ГОРБАЧЁВ: нускалардын айырмасы
No edit summary |
No edit summary |
||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''ГОРБАЧЁВ ''' Михаил Сергеевич (2.3.1931- | '''ГОРБАЧЁВ ''' '''Михаил Сергеевич''' (2.3.1931-жылы туулган, Россия, Ставрополь крайы, Привольный кыштагы) – советтик, россиялык саясий ж-а мамлекеттик ишмер; СССРдин Президенти (1990–91). КПСС БКнын Генералдык <br/> | ||
<br/> | |||
[[File:ГОРБАЧЁВ76.png | thumb | none|255x255px]] | [[File:ГОРБАЧЁВ76.png | thumb | none|255x255px]] | ||
секретары (1985–91). 1966–68- | секретары (1985–91). 1966–68-жылдары КПСС Ставрополь шааркомунун 1-, 1968–70-жылдары Ставрополь крайлык комитетинин 2-, 1970–78-жылдары 1-секретары, 1978–85-жылдары КПСС БКнын секретары, 1988–89-жылдары СССР Жогорку Советинин Президиумунун, 1989–90-жылдары СССР Жогорку Советинин төрагасы. СССРдеги «кайра куруунун» автору. Социалдык-саясий ж-а экономикалык реформалардын жардамы м-н СССРдин ички ж-а тышкы саясатын өзгөртүүгө аракет жасаган. Бирок, реформалар, тескерисинче, экономикада рынок механизмдерине өтүүнү ж-а саясий режимди өзгөртүүнү талап кылган антикоммунисттик оппозициянын, Балтика боюндагы республикалардын СССРдин курамынан чыгуу үчүн кыймылынын күч алышына алып келген. Горбачёвдун бийликке келиши м-н СССРдин тышкы саясаты да кескин өзгөргөн. Ракеталык-ядролук куралдарды кыскартуу боюнча АКШ м-н келишимдерге кол коюлган, Кытай м-н мамилелер жөнгө салынган. Горбачёвдун «жаӊыча саясий ой жүгүртүү» тууралуу билдирүүсү 1989-жылы Чыгыш Европа өлкөлөрүндөгү революцияларга алып келип, Варшава Келишим Уюму, Экономикалык Өз ара Жардамдашуу Совети кыйраган, ГДР м-н ГФР биригип, советтик аскерлер Чыгыш Европадан ж-а Афганистандан чыгарылган. ''Август кризисинин (1991)'' учурунда РСФСРдин президенти Б. ''Ельциндин'' өлкөнүн аймагында КПССтин иш-аракетин токтотуу тууралуу указы жарыялангандан кийин КПСС БКнын Генералдык секретары кызматынан кеткендигин (24-август), КМШнын түзүлгөндүгүнө байланыштуу СССРдин президенти катары ишмердигин токтоткондугун (1991-ж. 25-декабрь) билдирген. 1996-жылы РФтин президенттигине талапкер катары шайлоого катышкан. 1991-жылдын декабрынан Эл аралык социалдык-экономикалык ж-а саясий изилдөөлөр фондунун президенти («Горбачёв-фонд»). Нобель сыйлыгынын лауреаты (1990). | ||
[[Category: 2-том]] | [[Category: 2-том]] |
08:07, 22 Октябрь (Тогуздун айы) 2024 -деги абалы
ГОРБАЧЁВ Михаил Сергеевич (2.3.1931-жылы туулган, Россия, Ставрополь крайы, Привольный кыштагы) – советтик, россиялык саясий ж-а мамлекеттик ишмер; СССРдин Президенти (1990–91). КПСС БКнын Генералдык

секретары (1985–91). 1966–68-жылдары КПСС Ставрополь шааркомунун 1-, 1968–70-жылдары Ставрополь крайлык комитетинин 2-, 1970–78-жылдары 1-секретары, 1978–85-жылдары КПСС БКнын секретары, 1988–89-жылдары СССР Жогорку Советинин Президиумунун, 1989–90-жылдары СССР Жогорку Советинин төрагасы. СССРдеги «кайра куруунун» автору. Социалдык-саясий ж-а экономикалык реформалардын жардамы м-н СССРдин ички ж-а тышкы саясатын өзгөртүүгө аракет жасаган. Бирок, реформалар, тескерисинче, экономикада рынок механизмдерине өтүүнү ж-а саясий режимди өзгөртүүнү талап кылган антикоммунисттик оппозициянын, Балтика боюндагы республикалардын СССРдин курамынан чыгуу үчүн кыймылынын күч алышына алып келген. Горбачёвдун бийликке келиши м-н СССРдин тышкы саясаты да кескин өзгөргөн. Ракеталык-ядролук куралдарды кыскартуу боюнча АКШ м-н келишимдерге кол коюлган, Кытай м-н мамилелер жөнгө салынган. Горбачёвдун «жаӊыча саясий ой жүгүртүү» тууралуу билдирүүсү 1989-жылы Чыгыш Европа өлкөлөрүндөгү революцияларга алып келип, Варшава Келишим Уюму, Экономикалык Өз ара Жардамдашуу Совети кыйраган, ГДР м-н ГФР биригип, советтик аскерлер Чыгыш Европадан ж-а Афганистандан чыгарылган. Август кризисинин (1991) учурунда РСФСРдин президенти Б. Ельциндин өлкөнүн аймагында КПССтин иш-аракетин токтотуу тууралуу указы жарыялангандан кийин КПСС БКнын Генералдык секретары кызматынан кеткендигин (24-август), КМШнын түзүлгөндүгүнө байланыштуу СССРдин президенти катары ишмердигин токтоткондугун (1991-ж. 25-декабрь) билдирген. 1996-жылы РФтин президенттигине талапкер катары шайлоого катышкан. 1991-жылдын декабрынан Эл аралык социалдык-экономикалык ж-а саясий изилдөөлөр фондунун президенти («Горбачёв-фонд»). Нобель сыйлыгынын лауреаты (1990).