ГОНДУРАСТЫКТАР: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''ГОНДУРАСТЫКТАР ''' – эл, Гондурастын негизги калкы. АКШ, Мексика, Никарагуада да жашашат. Жалпы саны 7,3 млн киши, анын 93%ти Гондураста (2007). Испан тилинин | '''ГОНДУРАСТЫКТАР ''' – эл, Гондурастын негизги калкы. АКШ, Мексика, Никарагуада да жашашат. Жалпы саны 7,3 млн киши, анын 93%ти Гондураста (2007). Испан тилинин жергиликтүү диалектисинде сүйлөшөт, ошондой эле англис тили да колдонулат. Көпчүлүгү – католиктер. Гондурастыктардын этностук негизин испан-индей аргындары (ладинолор), европалыктар (креолдор), негрлер түзүп, 16–19-кылымдарда эл болуп калыптанган. 16-кылымдын 20-жылдарында испан баскынчыларынын мезгилинде жергиликтүү индей уруулары кыргынга учураган. 16-кылымдын 90-жылдарынан 18-кылымга чейин өлкөнүн түштүк-батышына Гватемаладан испан-индей аргындары, кийинчерээк вест-индиялыктар көчүп келишип, Гондурастыктар м-н ассимиляцияланышкан. Узакка созулган көз каранды эместик үчүн согуштун натыйжасында 1821-жылы колониялык эзүүдөн бошонуу, 1838-жылы Гондурастын көз каранды эмес мамлекетке айланышы Гондурастыктардын этностук калыптанышын тездеткен. Негизги кесиби – дыйканчылык. Айыл жерлериндеги Гондурастыктар дубалы топурактан согулуп, сырты ылай м-н шыбалган, саман чатырлуу үйлөрдө жашашкан. Кийимдери испан, португал элдеринин кийим үлгүлөрүнө окшош. Улуттук тамагы катары жүгөрү, ошондой эле майрам күндөрү эт азыктарынан жасалган – топадо көбүрөөк колдонулат. | ||
[[Category: 2-том]] | [[Category: 2-том]] | ||
05:42, 22 Октябрь (Тогуздун айы) 2024 -га соңку нускасы
ГОНДУРАСТЫКТАР – эл, Гондурастын негизги калкы. АКШ, Мексика, Никарагуада да жашашат. Жалпы саны 7,3 млн киши, анын 93%ти Гондураста (2007). Испан тилинин жергиликтүү диалектисинде сүйлөшөт, ошондой эле англис тили да колдонулат. Көпчүлүгү – католиктер. Гондурастыктардын этностук негизин испан-индей аргындары (ладинолор), европалыктар (креолдор), негрлер түзүп, 16–19-кылымдарда эл болуп калыптанган. 16-кылымдын 20-жылдарында испан баскынчыларынын мезгилинде жергиликтүү индей уруулары кыргынга учураган. 16-кылымдын 90-жылдарынан 18-кылымга чейин өлкөнүн түштүк-батышына Гватемаладан испан-индей аргындары, кийинчерээк вест-индиялыктар көчүп келишип, Гондурастыктар м-н ассимиляцияланышкан. Узакка созулган көз каранды эместик үчүн согуштун натыйжасында 1821-жылы колониялык эзүүдөн бошонуу, 1838-жылы Гондурастын көз каранды эмес мамлекетке айланышы Гондурастыктардын этностук калыптанышын тездеткен. Негизги кесиби – дыйканчылык. Айыл жерлериндеги Гондурастыктар дубалы топурактан согулуп, сырты ылай м-н шыбалган, саман чатырлуу үйлөрдө жашашкан. Кийимдери испан, португал элдеринин кийим үлгүлөрүнө окшош. Улуттук тамагы катары жүгөрү, ошондой эле майрам күндөрү эт азыктарынан жасалган – топадо көбүрөөк колдонулат.