ГРЕЧКО Прокопий Данилович: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
No edit summary |
м (Temirkan moved page ГРЕЧКО to ГРЕЧКО Прокопий Данилович) |
(Айырма жок)
|
03:45, 31 Октябрь (Тогуздун айы) 2024 -га соңку нускасы
ГРЕ́ЧКО Прокопий Данилович (1878–1932) – Жети-Сууда Совет бийлигин орнотуу ж-а чыӊдоо үчүн күрөшкө катышуучу; Пржевальск уезддик большевиктер уюмун уюштургандардын ж-а аны жетектегендердин бири. 1905–07-жылдарда революцияга катышкан. 1909-жылы Пржевальск уездиндеги Липенка кыштагында революциячыл иштерге катышкандардын кыштактык тобун уюштурган. 1914–18-жылдары биринчи дүйнөлүк согушка катышкан. 1918-жылы январда өткөрүлгөн Дыйкан депутаттар советтеринин Жети-Суу облустук съездинде советтин төрагасы болуп шайланган. 1918-жылы июлда Пржевальскиде большевиктик уюмдун төрагалыгына дайындалган. Кийин Пржевальск уезддик советинин ж-а ЭКСтин Нарын революциячыл комитетинин төрагасы болгон.