ГРИГОРЬЕВ (Ысык-Көл районундагы кыштак): нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
No edit summary
(Айырма жок)

07:52, 31 Октябрь (Тогуздун айы) 2024 -деги абалы

ГРИГО́РЬЕВ – Ысык-Көл районундагы кыштак. Садыр аке айыл округуна караштуу. Чоӊ Ак-Суу суусунун жана Бишкек – Каракол автомобиль жолунун боюнда, деӊиз деӊгээлинен 1650 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Чолпон-Ата шаарынан 35 км чыгыш тарапта. Балыкчы темир жол бекетинен 115 км. Кыштак 1913-жылы негизделген. Калкы 5592 (2009); негизинен дыйканчылыкта эмгектенет. Орто мектеп, 2 бала бакча, оорукана, дарыкана, маданият үйү, клуб, китепкана, универмаг, ашкана бар. Нан заводу, үй-бүлөлүк врачтар тобу, турмуш-тиричилик комбинатынын бөлүмдөрү иштейт. Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорго эстелик тургузулган.