ГРАВИТАЦИЯЛЫК НУРЛАНУУ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
No edit summary
(Айырма жок)

05:59, 24 Октябрь (Тогуздун айы) 2024 -деги абалы

ГРАВИТАЦИЯЛЫК НУРЛАНУУ – мейкиндикте жарык толкунундай таралуучу эркин гравитациялык талаа. Ал нерселердин бир калыпта эмес кыймылынын негизинде пайда болот. Гравитациялык толкундардын болушу Эйнштейндин жалпы салыштырмалуулук теориясынан келип чыккан (к. Тартылуу). Гравитациялык нурлануу зат м-н өтө начар аракеттенгендиктен, тажрыйбада аныктала элек. Анын жылт этишин табуу үчүн дүйнөнүн бир нече лабораторияларында атайын антенналар курулган. Коӊшу галактикада астрофизикалык катастрофадан пайда болгон Гравитациялык нурлануунун жылт этүү узактыгы 10–3–10–4 секга созулуп, бир айда бир жолу байкалышы мүмкүн.