ГРЕК ТИЛИ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''ГРЕК ТИЛИ ''' – ''гректердин'' тили. Индевропа тилдерине киргени м-н бул топтогу тилдерден айырмасы бар. Тарыхый жагынан байыркы ж-а жаӊы | '''ГРЕК ТИЛИ ''' – ''гректердин'' тили. Индевропа тилдерине киргени м-н бул топтогу тилдерден айырмасы бар. Тарыхый жагынан байыркы ж-а жаӊы Грек тили болуп бөлүнөт. Алгач бир нече майда тил м-н диалектилердин негизинде өрчүгөн. Б. з. ч. 7–4-кылымдардагы байыркы грек адабий тилине аттика диалекти негиз болгон. Алгач гректердин жалпы орток Грек тили – ''койнэ'' пайда болгон. Кийин бул тил б. з. 6-кылымынан орто Грек тили (б. з. 5 – 15-кылымдар) деп аталган. 14–16-кылымдарда пайда болуп, жаӊы Грек тили деп аталган азыркы Грек тили – ошол расмий тилдин уландысы. Азыр Грекияда байыркы адабий тил (кафаревуса) м-н жаӊы грек оозеки тили (димотика) катар колдонулууда. 1911-жылы кафаревуса расмий түрдө мамлекеттик тил болуп кабыл алынганы м-н, элдик тил – димотика аны сүрүп чыгарууда. Димотика башталгыч мектептерде окутулуп, көркөм адабиятта таралган, ал эми кафарефуса илимий адабият м-н жогорку мектептерде, мамлекеттик иш кагаздарында колдонулат. Булардын өз ара бир аз айырмачылыгы болгону м-н, Грек тилинин бул эки түрүнүн тыбыштык системасы м-н лексикасында ж-а грамматикасында окшоштук көп. | ||
[[Category: 2-том]] | [[Category: 2-том]] | ||
10:30, 25 Октябрь (Тогуздун айы) 2024 -га соңку нускасы
ГРЕК ТИЛИ – гректердин тили. Индевропа тилдерине киргени м-н бул топтогу тилдерден айырмасы бар. Тарыхый жагынан байыркы ж-а жаӊы Грек тили болуп бөлүнөт. Алгач бир нече майда тил м-н диалектилердин негизинде өрчүгөн. Б. з. ч. 7–4-кылымдардагы байыркы грек адабий тилине аттика диалекти негиз болгон. Алгач гректердин жалпы орток Грек тили – койнэ пайда болгон. Кийин бул тил б. з. 6-кылымынан орто Грек тили (б. з. 5 – 15-кылымдар) деп аталган. 14–16-кылымдарда пайда болуп, жаӊы Грек тили деп аталган азыркы Грек тили – ошол расмий тилдин уландысы. Азыр Грекияда байыркы адабий тил (кафаревуса) м-н жаӊы грек оозеки тили (димотика) катар колдонулууда. 1911-жылы кафаревуса расмий түрдө мамлекеттик тил болуп кабыл алынганы м-н, элдик тил – димотика аны сүрүп чыгарууда. Димотика башталгыч мектептерде окутулуп, көркөм адабиятта таралган, ал эми кафарефуса илимий адабият м-н жогорку мектептерде, мамлекеттик иш кагаздарында колдонулат. Булардын өз ара бир аз айырмачылыгы болгону м-н, Грек тилинин бул эки түрүнүн тыбыштык системасы м-н лексикасында ж-а грамматикасында окшоштук көп.