ГРУММ-ГРЖИМАЙЛО: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''ГРУММ-ГРЖИМА́ЙЛО''' , Г р у м - Г р ж и м а й л о Григорий Ефимович [5(17).2.1860, Петербург – 3.3.1936, Ленинград] – географ ж-а зоолог. Батыш Кытайды, Памирди, Теӊир-Тоону (1884–90), Батыш Монголияны ж-а Тываны, | '''ГРУММ-ГРЖИМА́ЙЛО''' , Г р у м - Г р ж и м а й л о '''Григорий Ефимович''' [5(17).2.1860, Петербург – 3.3.1936, Ленинград] – географ ж-а зоолог. Батыш Кытайды, Памирди, Теӊир-Тоону (1884–90), Батыш Монголияны ж-а Тываны, Ыраакы Чыгышты (1903–14) изилдөөчү. Россия илимине эмг. сиӊ. ишмер (1928). Петербург ун-тинин физика-математика ф-тинин табият таануу бөлүмүн бүткөн (1884). 1884–87-ж. Алай, Памир, Теӊир-Тоо, Түш.-Батыш Тажикстан ж-а Батыш Кашкарга саякат жасап, «Памир менен чектеш өлкөлөрдүн очерки» (1886), «Памир жана анын лепидоптерологиялык жаныбарлары» (1890) ж. б. эмгектерин, 1889–90-ж. Борб. Азияга жасаган экспедициясынан кийин «Батыш Кытайга саякат» (1896–1907) деген үч томдуу эмгегин жазган. Бэйшань тоолорун ж-а Турпан чуӊкурдугунун тереӊдигин (–130 ''м'', кийинки маалыматтар б-ча –154 ''м'') аныктаган. 1903–14-ж. Батыш Монголия, Тыва (мурунку Урянхай крайы), Ы. Чыгыш, Копет-Даг ж. б. жерлерди кыдырып чыгып, «Амур облусу» (1894), «Батыш Монголия жана Урянхай крайы» (1–3 т., 1914–30) ж. б. көп эмгектерин жараткан. Борб. Азиядагы өлкөлөрдүн табиятын, саясий ж-а тарыхый географиясын, этнографиясын мүнөздөгөн, кыргыз элинин байыркы ж-а о. кылымдагы тарыхын изилдеген. 1934-ж. «Кыргыздар» деген макаласы жарыяланган. Г.-Г. енисей кыргыздары Теӊир-Тоого 9-к-дын ортосунда келген, ал эми 13-к-да Теӊир-Тоого Түш. Сибирден буруттар келип, кыргыздар м-н жуурулушуп кеткен деп эсептеген. Сихотэ-Алиндеги ашуу, Памир ж-а Богдо-Ула тоолорундагы мөӊгүлөр Г.-Г-нун ысмынан аталган. | ||
Ад.: ''Грумм-Гржимайло А. Г''. Дела и дни Г. Е. Грумм-Гржимайло (путешественника и географа), 1860–1936. М., 1977 (имеется библ.). | Ад.: ''Грумм-Гржимайло А. Г''. Дела и дни Г. Е. Грумм-Гржимайло (путешественника и географа), 1860–1936. М., 1977 (имеется библ.). | ||
[[Category: 2-том]] | [[Category: 2-том]] | ||
10:08, 1 Ноябрь (Жетинин айы) 2024 -деги абалы
ГРУММ-ГРЖИМА́ЙЛО , Г р у м - Г р ж и м а й л о Григорий Ефимович [5(17).2.1860, Петербург – 3.3.1936, Ленинград] – географ ж-а зоолог. Батыш Кытайды, Памирди, Теӊир-Тоону (1884–90), Батыш Монголияны ж-а Тываны, Ыраакы Чыгышты (1903–14) изилдөөчү. Россия илимине эмг. сиӊ. ишмер (1928). Петербург ун-тинин физика-математика ф-тинин табият таануу бөлүмүн бүткөн (1884). 1884–87-ж. Алай, Памир, Теӊир-Тоо, Түш.-Батыш Тажикстан ж-а Батыш Кашкарга саякат жасап, «Памир менен чектеш өлкөлөрдүн очерки» (1886), «Памир жана анын лепидоптерологиялык жаныбарлары» (1890) ж. б. эмгектерин, 1889–90-ж. Борб. Азияга жасаган экспедициясынан кийин «Батыш Кытайга саякат» (1896–1907) деген үч томдуу эмгегин жазган. Бэйшань тоолорун ж-а Турпан чуӊкурдугунун тереӊдигин (–130 м, кийинки маалыматтар б-ча –154 м) аныктаган. 1903–14-ж. Батыш Монголия, Тыва (мурунку Урянхай крайы), Ы. Чыгыш, Копет-Даг ж. б. жерлерди кыдырып чыгып, «Амур облусу» (1894), «Батыш Монголия жана Урянхай крайы» (1–3 т., 1914–30) ж. б. көп эмгектерин жараткан. Борб. Азиядагы өлкөлөрдүн табиятын, саясий ж-а тарыхый географиясын, этнографиясын мүнөздөгөн, кыргыз элинин байыркы ж-а о. кылымдагы тарыхын изилдеген. 1934-ж. «Кыргыздар» деген макаласы жарыяланган. Г.-Г. енисей кыргыздары Теӊир-Тоого 9-к-дын ортосунда келген, ал эми 13-к-да Теӊир-Тоого Түш. Сибирден буруттар келип, кыргыздар м-н жуурулушуп кеткен деп эсептеген. Сихотэ-Алиндеги ашуу, Памир ж-а Богдо-Ула тоолорундагы мөӊгүлөр Г.-Г-нун ысмынан аталган. Ад.: Грумм-Гржимайло А. Г. Дела и дни Г. Е. Грумм-Гржимайло (путешественника и географа), 1860–1936. М., 1977 (имеется библ.).