ГРЕК-БАКТРИЯ ПАДЫШАЛЫГЫ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
No edit summary
 
1 сап: 1 сап:
'''ГРЕК-БА́КТРИЯ ПАДЫШАЛЫГЫ ''' – О. Азияда б. з. ч. 3–2-к-да (б. з. ч. 250 –140–130-ж. аралыгы) өкүм сүргөн, Селевкиддер мамлекетинин курамынан бөлүнүп чыккан мамлекет. Адегенде анын курамына Бактрия, Согдиана, Маргиана ж-а Фергананын айрым аймактары кирген. Б. з. ч. 250-ж. Селевкиддер мамлекетинен О. Азия аймагы бөлүнө баштаган. Г.-Б. п-н Бактриянын падышасы Диодот негиздеген. Г.-Б. п-нын бийлик ээлери өз көз карандысыздыгы үчүн Селевкиддер м-н катуу салгылашкан. Евтидемдин ж-а анын уулу Деметрийдин бийлигинин тушунда Г.-Б. п. зор кудуретке жетип, б. з. ч. 2-к-да анын курамына Афганистандын түн.-чыгышы ж-а Индиянын түн.-батышы кирет. Б. з. ч. 175-ж. ченде Г.-Б. п. экиге: Грек-Бактрия ж-а Грек-Индия падышалыктарына бөлүнөт. Кырг-ндын аймагы Г.-Б. п-нын курамында болот. Г.-Б. п-н Евкратид басып алып, анын тушунда мамлекет кайрадан күч алат. Б. з. ч. 155-ж. аны өзүнүн уулу Гелиокл өлтүрөт. Ушундан кийин өлкөдөгү абал кайрадан начарлай баштайт. О. Азия элдеринде алардын бийлигине каршы кыймыл күчөп, ошол эле мезгилде Г.-Б. п-на түн.-чыгыштан көчмөн юэчжи уруулары басып киришет. Б. з. ч. 140–130-ж-да Г.-Б. п. кулап, анын ордуна ''Кушан падышалыгы'' пайда болот. О. Азия элдеринин тарыхында Г.-Б. п. маанилүү ролду ээлейт. Аймакта кол өнөрчүлүк м-н соода өтө өнүгүп, Иран, Индостан ж-а Кытай өлкөлөрү м-н соода катнаштары түзүлгөн. Жүзүмчүлүк, мал чарбачылык, бакча өсүмдүктөрүн өстүрүү жолго коюлган. Бактрияны «1000 шаардын өлкөсү» деп аташкан. Бактра (кээде Зариаспа деп да аталган), Антиохия-Маргиана (азыркы Мары), Мараканда (азыркы Самарканд), Каписа ж. б. ири шаарлар соода м-н кол өнөрчүлүктүн борборуна айланган. Археол. изилдөөлөр учурунда падышалардын сүрөттөрү чегилген тыйындар, грек кудайларынын фигуралары ж-а грек жазмалары бар эстеликтер табылган. Эллиндик иск-вонун шедеврлери катары эсептелген бул монеталар Борб. Азиядагы грек ж-а жерг. салттардын биримдигин далилдейт. Ай-Ханум (Афганистандын түн.-чыгышы), Саксан-Охур (Тажикстандын түш.) шаар калдыктарын изилдөө учурунда табылган скульптуралар грек стилинде жасалган. Г.-Б. п-нын иск-восу чыгыш эллинизминин көркөм мектептеринин бирин түзгөн ж-а Борб. Азиянын иск-восунун өнүгүүсүндө зор роль ойногон. Анын таасири Кушан падышалыгынын эстеликтеринен даана байкалып, бул салт эрте о. кылымдарга чейин жеткен.
'''ГРЕК-БА́КТРИЯ ПАДЫШАЛЫГЫ ''' – Орто Азияда б. з. ч. 3–2-кылымдарда (б. з. ч. 250 –140–130-жылдар аралыгы) өкүм сүргөн, Селевкиддер мамлекетинин курамынан бөлүнүп чыккан мамлекет. Адегенде анын курамына Бактрия, Согдиана, Маргиана ж-а Фергананын айрым аймактары кирген. Б. з. ч. 250-жылы Селевкиддер мамлекетинен Орто Азия аймагы бөлүнө баштаган. Грек-Бактрия падышалыгын Бактриянын падышасы Диодот негиздеген. Грек-Бактрия падышалыгынын бийлик ээлери өз көз карандысыздыгы үчүн Селевкиддер м-н катуу салгылашкан. Евтидемдин ж-а анын уулу Деметрийдин бийлигинин тушунда Грек-Бактрия падышалыгы зор кудуретке жетип, б. з. ч. 2-кылымда анын курамына Афганистандын түндүк-чыгышы ж-а Индиянын түндүк-батышы кирет. Б. з. ч. 175-жыл ченде Грек-Бактрия падышалыгы экиге: Грек-Бактрия ж-а Грек-Индия падышалыктарына бөлүнөт. Кыргызстандын аймагы Грек-Бактрия падышалыгынын курамында болот. Грек-Бактрия падышалыгын Евкратид басып алып, анын тушунда мамлекет кайрадан күч алат. Б. з. ч. 155-жылы аны өзүнүн уулу Гелиокл өлтүрөт. Ушундан кийин өлкөдөгү абал кайрадан начарлай баштайт. Орто Азия элдеринде алардын бийлигине каршы кыймыл күчөп, ошол эле мезгилде Грек-Бактрия падышалыгына түндүк-чыгыштан көчмөн юэчжи уруулары басып киришет. Б. з. ч. 140–130-жылдарда Грек-Бактрия падышалыгы  кулап, анын ордуна ''Кушан падышалыгы'' пайда болот. Орто Азия элдеринин тарыхында Грек-Бактрия падышалыгы маанилүү ролду ээлейт. Аймакта кол өнөрчүлүк м-н соода өтө өнүгүп, Иран, Индостан ж-а Кытай өлкөлөрү м-н соода катнаштары түзүлгөн. Жүзүмчүлүк, мал чарбачылык, бакча өсүмдүктөрүн өстүрүү жолго коюлган. Бактрияны «1000 шаардын өлкөсү» деп аташкан. Бактра (кээде Зариаспа деп да аталган), Антиохия-Маргиана (азыркы Мары), Мараканда (азыркы Самарканд), Каписа ж. б. ири шаарлар соода м-н кол өнөрчүлүктүн борборуна айланган. Археологиялык изилдөөлөр учурунда падышалардын сүрөттөрү чегилген тыйындар, грек кудайларынын фигуралары ж-а грек жазмалары бар эстеликтер табылган. Эллиндик искусствонун шедеврлери катары эсептелген бул монеталар Борбордук Азиядагы грек ж-а жергиликтүү салттардын биримдигин далилдейт. Ай-Ханум (Афганистандын түндүк-чыгышы), Саксан-Охур (Тажикстандын түштүгү) шаар калдыктарын изилдөө учурунда табылган скульптуралар грек стилинде жасалган. Грек-Бактрия падышалыгынын искусствосу чыгыш эллинизминин көркөм мектептеринин бирин түзгөн ж-а Борбордук Азиянын искусствосунун өнүгүүсүндө зор роль ойногон. Анын таасири Кушан падышалыгынын эстеликтеринен даана байкалып, бул салт эрте орто кылымдарга чейин жеткен.
[[Category: 2-том]]
[[Category: 2-том]]

09:56, 25 Октябрь (Тогуздун айы) 2024 -га соңку нускасы

ГРЕК-БА́КТРИЯ ПАДЫШАЛЫГЫ – Орто Азияда б. з. ч. 3–2-кылымдарда (б. з. ч. 250 –140–130-жылдар аралыгы) өкүм сүргөн, Селевкиддер мамлекетинин курамынан бөлүнүп чыккан мамлекет. Адегенде анын курамына Бактрия, Согдиана, Маргиана ж-а Фергананын айрым аймактары кирген. Б. з. ч. 250-жылы Селевкиддер мамлекетинен Орто Азия аймагы бөлүнө баштаган. Грек-Бактрия падышалыгын Бактриянын падышасы Диодот негиздеген. Грек-Бактрия падышалыгынын бийлик ээлери өз көз карандысыздыгы үчүн Селевкиддер м-н катуу салгылашкан. Евтидемдин ж-а анын уулу Деметрийдин бийлигинин тушунда Грек-Бактрия падышалыгы зор кудуретке жетип, б. з. ч. 2-кылымда анын курамына Афганистандын түндүк-чыгышы ж-а Индиянын түндүк-батышы кирет. Б. з. ч. 175-жыл ченде Грек-Бактрия падышалыгы экиге: Грек-Бактрия ж-а Грек-Индия падышалыктарына бөлүнөт. Кыргызстандын аймагы Грек-Бактрия падышалыгынын курамында болот. Грек-Бактрия падышалыгын Евкратид басып алып, анын тушунда мамлекет кайрадан күч алат. Б. з. ч. 155-жылы аны өзүнүн уулу Гелиокл өлтүрөт. Ушундан кийин өлкөдөгү абал кайрадан начарлай баштайт. Орто Азия элдеринде алардын бийлигине каршы кыймыл күчөп, ошол эле мезгилде Грек-Бактрия падышалыгына түндүк-чыгыштан көчмөн юэчжи уруулары басып киришет. Б. з. ч. 140–130-жылдарда Грек-Бактрия падышалыгы кулап, анын ордуна Кушан падышалыгы пайда болот. Орто Азия элдеринин тарыхында Грек-Бактрия падышалыгы маанилүү ролду ээлейт. Аймакта кол өнөрчүлүк м-н соода өтө өнүгүп, Иран, Индостан ж-а Кытай өлкөлөрү м-н соода катнаштары түзүлгөн. Жүзүмчүлүк, мал чарбачылык, бакча өсүмдүктөрүн өстүрүү жолго коюлган. Бактрияны «1000 шаардын өлкөсү» деп аташкан. Бактра (кээде Зариаспа деп да аталган), Антиохия-Маргиана (азыркы Мары), Мараканда (азыркы Самарканд), Каписа ж. б. ири шаарлар соода м-н кол өнөрчүлүктүн борборуна айланган. Археологиялык изилдөөлөр учурунда падышалардын сүрөттөрү чегилген тыйындар, грек кудайларынын фигуралары ж-а грек жазмалары бар эстеликтер табылган. Эллиндик искусствонун шедеврлери катары эсептелген бул монеталар Борбордук Азиядагы грек ж-а жергиликтүү салттардын биримдигин далилдейт. Ай-Ханум (Афганистандын түндүк-чыгышы), Саксан-Охур (Тажикстандын түштүгү) шаар калдыктарын изилдөө учурунда табылган скульптуралар грек стилинде жасалган. Грек-Бактрия падышалыгынын искусствосу чыгыш эллинизминин көркөм мектептеринин бирин түзгөн ж-а Борбордук Азиянын искусствосунун өнүгүүсүндө зор роль ойногон. Анын таасири Кушан падышалыгынын эстеликтеринен даана байкалып, бул салт эрте орто кылымдарга чейин жеткен.