал эми адамдардын төрттөн бири сабатсыз. Өнөр жайларда калктын 10% гана иштейт. 2006-жылдан Гондурастын президенти – Либералдык партиянын өкүлү Х. М. Селайя Розалес.
Гондурас – Борбордук Америкадагы жакыр мамлекеттердин бири. ИДПнин көлөмү 17,55 млрд долларды (айыл чарбасы – 12,8%; өнөр жай – 31,9%; тейлөө кызматы – 55,3%) түзөт; аны киши башына бөлүштүргөндө 2571 доллардан туура келет. Гондурастын айыл чарбасы экономиканын негизги тармагы болуу м-н ИДПнин 25% ж-а өлкөнүн экспортунун 2/3 бөлүгүн түзөт. Банан, кофе, бал камыш, тамеки, жүгөрү, шалы өстүрүлөт. Айыл чарбага жарактуу жерлердин көбү ири жер ээлерине (латифундисттерге) тийиштүү. Экономиикалык негизги проблемалары: калктын санынын кескин өсүшү, мамлекеттик башкаруунун төмөндүгү, жумушсуздук

тун жогорку көрсөткүчтөрү, инфляциянын өсүшү ж. б. Темир жолунун узундугу 785 км, автомобилдики – 8950 км (1700 кмине таш төшөлгөн), ички суу түйүндөрү – 465 км. Негизги порттору: Пуэрто-Кортес, Тела, Трухильо, Ла-Сейба. Негизги соода шериктештери: АКШ, Германия, Япония.
Гондураста билим алуу 7 жаштан 12 жашка чейин милдеттүү ж-а акысыз. Тегусигальпада 1847-жылдан улуттук университет ж-а 1978-жылдан жеке менчик университет, Саморанда Панамерикалык жер иштетүү мектеби бар. Ошондой эле Улуттук китепкана (1880), Улуттук музей иштейт. Гондурастын жергиликтүү калкынын маданий каада-салттары байыркы майя урууларынын салттарына окшош. Мисалы, майялардын байыркы шаарынын калдыгы Копана пирамидалары, ошондой эле аларда сакталган байыркы храмдар ж-а таш стеллалары. Шаарларда колониялык архитектуранын эстеликтери катары ренессанс ж-а барокко стилиндеги курулган имараттар бар. Гондурастын адабиятында белгилүү акын, тарыхчы ж-а эссеист Рафаель Элиодоро Валье, романист ж-а бир нече аӊгемердин автору Архентина Диас Лосано ж. б. бар. Гондураста эӊ популярдуу музыкалык аспап – маримба. 1952-жылы Тегусигальпада мамлекеттик музыка мектеби ачылган.
Ад.: Игнатьев Г. М. Северная Америка. Физическая география. М., 1965; Народы Америки. Т. 2, М., 1959; Томас А. Б. История Латинской Америки / Пер. с англ. М., 1960; Всё о странах мира. СПб.; М., 2006; Страны мира. М., 2006.